Боекчу бойойт десе...

Тарыхчы жана публицист Тынчтыкбек Чоротегин:
"Шамал кыймылдаса шаман боло калчулар көбөйгөнү тынчсыздантат"
-Тынчтыкбек мырза, Эркиндик эстелиги алынды, ордуна Манас коюлганы турат. Бүгүнкү кырдаалда ушул нерсе керек беле? Тарыхчы, илимпоз катары ушул жаңылыкты кандай кабыл алдыңыз? Туура, канатчан аял деп сындап да келдик, бирок бүгүнкү оор кырдаалда эстеликке акча коротуунун зарылдыгы канчалык?
-Бул суроону көтөрбөгөн басылма же интернеттик социалдык тармак калган жоктой. Ошого карабастан, бул маселеге саат сайын кайрылуу абзел болуп турат. "Эркиндик" эстелигин ордунан алып салгандар, менимче, Манасты сыйлагандан эмес, анын рухун түшүнбөгөндөн ушундай кадамга барышты.
Шамал кыймылдаса шаман боло калчулар көбөйгөнү тынчсыздантат. Аял киши түндүк көтөргөнү - тарыхый салтты билбегендик деп айткандарга таң калам. Алардын ыгына койсо, Курманжан энебизди даткалыкка эч жолотушмак эмес окшойт. Очоктун отун өчүрбөй жандырган - Куттуу эне, тукумду уланттырган - Умай Эне дейбиз да, уруш учурунда аялзаты эркек менен жарыша жаа атып, найза кезегенин, оорукта эркек аткарбаган оор ишти жадырап-жайнап аткарганын, тынч турмушта деле күйөөсү кымыз уулап, айлап "дааватчы болуп" жүргөндө тоолук келин өзү эле жаңы жайытка көчүп, чийедей балдарынын көмөгү менен боз үйүн тигип жүргөнүн айткыбыз келбейт. Муну тарыхты түшүндүрүүдөгү "жалган эркек таналык" мамиле деп коет.
Азыркы кырдаалды оор дей албайбыз, себеби элибиз мындан оор учурду да баштан кечирген. Менимче, ыңкылаптан кийинки шайлоодо жеңген өкмөт айкындуулук, маалымдуулук жагын жаңыча карап, жаңыча иш кылса дурус болмок. Маселен, керек болсо, он чакты жылдан кийин курабыз деп, эл аралык деңгээлде ачык сынак жарыялап, Байтиктин Бас Бөлтөгүнүн чокусуна спорттук жана туристтик эс алуу жайын, ага жеткирчү асма жол, анан заңкайган сыналгы мунарасын долбоорлоп койсо, орнотуп, эс алуу өрүшүн "Сейтек Төрү" деп атап койсо дурус болмок (жалаң гана Манас аталышын жайната бербейли да). Жалпы дөбө мурдагы тарыхый атын сактай бериши ылаазым!
Манас бабабызга келсек, ал ыраматылык кайра жаралып келсе: "Айланайындар! Мени даңазалагыңар келсе, аялзатына асылбагылачы. Ошол каражатты тоо тешкенге, темир жол салганга, суу, шамал, күндөн электр кубатын өндүрчү тармактарга жумшасаңар. Андан да артса, Таластагы күмбөздүн жанындагы комплекске келчүлөр үчүн беш жылдыз конок үй салып койсоңор", - деп айтмак го деп ойлоп кетем.
Кызык, "канат тагынган" айымдын айкелинин идеясын көрөңгөлүү акындарыбыз коргошу керек эле, же алар да Пегасты темир мерседеске алмаштырып, заттык маданияттын көрпендесине айланыштыбы?
Баса, берки "Эркиндик символу" болгон эстеликке деле башка жай табылат, аны эч талкалабайбыз дешүүдө. Анда аны ордунан козгоп эмне жанга күч келди? Негизи, туура ойлонуштурулган эстеликтен эч каражат аябаш керек. Маселен, Чыңгыз Айтматовго эстелик тургузулуп жатканын колдоого алам.
- Борбордун атын Бишкек дебей, Манас деп коебуз деген да күчтөр пайда болду? Бул популизмби? Бишкек дебей Манас дегенден эмне өзгөрөт?
-Mенимче, ордо шаарды "Манас" деп коелу деген аракеттер мурда эле болгон. 1991-жылы Фрунзе шаары деп болшевиктик аталыштын ордуна дароо "Манас" деп атасак туура болмоктур. Бирок ал кезде СССР биротоло кулай элек болчу. Коммунисттер да азыркыдай ардагерлердин атаандаш чакан партияларынан болбой, бүткүл Советтер Биримдигиндеги демократиялык күчтөрдү жутуп жок кылууга акыркы күчүн топтоп чамынып турган. Ошондо Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү үчүн Орусияда кеңири колдонула баштаган нукка - тарыхый аталышын калыбына келтирүү нугуна түшкөнбүз. Бул жүйөөгө "фрунзечилер" да ооз ача албай калган. Кыргыздар Чүй боорундагы чеп-шаарды Бишкек деп атаары арап жазмасындагы чагатай булактарынан дурус маалым. Санжыралык маалыматтар да муну тастыктаган.
Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын өкүлү Нарынбек Алымкулов жана архивчи Субакун Бегалиевдер Маскөөгө чейин барып, Фрунзе аталышы Сталиндин режими (Кремль) тарабынан таңууланганын далилдешкен.
Чүйдө Бишкектен башка Сокулук, Кара-Балта, Токмок сыяктуу жер аталыштары бардыгы да Бишкектин тарыхый аталыш катары оригиналдуу ордун бекемдейт (бишкек, соку, балта, токмок).
Бишкек аталышын намыс көргөндөргө айта кетээрибиз: боордош татар туугандар ордо шаары Казан деп аталаарынан эч намыстанбайт (биздеги айрым "шамандар" бул "казан" сөзүн "катын-калачтын гана күндөлүк эрмеги болчу таңкаларлык аспап; Татарстандын бийлиги борбор шаарынын атын өзгөртпөй каякка карап жатат?" деп чыгышаар).
Орустар деле тээ 1914-17-жылдардагы улутчул доордун илебине кайтпастан жана пост-советтик Ленинградды Петроград деп атап отурбастан, илгерки немисчесинен эле "Санкт Петербург" деп шаардын тарыхый атын калыбына келтирип койду. Улуу орус идеясын издегендер деле арбындыр, бирок орус туугандардын эч кимиси Москва шаарынын славян эмес элдин тилинен алынган эскиден келген аталышын четке кагып, ордо шаарын Муромдук Ильянын (Муромец), Каардуу Ивандын (Грозный), Суворовдун, Кутузовдун ж.б. ысымдары менен атайлы деше элек. Түрк туугандар Анкараны Ататүрк-Кент деп атайлы деп чыга элек. Бээжинди Мао-Шаары же Ден Сяопин-Шаары деп атайлы дегендерди деле укпадым. Менимче, Бишкек шаары тарыхый аталышын сактап калышы керек.
Суроо салган
Чолпон Орозобекова





