Обо баатырлары

Диктор Нуржамал Бурханова:
"Операция жасатып көзүн чоңойтуп алыптыр" деген ушакка таң калдым"
Нуржамал Бурханова- телекөрүүчүлөрдүн сүймөнчүгүнө ээ болгон диктор. Анын бакыракай көздөрүн, түз эфирде көрүүчү менен маңдай-тескей отургансып жандуу сүйлөгөнүн жакшы көрүшөт. Нуржамал Бурханова ушул күндөрү "5-каналды" көркүнө чыгарып аткан кези.

- Нуржамал айым, телевидениеге кантип келип калдыңыз?
- Декреттик отпуск алып, бала менен үйдө олтургам, 23 жаштамын. Кечке төрт дубалды тиктеп, үйдө олтургандан тажап жүргөн учурда теледен дикторлор менен журналисттерди кабыл алуу жарыясын көрүп, кастингге барууну туура таптым. Кастингге келгенде мага окшоп барган элдин көбүнөн кайра кетип калгым келген. Бирок, ага карабастан комиссиялар олтурган кабинетке кирип, сынакка катыштым. Кийин мага "Сен дароо эле комиссия мүчөлөрүнө жагыптырсың" деп айтышкан. Ошондон эки жума убакыт өткөндөн кийин экинчи турга келип, теледен чыгуу эрежелери боюнча тандоодон өттүм. Үч жүз кишиден бешөөбүз эле калдык. Үчүнчү турда болсо кыскача заметка жазууну буюрду. Мага кастинг темасы келип, эч эмоциясы жок, болгон чындыкты жаздым. Анан мени жетекчилер чакырып, "Сен тандоодон өттүң, бир аптадан кийин жаңы кызматка кел" деп чакырышты. Кастингден өткөндөн кийин өзүмдү эркин сезип, ишке болгон ишеним пайда болду. Алгач жумушка чыккан күнү мени камера тарткан топко кошуп, брифингге жиберишти. Ал жактан келгенден кийин сюжетке карата кадрдык текст жазышым керек эле. Мен жадагалса микрофонго барганды билчү эмесмин. Кесиптештеримдин жардамы менен аны да үйрөндүм. Дагы бир жума өткөндөн соң, кечки чыгарылыштагы түз эфирден чыгарымды кабарлашты.
- Анан алгачкы түз эфир кандай өттү?
- Алгачкы дебют мага да, жетекчиликке да абдан жаккан. Ал кезде атайын текст жазып, даярданып жүргөм. Анан ошол ишимди жыйынтыктоочу учурга келгенде өзүмдү кай жерге конорун билбей, бир орунду таба албай учуп жүргөн парашютист катары сезгем. Ал күнү мени коркунуч эмес, толкундануу, жоопкерчилик деген бир күч курчаган. Экинчи, үчүнчү эфирлерде болсо чыныгы адамдык толкундануудан башка эч нерсени сезген эмесмин. Себеби "Артымда кесиптештерим турат. Алардын бир күндүк эмгегин эфирге чыгарып атам" деп, оюмду топтоп иш алып барчумун. Азыр да ар бир эфирге чыгар алдында чыгармачылык толкундануу болуп турат.
- Туугандарыңыз, жакындарыңыз биринчи эфирге чыкканыңызды кандай кабылдашты? Сын айткандар болдубу?
- Ата-энем биринчи эфирге чыкканымды көрбөй калышкан. Анткени алар Таласта жашашат. Туугандарым көрүп, "жакшы болду" дешкен. Атам кийин мени теледен көрүп, көз жашын агыза сүйүнгөн. Апам болсо филолог катары бир-эки сын пикир айткан.
- Сиз үчүн дикторлуктун кандай артыкчылык жактары болушу керек?
- Эң башкысы, ишиңе болгон сүйүүң таза жана чыныгы болуш керек. Дикторго андан башка үч нерсе талап кылынат. Абийир, интеллект жана күчтүү эрк.
- Сиз түз эфирде олтурганда телесуфлер бузулуп калса же бир кыйынчылык болсо, жагдайдан кантип чыгасыз?
- Телевидение - бул жалпы коллективдин иши. Дайыма редакторго, режиссерго жана үн режиссерго көз каранды болуп турасың. Эгер түз эфирде олтурганда туура эмес жагдай пайда болсо, аны билгизбей оңдоп кетиш керек. Ошондуктан баардыгына даяр болуу зарыл. Мен дайыма экранга чыгар алдында күтүүсүз телесуфлер бузулуп калса деп, жаңылыктарды кагазга жазып, алдыма даярдап алам.
- Эфирде иштеп атканда кандай талаптарды карманасыз?
