Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

  Сапар алдында

Чечен лидери кыргызды конокко чакырды…

Бишкектин тургуну Бейшенбек Жумашалиев кесиби боюнча мугалим. Үч баланын атасы. Көп жылдардан бери гүл өстүрүү менен ишкерлик кылып келет. Жакында бул каарманыбыз Чечен республикасынын президенти Рамзан Кадыровго кат жазып, андан көп өтпөй чечен лидеринен конок болуп кетүүгө чакыруу алган. Ушул жуманын башында Бейшенбек мырза үй-бүлөсү менен Чеченстанга жөнөп кетти. Сапар алдында атайын үйүнө барып, жолугушуп кайттык.

- Бейшенбек мырза, Чечен өлкө башчысына кантип кат жазып калдыңыз?
- Бул мындай болду. Өткөн жылдын 7-апрелинде неберем Рамзан төрөлөрүнө бир айдай убакыт калганда түш көрдүм. Түшүмдө Рамзан Кадыров экөөбүз Кавказдын бийик тоолорунун башында чогуу жүрүппүз. Муну жакшылыкка жорудум. Эртеси күнү түшүмдү үй-бүлөмө айттым. Эгерде көз жара турган кызым Гүлмира уул төрөсө атын Рамзан коелу деген оюмду билдирдим. Бардыгы колдошту. 7-апрель күнү неберем төрөлгөндө ошол сүйлөшүлгөн боюнча атын Рамзан койдук. Кыргызда эркек баланын төрөлүшүн утурлап түшүндө эл башчысын көрсө жакшы болот дейт. Илгери кыргыздарда хан түшүнө кирсе, жакшы тилек, ниет менен ошол ханга белек тартуулачу экен. Анан мен да ошол салтты улап, бир жумадан кийин Разман Кадыровго кат жазып жөнөттүм. Катымда ал түшүмө кирип, ошонун урматына неберемдин ысмын Рамзан койгондугумду айтып, кыргызда бирөөнүн ысмын койсо, ага тартуулап белек берүү салты бардыгын, мен да, эгерде ылайык көрсө, кыргыздын ак боз үйүн эстелик катары тартуу кылуу ниетим бардыгын баян эткем. Катыма туура 41 күндөн кийин жооп келиптир. Катты Чеченстандан атайын чечендер алып келишиптир. Алар менен бирге Бишкектеги чечен диаспорасынын өкүлдөрү да кошо келишти. Үйүмө келгенден кийин биздин үй-бүлө менен таанышып, Рамзанды көрүшүп, анын күбөлүгүн сүрөткө тартышты. Кыргызстанда төрөлгөн бир ымыркайга Рамзан ысмы берилгендиги тууралуу 15 мүнөттүк видео ролик тартып кетишти. Ал роликти Чеченстандын негизги телеканалынан 3 ирет көрсөтүшүптүр.
- Анан дароо эле конокко барып келели деп чечтиңерби?
- Чындыгында мен чоң ишеним менен оң жооп күтпөгөн элем. Биз үчүн күтүүсүз болду. Бир чети таң калсак, бир чети аябай кубандык. Чеченстандын тарыхында мындай алгачкы жолу болуп жатыптыр. Буга чейин катардагы эле бирөөнү конокко чакыруу деген болбоптур. Чечен лидери бийик башын кичик кылып, бизди теңине алып, атайын конокко чакыргандыгына чексиз ыраазыбыз.
- Рамзан Кадыровго арнап, боз үй баш болгон баалуу белектерди алып бара жатыпсыз. Буларды даярдаганга кимдир бирөөлөр жардам бердиби?
- Жок, негизинен өзүмдүн эле эсебимден даярдадым. Бир туугандарым жардам беришти. 110 баштык боз үй, Нарындагы мен деген зергер уста жасаган ээр токумдар, суусар тебетей, жаа октору менен, булгаарыдан жасалган шахмат доскасы ж.б. алып баратам.
- Канча каражат кетти?
- 1 млн. сомдон ашып кетти...
- Кимдер кетип жатышат?
- Мен, жубайым Чынара, неберем Рамзан, анын ата-энеси, бир тууган агам. Автоунаа менен кетип баратабыз. 4 миң км.ге жакын жол жүрөт экенбиз. Россиянын аймагына кирерибиз менен Чеченстандын күч органдары тосуп алып, бизди алып кетише турган болуп жатат. Бул биздин коопсуздугубуз үчүн жасалып жаткандыгын айтышты. Чеченстандын тышкы иштер министри айтты. Рамзан Кадыров бизди 1 саат кабыл алат экен. Андан кийин келип, тигилген боз үйдү көрөт. Бизге эки күн маданий иш-чаралар даярдалып атыптыр. Кетерден бир күн мурун бизге шаан-шөкөттүү узатуу расмисин Кадыров өзү катышып өткөрөт экен. Ошондо буюрса 5 күн болобуз го.
- Материалдык жардам бергендер болбодубу?
- Жок. Моралдык жардамдарын берип жатышат. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаевге рахмат. Бизге ак жол каалап узатты. Өзүнүн Рамзан Кадыровго арнаган белегин (картина), ыраазылык катын менден берип жиберди. Документалдык жактарына жардам береби деп ТИМге кайрылсак, министр Казакбаевден эч кандай жардам болгон жок, тилекке каршы. Салкын мамиле кылып койду.
- Чечен эли тууралуу кандай ойдосуз?
- Чечендер бизге алыс эмес эл. 44-жылдардан бери кыргыздар менен эриш-аркак жашап келет. Ошол жылдары чечендерди массалык кырылуудан кыргыздар калкалап калган. Аны чечендер жакшы билишет. Ыраазылык менен эскерип, айтып жүрүшөт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 15 миңдей чечен жашайт экен. Арасында белгилүүлөрү да бар. Дүйнөгө аты чыккан бийчи Махмуд Есенбаев Кыргызстандан чыккан. Чеченстандын 1-президенти Жохар Дудаев биздин Кантта туулуп, чоңойгон. Андан кийинки президенти Яндарбиев да биздин жерде туулган.

P.S. Бейшенбек Жумашалиев Чеченстандан келгенден кийин ал жактан алган таасирлери, кандай конок болгондуктары тууралуу бизге кенен айтып берүүгө убада берди.

Мирлан Дүйшөнбаев








ggle_v

<кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования