87 баланын жанынан биздики артыкпы?

7-апрелде каза болгон Таалайбектин арбагы тынч ала элек
2010-жылдын 6-апрелинде Таласта революция башталганда Үч-Эмчек айылынын тургуну Таалайбек Рысбеков милиция менен кагылышууда жаракат алып, көп өтпөй көз жумган. Бирок, ошого карабай, үй-бүлөсү мамлекет тарабынан эч кандай материалдык жардам алган эмес. Бул тууралуу жубайы Бурмабү Таштаналиеванын эскерүүсү төмөнкүчө.


"Ата Мекенге"
чуркаганбыз
Бакиевдин бийлиги күчүнө кирип, күпүлдөп турган учурда экөөбүз тең "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү болдук. Атамбаев Президенттикке койгондо аябай чуркап иштегенбиз. Чат-Базарда үгүт-пункту бар болчу, ал жакка байма-бай каттап, чогулушка катышып турчубуз. Көп өтпөй "Кандуу жол" деген китеп чыгып калды, аны элге таркаттык. 17-мартта Бишкекте өткөн курултайдын гезит, дисктерин да Үч-Эмчек, Пионер, Арал... деги койчу тегерек-четтеги айыл-апанын баарына алып барып, үймө-үй берип аттык. Өзү намыскөй, ак жүрөк адам эле. "Эл кыйналып кетти, минтип жүрө берсек, маңкурт болуп калабыз, Бакиевди кантип кетиребиз?" деп өзүнчө күйүп-бышчу. Атаганат, ошентип айтканга жараша ушул күндү көрсө эмне?

Башка тийген дубинка

6-апрелде таңында Болот Шерниязовду тособуз деп кетишти. Мен ошол учурда айылда болчумун, чөнтөк телефон аркылуу улам-улам байланышып жаттык. Митинг болот дегенди угуп, чыдабай Таласка келдим. Жолдошум элди үгүттөп, дем берип турган экен. Өзү абдан сөзмөр киши болчу. 6-апрелде түш оой спецназдар вертолет менен келе баштаганда Таалайбек мени "чыдай албайсың, бара бер, анан кабарлашарбыз" деп үйгө кетирип жиберген. Кийин жанында жүргөн балдар айтышты, 6-апрелде кечинде спецназдар менен Акүйдө эл кагылышканда менин жолдошум, дагы бир топ балдар алдыда болушуптур. Ошондо башына таяк, дубинка тийип, катуу соккуга дуушар болгон экен. "Эл эки ирээт артка сүрүлдүк, үчүнчү жолу Акүйгө киргенибизди байке уюштурган" деп айтышты кийин балдар. Жаракат алганына кайыл болуп, догдурга барбай, элдин шарында жыгылып-туруп жүрө бериптир.

Бакиевди алып түшмөйүнчө эс албайм
7-апрелде таңында үйгө келди. "Акүйдү алдык, Болот Шерниязов келип, мурунку губернатор менен сүйлөшүүлөр болду. Мен жогорку зонага төртүнчү координатор болдум" деп айтты. Акыбалы жаман экен, эки көзү кыпкызыл, үнү чыкпай, бети шишип калыптыр. "Түрүң жаман, эс алчы" дегенге караган жок. Ошол эле күнү эки айылдан эл чогултуп, кайра Таласты көздөй жөнөдүк. Кууганды-Аралдан жоон топ болуп чыкканбыз, жолдон дагы жогорку айылдардан келаткан машиналар кошулду. Таалайбек Таласка келатканда эле акыбалы жаман экенин байкадым. Эсен деген жолдош баласы "ай, Таалайбек, сен ушунча мээнет кылдың, ошону эле билишсе болду. Азыр үйгө эле барып эс алсаңчы" десе, "акыр-аягына чейин туруп, Бакиевди алып түшөбүз, Бишкекке барам" деп болбой койду. Таласка келсек, ШИИБинин жанына жоон топ киши чогулуп, ал жерде турган машинаны өрттөп жатышыптыр.

87 баланын жанынан биздики артыкпы?
Таалайбек 2010-жылдын 9-июнунда, 52 жашында каза болду. Балким, үйдө тынч жатып, дарыланса башкача болот беле? Кийин уксам, менден жашырынып, медпункттан укол алып коюп жүрө бериптир. Ошентип оорусу күчөп, түнү менен уктай албай калды. Таласка алып келип догдурга көргөздүм, ооруканага дароо жатыңыз дешти. Анда да кантип жатып алам, мойнумда жоопкерчиликтүү иш бар деп болбой койгон. Канчалык какшап айтсам да, "революцияны биз жасаганбыз, элди тынчтандырыш керек. Мен эле эмес 87 бала каза болду, алардын жанынан биздин жаныбыз артык бекен" деп көшөрүп туруп алган. Мурда ден соолугу жакшы болчу. Катуу ооруп, дарыланган деле эмес.

"Өлүү ыраазы
болмоюнча, тирүү
жарыбайт"
Таалайбек экөөбүз жашоонун ачуу-таттуусун бирге татып, 1 кыз, 1 уулдуу, 5 неберелүү болдук. Анын арбагы азыр да тынч алалбай жатканын сезем. Өткөндө 7-апрелдин алдында түшүмө кирип, Койсун Курманалиевага барам деп жатыптыр. Азыр тийиштүү документтерди топтоп атам. Бийликтегилер деле, айыл ичи деле менин жолдошумдун эмгегин билишет. "Баатырлык наам берилиши керек эле" деп айтып калышат көргөн сайын. Таалайбектин 6-апрелдеги эл алдында жүргөн сүрөттөрүн кийин кудаларымдан алып, чыгартып алгам. Ошондо тартылган диск дагы бар экен. Чогуу жүргөн балдар алып келип беребиз дешкен, - деп сөзүн аяктады Бурмабү Таштаналиева.

Мира Сейдикеримова




"Азаттыктын" Машасы
"Азаттык" үналгысынын кыргыз тилдүү журналисти, орус кыз Мария Колесникованын радиодон кыргызча сүйлөгөнүн угуп отурсаң, анын орус экендигине ишенбей кетесиң. Үналгынын Ысык-Көл облусу боюнча өз кабарчысы, кыргызча суудай сүйлөйт. Үнүнүн акустикасынын, тембринин кыргыздардыкына окшоштугучу. Бүгүнкү кыргыз болуп туруп, эне тилин жээриген, кыргызча чалдыраган замандаштар көбөйгөн убакта Мариянын үналгыдан кыргызча сүйлөп туруусу суктантпай, кубантпай койбойт.


Англис тилди эмес,
кыргыз филологиясын тандаган

Өз айылындагы А. Алыбаков атындагы мектепти былтыр аяктаган. Окуунун алдыңкысы болуп окуду. Ар кандай олимпиадаларга катышып, дайыма орундарды ээлеп жүрдү. Учурда Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филология факультетинин 2-курсунун студенти. Факультетте активистка. Окуу жайдагы бардык коомдук, оюн-зооктук иш-чараларга катышып турат. Мария орус кызы болгону менен кыргыз филологиясында билим алат. Ата-энеси англис тилине тапшыр дешкен. Бирок Мария алардын айтканына каршы чыгып, кыргыз тил жана адабият бөлүмүнө өткөн. Ата-энеси кызынын тандоосун туура көрүшкөн.
Окууга өткөн учуру да кызыктуу. "Тестирлөөдөн мен кыргыз тилине салам десем, мугалимдер жүрөгү түштү. Жанымда папам бар болчу. Анан папам "Ай, салам дегенден кийин салдыра бербейсиңерби" деп кыргызча сүйлөп койсо, андан бетер таң калып калышты. Жок, эжеке, окуйм деп жатып, болбой тапшыргам" дейт Мария. Азыр университетте аны бардык студенттер да, мугалимдери да таанышат. "Биздин Маша" деп коюшат.

Светлая Полянанын
эркеси

Мария Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Светлая Поляна айылында туулуп, өскөн. Беш бир туугандын кенжеси. Мариянын үй-бүлөсүндөгүлөрдүн баары кыргызча жакшы сүйлөшөт. "Ошондуктан тилим орусча чыкканы менен кыргызчаны кантип үйрөнүп алганымды деле билбейм. Бул, менимче, ата-энемдин, бир туугандарымдын кыргызча сүйлөп, досторум кыргыздар болгондугунан болсо керек" дейт ал. Үйүндө эки тил бирдей колдонулат. Айырмасы жок. Эне тилин жээриген айрым кыргыздарга түшүнбөйт. Аларды аяп, ичи ачыша берет. Мариянын ишениминде, эне тилин билбей калгандарына өздөрү күнөөлүү. Анан айылда эле өскөн айрым кыргыздардын орусча сүйлөгөндөрүнө жини келе берет.
"Кыргыз тилин кээ бирлер жарды тил дешет. Бирок мен ага кошулбайм. Кыргыз тилинин карт тарыхы бар. Ошонусу менен сыймыктанышыбыз керек. Казактарга биздин тил жагымдуу, жумшак экен. Өкүнүчтүүсү, кыргыздардын кыргыз тилине күйбөгөнү, кайдигер мамиле жасаганы", - дейт Маша.
Каарманыбызды тил маселеси көп ойлондурат. Ошондонбу, окуусунда көркөм окуу болсо эле акын Шайлообек Дүйшеевдин "Кыргыз тилин унуткандар" деген ырын көп айтат.

"Азыркы сүйлөшкөн
жигитим кыргыз..."

"Мен оруспу, кыргызбы, балдардын улутуна карабайм. Ички жандүйнөсүнө, адамдык сапатына карайм. Азыркы сүйлөшкөн жигитим кыргыз бала", - дейт Маша.
Мариядан кыргыз кызындай кылып ала качып кетсе эмне кыласың деп көп сурашат. "Ошол салт такыр жакпайт. Эч качан отурбайт болчумун. Билбеген, тааныбаган кишиге кантип каласың. Менин курбу кыздарымды көп ала качышат. Калбайм деп жатып эле, анан ата-энелерин кыя албай калып калышууда", - деп кейиди.
Мария келечекте кыргыздын салты менен турмушка аттанышы мүмкүн экендигин да жашырбайт. Кээде ата-энеси турган Светлая Полянадагы үйүнүн алдына автоунаалар токтоп туруп калса, кошуналары "Марияга ачуу базарга келиштиби, бирөөлөр куда түшүп келишкен го" деп ойлоп калышат экен.

Мирлан Дүйшөнбаев