Сулуулар конкурсу-2011

Теленин ак куулары,
чамдагыла!

Кыргызстандагы теле каналдар мукам үндүү, жоодур көз, татынакай алып баруучу айымдарга бай. Экран көркүн ачкан бул сулуулар далай мырзанын түн уйкусун бузуп, көңүлүндө баккан муза экени талашсыз. Тележылдыздардын жашоосу, ой-максаты, күнүмдүк турмушу да баарыбызга кызык. Алар тууралуу ар бирибиз көбүрөөк угуп, билгибиз келет. Эмесе, "Dе-факто" гезити теле алып баруучулар, дикторлор, тележурналисттер арасында сулуулар сынагын өткөрүүнү чечтик. Сынак бүгүнтөн башталып, жыйынтыгы жаңы жыл алдында белгилүү болот. Ар бир саныбызга бирден тележылдызды чыгарып турабыз. Кызыктуу маеги жана анкетасы менен. Албетте, келишкен ажарлуу сүрөтү да болот. Ар бирине номур берилет. Окурмандар ошол номур боюнча добушун беришет. Окурмандар жана биздин редколлегия келбетине, чырайына гана эмес, интеллектуалдык көрөңгөсүнө, билимине, профессионалдуулугуна карап, үч номинация боюнча жеңүүчүлөрдү тандайт.

"Теле жамал", "Теле марал" "Теле мөлмөл" деген 3 номинация ыйгарылып, Кыргызстандагы атактуу компаниялар жана ишкерлер тарабынан баалуу сыйлыктар ыйгарылат. Анда эмесе, кеттик. Эмки сандан баштап алгачкы катышуучуларды күтүңүздөр.




  Теленин ак куулары, чамдагыла!

Чөп үйүп, картошка түптөгөн Саната
Аты-жөнү - Жумакадырова Саната Эсенбековна
Жашы - 25
Иштеген жери -
ОТРК, "Замана" таңкы берүүсүнүн алып баруучусу
Үй-бүлөлүк абалы - Бойдок
Түз эфир сен үчүн… -
"Өз мүмкүнчүлүгүмдү толугу менен пайдаланчу нерсе"
Көбүнчө кандай маанидеги комплименттерди угасың -
"Көздөрүңүз сулуу экен деген"
Мырзалардын көңүлүн эмнем менен бура алам деп ойлойсуң -
"Жөнөкөйлүгүм менен"
Эмнеден ырахат аласың - "Эртең менен эрте тургандан"
Сырткы сулуулук сен үчүн -
"Өзүнчө эле бир жумуш"

- Өзүң жөнүндө айтып берсең?
- Өзүм Нарындын кызымын. Атам - экономист, апам - милициянын майору. КУУнун филология факультетин бүтүргөм, азыр саясат таануу илиминин аспирантымын. Журналистикага капысынан келип калгам. Бир жолу группалашым экөөбүз сүйлөшүп отуруп, сөздөн сөз чыгып, ал "сенден журналист да, алып баруучу да чыкпайт" деп калды. Мелдеше кеттик. Мен намыстанып, ошол эле жумада ОТРКнын "Ала-Тоо" программасына практикант катары кирип алгам. Ошентип теледе иштеп калдым.
- Дагы канча убакыт эфирде иштөөнү каалайсың?
- Мынча-тигинче деп айтуу кыйын бизде. Баары эле алып баруучунун каалаганындай боло бербейт. Күтүүсүз жерден эфирден алып салышы да мүмкүн. Кесиптеш эжелер айтып калат "эфирден миң кетип, миң келесиң" деп. Ошондуктан азыр бар нерсе менен кубанып жүрөм.
- Сүйгөн адамың барбы?
- Жок.
- Болочок жолдошуңду кандай элестетесиң?
- Келечектеги күйөөмдү элестетсем эле көз алдыма галстукчан жигит тартыла берет.
- Кандай жигит менен таптакыр сүйлөшкүң келбейт?
- Келбети сулуу эркектер болот эмеспи. Ошолордун кээ бирөө сулуулугун билип, ошого чиренген, бой көтөрүп жүрүшөт. Андайларга аябай жиним келет. Сулуулугуна аялзаты бой көтөрсө жарашат.
- Аялзаты бактылуу болуш үчүн эмне керек?
- Өзүбүздүн ичибизде бир жылуу нерсе болушу керек го. Негизи аял турмушта бактылуу болбой калса эле эркектен көрө беребиз. Менимче, бул туура эмес. Бактылуу болуш үчүн аялдын жан дүйнөсүндө тынчтык, туруктуулук, мээрим болушу керек деп ойлойм. Ал эми эркек ага жөлөк-таяк болот.
- Үй оокаттарын жасайсыңбы?
- Үй эле эмес, талаа жумуштарын деле жасап жүрчүмүн. Айылда өскөндүктөн чөп үйүп, картошка чапканды билем. Болгону эч качан уй саап көргөн эмесмин.
- Апаң менен жигиттер тууралуу сырдашасыңбы?
- Мурда сүйлөшө берчүмүн. Азыр баарын айта бербейм. Анткени эне сар-санаа боло берет экен. Мен айтып берген жигитти жактырса эле "ии, ошого турмушка чык" дей берет. "Жашы өтүп кетпесин" деп мага бору ооруп атса керек.

Бактыгүл ТУРГАНБАЕВА