Абак жана аял
Мекенге чыккынчылык кылды деп камалган Жыпаркүл АРЫКОВА:
"Шпиондор бешенесине "шпионмун" деп жазып албайт экен да"
Жыпаркүл Арыкова ГКНБ ( Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет) тарабынан башка мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн шпиондук жасады, чыккынчылык кылды деп камалып, абакта 10 ай жатты. Быйыл февралда Бишкектин Биринчимай райондук сотунун чечими менен бул берене боюнча акталып, бирок "Чет элдик уюмга кызматтык маалыматты берди" деген айыптоо менен колоние-поселениеге 3 жылга кесилген. Колоние-поселение жетекчилиги атайын токтомдун негизинде үйбүлөлүк келишим менен боштондукка чыгарды. 24-майда административдик комиссия мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча маселе карайт. Андан кийин ишти ЖАББ (ГУИН) прокуратура карап бүткөндөн кийин маселе сотто каралат. "Мен азыр он ай жыйырма күн отуруп койдум. Мыйзам боюнча мөөнөтүм бүтүп калды, ошон үчүн ЖАББнын прокуратурасы да каршылык көрсөтпөй сотко жөнөтөт деген үмүтүм бар" дейт Жыпаркүл Арыкова.
"Мекенге чыккынчылык кылды" деген 292-берене менен мен эле эмес, ата-энем, бир туугандарым моралдык сокку алды. Санаага батып отурсам, 11-12 жылга кесилип кеткен болом. "55 жашымда түрмөдөн чыксам, балам мынча жашка келип мени тааныбай калат турбайбы?" деген ойлор да келген.
ГКНБнын СИЗОсунун сонун китепканасы бар экен, дүйнөлүк адабияттардын баарын окуп чыктым. Темир торду көргүм келбей, китептен башымды көтөрбөй окуйм…
- Жыпаркүл, эми поселениеге барбайсызбы?
- Жок, мен соттун чечими менен толук бошогончо барып турам. Күндө эмес, үйбүлөлүк келишимдин негизинде алтынчы күн сайын барып турушум керек. Ага чейин үйүмдө жашай берем. Ушул жерден белгилеп койгум келип атат, колоние-поселениенин жетекчиси майор Осмоналиева аял катарында менин шартымды жакшы түшүнүп, үйбүлөлүк келишим менен чыгарып койду.
- Эркиндикке биринчи чыкканда эмне кылдыңыз?
- Чыкканыма ишенген жокмун. Үйгө келгенде эле биринчи суроо баламдын "Апа, эми милицияга барбайсыңбы?" деген суроосу болду. "Бүттү, балам, эми милицияга барбайм, эми жумушка барам" дедим. Эшикте кечке ойноп жүргөн балам жанымдан чыккысы келбей, улам келип "Апа, кетпейсиң ээ?" деп сурап турат. Баланын жүрөгүндө "милиция" деген нерсе калыптыр.
- Жумуш издеп жатасызбы?
- Буюрса, жакшы иштер болуп атат. Адвокатым Нина Зотова өзүнүн жанына курьер кылып алды. Ал "Юрфакка тапшырып кошумча билим алып алсаң, сенден жакшы адвокат чыгат" деп атат. Буюрса, тапшырайын деген оюм бар. Алган айлыгымдын 20%ын колоние- поселениеге төлөп берем. Келишимди ушул жылдын аягына чейин түздүк, эгер мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотуу боюнча соттун чечими чыгып калса поселениеге төлөбөй калам.
- Журналисттикке кайрыласызбы?
- Журналисттиктен башка нерсе колумдан келбейт экен. Соода кыла коем деп көрбөгөн азапты көрдүм. Кимдин кандай адам экенин билбейт экенсиң да. Шпиондор бешенесине "шпионмун" деп жазып албайт экен да… Бир аялдар журналына жооптуу катчы болууну сунуштап жатышат, ойлонуп көрөм.
- Түрмөдө жатканда чыгармачылык менен алпурушуп жаттыңызбы?
- Албетте, күндөлүк жазылды, ырлар жазылды.
- СИЗОнун шарттарын айтып берсеңиз?
- Кудай бетин ары кылсын, бирок СИЗО-1дин шартына караганда ГКНБнын СИЗОсу таза, тынч, эл азыраак экен. Эки орундуу камерада отурдум. Биринчи беш айда жалгыз, кийин жаныма шерик келип кошулду.
- Алар менен мамилеңиз түз эле болдубу?
- Мамилем түз болду, анткени ал жакка бүт эле кызматта иштегендер, интеллигенциянын өкүлдөрүнөн түшөт экен.
- Тамак-аш жагы кандай болду?
- Аскердик бөлүк менен келишимдери бар окшойт, солдаттарга жасалган тамактардан берет экен. Денсоолугума байланыштуу мага камеранын ичинен плиткага жасап ичкенге СИЗО жетекчилиги уруксат берген.
- Кытай атуулу Исмаил Үсөк менен кантип таанышып калган элеңиз?
- Капысынан эле. Дос кызым турмушка чыгып үйүнө чакырган. Барсам, ал жерде Исмаил Үсөк да бар экен. Досумдун күйөөсү да журналист, укук коргоочу. Ал Исмаил менен жакшы мамиледе экен. Бирок Жыпар аркылуу таанышканбыз дегендей көрсөтмө бериптир. Кайсыл жакта иштегеним тууралуу ошол эле маалымат берген болуш керек. Дос кызым менен он беш жыл дос болдук эле, түрмөдө жаткан он айдын ичинде үйгө бир жолу да телефон чалып, ата-энем менен сүйлөшүп койбоптур. Аны менен эми байланышууга мүмкүн эмес.
