Коомдук-саясый гезит
№43, 01.07.08-ж.






  Кумир менен чайлашуу

НЕЛЯ:
"Мен турмушта адашуудан корком"
Бул жолу рубрикабызда өзүнүн мукамдуу назик үнү, ийилген чыгыш бийлери менен күйөрмандарын тарткан Неля конок болду. Ырчы кыз күйөрман кыздар-балдар менен дароо тил табышып, эски тааныштардай сүйлөшүп кетти. Чай үстүндө бир сааттан ашык баарлашып отуруп аягында өзүнүн сүрөтүнө кол тамга коюп, күйөрмандарына эстеликке берди.

Жылдыз: - Саламатсызбы, Неля? Биз сиздин чыгармачылыгыңызды сыйлайбыз. Кандай жаңылыктарыңыз бар?
Неля: - Кандайсыңар? Мен да күйөрмандарымды сыйлайм… Жакында эле "Балалык" деген ырыма клип тарттырдым. Буюрса күзүндө концерт берейин деген оюм бар. Азыр көрүп жүргөн концерттерден өзгөчө кылып, атайын театралдаштырып уюштурайын деп жатам. Жеке жашоодо болсо азырынча эч кандай деле жаңылык жок.
Айпери: - Кесибиңиз менен иштеп кетейин деген оюңуз жокпу? Же ырчы болуп эле кала бересизби?
Неля: - Мен Улуттук университетинин эколог адистигин бүтүргөм. Азырынча ырдап эле жүрө берем. Турмушка чыккандан кийин ырчылык экинчи планга өтүп калат болуш керек. Башка кесипти аркалаган кыздар деле турмушка чыккандан кийин жумушунан бир аз алыстап калат да. Башка жоопкерчиликтер пайда болот. Таптакыр ырчылыгымды таштап салам деп айтпайм, ал менин жолдошумдан да көз каранды. Ырчыларды көп адамдар түшүнө бербейт. Ошон үчүн ырчы кыздарга бир аз кыйыныраак.
Нургүл: - Турмушка качан чыгасыз? Жигитиңиз барбы? Курбу кыздарыңыз турмушка чыгып кетсе, өзүңүз жалгызсырабайсызбы?
Неля: - Азыркы убакта жигитим деле жок. Турмушка кудай буюрган күнү чыгам го. 24 жашка чыкканым менен мен өзүмдү жаш кыз катары эле сезип жүрөм. Апам дагы "турмушка чык" деп айтып калат, бирок кыйнабайт. Мен жашоодо адашкым келбейт. Турмуштан жолу болбой калган көп ырчыларды көрүп корком. Ошон үчүн шашкан жокмун.
Миргүл: - Биринчи жолу качан сахнага чыккансыз? Устатыңыз ким?
Неля: - Кичинекей кезимден баштап эле "Наристе аземи", "Хрустальная нотка" деген сынактарга катышкам. Устатым деп Асел Турдалиеваны эсептейм. Асел эже менен көп жылдар бою чогуу иштеп калып, гастролдорго чыгып, ошондо эле Кыргызстанды кыдырып чыккам. Азыр ошол жактарга барып калганда мурда дубалдарга кырып жазып кеткен жазууларды көрүп күлүп калабыз. Асел эжеден азыр деле кеңеш сурап турам. Ушак, интрига, бут тосуу дегендерден аябай кыйналып кетесиң. Кээде, тескерисинче, колдогон адамдарды көрсөң көңүлүң көтөрүлүп иштегиң келет.
Авазхан: - Демейде, эмнегедир жигиттер кыздардан өзүн жогору коет да, ырчылардын арасында да ушундай көрүнүш болобу?
Неля: - Жигиттер эгерде келишимдүү болсо сөзсүз кыздардан өзүн жогору коюшат. Алар өзүнө ишенүү менен "Сиз менен таанышып алсак болобу?" деп келишет. Ырчы жигиттердин арасында деле, мүмкүн, кыздардан өзүн жогору сезгендер бардыр, бирок мен ага жол бербейм. Анткени, баарынын таланттары бар. Бардык элге жаккан ырчы жок болуш керек. Бирөөгө жаксаң, бирөөгө жакпайсың. Мен чыгыш стилинде чыгып башка кыздардан айырмаланганга аракет кылып келем.
Нургүл: - Кыздар "Эркектер маймылдан эле бир аз сулуу болсо болду" деп айтып коет экен, сиз ушул пикирге кошуласызбы?
Неля: - Чынын айтканда, мен эркектердин сырткы келбетине көп деле карабайм. Маданияттуулугуна көңүл бурам. Сырткы келбети деле керек дечи, бирок сулуу болуп туруп көрөңгөсү төмөн болсо анын кимге кереги бар. Анан "Мен, мен" дегендер да көп жага бербейт. Ар тараптуу темаларда маектеше ала турган адамдар менен сүйлөшкөн мен үчүн кызыктуу. Эң башкысы ички дүйнөсү сулуу болуш керек да.
Жылдыз: - Урмат Усенов экөөңүздөрдүн ортоңуздарда мамиле бар деген сөздөр чыгып кетти, мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар? Бактыгүл менен жакшы дос болуп жүрүп, Урматтын аркасынан урушуп кетти деген да сөздөрдү уктук…
Неля: - Мен бул сөздү угуп алып өзүм да аябай таң калдым. Бир гезит "ошон үчүн экөөнүн номери окшош" деп жазып чыкты. Бир корпоративдин ичинде болгондуктан Урмат экөөбүздүн эле эмес, башка дагы төрт-бешөөбүздүн номерибиз окшош. Бактыгүлдөн Урматты тартып алды деген да ушактарды чыгарып жиберишти. Мен Урмат менен жөн гана досмун. Бактыгүл менен мурдагыдай жакын болбой калганыбыздын себеби, азыр экөөбүздүн тең убактыбыз аз болуп калды. Мисалы, ал азыр Россияда, ал келгенде мен бир жакка кетип калышым мүмкүн. Буга чейин Замир Мырза менен "мамилеси" бар деп келишти эле, ал сөздөн араң кутулсам, эми Урмат менен байланыштырып жатышат. Мени бир Замир Мырзага, бир Урмат Усеновго, бир дагы башка бирөөгө байланыштыра беришсе менин жеке жашоомо терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн.
Авазхан: - Бир гезит Замир Мырзаны тамашага салып экөөңөрдү таарыныштырып койду эле, азыр мамилеңер кандай?
Неля: - Мамилебиз жакшы эле, саламыбыз түз. Бирок мен чынында эле Замир Мырзанын ошол интервьюсуна таарынгам. "Сулуу кыздар менин бутума чалынып жүрөт" деп айтыптыр. Мүмкүн чын эле ошондойдур, бирок андай болгон күндө деле антип айтпаш керек болчу.
Жылдыз: - Ырчы кыздардын арасында атаандаштык болобу?
Неля: - Ырчы кыздар өзү саналуу эле болсо ким менен атаандашмак элек.
Миргүл: - "Кайып булак" тасмасындагы аткарган ролуңуз баарыбызга жагат, мындан ары дагы киного тартылып, дагы роль жаратайын деген оюңуз барбы?
Неля: - Рысбек Жабиров мага ушул киного тартылууну сунуштаганда мен аябай сүйүндүм. Анткени, менин мурдатан эле киного тартылайын деген тилегим бар эле. Жаштын тилегин берет деген чын окшойт. Эмнени ойлоп- тилесем кудай четинен берип келатат. Бирок сахнага чыгаар менен эле бир-эки жылдан кийин киного тартылып калам деп ойлогон эмес экенмин. Башкы роль болуп калганына да кубандым.
