"Эгер абакта менин өмүрүмө кокусунан
балта чабылса, аны Жаныш Бакиевден көргүлө!"

Кушбак Тезекбаевдин түрмөдөн жазган салам каты
Амансыңарбы, кадырман эли-журтум!
Мен бул катты кабыргам менен кеңешип, терең акыл калчап олтуруп, акыры жазууга мажбур болдум.
Эсиңиздерге сала кетейин: Мен март революциясына активдүү катышкам. Уюштуруу жагынан, революцияны алып баруу жагынан №1 мен болгонмун. Чоң бөтөлкөлөргө бензиндерди куюп алып, кантип жарыш керектигин, эгерде бизге күч колдонсо кантип коргонобуз деп паркка элди чогултуп алып, сабактарды өткөргөн күндөрүм азыр көз алдымда. Бирок, ошол учурда мен Акаевдин ордуна кимдер келерин ойлобоптурмун. 24-мартта Ошту Бишкектегидей талатып-тонотпой, бүтүндүгүн жана тынчтыгын камсыз кылганбыз. Эми ошондогу Курманбек Салиевичтин үзөңгүлөштөрүнүн жана санаалаштарынын бири да азыр бийлик мунарасында жоктугу, албетте, өкүнүчтүү.
"Революцияны жалаң фанаттар жасап, ыраатын акмактар көрүшөт" деген чын өңдөнөт. Буга далил: Президент К. Бакиевдин айланасында дале Аскар Акаевдин түбүнө жеткен касамкор, шылуундар жүрүшөт. Аларды көргөн сайын эл жийиркенип, улам кыжыры кайнап жаткандыгын, эмне, өлкө башчысы билбейби?
Мени революцияда элдик курултайда 30 миң адам губернатордун биринчи орун басары кылып дайындаган, андан кийин үч айдан кийин мага президенттин указы чыккан. Ошол бойдон мен жан дилим менен революциянын идеялары үчүн иштедим.
2007-жылы 19-июлда ошо кездеги мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров Бишкекке чакыртып калды. Оштон учуп, саат 13.00 ченде Акүйгө келсем, өздөрүн "Бишкек милициясынанбыз!" деп тааныштырган жигиттер ички иштер министри кабинетинде күтүп жаткандыгын билдиришти. Министрликтин имаратына киргенимде, алдымдан утурлай чыккан Эрнест уулу Айбек аттуу жигит сурабай-этпей эле: "Сиздин үстүңүздөн кылмыш иши козголду!" деп угузуп, колума дароо кишен салып, Бишкектеги милициянын убактылуу кармоочу жайына камап ташташты. Эки күндөн соң сот бир ай камоого санкция берди. Кийин мөөнөттү бир нече ирет узартышты. Борбордогу тергөө абагында иштеген кызматкерлер "Бул президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин заказы экендигин" кыйытышты.
Мен мурдатан билчүмүн: Жаныш Бакиев Кыргызстандын экинчи борборуна тез-тез каттап тураар эле. Түштүктөгү күч органдары бүт жетекчилерин укпай коюшу ыктымал, бирок, президенттин бир тууган инисинин көзүнүн кареги менен тең айланышчу. Жанышка кокус жакпай калгандар кызматынан токтоосуз шыпырылчу, же мага окшоп ак жеринен айып тагылып, түрмөгө тыгылышы кеп эмес болчу.
Президенттик администрацияны Үсөн Сыдыков жетектеп турган кезде Ошко келип калды. Расмий жолугушууда "Күч органдары ойдогудай иштебей жатат. Кылмыштуулук, тескерисинче, күчөп кетти. Коррупция мурда болуп көрбөгөндөй гүлдөдү!" деп айта койбоюмбу. Ошондон тарта менде күн жок. Жаныш Бакиевдин мага карата түз мамилеси 180 градуска кыйшайды. Артымдан кадимкидей аңдытып, компромат топтоо башталды. Түптө болгон тополоң - бул азыркы бийликтин методу. Катындарды тукуруп жакалатмай методун алгач Ошто колдоно башташкан. Эми бүт республикага жайып атышат. Менин кабинетиме бир нече жолу киргизип, катындарды мага түкүртүп-чимкиртишкен. Катындарды тукурмай методду ойлоп-таап жайылтып аткан -Жаныш Салиевич. Ошентип мен Жаныш Бакиевдин куйругун басып алдым. Реалдуу сөздү бетине айтып коем деп балээсине калдым. УККны жана күч органдарын "тартипсиздик күчөп кетти, адам өлтүрүүлөр болуп атат, милиция болсо чыныгы айыптууларды жашырып атат, күч органдары начар иштеп атат" деп сындап койгом. Мага анын бир-эки кишиси келип туруп, "Аке, Жаныш Бакиев чакырып жатат" дегенде, мен барбай койгом. "Ал эч кандай кызматта турган жок, барбайм" дегем. Жаныш Бакиев бүт күч органдарына өзүнүн тааныштарын, досторун, туугандарын коюп алган. Булар азыр өлкөнү "ханство" методу менен башкарып атышат. Жаныш Бакиев өзүнчө эле Ошко барып, күч органдарын чогултуп алып чоң-чоң жыйындарды өткөрүп турат. Дагы бир жолу мени чакыртыптыр. "Ал кишиге мен баш ийбейм, мен Курманбек Салиевичке баш ием" деп барбай койгом. Ошол күндөн баштап мени куугунтукка алышты. Мына ошентип бир болбогон аял ушак менен мен беш жылга кетип атам.
