![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №29, 01.05.08-ж. |
|
Меймансап Форум Быйыл 20 жылдык, эй! Ташбака кыбырайт, а өмүр зымырайт… "Чоңойгондо ким болосуң?" десе "Мал доктур" дечүмүн. Анткени, атамдын кесиби мал доктур болчу. Атаң ким болсо сен да ошол кесипте иштешиң керек деп түшүнсөк керек. Класстагы кээ бирлер "мен летчик болом" десе, омиий, мунун атасы летчик турбайбы деп таңкалчумун. Анан эжекеден уурданып терезени карасам, укмуш сонун кар жаап аткан болчу. Айылды, Кош-Дөбөнүн тоолорун аппак кар басып, доскада болсо Канымжан эжей бор менен тарсылдатып бир нерсе жазат. Анда советтик мектептин мештери да күжүлдөп күйүп, классташтарымдын өңдөрү дагы ошол чоктой кызарган өрттөй болуп чыгаар эле. Биринчиден үчүнчү класска чейин окуткан ошол Канымжан эжей бүгүн арабызда жок! Үчүнчү классты бүтүрүп жатып эжекебиз "эми 4-класстан баштап ар бир сабактан ар башка мугалим берет, ар кими ар кандай окутат, ар кандай урушат, мен эми силерге сабак бербейм" десе, энесинен ажыраган жөжөлөрдөй болуп үрпөйүп турганыбыз эсимде. Анан бизди Малик агай өткөрүп алды. Математик эле. Агайымдын жонунан көпкө түшүрбөгөн жашыл костюмунан өйдө эсимде. "Чоңмурунов менен Чондоевди кыштоосуна барып да таппай келдим. Көчөнүн башаягын кыдырып атып, бутумду карагылачы!.." деп багалегин көтөрсө, баарыбыз тура калып, жабылып агайыбыздын көгала боло түшкөн буттарын карачубуз. "Бакайдын коргону" менен "Төштүн түбү" эркек балдардын согуш талаасы болчу. Бир күнү класс-класс болуп бөлүнүп мушташып атсак, бир маалда кароодогу бирөөбүз: "Малик агай келатат!!!" деди. Баарыбыз патырап качтык. Качып баратып да каршылаштарга "баланчанчы күнү улантабыз" деп жүрөбүз. Бирок ошондо айыл чети менен мугалимдерден качып баратып күйүккөнүмдү, өпкөм оозума тыгылып, жүрөктүн дүкүлдөгөнү күнү бүгүнкүдөй кулагыма угулат. Кызык, азыркы балдар мугалимдерден ошондогу бизчелик коркушат болду бекен? Эртеси эркек балдарды доскага катар тизип, Малик агай менен Саали агай алмак-салмак урса, улам доскага барып жабыша түшөбүз. Ошондо да бири-бирин карап шылдыңдап күлгөн классташтар "муштуму май" ошол Малик агайыбыздан ажыраганыбызга 5 жылдын жүзү болду. Акыры анан мектептин "аксакалдары" да болдук. Бара-бара сабактан башка "маселелер" көбөйдү. Өзгөчө кыздарыбызды "чоң" балдардан коруй албай күйүкчүбүз. Биз чоңоюп калганыбызды кыздарыбыздан улам билдикпи? Ээн класстар менен ээн "төркү үйлөрдөн" далай сүйүү каттар жазылды. "Миң бир түн" менен Шотанын ырлары бизге далай кызмат кылбадыбы. Бир күнү Нуркабыл агай менин күндөлүк дептеримди көрүп калды. "Сабактан кийин колума бересиң" деди эле, балдар болуп аны каякка катаарыбызды билбей, акыры мектептин жанындагы Токторбек аксакалдын тоок кепесине тыга койгонубуз эсимде. Анткени, күндөлүк окулса дагы көптөрдүн бүт мугалимдерге беттери ачылганы турбайбы. Кызыгы ошол дептерди азыр да жоготпой сактап жүрөм. Анан акыркы коңгуроо болду. Ошол күнү шатыратып жамгыр жаады. Негедир жылда 25-майда жамгыр жаайт. "… Мектеп дайым шаңга бөлөнүп турсун деп, тим койсочу каникулга таратпай" деп ырдап атсак, ак фартук, ак бантикчен классташ кыздарыбыз биринин артына бири башын катып ыйлашпады беле… "Карагыла, жамгыр да ыйлап атат. Бул силердин көз жашыңар" деген ошондо директор Манас агай. Анан "Чоңойгондо ким болосуң?" деген баягы 1-класстагы сөз эми башыбызга келди. "Ким болсок, ыя?" деген бойдон тарап кеттик эле, быйыл ошондон бери 20 жыл өтүптүр. Эч кимибиз мал доктур да, летчик да болбодук. Ким болсоң да эсен-аман барсыңбы деп, быйыл ушинтип үн салышып турубуз, эй. Күндөр билбегенди жылдар үйрөтөт дейт. Учурунда сезбегенди он жылдар, жыйырма жылдар эми сездирди. Далайына баш ийсек, далай нерсеге аттиң деп, 20 жыл өтүптүр деп өзүңө-өзүң отчет бералбай шыпшынып турубуз. Кызык экен. Оор