Атың чыкпаса жер өрттө

Туу жөнүндө же ыйык жерге өрт койгон келесоолук
Теледен кабарларды карап отуруп ар кыл ойго кабылдым. Мамлекеттик тууну (а балким герб менен гимнди дагы) өзгөртүү боюнча депутаттык комиссиянын "ишин" көрсөттү. Мен үчүн азыркы Туу акыркы жыйырма жылдагы тарыхый окуялардын күбөсү, символу сыяктуу туюлат: бул байрактын алдында не деген окуялар болуп өтпөдү… Бийлик өкүлдөрү Тууну алмаштыруу аркылуу мурунку бийликтин былыктарын жууп салып, жаңы тарых жазабыз деп ойлоп атышабы? Эгер Тууну өзгөртсөк, жакшыбы, жаманбы, жыйырма жылдык тарыхыбызды камтыган мезгилди унуткан маңкурт сыяктуу болуп калбайбызбы?
Башыман өткөн бул окуяны айтып берейин. Бизге бир чоң, департаменттин башчысы, биздин борбордун кызматкерлеринин иштөө тартибин өзгөрткөн "инновациялык" сунушу менен кат жолдоптур. Ага ылайык 12 саат иштеп, эки-үч күн дем алат экенбиз. Каттын тиркемесинде эгер биз ушул тартип менен иштечү болсок, кандай натыйжаларга жетишерибиздин "эсеп-кысабы" да көрсөтүлүптүр. Бөлүм башчы, баарыбыз тең мунун алгылыксыз экендигин айтып, каршы болдук. Себеби биз иштеген борбордун аки-чүкүсүн бизден башка эч ким билбейт эле. Жогортон кысым жасап отуруп оюндагысын аткарышты: "пилоттук мезгил" дегенге таянып, 20-30 кызматкерлерди буга мажбурлап кийиришти. Анан эмне болду? Ай өтпөй долбоорго киргендер арыз жазып чыгып кетишти. Эч нерсе өзгөргөн деле жок. Топ-менеджерлерге "биз мурда айтпадык беле?" деген гана сөз калды.
Туу боюнча деле ушуну айтсак болот. Кайсы бир депутат өзүн көрсөткүсү келдиби, неси болсо да Туу жөнүндө чуу көтөрүп, анын арты менен өзүнүн кадыр-баркын (эгер бар болсо) да көтөрүп алайын, ишке ашып кетсе, балким, тарыхта калайын дегендир. Ыйык жайга өрт койгон бир келесоо көзгө элестейт. "Атың чыкпаса жер өрттө" дечү беле…
Түзүлгөн комиссиясы билерман түрүн көрсөтүп, аны-муну сунуш кылып жатат, эсеп-чотун кагып жатат, жумасына кабакты бүркөп, олуттуу түр менен чогулушуп, иши кылса иштеп эле жатып калышты. А эл эмне деп атканы менен аларыңдын иши деле жок, өздөрү менен өздөрү күжү-күжү. Популизмди коюп, а көрөк эл ынтымагы, билим сапаты, коопсуздук, экономика жөнүндө баш катырсак болбойбу?

