Сулуулар конкурсу-2011

Теленин ак куулары, чамдагыла!
"Теле жамал", "Теле марал" "Теле мөлмөл" деген 3 номинация ыйгарылып, Кыргызстандагы атактуу компаниялар жана ишкерлер тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Анда эмесе, кеттик. Эмки сандан баштап алгачкы катышуучуларды күтүңүздөр.

Кыргызстандагы теле каналдар мукам үндүү, жоодур көз, татынакай алып баруучу айымдарга бай. Экран көркүн ачкан бул сулуулар далай мырзанын түн уйкусун бузуп, көңүлүндө баккан муза экени талашсыз. Тележылдыздардын жашоосу, ой-максаты, күнүмдүк турмушу да баарыбызга кызык. Алар тууралуу ар бирибиз көбүрөөк угуп, билгибиз келет. Эмесе, "Dе-факто" гезити теле алып баруучулар, дикторлор, тележурналисттер арасында сулуулар сынагын өткөрүүнү чечтик. Сынак бүгүнтөн башталып, жыйынтыгы жаңы жыл алдында белгилүү болот. Ар бир саныбызга бирден тележылдызды чыгарып турабыз. Кызыктуу маеги жана анкетасы менен. Албетте, келишкен ажарлуу сүрөтү да болот. Ар бирине номур берилет. Окурмандар ошол номур боюнча добушун беришет. Окурмандар жана биздин редколлегия келбетине, чырайына гана эмес, интеллектуалдык көрөңгөсүнө, билимине, профессионалдуулугуна карап, үч номинация боюнча жеңүүчүлөрдү тандайт.





  Ыр секи

Юлия Руцкая менен Атамбаевдин байланышы
Өзү орус болсо да кыргызча үн созо билген, таланттуу кыз Юлия Руцкая күнү-түнү бий менен алпурушуп, "Жандүйнөм дайым бий менен" долбооруна катышууга даярданып жатат. Бул жаңылыгы менен кошо, ырчынын жеке турмушу, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев менен жеке мамилеси тууралуу кеп козгодук.

