Балалыктын асманы

Булак көрсөң көзүн ач
Нарын областынын мектеп окуучуларынын "Жаш талант - 2008" кароо-сынагы зор салтанаттуу балдар майрамына айланды. Быйыл 11- ирет өткөрүлүп жаткан бул салттуу иш-чарага ар бир райондон 500гө чукул жаш өнөрпоз балдар - айкелчилер, сүрөтчүлөр, ырчылар, бийчилер, манасчылар, дастанчылар, кол өнөрчүлөр катышып, майрамды көркүнө чыгарышты. Бул иш-чара Нарын областынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына арналып өткөрүлдү.
"Булак көрсөң көзүн ач" дегендей, жыл сайын жаш таланттардын канатын күүлөп, чыгармачылыгынын өсүшүнө өбөлгө болуп келаткан "Дордой" ассоциациясынын вице-президенти, "Бал таттуу" бейөкмөт уюмунун жетекчиси, философия илимдеринин кандидаты Гүлмира Мамбеталиева
көкүрөгүнө сиңип, көөдөнүнө жакын болуп калган бул кайрымдуулук иш-чарасын быйыл дагы зор салтанат менен өткөрдү. Айта кетелик, мындай жагымдуу иш-чара акыркы 5 жылдан бери Нарын областынан башка бир дагы аймакта өткөрүлө элек.
Ооба, балалыктын өзүндө, өзөгүндө толкундап турган майрам бар. Ал кайсы бир өнөргө болгон ышкы, ага умтулуу. Ошол нерсени баамдап, шыгына шык, демине дем кошууда салтка айланган кароо-сынак салмактуу салымын кошуп келе жатат. Анткени, анын жеңүүчүлөрү баалуу эстелик белектер менен сыйлангандан тышкары ТАР, Австралия, Түркия, Кытай өлкөлөрүндө өткөн эл аралык сынактарга катышып, баш байгелерди, алтын медалдарды алып кайтышууда.
Ошентип кароо-сынак жыйынтыкталды. Калыстар тобунун чечими менен биринчи орундарга айкелчилик боюнча Нарын шаарынан Рысбай уулу Жыргалбек, сүрөтчүлүк боюнча Атбашы районунан Жума уулу Нурсултан, ырчылык боюнча Нарын районунан Эсенбек уулу Түгөлбай, улуттук аспаптарда ойноо боюнча Кубандык уулу Бекбол, манас айтуу боюнча Жумгал районунан Кубанычбек уулу Калыс, дастан боюнча Акталаа районунан Конокбай уулу Нурлан, кол өнөрчүлүк боюнча Нарын шаарынан Таалайбек уулу Турат, Дөөтүбек кызы Алина, бий жанры боюнча Акталаа районунун балдар билим берүү борборунун "Назик" бий тобу татыктуу болушуп, сыйлыктарды алышты. Быйылкы баш байгенин ээси Атбашы райондук балдар билим берүү борборунун хор ансамбли болуп калды. Мындан сырткары Нарын областтык администрациясы дагы жаш таланттарга өз белектерин тартуулашты.
Жеңүүчүлөрдүн гала-концертинде Гүлмира Мамбеталиева Нарын шаарынын жана ар бир райондун 5 мектеп китепканаларына, жалпы 33 мектепке китептерди тапшырды. Адаттагыдай эле согуш ардагерлери менен жаш таланттардын жолугушуусу болуп, аларга акчалай сыйлыктар ыйгарылды.
… Кайрадан канат күүлөштү, жаш таланттар. Эми алардын алдында узак жана сыймыктуу өнөр жолу турат. Ылайым багытыңардан жазбасаңар экен, анткени кытай элинин улуу акыны Ван Вей жазмакчы, "Алыс деп такыр чочуба, акыры жүрүп жетесиң агарган бийик чокуга" деген сөздүн калети жок эмеспи…
Сейит Жээнбаев