- Мен эфирге чыкканда өзүмдү эркин сезем. Анткени айтып аткан жаңылыктарды менден башка эч ким билбейт деген ишеним болот. Азыр теледе жакшы өзгөрүүлөр болуп атат. Мурда жаңылыктарды жөнөкөй эле айтсак, азыр бир аз эмоция менен жеңилдетип алып барып калдык. Менимче, бул заманбап телевидение үчүн жаман эмес. Кээде эфирге чыгаар алдында беш-он мүнөт мурун бирөөлөр көңүлдү чөктүрүп койгон учурлар болот. Ага карабастан, "Мыкты диктор өз ичиндеги капачылыкты көрүүчүлөргө көргөзбөшү керек. Көрүүчү күнөөлүү эмес, ал диктордун көңүлдүү болушун каалайт" деп өзүмө өзүм сөз берип, даярданып ишке киришем. Анан өзүмдүн эфиримди дайыма көрөм. Ар бирин учуру, шарты менен сындап, кеткен катачылыктарды кийинкисинде кайталабаганга аракет кылам. Айрым алып баруучулардын "Мен өзүмдү караганга негиз жок" дегендерин жактырбайм.
- Экранга чыгар алдында кантип, канча убакыт даярданасыз?
- Эфирге бир күн мурда даярданып баштайм. Бир жакка эс алууга барып, спирт ичимдиктерин ичкенге, ашыкча тамактанууга өзүмө тыюу салам. Себеби булардын баарысы экранга чыкканда жүзүңөн байкалып калат. Андан сырткары таттуу жебейм. Чемичке чакпайм. Мунун баары тамагыңдын ооруп калышына алып келет. Көбүнчө эфирге бир саат калганда тамактанам же кызыл кылып чай демдеп ичем. Жумушка эфирге чыгууга төрт саат калганда келем. Биринчи гримдөөчү бөлмөгө кирип, чачымды жасалгалайм. Анан гримденем. Андан соң ошол күнү кете турчу жаңылыктарды карап чыгам. Булардан башка дагы көп даярдыктар көрүлөт. Оозду ачып, ар бир тамганы өз шарты менен айтуу үчүн атайын көнүгүүлөр жасалат. Мен жадагалса эс алып аткан учурда да бир күндө бир жолу көнүгүү жасап турам. Негизи мен ырдаганды жакшы көрөм. Анткени ырдаганда үнүң жакшырып, көкүрөктөгү дем алууңдун ачылышына жакшы жардамы тиет. Андан сырткары романстарды жактырам.
- Ишке кийген кийимдериңизди, макияждарды тандоодо ким менен кеңешесиз же өзүңүз тандайсызбы?
- Макияжды мен дайыма өзүм жасайм. Визажисттерге деле барып көргөм, бирок алардын жасагандары жакпай коюп, ойлонуп, катачылыктарды кетирип, кайра-кайра макияж коюп жүрүп, өзүмдүн стилимди таап алгам. Макияжды ар убак телевидениенин талабына ылайык, өтө жалтылдабагандай кылып жасайм. Эгер шашылыш эфирге чыга турган болсом 20-30 мүнөттө жетишем. Жайчылык убакта чачымдын жасалгасы менен гримге кенен бир саат олтурам. Чачты кандай формада болуш керек экенин өзүм айтып, жумуштан жасатам. Кийимдин фасонун өзүмө жаккандай тандап алам. Ошол эле учурда телевидениенин талабын да эстен чыгарбайм. Ийиндериң түз болуш үчүн дайыма пиджак кием. Ылдый жагыма кээде джынсы шым деле кийип алам.
- Сиз элге аты таанылып калган адамсыз. Эл көзүндө жүргөндөрдүн артынан ушак сөздөр көп айтылат эмеспи. Өзүңүз жөнүндө акыркы убакта кандай айың кеп угуп таң калдыңыз?
- Мени баарынан "Бурханова көзүнө пластикалык операция жасатыптыр, мурда кичинекей болчу, азыр бакыракай болуп калыптыр" деген сөз таңгалтырды. Кээде тааныш эмес кишилер жаныма келип, "Операция жасатканыңыз чынбы?" деп сурап калышчу болду. Бир жолу айлык алганы бухгалтерияга кирсем, кассирибиз "Операцияны кайдан жасаттың? Менин курбум да сеникиндей кылып жасатат болчумун, билип бер деп аябай кызыгып атат" дейт. Таң калып, "Менин көзүм төрөлгөнү эле ушундай. Тукумубуз менен көздөрүбүздүн формасы окшош. Эжемдин, атамдын, жадагалса чоң энемдин көзү да меникиндей" деп жооп бергем. (www.bpc.kg)
BPCден алып даярдаган
Бурул МУСАБЕКОВА