экен. "Убакыт өтүп атат" дейсиңер, "Убакыт эмес, силер өтүп атасыңар" дептир. Көрсө убакыт түгөнбөйт экен да, биз түгөнөт турбайбызбы. "Эгер кудай мага дагы бир өмүр берсе, мен божурап көп сүйлөгөндөн көрө, көбүрөөк тыңшамакмын. Уктап өткөргөн ар бир мүнөт бул - 60 секунд өмүрүңдүн жок болуп атканын мурдараак түшүнгөн болсом, мен аз эле уктайт элем. Карыган сайын сүйбөй да калат экенсиң дегендерге жок, силер сүйүшпөй калганыңар үчүн бат карып атасыңар" дээр элем. Карыларга өлүм карылыктан улам эмес, өткөн өмүрлөрүн бат унутуп калган үчүн келгенин далилдеп бермекмин. Чыныгы Бакыт жерде экенин сезбей, баарыбыз бакытты бийиктерден издейт экенбиз…" деп Маркес деген чал катуу оорудан өлөөрүн сезип анан айткандай. Бизди ошол 16 жашка кайра кайтарып койсо, баарын башкача кылат элем деп өкүнгөн болобуз. Бирок жашоонун кызыгы, арманы да ошондо го… Мындан туура 10 жыл мурун "10 жылдыкты" белгиледик. Бир кезде арабыздагы тентектер "келгиле эй, мектепте сүйүшүп жүргөндөрдү өбүштүрөбүз" деп чыгышты. "Абайлагыла, күйөө балдар менен келиндер кызганбасын…" деп, айтор, тоодогу боз үйдүн ичин шаңга бөлөдүк эле. Андан бери дагы 10 жыл өттү. Карасам, баарысы дале баягы бойдон. Жашың карыган менен жүрөгүң карыбайт турбайбы, чиркин. Былтыр бирөөнүн 20 жылдыкка "Джип" айдап барбасам болбойт, уят дегенин эстедим. Азыркы замандын андай сөзүн эстегенде, кыргызбайдын ого бетер башы шылкыят тура. Бирок жакшы жери, өткөндө бар балдар чогулуп, айылга илгерки сары автобус менен эле барабыз" деп каткырып алдык. Муну айтып атканым, чилдей тараган классташтарым, биз башка үчүн эмес, Кош -Дөбөнүн суусу үчүн, Ак-Мойноктун гүлү менен Чоң Бычаңдын сүрү үчүн чогулалы дегеним. "Ташбака кыбырайт, а өмүр зымырайт…" деп сыздагандай, ташбакабыз - бул ар кимибиздин бүгүнкү жетишкен ийгилик менен кылып аткан ишибиз. Менин ташбакам - колдогу калемим менен ушул - "De-факто" гезити. Президенттин үкөсү менен соттошуп аттык эле, силерге жеткиче гезитти аман коюшса бетиме кармап барам. Ал эми өзүңөрдүн ташбакаңар кантип атты экен, классташтар?! Үн катышып, кол сунушалы. Быйыл биздин 20 жылдык тоюбуз. Эмесе аз күндө көрүшкөнчө. Гезитти окуганың 90 26 08 же 0 555 86 94 86 телефонун бурап койгула. Силердин Жеңишбек ЭДИГЕЕВ Үч тапан Эл ичи-анекдот кенчи Сууда кайык келатат. Кайыктын тумшугунда чукча трубка тартып отурат. Катыны болсо калак шилтеп, кайыкты агымга каршы айдап баратат. - Шилте калакты, шилте! - дейт чукча, - сеники эмне, жыргал да! Мен болсо эртеңки жашообуз эмне болот, ошону ойлонушум керек!.. Чукча баласын эмканага алып келет: - Балам тамак жебей калды: эт да, май да, колбаса да жебейт. - Эмне үчүн жебей атат? - Жок болсо, атасынын башын жемек беле!.. Кыргызстан менен Тажикстан жер талашты токтотууга макулдашты 29-апрелде Тажикстандын Исфана шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын коопсуздук кеңеш катчылары Токон Мамытов жана Амиркул Азимов жолугушуп, ага эки өлкөнүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү катышты. Тараптар чегара делимитацияланып бүткүчө чегарадагы талаш жерлерди өз алдынча өздөштүрбөйбүз жана чарба жүргүзбөйбүз деп макулдашты (www.akipress.kg 30/04/08). Кыргыз-тажик чегарасындагы чыр-чатактардын алдын алуу жана жайгаруу боюнча эки өлкөнүн областтарынын жана райондорунун деңгээлинде штабдар ачылмак болду. Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн чегара мекемелеринин аскерлери кыргыз-тажик чегарасында чогуу күзөттө тургандыгы тууралуу макулдашууга жетишти. Мындай иш-чараларды кезегинде Кыргызстандын бейөкмөт уюмдарынын адистери жана талдоочулары сунуш кылганына көп болгон. Эгерде бул сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашуулар чындап эле ишке ашса, Кыргызстан үчүн бул чоң утуш болмокчу.
| |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|