Улан Жумашев,
СРМ технологиялары компаниясы




Каргайын
десем жалгызсың
Кургуйга эчак кулаганбыз!
Каякка баратабыз, кургуйга кулап баратабызбы дешет. Жок, жыйырма жыл өлкөнү башкаргандар шаталакка толтуруп бүткөн, жергуйга түшүп кеткенибиз качан. Союз урап, эгеменбиз деп эдиреңдеп жүргөн жылдары "демократия", "рынок экономикасы" деген түшүнүктөр маани-маңызынан ажырап, бийлик бутактарында амалдуулар гана үзүрүн көрө алчу, букаралар сөөмөйүн мурдуна тыгып четте калчу коррупциялык схемалар түзүлүп калганы кашкайган чындык.
Биз жашап жаткан мезгил кыкка толгон көңдөбө сыяктуу. Эл да ушуга ыңгайлашты: бал тарткан аары эле, бокчу коңуз болуп алышты. Алдым-жуттум заманда кудаймомун пенденин пейли кетти. Бүгүнкү замандашыбыз бир нерсени жымыра койсо, кызарганды үзө качса, пара менен ишин бүтүрсө, ушунусу менен сыймыктанчу болду.
Кыянат коомдо кыянат иштерден иренжигендер, ыпластыкка чыдабагандар чет жерлерге ооп кетишти. Кыргызстанда калган азганактай абийри тазалары болсо канчалык күйүп-бышса деле жети баштуу желмогуз менен күрөштө алсыздык кылып жатат.
Ушунун баарын карап отуруп, бир кыйла жогору ресурстар керектиги, оболу интеллектуалдык масса кыймылдашы керектигине көз жетти. Кантсек заман оңолот? Эки революциядан кийин деле элдин үмүт-тилектери акталган жок. Кыязы, көчө революцияларынын заманы бүттү окшойт, ар кимибиз аң сезимибизде революция жасоо доору башталды! Менимче, интеллектуалдуу революция зарыл болуп турат.
Мамлекет катары биз кимбиз? Кайда барабыз? Эмне кылышыбыз керек эле? Бул суроолорго карапайым элди мындай кой, эл башкарам дегендердин деле жообу жок. Калайык арасында "Канткенде биз өнүгөбүз?" деген бирдиктүү көз карашты калыптандыруу мезгили бышып жетилди.
Мен ушул "аңкоо" ойлорум менен жаңылык деле ачкан жокмун. Ошентсе да өлкөнүн келечегине кайдигер карай албаган мен сыяктуу патриоттор көп жана алар менен бирге Мекенибизди гүлдөтө алабыз деп ишенем.

Улук Кыдырбаев,
Бишкек ишкерлер клубу




  Үчүнчү бийлик

"Бузук телефон" же түштүктөгү маалымат саясаты
Маалымат коопсуздугу деген маселе кээде көтөрүлө калып, анан күнүмдүк көйгөйлөрдүн ызы-чуусунда дабышы чыкпай калчу болду. Бул темада айтчу болсок, бери дегенде эле эки көйгөйгө көңүл бурганыбыз оң. Биринчиси - чет жердик маалымат каражаттарынын кеңири кулач жайышы жана өктөмдүгү. Экинчиси - "маалымат жоокерлерибиздин" чабалдыгы жана бечелдиги.
Кыргызстанда өткөрүлгөн медиа иликтөөлөр калк маалыматты көбүнчө телевизор аркылуу алышарын көрсөттү. Түштүк аймак боюнча алсак, биринчи орунда россиялык ОРТ каналы, анан өзбекстандык "Ёшлар", анан кийин гана Кыргызстандын каналдары турат экен. Айрым эксперттер муну кыргызстандык жеке менчик өзбек тилдүү "Ош ТВ" жана "Мезон ТВ" каналдарынын кожоюндарынын алмашылышы менен байланыштырып жатышат. Бул каналдардын көрөрмандары сапаты жагынан биздикинен кыйла жогору турган өзбекстандык каналдарга ооп кетишти дешет. Ошентип, Кыргызстандын түштүк аймагынын калкынын маалымат куржунун коңшу өлкөнүн көз карашында даярдалган маалыматтар толтуруп жатат.
Түштүк жөнүндө сөз болсо эле абайласаңар, шашылыш бүтүмдөргө ашыкпайлы деген пикирди кармангандар да бар. Мамлекет аяр саясат жүргүзөбүз деп жатып, көрөрман-угарман журтунан айрылып калбаса болду. Улуттар ортосундагы көйгөйлөр жана өзбек калкынын кыргызстандык маалымат каражаттарына ишенбестиги маселени ого бетер татаалдаштырып баратат. Маалымат жаатындагы проблемаларды көрмөксөнгө салуунун өзү отко тымызын май куйганга тете.
Эл башчылары күнүмдүк иштен бошобой, маалымат саясаты бул ОТРКнын эле баш оорусу сыяктантып бул иштен өздөрүн оолак алып жүрүшкөндөй. Казынадан каржыланган ОТРК менен "ЭлТР" кыйла мүмкүнчүлүктөрү боло туруп "күйүп жаткан" маселелерден кыя өтүшүп, өздөрү зарыл деп санагандарын гана беришет. Сөз эркиндиги жаатынан алганда бул жакшы деңизчи. Мамлекеттик маалымат саясатынын удулунан келгенде - колдо бар байлыкка, мүмкүнчүлүктөргө сарамжалсыз мамиле жасагандыкка тете иш.
Жаман айтпай жакшы жок дейт, кокус дагы бир балээ болуп кетсе чет жердин маалымат каражаттары биздикин чайнабай эле жутуп коёт. Бул биздин өкмөт каржылабай жаткандыгынан эмес, жергиликтүү маалымат каражаттарына көңүл бурбагандыгынан, маалымат саясатына маани бербей жаткандыгынан улам ушундай болору бышык. Биздин эл адатынча эле "бузук телефон" маалыматына ишенип жатып калышат, коомдук ишмерлер тиги топ, бу топ деп кайрадан сайрап киришет.
Июнь окуяларын эстейли. Уюктуу байланыш провайдерлери СМС билдирүүлөрүн текшилей жөнөтүүгө даяр, радиостанциялар эфирди акысыз ачып беришти. Кандай маалыматтар кетип жатат, көзөмөлдөгөн жан жок. Маалыматты кандай формулировкалоо керек, анын мазмуну кандай болду? Убактылуу өкмөттүн маалыматты координациялоо борбору шаштысы кетип, ыктыярдуу пиарщиктердин деңгээлиндеги тыянак ойлорду эки тилге которо коюшуп, вертолеттон чачып киришти. Июнь окуяларындагы маалымат иштери кандай болду жана улуттар ортосунда чыр чыкса маалымдоо иштерин минтип жүргүзөбүз деген нускама өзү бар беле деги, муну териштирген жан болбоду. Кокус дагы бирдеме болуп кетсе, маалымат менен иштеген медиа-кызматкерлер мурдагы таз кейпин кайра эле кийишери турулуу иш.
Бир тараптын да көңүлүн оорутпай түштүк окуяларын жана анын кесепеттерин кантип чагылдыруу керек? Мамлекеттик пресс-кызматта иштеген кесиптеш ар дайым кашкайган чындыкты гана айтуу керек деп айтат дайым. Бир улуттун көпкөлөң уландары башка бир улуттун кыздарын зордуктагандыгын, экинчи тарап аңгилердин агайын туугандарынан өч алып киргендеги чындыкты кантип чагылдырсак туурараак болор эле? Кашкайган чындык эки элдин камыр-жумур жашап калышына өбөлгө боло алабы же "бизди уруп жатышат" кыймылына түрткү береби?
Улуттар аралык маселе боюнча адисмин дегендер түштүктөгү кырдаал жакшы эмес экендигин айтып жатышат. Бул кимдир бирөөлөр ыңгайын келтирип туруп өзүнүн пайдасына чечип алууга мүмкүн болуучу мүлтүлдөк маселе дешет.
Парламент улуттар аралык ынтымактын бир жумалыгын жарыялады, өкмөт маалымат булактарын кырдаалды курчутпоого, элди ынтымакка чакырууга үндөп чыкты. Итиркейиң келет. Эмнеге деп турасыз го? Элдердин достугу жөнүндө шашыла даярдалган роликтерди 10-июнда же ушу апта ичинде үстөккө-босток көрсөтө берсе эле карттанып калган көңүл жараттары заматта айыгып кетпейт да. Мамлекет 90-жылдардагы Ош окуясынан кийин 20 жыл бою ар бир айтаар сөзүн жети өлчөп бир кесип, улуттар аралык мамилени чечип жатабыз дебеди беле?.. Анын үзүрү эмнеге алып келгенин көрдүк. Бу сапар да ошондой маалымат саясатына сугарылган роликтердин жумалыгы аракетинен көңүлүм кайт болуп турат.
Элвира Сариева,
медиа-эксперт, "ЛОФТ цех" уюмунун жетекчиси
www.taboo.kg
сайтынан алынды