Берметтер дүйнөсүндө

Көлдөй терең
махабат баяны
"Тобокел" фильминин сценарийин Эркин Борбиев менен Жали Соданбек биргелешип жазган. Режиссеру - Жали Соданбек. Оператору - Манас Мусаев. Эки сериялуу лирикалык бул драма Адам менен Айша аттуу эки жаштын романтикалуу сүйүүсүн баяндаган кызыктуу фильм. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде АКШ менен Канаданын 14 чоң шаарларында чоң ийгилик менен көрсөтүлгөн.


- Фильмдин тагдыры башкы каармандарга төп келген актерлорду тандоодон башталат. Ошо өтө кылдат да, маанилүү да кезден баштасаңыз?
Жали Соданбек: - Фильмдин башкы каарманы Адамдын ролуна кинопроба үчүн Кыргызстандын жана Казакстандын 4 жаш актерун чакырганбыз. Ичинен бирин тандап алдык, бирок ким экенин кинотоптун ичинен 3 гана киши билчүбүз. Актерлордун ичинен кимиси өттү, кимиси өткөн жок - муну аларга угузуш да режиссерлор үчүн чоң проблема. Бири таарынат, экинчиси кубанат дегендей. Өзүбүз тандап алган актерду акырын чакырып алып, киностудиянын узун коридору менен унчукпай, атайын суз өңүм менен жандай басып, терезеге чейин жетип токтодум. Анын өңү да суз, мени тик карай албай турду.
- Кечирип кой, сенин жүрөк ооруң жок беле? - деп аягансып сурадым. Тиги түшүндүм дегенсип:
- Жок, - деп кумсара жооп берди.
- Анда куттуктайм, сени башкы ролго бекиттик! - деп мурдагыдай эле суз өңүм менен кыска айтып басып кеттим. Ал эмне дээрин билбей, үшкүрүнгөн бойдон терезенин жанында калды. Ошентип, ТЮЗдун артисти Бакыт Жунушев фильмдин башкы каарманы Адам деген учкучтун ролун аткарып калды. Бакыт кинодо алгачкы жолу тартылып атса да, абдан жакшы ойноду. Кийин фильм чыкканда, аны тандап жаңылбаганыма ыраазы болуп калдым.
-Тартуу учурундагы унутулгус окуялар?
Жали Соданбек; - Фильмдин дагы бир каарманы Токбай дегенди кыргыздрам театрынын артисти Рустам Жунусов ойногон. Тоо жактагы бир пансионатта эс алып атышкан эркектер менен аялдардын кечки окуясынан эпизод тартып атканбыз. Токбайды - биздин орусдрам театрынын сулуу жаш актрисасы Светлана Райдугина менен репетициядан соң тарта баштадык. Адегенде жакшы ойноп атышты, анан, алардын өбүшкөн жерине келгенде эле актриса окшуган бойдон номерден атып чыкты. Мен эчтекеге түшүнбөй артынан кошо чыктым. Чыксам актриса кусуп атат. Көрсө, репетиция бүткөндөн кийин, тартылардын алдында тиги насвай тарткан келесоо, насвайын унутуп калып эле съемкага тартыла баштаптыр. Кинодо баары кадимкидей, чындай болуш керек да. Жаш, сулуу актриса кучакташып өбүшө баштаганда, тигинин насвайын жутуп алыптыр. Анан жүрөгү айланып, көпкө кусканы эмгичекти эсимен кетпейт.
"Жали, сен мени өлтүрсөң да бул актер менен экинчи тартылбайм!" - деп, таптакыр болбой койду актриса. Же мен Рустамды алмаштыра албайм. Себеби ал башка эпизоддордо тартылып бүтүп калган. Ошентип, тилекке каршы, ал жердеги кызык эпизод фильмге кирбей калды.
- Кинотасма касиеттүү Ысык-Көлүбүздө, дагы кай жерлерде тартылды?
Жали Соданбек: - Бишкек мейманканасы ошол убакта иштебей бош турган. Эчтекеси жок, бир да киши жок, каалагандай тарта бергиле дешти. Интерьердин баарын бүт, бир эле ошо мейманкананын ар кайсы номурунан тарттык. Жасалгасы ар түрдүү болгондуктан, ар кайсы жердегидей болуп көрүнүп калды. Бир жумадан соң бизге, бүгүн акыркы күнүңөр, тажатып да жибердиңер, тигиндей-мындай, аппаратураңар оор экен, администрация тилдеп атат, бүгүн өлгүлө-тирилгиле, бүткүлө дешти. Бир эпизод калган эле, Владимир Подалякты тезинен чакыртып алдык. Валера деген учкучтардын бирөөнү ошо актер ойномок. Россиянын "Согуштун арты өлүм" деген фильминде башкы ролду аткарган актер болчу.
Телефон менен сүйлөшкөндө тили булдуруктаганынан ооруп калганбы деп ойлогонбуз. Барып машина менен апкелсек, мас, бутуна туралбайт. Эпизоддо, керебетте жатып алып Адам менен сүйлөшкөн жери бар. Адам "Мен кетип баратам. Чолпон уктап атат, ойготкон жокмун. Эртең менен сурап калса, айтып кой" деген сөзү бар. Түнүчүндө, таң эрте эл уктап атканда тарттык. Караңгы, тиги мас өлгөндөй. Керебеттин алдына ассистентти коюп, ага суфлер кылдым. Адамдын сүйлөгөнүнө мен суфлер болуп атам. Тиги баш көтөрүп жооп берип атат кайталап. Ошентип атып эптеп тарттык. Бир чети уйкусу келген адамдай болуп, образга да дал келип, окшошуп калды. Ал сьемка бүтөр менен керебетке кайра кулап уктап калыптыр. Биз бир сыйра өзүбүзчө жыйналып, аппаратураларды чыгарып, мейманкананы өткөзүп, ракмат айтып кетип баратып, аны таптакыр унутуп калыппыз. Эртеси эртең менен смени алмашкан башка күзөтчү бир сыйра кыдырып карап жүрсө эле кайдандыр коңурук чыгып атат дейт, ээн имаратты жаңыртып. Чуркап келип карап, таң калат: - Эй, сен кимсиң? Бияка кантип кирдиң? - дейт ойготуп, тиги көзүн ачаар менен: - А, эмне, дагы бир дубль калдыбы? - деп, дароо текстти айтып кириптир, мас кезинде айталбаганды: - Көзүңдү кара, этият бол, - деп. Күзөтчү түшүнбөй: - Мен эмнеден сактанайын, мен өз жумушумдамын, - дейт, тигиге жооп берип. Мээси айнып калган го деп ойлойт анан. Иштебеген телефонго чалып алып, бирдемелерди сүйлөнүп атат деп чуркап барыптыр милицияга. Ошондой кызыктарга туш болгонбуз, - дейт Жали Соданбек, өткөнүн эске салып.

Алтынай Темирова