Коомдук-саясый гезит
№43, 01.07.08-ж.






  Ыр секи

Айчүрөк СУЛТАНОВА, эстрада ырчысы:
"Сүйөм" деп аскадан секирбедик"
-Айчүрөк айым, парламентте иштеп жатыптырсыз, чыгармачылыгыңыз эмне болуп жатат?
-Он жылдан бери парламентте иштесем да, чыгармачылыгымды таштаганым жок. Концерттерге катышып эле жатам. Болгону жумушуман көп бошой албагандыктан, гастролдоп эл аралап чыга албайм. Бир гана жолу Дилшат Кангелдиева экөөбүз Жалалабатка концерт берип келдик. Азыр киного ырчылар деле тартылып жатышпайбы, мен дагы киного тартылып, бир кездеги талантымды элге көргөзгүм келип жүрөт.
-Киного тартылыппы?
-Ооба! Эмне жарашпайбы?
-Актерлук чеберчилигиңиз да барбы?
-Андай деле чоң болбосо да кичине бар. Мектепте окуп жүргөндө интермедия болсо эле мен эркектин ролун аткарып калчумун. Баатырлардын ролдорун көп эле жолу аткардым го! Курманбек баатырдын күмбөзү турган айылдын кызымын да, майрамдарда Курманбек баатырдын ролун аткарып же дагы бир терс каармандын ролу тийип калчу.
-Актерлук, ырчылык чеберчилигиңиз бар туруп, эмне себептен башка кесиптин ээси болуп калдыңыз?
-Мектепте окуп жүргөндө актриса болууну аябай самагам. Окууну жакшы окугандыктан, атам менин мугалим болуумду каалап, атамдын өтүнүчү менен тарых адистигине келип тапшырып калдым. Мектепте менин роль аткарып, ырдап жүргөнүмдү атам билген деле жок. Өзүм айтчу да эмесмин. Башкалар ата-энесин ээрчитип келип көргөзүшчү, а мен уялчумун. Атам аябай тартипти катуу кармаган киши болгондуктан айтканга ооз барчу эмес, анын айтканы айткан, дегени деген мыйзам эле. "Эгер атам менин мектептеги ийгиликтеримди көрсө, мен каалаган окуудан баш тартпас беле" деп азыр ойлоп калам. Бирок өкүнбөйм, өзүмө берилген чыгармачылык шыбагамды да өлтүрбөй, атамдын эңсөөсүнө да макул болгонума. Баары кудайдан экен, минтип парламентте иштеп жатам.
-Анан ырчылыктын капканына кантип чабылдыңыз?
-Жүрөгүм ырчылыкка жакын болгондуктан борбордо болгон концерттерди калтырчу эмесмин. Ал жерге барып алып алардын ырдаганын, бийлегенин, өзүн сахнада кандай алып жүрөрүнө тикийип көз салып отураар элем. Ошол кездерде баш-көз болуп, жол көрсөтүп "андай кыл, мындай кыл" деген эч ким болбой, көп убактымды өткөрүп жибердим. Парламенттин кайсы бир майрамында Абидин Темиров келип калды. Анан менин ырдаганымды көрүп "үнүң жакшы экен" деп өзүнө чакыртып, концерттерге ырдатып жардамын аябай берди. Өзүм да аракет кылып жүрүп ырдап кеттим.
- Деги сүйүүгө кандай карайсыз?
-Тим эле ит капкандай кылдың го..! Сүйүү деген аябагандай ыйык нерсе. Сүйүүсүз жашоону элестетүүгө болбойт. Сүйүү бар жерде жашагың келет, сүйүү бар жерде ар нерсени жасагың келет. Ал жок жашоонун ырахаты, кызыгы болбосо керек. Сүйүүдөгү эки адамдын мамилесин, бактылуулугун сөз менен жеткире албайсың. Сүйүү адамга гана берилет, ошондуктан сүйүп гана жашаш керек.
-Демек, жолдошуңуз сизди, сиз аны аябай сүйүп жашап жаткан экенсиздер да?
-Эми жолдошум "мен сени аябай сүйөм" деп көп эле айтат. Бирок, биз бири-бирибиз үчүн өлүп талып, "аскадан секирип кетем" дегенге чейин барып, сүйүшүп жүрүп деле баш кошкон эмеспиз. Ортодо сүйүү эмес, жакшы көрүү сезими гана болгон.
-Эми жакшы көрүү сүйүүгө айлангандыр да?
-Турмуш кургандан кийин сүйүүңдүн баары балага өтүп, жолдошуң болсо жаныңдагы сырдашчу досуңдай эле болуп калат экен. "Сүйүшпөй эле жүрүп баш кошкондордо кийин эле сүйүү пайда болот" дегендерге көп ишене албайм. Мүмкүн ар кимдин сүйүүсү ар кандай эмеспи, балким, андай деле болушу толук ыктымал.
-Чыныгы сүйүү кандай болуш керек?
-Сүйүүлөр баштан көп эле өтөт. Мектепте жүргөн кезде, анан студент кездердеги сүйүү болот. Студент кезде бир эле жолу эмес, көп жолу сүйүүлөр келип калат. "Бирөөнүн көзүн сүйүп каласың, бирөөнүн сөзүн сүйүп каласың" дегендей. Эми ошолордун кайсынысы чыныгы сүйүү экенин деле билбей калат экенсиң. Ар бири сен үчүн кымбат болуп турса, ар кимисинин өз учурундагы керемети, ыйыктыгы болсо керек да. Кээ бир сүйүүлөрүң бир айга эле созулуп анан жоголуп кетет. Ал эми чыныгы сүйүү… эч качан жоголбойт, жетпесең дагы жүрөгүңдө кала берет тура.
-Деги өзү кандай жигиттерди жактырчу элеңиз?
-Биринчи эле адамгерчилик сапатын баалачумун. Эми сырткы келбетин деле жактырып сүйүп калган жигиттер болгон. Бирок, мен үчүн эң ириде адамгерчилик, мырзалык сапаты жогору жигиттер биринчи болоор эле. Адам болгондон кийин телегейи төп келгени болбойт экен. Анан дагы бир жагым бар болчу, жигиттер менен таанышканда эле биринчи тишин карачумун. Эгер тиши жакпай калса эле иренжип чанып кетмейим бар эле.
Күнболот МОМОКОНОВ