- Белорусcияда туулган деп уктум эле, Кыргызстанга эмне болуп келип калдыңыз эле?
- Ооба, Витебск шаарында төрөлгөм. Кийин атамдын иши боюнча Кыргызстанга келгенбиз. Ал Советтер союзу маалында Кыргызстандын жеңил-өнөр жай министри болуп иштеген. Ошол бойдон Кыргызстанда калып калдык. Үй-бүлөдө эки кызбыз, улуу эжем бар. Бирок атам жети бир тууган. Ошол себептен туугандарыбыз абдан көп.
- Кыргызча ырдагандай сүйлөй аласызбы?
- Эркин сүйлөй албайм. Бирок баарын түшүнөм. Жакында кыргыз тилин толук өздөштүрөм деп ойлойм. Анткени орус, белорусь, англис, испан жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйм.
- Патриотмун деп эсептейсизби өзүңүздү?
- Албетте. Болгондо да өз мекеним Белоруссиянын эмес, экинчи мекеним Кыргызстандын патриотумун. Анткени бул жерде мектепти, жогорку окуу жайды бүтүрдүм. Кайсы жакта көп жашасаң, ошол жер жакын болуп калат экен. Менин көпчүлүк туугандарым Россияда, Белоруссияда, Польшада, Германияда жашашат. А мени болбой эле Кыргызстанга тарта берет. Патриот экенимди былтыркы түштүктөгү июнь окуясында өзгөчө сездим. Эки улуттун ортосунда кагышуу болуп атканда, аябай жаман болдум. Кайрымдуулук кылып, түштүккө жардам жиберип аттык. Интернеттеги баракчаларыма ар кайсы улуттагы курбуларым менен чогуу түшкөн сүрөтүмдү илдим. Мен адамдарды эч качан улутуна карап бөлбөйм. Адамдык сапаттарына жараша мамиле кылам.
- Чыгармачылыкта кандай жаңылык бар?
- Азыр "Жандүйнөм дайым бий менен" долбооруна катуу даярданып атабыз. Бир күндө бир нече саат даярданып, аягында чарчаганыбыздан жерге сулк кулап жатып калган учурлар болуп атат. Ар бир бийибиз кыскача спектакль сыяктуу болот. Бирөөсүндө мен тентек баланын образын жаратам. Экинчиден, жакында эле испаниялык Гильермо Альбело деген белгилүү композитор менен бирдикте ыр жараттык. Аны менен бир сынакта таанышкам. Мага өзү "англис тилиндеги "Making rainbows" деген ырды аткарып бербейсиңби" деп сунуш кылган. Чынын айтсам, башында ушундай болот деп ойлогон эмесмин. Үнүмдү Бишкектен жаздырып, интернет аркылуу салып ийгем. Эми ал даяр болуп, сатыкка чыгыптыр.
- Бий сынагындагы өнөктөшүңүз ким, иштөө жеңил болуп атабы?
- Жыргалбек Сагынбаев аттуу аскер адамы. Бою менден узун, ошондуктан сырттан караган адамга жакшы эле көрүнөт болушубуз керек. Аябай аракет кылып атат. Буга чейин бийлеп көрбөптүр. Ошого карабай бир айдын ичинде бардык бийлерди үйрөнүп калды. Репетиция учурунда көптөгөн күлкүлүү окуялар болуп атат. Бири-бирибиздин бутубузду басып алып, жыгылып, кайра туруп… Өнөктөшүм экөөбүз "кудай буюруп утуп калсак, сыйлыкка алган каражатты кайрымдуулукка жумшайлы" деп сүйлөшүп алдык.
- Кайсы жанрдагы чыгармалар, музыка жагат?
- Фантастика жана ужас жанрын жактыра бербейм. Мага тарыхый жана сүйүү жөнүндөгү чыгармалар жагат. Ал эми музыкадан заманбап болсо дагы, сөзсүз, улуттук колорити бар музыкаларды угам. Өзүмдүн ырларымда да улуттук сүртүмдөр болушун каалайм. Мисалы, Кипрдеги сынакта мен Кыялбек Урмамбетов менен Бакыт Алишеровдун "Күттүрбө" деген чыгармасын аткаргандан кийин, көптөгөн катышуучулар, калыстар тобунун мүчөлөрү ырымды жактырышып, көчүрмөсүн сурашты.
- Мода кууйсузбу?
- Жок. Стилисттин да кызматын пайдаланбайм. Күнүмдүк, сахнага кийген кийимдеримди өзүм тандайм. Болгону мода журналдарын барактап, пайдалуу кеңештерди алам. Чет өлкөлүк ырчылардын жана кино жылдыздарынын кийингенин карайм. Ал эми "модада экен" деп жарашпаган кийимди деле сатып алуу мен үчүн обужоктук.
- Кызганчааксызбы?
- Ооба, бир аз.
- Кызганчаакмын деп айтканыңызга караганда, жүрөгүңүздүн ээси бар болсо керек?
- Азырынча жок. Жүрөгүм бош.
- Саясатка аралашкыңыз келбейби? Анткени кайсы бир шайлоо алдында СДПКнын тизмесинен көрдүк эле?
- Мага ал кезде бир нече партия "бизге кир" деп сунуш кылган. Алар "Акжол", СДПК, "Асаба" болчу. Ошолордун арасынан узак тарыхы жана эл үчүн иштей турган программалары бар СДПКны тандагам. Ал кезде өз күчүмдү саясатта сынап көрсөмбү дегем. Бирок бул чөйрөгө быша элегимди сездим жана мага эмес экенин түшүндүм.
- Кайсы саясатчыны баалайсыз?
- Интеллекти, жүргүзгөн саясаты, элине кылган мамилеси жагынан Владимир Путинди жактырам.
- Белгилүү адамдардын артынан айың кептер калбайт эмеспи. Өзүңүз туурасында айтылган ушактарга кандай карайсыз?
- Башында аябай капа болчумун. Азыр көнүп калдым. Апам да "эл көзүндө жүрчү кесипти тандагандан кийин баарына чыдаш керек, бекеринен "Эл оозуна ээлек жок" деп айтылбайт деп калат.
- Президенттик шайлоо алдында сиздин Алмаз Атамбаевдин машинасына түшүп жүргөн видеолорду таратышпады беле?..
- Ал партия оппозицияда болчу. Ошол убакытта оппозициядагыларды каралаштырбады беле. Мен азыр аны талкуулап, ушакчы, интригандардын деңгээлине түшкүм келбейт. Кайсы бир белгилүү адамдын же саясатчынын аркасы менен өзүмдү пиар кылуудан алысмын. Анткени мен өз атымды өзүмдүн эмгегим менен жасаган, ар тараптан өнүккөн адаммын.
- Негизи Алмаз Атамбаев менен мамилеңиз кандай?
- Экөөбүз бир партиянын мүчөсүбүз.
- Тагдырдан өзүңүзгө кандай белек сурайт элеңиз?
- Менин тагдырдан сурай турган нерселерим жаңылык деле эмес. Андан бакыт менен ден-соолук сурамакмын. Бул экөөсүз жашоонун эмне кереги бар? Сүйүү сурайын десем, ден-соолуксуз сүйүү көркүнө чыкпайт да. Негизгиси жакындарыбыз аман-эсен, ден-соолукта болсо, бардык нерсеге жетишсе болот экен.
- Өзүңүздү 20 жылдан кийин кандай элестетесиз?
- Өзүмдү анчалык алыстан карап көргөн эмесмин. Бирок бардык эле аялзатындай, 20-30 жылдан кийин деле сулуулугумду жоготкум келбейт. Анан үй-бүлөм, балдарымдын жанында болом деп ойлойм.

Бегимай БАКАШЕВА