- "Ак ийилет, бирок сынбайт" деп ишенип отурдуңуз да?
- Албетте, ишендим. Күнөөсүз күнөөлүү болуп атканымды түшүндүм. Мен биринчи күндөн эле "Мен Мекенди саткан эмесмин, бул маалыматтын баары ачык болчу" деп айттым. Кытай атуулун шпион деп күнөөсүн далилдешиптир, ошон үчүн мени толук актоого болбой калды. Өзүңөр билесиңер, бизде Жогорку Кеңеште ачык материалды саат тогузда алабыз дагы, жетекчиликтин уруксаты менен журналисттерге таратып беребиз. Мен берген кагаздар Жогорку Кеңештин да документтери эмес, 24.kg сайтынын "Жогорку Кеңеште жашыруун жыйын өттү" деген маалыматы болчу. Ошону эле көчүрүп, тиги кишинин почтасына салып койгом. Биз "Сотто акыйкаттык жок" деп келебиз, ушул жерден айтып коеюн, менин ишиме келгенде кысымга карабай, мүмкүн болушунча объективдүү караганга аракет кылып жатышты. Прокурор "прецедент үчүн соттоп коюш керек" деди.
- Бул жашоодо ар бир адамга ар кандай сыноолор келет дейт. Мүмкүн, бул сизге келген сыноодур?
- Сыноо деп айтып койсо жөнөкөй сезилет. Сыноонун да сыноосу. Болгондо да аял киши үчүн бул оор нерсе. ГКНБнын СИЗОсунда, болгондо да ушундай айыптоо менен отуруу кыйын эле болду. Бирок мен өзүмдү кармадым. СИЗОнун кызматкерлери "Ушунчалык эркиң күчтүү экен, биз сага таң калдык. Беш ай жалгыз отурдуң, бир эшикти кагып, проблемаңды айткан жоксуң" дешти. Ата-энең, бир туугандарыңды, балаңды түш көрүп жыргап атып эле ойгонуп кетсең, темир тордун ичинде жаткан болосуң… ГКНБнын СИЗОсунун сонун китепканасы бар экен, дүйнөлүк адабияттардын баарын окуп чыктым. Темир торду көргүм келбей, китептен башымды көтөрбөй окуйм…
- Биз сизди кармалганда эле кимдир- бирөөнүн курмандыгы болуп калды окшойт деп ойлодук?
- Эгерде Жогорку Кеңеште мурдатан ГКНБдан уруксат берилип, жашыруун режимдик бөлүм ачылса, мүмкүн мындай болмок эмес. Анткени, бизге "бул документ жашыруун, бул жашыруун эмес" деген эскертүү берилмек да. Менин инцидентимден кийин ушундай бөлүм ачылыптыр.
- Соттун чечимине 8 депутаттын өтүнүч каты таасирдүү болуп кеттиби, же массалык маалымат каражаттарыбы?
- Деги эле байланышым жок онго жакын депутат мени түшүнүп, өздөрүнүн оюн айтып турушту. Журналисттердин объективдүү материалдары да таасирин тийгизди. "Журналисттер айта берет да" деп коюшканы менен ушундай оор кырдаалдарда ММКлардын ролу абдан чоң экен. Менин далилдерим гезиттер болуп атты. Биз гезиттерден обзор жасачубуз да. Ал материалдар менин электрондук почтамда болчу. Анан анын баары экспертизага кирип кетип, далил табуу үчүн 2006-2007-жылдагы гезиттердин баарын кайрадан окуп чыкканга туура келди. Адвокатым орус тилдүү болгондуктан макалаларды орусчага которуп берип турдум.
- Канча барак-ручка кетирдиңиз?
- Барак-ручка түткөн жок. Бирок ал жакта жазган нерсеңдин баары сыртка чыкпайт экен. Ошондуктан мен тиешелүү нерселерди гана жазып, калгандарын жүрөккө алып чыктым, анын баары эми жазылат.
- Өзүңүзгө кандай сабактарды алдыңыз?
- Биринчиден, эркиндиктин баасын тааныдым. Экинчиден, адам укугуна эмне жетишпегендигин билдим. Үйбүлө, тууган, дос ыйыктыгын, ким дос, ким кас экенин билет экенсиң. Моралдык жактан өтө оор, жөнөкөй сөз менен айтып түшүндүрө албайм. "Мекенге чыккынчылык кылды" деген 292-берене менен мен эле эмес, ата-энем, бир туугандарым моралдык сокку алды. Санаага батып отурсам 11-12 жылга кесилип кеткен болом. "55 жашымда түрмөдөн чыксам, балам мынча жашка келип мени тааныбай калат турбайбы?" деген ойлор да келген. Сотто "292-берене боюнча акталды" дегенде, мен күнөөм жок болсо да "Чет элдик уюмга кызматтык маалыматты берди" деген 302-берененин 1-пунктуна эки колум, бутум менен макул болдум.
- Экинчи чет өлкөлүктөр менен байланышкыс болдуңуз окшойт?
- Мага эле эмес, башка журналисттерге да сабак болду окшойт.
Дилбар АЛИМОВА