Жылдыз: - Киного тартылып жаткандагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
Неля: - Эртең менен баарыбыз көп уктайбыз, тургубуз келбейт.1-2 саат жөн эле бизди уйкудан тургузуу үчүн кетип калчу. Кинодо баары четинен өлөт эмеспи, анан "Мен качан өлөм?" эле дешет. Баары тартылып бүтүп кетишти. Биз Замир экөөбүз бир ай ошол жакта жүрдүк. Мен өзүм жалгыз калган жерде үч күн жуунганга уруксат бербей коюшту. Күн ысык. Чачым уйпаланган. Ылайга мени оонатышып… Кулаган жеримди көрсөңөр керек. Ошондон калган тырыктар азыр да бар. Денем көгала болуп калган. Бирөө эле "Ий, байкушум" деп койсо эле ыйлап ийчүдөй болуп калдым… Бир күнү тамак ичип отурган жерибизден Замир менен Сема "Кел, азыр экөөбүз урушуп кеткен болуп баарын алдайбыз" деп калды, аны мени менен эле Съездбек билет. Анан экөө жакалашып кетишти. Баары ажыратып жатышат. Сема "Ильяз, машинаңды айда, кеттик. Мен тартылбайм" деп баштады. Рысбек байке болсо "Экөөңөргө эмне эми жалдырайынбы? Сьемка болуп атса эмне болуп атасыңар?" дейт. Аягында "Бул тамаша болчу" дегенде, Рысбек байке "Ушундай да кыласыңарбы?" деп аябай жаман болду. Бая күнү мени телевидениеден тамашага салышканда мен да жаман болдум.
Нургүл: - Ошол тамашага салышканын айтып берсеңиз, мен телевизордон көрбөй калдым эле?
Неля: - Ага чейин эле КТРде "Капкан-шоу" деп аталган берүү ачылганын, ал берүүдө бардык ырчыларды тамашага сала тургандыгын уккан болчумун. Бирок аны унутуп калган экенмин. Акжол Нышанов деген жакын досум бир күнү телефон чалып "Жалган" деген ырыңдын автору Түркиядан келиптир, сени менен жолугам деп атат" деп. "Мен ооруп жатат элем" десем, "Келсең өзүңдүн эле чыгармачылыгыңа жакшы" деп калды. Бир кафеден жолуктук. Экөөбүздү тааныштырып коюп Акжол кетип калды. Түрк болсо "Ушул ырды аткарганың үчүн мен аябай ыраазымын. Бул ырдын автору менин иним болот, ал каза болуп калган. Дагы башка ырларын аткар, "Жалганга" клип тарт, мен жардам берем" деди. Мен болсо "Башка эле ырын ырдайын" дедим. Анан эле "Менин жардамым болсун" деп столдун үстүнө акча таштады. "Биринчи көргөн эле адам мага эмнеге акча берет?" деп ойлонгончо эле спецназдар келип колубузду кайрып дубалга такап койду. "Акча кимдики?" дешсе, түрк "Бул кыздыкы" дейт. Мен болсо "Менин акчам эмес" деп атам. Анан бизди РИИБге алып барып отургузуп коюшту. Тергөөчүлөр "Бул эларалык кылмышкер, дүйнөлүк издөөдө жүргөн. Сенин ушул киши менен байланышың бар. Канчадан бери мындан акча алып жүрөсүң?" дейт. "Текшерип көрүңүздөр, менин колумдун издери да жок акчада, мага анын акчасы да керек эмес, кудайга шүгүр, өзүмдүн акчам жетет" дедим. Ыйлабасам, темир тордун аркасына отургузуп коюшмак экен. Аягында тамаша экенин айтышып гүл сунса, алгым да келген жок. Ошол күнү түнү менен калтырап чыктым.
Жылдыз: - Сизди финансы жактан ким каржылайт? Демөөрчүлөрүңүз барбы?
Неля: - Менин демөөрчүлөрүм жок, эч ким каржылабайт. Беш жыл кафеде ырдап жүрдүм. Жакшы эле акча тапчумун. Күнүмдүк тапканымды 200 сом бензинге, мынча сом тамак-ашка деп бөлүштүрүп койчумун. Ырдап чыгып бир аз белгилүү болуп калгандан кийин иштегенге мүмкүнчүлүк болбой калды. Азыр болсо тойлордон, корпоративдик кечелерден, же кээ бир мекемелердин юбилейлеринде ырдап акча табам. Акчаны жөн эле чача бербейм, себеби, атам каза болуп калгандан кийин көп жоопкерчиликти өз мойнума алганмын, үйбүлөмдү багышым керек.
Рустам: - Мисалы, концерттерден кийин көңүл ачкыңар келет болуш керек?
Неля: - Чоң ырчылар концерт бергенден кийин сөзсүз банкет кылышат. Жаш ырчыларда андай жок. Мисалы, бирөөсү концертине чакырса барып ырдап эле кетип калабыз.