  Көз айнек

Жаныбек ЖАНЫЗАК, журналист:
"Бөлкөнүн кайгысы кыйнап атат"
- Өлкөнүн кайгысын тарткан элден бөлкөнүн кайгысын тарткан эл коркунучтуубу?
- Чындап эле өлкөнүн кайгысын тарткан эл болсо, анда ал мамлекетте бөлкөнүн кайгысы болбойт эле. Тилекке каршы өлкөнүн кайгысын тартып, жери үчүн күйгөн эл жок болгондуктан кымбатчылык күч алып, бөлкөнүн кайгысы кыйнап атат. Бул өтө коркунучтуу нерсе. Бул деген алмустактан бери коркунуч туудуруп келген маселе. Адам нанга жетпей ачка олтурса, кайгысы күч болуп турса өлкөнүн башка маселеси менен башын оорутпайт да.

Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВ, актер:
"Көкүрөгү жакырлар эч кимди жактырбай орой мамиле жасашат"
- "Мамлекети жакыр малай болот, көкүрөгү жакыр орой болот" дегенге кошуласызбы?
- Буга мен кошулам. Туура айтылган сөз. Мамлекети жакыр болгондо башка жактарга барып малай болуп калары шексиз. Ал эми көкүрөгү жакыр болгондо эч кимди жактырбай, тегерегиндегилерге орой мамиле жасагандар болот. Бирок, мамлекет канчалык жакыр болгон күндө да көкүрөк Ата Мекен деп согуп турары анык. Мисалы мен өлкөбүз жакыр болуп калган күндө да Кыргызстан үчүн күйөм.

Жеңишбек ТОКТОБЕКОВ, төкмө акын:
"Ажы боло электе эле, ырларым молдо эле"
Акын ажы болсо, ыры молдо болобу?
- Акын эле эмес, чын ыклас менен ажы болгон адамдын көз карашы өзгөрөт. Анткени ажылык-бул улуу сапар. Колунда миллион доллары туруп баралбай жүргөндөр канча. Мен төрөлгөндө эле мусулман болуп төрөлүп, ажы боло электе ырларым ыйман жөнүндө болгон. Жеке эле акын ажы болсо ыры молдо болгондо эмес, ар ким кайдан келип, каякка барарын билип жашаганында.

Келдибек НИЯЗОВ, куудул:
"Биздин өлкөбүздө азыр тешик көп"
- "Жалгыздын кешиги көп, жалпы үйдүн тешиги көп" дегенге кандай түшүнөсүз?
- Мындай сөздү таап алганыңа таң калып атам. Абдан жакшы суроо экен. Жалгыздын кешиги көп дегенди мен жалгыз адамдын ырыскысы кенен болот деп түшүнөм. А жалпы үйдүн тешиги тууралуу айтсам, азыр биздин өлкөбүз ушундай абалда калдык. Мамлекетибиз ар кай жагынан тешилип, ар кимибиз ошо тешиктен чуурутуп ар нерсебизди сатып жок кылмайга өттүк. Жанагы көп тешиги бар капка дан салсаң чууруп түшүп калат го. Ошол сыңары Кыргызстанда да тешик көп болуп, колдогу байлыктарыбыз чууруп кетип атат. Жерибизди саттык. Эми электр энергиябыз колдон суурулганы турат. Ал аз келгенсип кымбатчылык белчеден басты. Бир сөз менен айтканда чууруп олтуруп эч нерсебиз калбайт окшойт.

Орозбек ДҮЙШЕЕВ, экономист:
"Доллар туруктуу, ишеничтүү да"
- Сомдун асылы болгончо доллардын жесири бол дегенге кошуласызбы?
- Ар бир мамлекеттин акчасынын жалпы базасы болуш керек. Мисалы, алтындан запас болушу мүмкүн. Мисалы биздин сомубузду кармап турган байлыгыбыз болбосо инфляция болуп кетет. Доллар болсо дүйнөлүк валюта. Ал туруктуу, ишеничтүү. Ошон үчүн "сомдун асылы болгончо, доллардын жесири бол" деп айтылса керек.

Эмилбек КАПТАГАЕВ, Коомдук парламенттин мүчөсү:
"Сагызганда май болобу же жокпу билбейт экенмин"
- Сагызганда май болбойт, саясатта ар болбойбу?
- Кызык суроо экен. Сагызганда май болобу же болбойбу билбейт экенмин чынында. Ал эми бул сөздүн экинчи бөлүгү чындыкка жакындай. Анткени, кээ бир саясатчылар бүгүн бирди сүйлөп, эртең башканы сүйлөп, өз принциптеринен кайткан учурларды көрүп эле жүрөбүз. Саясатта ар болбойт деген ушул болуш керек.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan