Эксклюзив

Асел Эшимбекова:
"Карьераны тандасам, менде мындай бакыт болмок эмес"
(Башы 9-бетте)
"Апамдыкындай
сулуулук, талант
менде жок"
- Апаңыз Таттыбүбү Турсунбаеваны да эстей кетпесек болбойт го. Ушундай талантка мамлекеттин кылган ызааты, урматы жетиштүү деп ойлойсузбу? Таттыбүбүгө арналган бир жакшы эстелик Бишкекке орнотулса деген сөздөрдү угуп жүрөбүз…
- Биринчиден, албетте, апам ушундай таланттуу актриса болгону менен сыймыктанам. Силер дагы аны эстегениңерге чоң рахмат. Мамлекет тарабынан апамдын эмгеги бааланган жок. Бирок кыргыз элим Таттыбүбүдөй кызын унутпай жүргөнүнө ыраазымын. Албетте, Бишкекте апама арналып эстелик тургузулса иним Канат экөөбүз кубанмакпыз.
- Апаңыздан канча жашыңызда ажырадыңыз?
- Ал каза болгондо мен 13 жашта элем, жалгыз иним 12де болчу (Ред: Асел айым ушул жерден көзүнө жаш алды). Апам тууралуу сөз болуп атканда токтоно албай кетем. Өкүнгөнүм, менин колумдан чай ичпей, неберелерин көрбөй жаш кетти. Бирок элге рахмат айткым келет. Канча жыл болсо дагы унутпай эскерип, баары жакшы көрүшөт, сыймыктанышат.
- Апаңыз менен чогуу жүргөн кайсы учурларды көп эстейсиз?
- Баары эле эсимде. Апамдын ролдорду окуганы, мен аны ээрчип театрда жүрүп эле чоңойдум да. Атак-даңкка ээ болуп аткан мезгили да эсимде. Күн сайын аябай көп гүлдөрдү алып келип, үйүбүзгө батпай, ваннага да салган учурлар болду. Эртең мененкисин ботко жасап берчү. Лагманды аябай сонун чойчу.
- Сиздин актриса болушуңузду апаңыз каалачу беле?
- "Сен актриса болбой эле кой. Менин болгонум да жетишет", - деп көп айтчу.
- Эрте ажыраган турбайсызбы, андан кийин ким менен жашап жүрдүңүз?
- Иним экөөбүз атам менен жашап жүрдүк.
- Иниңиз тууралуу сөз болду, ал каякта? Катышып турасызбы?
- Биз эки эле бир тууганбыз. Иним Канат кесиби боюнча медик, бирок бизнесте жүрөт. Жолдошум бизнесин ачып, жардам берди. Катышып турабыз. Төрт баласы бар.
- Апаңызга кайсы сапатыңыз окшош? Менимче, сырткы келбетиңиз дагы окшоп кетет…
- Эми окшош жактары болсо керек. Иним апама көбүрөөк окшош, мойну узун… Мен кызы болсом дагы апама окшош эмесмин. Апамдай адамдар жүз жылда бир жаралса керек. Бирок, тилекке каршы, аныкындай талант, сулуулук менде жок.

"Чыгармачылыкка
аралашпай калганыма өкүнбөйм"

- Эмне үчүн апаңыздын жолун улап, искусствого биротоло келген жоксуз? Же көрө албастык, бут тосмойлордун курмандыгы болуп калуудан корктуңузбу?
- Атам тирүү кезинде "Кызым, сен же карьераны, же үй-бүлөнү тандашың керек. Эгерде карьераны тандай турган болсоң, сенде үй-бүлө деген болбойт" деп айтканы эсимде. Атам дагы артист болчу. Апам экөө кызганычтын айынан ажырашып кетишти. Мен алардын турмушунан сабак алып, атам да, апам да актриса болгонума каршы болгонун угуп, үй-бүлөнү тандап алдым. "Апаңдын жолун жолдо" деп калышат. Мен чыгармачылыкка аралашпай калганыма өкүнбөйм. Мен бактылуу аялмын. Үй-бүлөм, жолдошум, балдарым бар. Мен ошол үй-бүлөлүк очокту сактап калышым керек. Эгерде мен карьераны тандасам, мындай бакыт менде болмок эмес.
- Ошол кезде киного да тартылам, үй-бүлөмө да жетишем десеңиз, Урмат мырза макул болмок беле?
- Балким, макул болмоктур. Бирок мен чыгармачылыкты каалабайм.
- "Махабат дастанында" Бегимайдын ролун кандайча ойноп калдыңыз. Ошол кезди эстеп бербейсизби?
- Актриса Гүлнара Чокубаева ошол тасмага ассистентка болсо керек эле. Ал мени аялдамадан көрүп апама окшоштуруп таанып, Дооронбек Садырбаевге айтыптыр. Эдил Чокубаев келип, атамдан уруксат сурап алып кеткен. Бул ролду аткарууга талапкерлер көп болчу. Ошолордун ичинен мени тандап алышты. 1982-жыл болчу. Атам актриса болушума каршы болду. "Биринчи жана акыркы ролум болот" деп атып атамды араң көндүргөм. Бирок андан кийин дагы тасмаларга катыштым.
- Балдарыңыз эмнеге жөндөмдүү? Келечекте алардын ким болушун каалайсыз?
- Балдарым али жаш. Чоңойгондо ким болууну өздөрү чечишет. Кыргыз, казак, орус, түрк тилдеринде сүйлөшөт. Кайсы кесиптин ээси болбосун, мага эң башкысы жакшы адам болушса болду.
- Мурунку никеден бир баласы бар деп айтып өттүңүз, аны менен мамилеңиз кандай?
- Ооба, мурунку никесинен уулу бар. Азыр 25 жашта. Мамилебиз эң жакшы. Биз менен чогуу жашап жүрдү.
- Чоң үйүңүз бар экен. Жумушту өзүңүз кылганга жетишесизби?
- Өзүм да жасайм, үй кызматкерлерибиз да бар. Аз конок болгондо өзүм эле тосуп коем. Биринчи уулум төрөлгөндө эле Урмат бала бакканга да жардамчы алып келген. Мени аяп турат.
- Өзүңүз шаардык кыз болсоңуз, турмушка чыкканда үй-оокаттан кыйналдыңызбы?
- Ооба, жаңы турмушка чыкканда көп нерсени билчү эмесмин. Урмат мага жакшы устат болуп үй-оокаттан да, турмуштан да көп нерсени үйрөттү. Өзүм ата-энемден эрте ажырагандыктан, ал мага ата-эне, ага, жолдош катарында болду.
- Кайнэнеңиз менен мамилеңиз кандай?
- Кайнэнем менен гана эмес, кайынсиңдилерим, кайнагаларым менен мамилебиз аябай жакшы. Кайнэнем апам менен дос болушкан экен, мени аябай жакшы көрөт. Мен да аларды сыйлайм.

Маектешкен
Дилбар АЛИМОВА




  Шаймерден

Таласта кырк чоро ант берди
Улуттук "Манас Ордо" комплексинде 29-май жекшемби күнү "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесинин алдындагы 9 кишиден турган Бакай ата төр кеңеши, "Кыргыз чоролору" коомунун жетекчилиги, Кыргыз Республикасынын жети облусунун жана Бишкек, Ош шаарларынын кырк чоролору арасынан тандалган кырк кишиден турган чоролордун тобу, миң башы, жүз башы, он башылар чогулду.
Кыргыз чоролорунун арасынан тандалган кырк чоролор Манас баатырдын айкелинин алдында ант берип, Талас жергесинен кырк чоро болууга ниеттенген жигиттер дагы ыйык антты кайталап, аларга "Кыргыз чоролору" коомунун төрагасы Замирбек Көчөрбаев Манастын ай тамгасы салынган ак калпактарды кийгизди.
- Биз ар бир аймактан кырк чоролорду топтойбуз. Кыргыздын тарыхын, кыргыз элинин улуулугун, муундан муунга мурасталып келе жаткан улуттук дөөлөтүн тереңдетип, тактап, элге жайылтуу керек. "Кыргыз чоролору" коомдук бирикмесине мен кыргызмын, жаным, каным, дилим, тилегим, үмүтүм да кыргыз деген ар бир атуул, күнүмдүк көр-тирликтен өйдө көтөрүлүп, калктын келечегин, мекендин, улуттун тагдырын ойлоп, түйшүгүн тартам деген жаштарды биригүүгө чакырат, - дейт "Кыргыз чоролору" коомунун төрагасы Замирбек Көчөрбаев.
"Кыргыз чоролору" коомуна кошулуп жаткан жигиттер "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтик эпосторунун үстүнө оң алаканын коюп, Ыйык антты айтышты:
Чыркырап күйгөн эл үчүн,
Чындыкты беттеп жан турсун!
Элиме кастык жасасам,
Эзелки Манас анты урсун!

Түгөнгөн сайын түтөгөн,
Түптүү Эл - Кыргыз бар үчүн!
Кырылган сайын күчөгөн,
Кыраакы, намыс-ар үчүн!
Курууга Кыргыз ордосун,
Азабын, жанын арнаган,
Атылган кыргыз каны үчүн!

Акыл-эс болуп орногон,
Атабыз Манас шер үчүн,
Абалтан бизге сакталган,
Акактай таза жер үчүн!
Башатын, наркын жолдогон,
Байыркы Кыргыз эли үчүн!

Убада бузуп, ант бузуп,
Урааны боло албасам.
Кыйналып турган элиме,
Кырааны боло албасам.
Арамдык, ач көз иштерге,
Ниетимди бузуп алдасам,

Эзелки сөздүн күчү урсун,
Эненин эмчек сүтү урсун!
Жарыбай укум-тукумум,
Жакшылык көрбөй өмүрүм,
Жардаган Элдин көзү урсун,
Жараткан Кудай өзү урсун!
Дүйнөдө сөздүн күчүнөн күчтүү нерсе болбосо керек. Бекеринен ата-бабаларыбыз "Айтылган сөз, атылган ок" дешкен эмес чыгаар. Мына ушундай оор антты бүгүнкү күндүн чоролору алышты. Ошол маалда Манас Ордодо нур болуп себелеп, жамгыр төгүп турду.
Мира Сейдикеримова,
Талас