Мага карата сот иши 2008-жылдын 31-январында Жалалабат шаарында башталып, 23-апрелде араң аяктады. Кызматымдан кыянат пайдаланганымды, гуманитардык жардамды максатсыз таратканымды, Каракулжа райондук милиция башчысын кордоп-мазактаганымды прокурор да, күбөлөр да, жабырлануучулар да сот жараянында так далилдей алышкан жок. Тескерисинче, Ош облустук мамлекеттик администрациясынын каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Сайиткасым Жээнбеков 30 эпизод боюнча күнөөсүн толук мойнуна алып, жеп-ичкендиги, бухгалтердик документтерди кошуп жазгандыгы бышыкталса да, аны 3 жылга шарттуу түрдө гана кести. Көрсө, С. Жээнбековдун уулу Баатыр Жээнбеков оппозициянын Бишкектеги былтыркы митингинде атайын чагым уюштуруп, оппозицияга колго түшкөнү массалык маалымат каражаттарында байма-бай чагылдырылып, ошол аркылуу бийликке опол тоодой кызмат кылгандыгы үчүн Жаныш Бакиев атасынын жазасын жеңилдетүүнү сотко катуу табыштаптыр. Жан тарткандар айткандай, мен кудум ушундай кошоматчылык кылып, Жанышка "ак дилден" жүгүргөнүмдө аман-соо калмак экем…
Мына, он айдан ашык түрмөдө жатам. Жылуу мамиле, жакшы шарт жок. 57 жаш курагымда ак жеримден күйүп, башкы байлыгым-саламатчылыгымдан ажырап, өмүрлүк жубайымды, 4 баламды жана неберелеримди азапка салып олтурам. Анысы аз келгенсип, өтө оор айыптарды тагып, күчөтүлгөн режимге соттоп, 1 миллион сом жазана салып, мал-мүлкүмдү конфискациялоого өкүм токушкандыгы, мен ойлойм, өтө аша чапкандык. Акыры ак ийилип, сынбай турган да күн келээр…
Акыркы күндөрү жактоочумду чакырып, "Тезекбаев облустук сотко даттанбасын, 2 айдан кийин бошотобуз!" деп жатышат. Мен буга караманча каршымын! Эмне, каалаганда камап, же кое бергидей адам тагдыры Бакиевдерге оюнчук бекен? Конституциянын гаранты Курманбек Салиевич үйбүлөлүк башкаруунун акыры трагедиялуу бүтөөрүн унутпаса экен?!? Азыр деле кеч эмес, коомубуздагы жараны ырбатпай, ириткич инисин тыйганга кудурети жетсе, анда көп балээден кутулаар эле. Тарыхта таза жана адилет падыша сыңары эсте калмак.
Дегиңкиси, кадырман эли-журтум!
Эгерде, абакта менин өмүрүмө кокусунан балта чабылса, аны Жаныш Бакиевден көргүлө! Себеби, анын колунан ар кандай арам иштер келээрине көзүм толук жетип калды.
Соңунда айтаарым : Ошто жаман иш кылбапмын. Менин кадырымды билгендер Тезекбаевди коргоо комитетин түзүп, элдин пикирин сурамжылап, колун топтоп атыптыр. Не дейин, Аскар Акаевдин тушундагыдай оппоненттери же кыргыздын тыңчыкмалары, ошондой эле азыркы президентке чындап күйгөн патриоттор улам кордоло берсе, карапайым калк эми чыдабайт, сөзсүз козголот. Кудай ошондон сактасын! Анткеним, менин өлкөм экинчи ыңкылапты көтөрө албайт!
Баардыгыңыздарга
бул жарыкчылыкта аманчылык тилеп,
Кушбак ТЕЗЕКБАЕВ,
Ош облус губернаторунун мурунку
биринчи орун басары. Жалалабат
СИЗосунун жертөлөсү. 2-май, 2008

P.S. Биздин редакцияга Кушбак Тезекбаевдин бул катын адвокаты алып келди. Каттын оригиналы жана бул катта айтылгандардан танбай тургандыгы тууралуу анын үнү жазылган аудиокассета редакцияда сакталуу турат. Биздин гезит бул соттук териштирүүгө кийлигише албайт жана ак-көк деп айта албайт. Кандай болгон күндө да 10 айдан бери абакта жаткан адамдын үнүн элге угузуп коюу биздин милдет. Ал эми бул катка карата кандайдыр бир кайчы пикирлерди айтууну каалаган тараптарга да гезит бетинен орун берүүдөн качпайбыз.