Биздин көчөдө

Тылда иштеп,
Чүй каналын казган Жамбы апа
Жайыл районунун Чоң-Арык айылынын тургуну Жамбы Асанбаева 91 жашта. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда иштеп, андан кийин Чүй каналын казып, эмгекчилдиги менен оозго алынган апа экен. Биз барганда кетмен таптап жаңы эле бүтүптүр. Апанын келини Рита Асанбаева да кайнэнесинен кем калышпаган уз экен.


Апанын өзүнүн айтымында, ушу күндө жыйырмага чукул небереси бар. Чөбөрөсү онго жакын. Шайдоот жүргөнүнүн башкы себебин сурасак, көп кыймылдарын айтты. Келининин айтымында, апа күнүгө эртең менен жатып алып велосипед тепкенсип, эки бутун кыймылдатат экен.
- Мага окшогон кемпирлер азыр баспай калды. А мен моминтип (ары-бери кыйшаңдап) бискултура ойноп жүрөм. Мен кылбаган иш калган жок. Эл кыла электе помидор, бадыраң туздачумун. Силердей чагымда шырдак, ала кийиз жасагам. Таң атпай суу кечип, талаа сугарган күндөр болду. Кызылча отоп, эгин орчумун. Азыркылар анын бирин кылбайсыңар да, ак колсуңар, - деди күлдүрүп. Абышкасы согуштун ардагери болуптур. 65 жашында көз жумуптур.
Апанын колунан жаралган көлдөлөңдөрдү көрдүк. Айтып отурса тери ашатуунун азабы кекиртектен экен. Айранга 1-2 күн салып, анан кургатып, бетиндеги май-чалырын бычак менен кырып, тебелегенден кийин бычып-тиккиче 1-2 ай өтүп, убакытты алып, колду кармайт тура. Жаш кезинде тиккен малакай, тондорун, сайма туш кийиздерин музейдин кызматкерлери алып кетишиптир.
- 20 жыл мурда силерге окшоп кыздар келген. Чет элдик немелер экен. Бир шырдагым менен эки-үч курак төшөгүмдү ой-боюма койбой сатып кетишкен. Азыр бербей эле койсом болмок экен деп өкүнүп калам. Балдарга эстелик болуп калмак экен. Иш кылбай калганыма көп болду. Көзүм жарабайт, темене-кайчы дегенди бүт келинге өткөрүп бергем, - дейт.
Айткандай эле апа келинине узчулуктун көп сырын үйрөтүптүр. "Устатынан шакирти өтүптүр" дегендей, азыр терини боеп, кургаткан жагынан Рита Асанбаевага айыл боюнча тең келген жан жогун коңшулары ырасташты. Жакындан тарта эле кийизди уютуп, ийне тийгизбей бутка чөмчө, чыптама, топу жасай баштаганын айтты. Кышкы кийим болсо калың, күзгү-жазгы кийимдерге жука кийиз керек экен.
- Козунун терисин ийлеген жеңил. Койдуку калың, жөрмөгөндө колдун күчүн алат. Чүпүрөктөн курак кураган оңой. Баарынын эле колунан келет. Машинага тигип коесуң. Ал эми терини боегонуң да, тиккениң да өзүнчө түйшүк, - деди Рита эже.
Рита эженин мындан башка да хоббилерине күбө болдук. Алманын түбүнө чырпыктан тосмо өрүп коюптур. Ал жерге гүл өстүрөт экен. Суу алган трубаны тегерете казып, атайын тоого барып алып келген таштарды төшөп чыгыптыр. "Буга балык кое берем" деди жылмая.
Кетип атканыбызда Жамбы апа короонун аркасына өз колу менен тиккен гүлдөрүнөн кучак толтура үзүп берди. Элеттин пейилин айт, чайпалбаган, төгүлбөгөн…

Санжи Туйтунова