Рустам: - Бир эле учурда сахналаш досторуңуз да чакырып, анан ырчы эмес досторуңуз да чакырып калган учурлар болгонбу. Ошол учурда кимисин тандайсыз?
Неля: - Мен ырдап чыккан жылы туулган күнүмдө ушундай жагдай түзүлгөн. Сахналаш досторум да, ырчы эмес досторум да келишти. Бир аз ыңгайсыздык жаралды. Азыр эми жыл сайын чогуу эле тосом, көнүп калышты.
Айпери: - Ким менен жакшы сырдашсыз?
Неля: - Апам менен жакшы сырдашам. Курбу кызым Миргүл менен сүйлөшөм. Апам ар дайым мени колдоп турат. Ал мени түшүнүп колдогонуна жараша мен анын ишеничин актаганга аракет кылам. Кыз киши бир нерсени эле туура эмес жасап койсо кечке эле айтыла берет, ошон үчүн туура жол менен жүргөнгө аракет кылам. Ошон үчүн эс алуу жайларына деле көп барбайм. Мектепте окуп жүргөндө деле дискотекаларга барчу эмесмин. Мен романтикмин, андан көрө жаратылышка чыккым келет.
Авазхан: - Буга чейин берген интервьюларыңыздан сиздин жигитиңиз жөнүндө окуп калган элем. Азыр мамилеңиздер кандай, үйлөнөйүн деп жатасыздарбы?
Неля: - Ал жигитим менен 9-класста таанышкам. Ал убакта мени башкалардан коргоп жүрчү. 5-курска чейин жакшы сүйлөшүп жүрдүк. Мен ырдап баштагандан кийин эле бири-бирибизди түшүнбөй койдук.
Рустам: - Кантип ажыраштыңар?
Неля: - Урушпай-талашпай эле, тынчтык жолу менен. Ал "Же ырдап иштей бер, же турмушка чык" деген шарт койду, мен "ырдайм" деп чечтим.
Авазхан: - Депрессияга түшкөн жоксузбу?
Неля: - Беш жыл чогуу жүрүп ажырашып кетсем депрессияга түшөм да. Аябай эле кыйналдым. Себеби, мен ага турмушка чыгам деп, келечегимди ошол жигит менен чогуу элестетип алган болчумун. Бардык гезиттерге интервью бергенде мен ага турмушка чыгаарымды айтып жүргөн элем. Катуу эле сокку болду. Мен ага "Жүр, мени менен чогуу, менин кантип иштегенимди өз көзүң менен көр" деп айттым. Ырчылык деле кадимкидей эле кесип да, мен жөн гана ырдайм, анын эмнеси жаман?
Нургүл: - Мектепте кандай кыз элеңиз?
Неля: - Мектепте тентек кыз болчумун, шаардагы №39 мектепте окугам. Кыздар менен чогуу башка кыздарга салык салчубуз. Башка мектептин кыздары менен урушчубуз. Азыр эч ким менен урушпайм, токтоо болуп калгам. Урушкусу келип аткандар болсо деле ал жерден кетип калганга аракет кылам.
Жылдыз: - Жылдыз оорусу менен оорубайсызбы?
Неля: -Мен жөнөкөй болгонго аракет кылам. Адам канчалык жөнөкөй болсо, ага ошончолук башка адамдар тартылат. Бирөө менен таанышканда да ырчы катары эмес, жөнөкөй эле адам катары таанышкым келет.
Миргүл: - Патриотсузбу? Башка өлкөгө кетип калбайсызбы?
Неля: - Патриотмун деп эле эсептейм. Башка өлкөгө кетким келбейт. Мен бир жолу Казакстанга барып кыргызча сүйлөсөм бир казак "Казакша сүйлемейсиңдерми?" дейт, "Эмнеге мен кыргыз болуп туруп казакча сүйлөшүм керек?" дедим. Кыргыз болуп туруп орусча сүйлөгөндөргө, кафелерде өзбекче, орусча ырларга бийлеп жүргөнүбүзгө кейийм. Менин концертим, буюрса кыргыз колориттери менен уюштурулат.

Даярдаган Дилбар АЛИМОВА












Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan