Аида Кулуева:
"Шырдак, жуурканым даяр"
Назданган ырчы кыздардын арасынан эркекче бир сүйлөгөнү, чорт кыялы менен айырмаланган Аида Кулуева качан турмушка чыгат? Бул тууралуу өзү айтып берсин.

- Кээ бир кыздар жанына жигит келсе кылыктанып, үнү ичкерип кетет. Сиз да мырзалардын жанында турганда назданасызбы?
- Жасалма адамдарды башынан жаман көрөм. Ошондуктан сен айткан кыздардын катарына кирбейм. Мейли жумуштабы, үйдөбү, көчөдөбү, жигиттер менен сүйлөшкөндөбү, айтор, кайсы жерде болбосун бир калыпта жүрөм.
- Бирөө аябай жиниңизге тийсе кандай реакция кыласыз?..
- Теңелбегенге аракет кылып, өзүмдү карманам. Анткени жиним чукул экенин билем. Өзүмөн чыксам өтө катуу тийишим мүмкүн. Анан эки-үч күн ошол адамга сүйлөбөй таарынышым мүмкүн. Бирок көкбет эмесмин. Бат эле жазылып калам.
- Айрым ырчылар машинасына, кол телефонуна өз ырларын коюп алышат го. Сизде да ошондой адат барбы?
- Жаңы жаздырган ырларымды гана бир-эки күн тынбай угам. Кай жеринен кемчилик кеткенин ошентип текшерем. Талантты эл баалайт да, туурабы? Күйөрмандар ырларымды телефонуна, машинасына коюп алсын, ага каршылыгым жок. Бирок өзүм андай көйрөңдүккө жол бербейм.
- Гезитке чыкканды жакшы көрөсүзбү?
- Журналисттер суроо берсе жооп берем. Бирок гезитке чыгыш үчүн редакцияларга чуркабайм.
- Стресске кабылган учурлар болобу?
- Албетте. Жан-дүйнөгө бир нерсе жетишпей кыйнала берем.
- Андан кантип чыгасыз?
- Кыздар менен жолугуп, сүйлөшүп отурсам жеңилдеп калам.
- Достор менен бат-бат көрүшөсүзбү?
- Кайдан? Мен жоголуп кеткенде курбуларым өздөрү "буга бир нерсе болду, же ооруп калды" деп өздөрү телефон чалып турушат.
- Турмушка чыкчу кызына эне сеп даярдайт эмеспи. Сизде бул жагы кандай?
- Шырдак менен жуурканды даярдап койгом. Ал эми турмуш курууга убакыт чыкпай атат. Апам да "отузга келдиң, өз турмушуңду куруп алсаң боло" деп көп сүйлөнө баштады.





Сайкал "быша" элек
Гүлшайыр Садыбакасованын айтымында, кызы Сайкалдын колун сурагандар көбөйүптүр. Бирок Гүлшайыр айым эч кимисине макулдугун бере элек. "Кызым жаңы он сегизден өттү. Үй-бүлөлүк турмушка жетиле элек" дейт. Анүстүнө учурда Сайкал ырдап, кинолорго тартылып, "Кыз бурак" тобун да жетектеп жүргөн кези. Мындай ишти орто жолдон таштаган болбойт го.


Максат күндө бир балык өлтүрүп атат
Ырчы Максат Бегалиев жакында үйлүү жана темир тулпарлуу болду. "Ушунча жыл аракеттенип жүрүп менчик үйлүү болгондон кийин өзүмдү таштап койдум. Азыр жалкоолонуп үйдөн чыкпай жатам, эс алууга укугум бар деп. Мээни сергитет деп аквариум сатып алдым эле, күндө бир балыгым өлүп атат. Мен балык бага албайт экенмин", - дейт ырчы.


"Аш көп болсо, каада көп…"
Илгери кыргыз той-аштарды бир нече күнгө созуп берчү экен. Эми ал салтты ырчы Айбек Карымов улаганы турат. Алдыдагы күз айларында жаңы конушунун жана кызынын бешик тоюн бириктирип, 7 күн бою дасторконун жыйбай конок күтүүгө камынып атат. Ырчынын айтымында, тойго тууган-урук, жоро-жолдош, кесиптеш, тааныштардан эч кимиси калбай чакырылат.


Эмил Франциядан
кыргыз издеп…
"Аккан арыктан суу агат" дегендей, ырчы Гүлзат Байзакованын уулу Эмил да ырчы. Мурдагы күнү эле өз өнөрүн Францияда көрсөтүп кайтты. Ал жакка атайын чакыруу менен "Устат-шакирт" ансамблинин курамында барып келди. "Францияда бизди тосуп алышты. Көп мамлекеттен бизге окшогон таланттар келиптир. Бирок 5-6 күн жүрүп, концерттерден бир да кыргыз көрө алган жокпуз" дейт Эмил.


Үмүттүн жүрөгү бошоду
Ажары төгүлгөн теле алып баруучу жана модель Үмүт Сарымсакова өткөн жумада жигити менен кол үзүштү. Себеби экөөнүн кыялдары келишпей калыптыр. "Буга чейин да көп ирет таарынышып кетип, кайра элдешип алчубуз. Бирок ушул акыркы жолкусу болду. Анткени ал адам акыркы мезгилдерде менин суроо-талаптарымды, кыялымды көтөрө албай калды. А мага аялзатынын эркелигине чыдай билген, эрктүү мырзалар жагат" дейт модель кыз.


"Алмаз" радиосунда жагымдуу үнү менен көпчүлүк угармандардын купулуна толгон жаш ди-джей Жанна Усубалиева менен тааныштырабыз. Жанна 1988-жылы 25-сентябрда Нарын шаарында төрөлгөн. Ушул эле шаардагы мамлекетке караштуу улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган. Түрлөп тамак жасаганды жакшы көрөт.

Жанна Усубалиева:
"Радио мен үчүн чексиз мейкиндик"
- Радио дүйнө сен үчүн...
- Радио дүйнө - мен үчүн түбү чексиз мейкиндик. Ар бир көз ирмемде ар кандай ийгиликтерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берген күч. Дагы бир маанилүү нерсе - угарман. Алардын ар бири биз үчүн кымбат.
- Радиодон өзүң үчүн эмне таптың?
- Радиого келип калуумдун өзү эле жашоомдогу чоң, күтүлбөгөн жетишкендик болду. Буга чейин "Алмаз Нарын" жана "Сезим" радиолорунда иштегем. Радиого иштей баштагандан бери биринчи кезекте жашоого болгон көз карашым өзгөрдү. Кесиптештердин, угармандардын кулк-мүнөзүнө жараша мамиле жасоону үйрөндүм. Кыскасы, психолог болуп калдым десем болот. Экинчиден, көптөгөн досторду таптым.
- Ди-джейдин негизги максаты эмне болушу керек?
- Ди-джей элдин адамы болгондуктан, эфирге чыгаар алдында өзүнө сонун маалыматтарды топтоп, элдин маанайын көтөрүп, жан дүйнөсүн байытууга даяр турушу керек. Эфир бүткөндөн кийин адам көпкө чейин ошол толкундан чыга албай жүргүдөй болуп.
- Он жылдан кийин өзүңдү кандай элестетесиң?
- Кыз бала - үй-бүлөнүн шам чырагы деп коюшат го. Ошондуктан он жылдан кийин үй-бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү эне жана жакындардын жандай жакшы көргөн адамы болом деп ойлойм. Экинчиден, өз кесибин мыкты өздөштүргөн журналист болсом деп тилек кылам.