Сот залынан
Депутат Ыргал Кадыралиева соттолуп аткандардын башын жара койду

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева сот процессинде анын агасы Санжар Кадыралиевдин өлүмүнө шектүү делгендерди туфлиси менен чаап, бирөөсүнүн башын жарып койду. Депутат болсо өзү туфлиси менен чапканын танып, жада калса чечкен эмесмин деп атат. Окуя 1-августта сот залында болду. Санжар Кадыралиевди өлтүрдү деп айыпталуучулар Алтынбек Итибаев (буйрукту аткаруучу катары айыпталууда) менен Мурасбек Маташев сабалды. Мурасбектин бир тууган агасы Назарбек Маташевдин айтымында, сотко Ыргал Кадыралиева 15-20 чакты спортсмен балдарды ээрчитип келгенин айтат.


Назарбек МАТАШЕВ:
"Туфлиси менен үчүнчү жолу чапканда кармап калдым"
- Мурда Ыргал сотко келгенде келип, келбегенде келбей калып, процессти бир нече жолу бузган учурлары болгон. Анда сотко өзү эле келчү. Бул жолкусунда ошентип 15-20 чакты спортсмен балдарды ээрчите келиптир. Алар дагы сот залына кирип отурушкан. Кийин судья Чыңгыз Адамакунов айыпталуучуларды алып келүүгө буйрук бергенде, конвойлор аларды алып кирип келатса спортсмендер айыпталуучуларды сабап киришти. Алардын колунда кишени бар болчу. Биз аларды ажыратууга аракет кылып атсак эле Ыргал туфлиси менен менин инимдин башына эки жолу чапты, башы жарылды. Кайра чабайын деп атканда мен колум менен тосуп калдым. Мени да чаап жиберди. Спортсмен балдардын бирөөсү бөйрөккө койду. Сот буга эч кандай чара көрбөй, концерт көргөндөй карап отурду. Анан тез жардам чакырылды, милиция келди. Буга баары күбө.
- Иниңиз канчадан бери камакта?
- Алты айдан бери СИЗО-1де жатат. Сот процесси мына улам эле жылып атат. Же сот аяктап балдарыбызды актабады, же күнөөсүн мойнуна коюп бербеди. Топтой кылып эле ары-бери сүйрөп, аларды сызга жаткырып атышат.

Ыргал
КАДЫРАЛИЕВА,
ЖК депутаты:
"Маташев темир торду сүзүп башы жарылды"
- Менин бир тууганым өлүп атат, күйгөнүмдөн сотко барып атам да. Мен тирүү турганда абалым кандай болбосун агамды ким өлтүргөндүгү тууралуу чындыкты издейм. Ошон үчүн мен сотко өзүм барып, күбөлөрдүн айтканын өз кулагым менен уккум келет. Чынында эле булар күнөөлүүбү же булар ак жерден соттолуп калбаса экен деп. Эки жарым жылдан бери сот процесси мына июнь айынан башталды. Булар мени жылдырып атат деп келишти. Менин эч кандай тиешем жок. Мен дагы сырттан эле барып катышып жүрдүм. Азыр эми булар мени урду деп жалган жалаа жаап атышат. Эңгезердей 130-150 килограммдык балдарды мен сабай аламбы? Бойлору 190 см. болуп атса. Аларды уруу колумдан да келбейт, духум да жетпейт. Буга чейин 50 баланы ээрчитип келип, мага моралдык кысым жасоого аракет кылышты. 50 эмес, мен Санжар агамдын колунда тарбияланган 500 спортсмен балдардын арасында чоңойгон кызмын. Сотко 3-4 инимди эле ээрчитип барган болчумун.
- Мурасбек Маташевдин башы жарылыптыр го?
- Чынын айтыш керек, экөөнү сот залына алып кирип атканда инилеримдин бири ордунан туруп Мурасбек Маташевди бир койду. Ал барып темир торду сүзүп жыгылды. Ошондо башы жарылса керек. Анан эми мени жаманатты кылып атышат.
- Туфлиңиз менен чапканыңыз чынбы?
- Туфлимди чечкен да эмесмин. Туфлим менен чапканымды далилдеп беришсин. Анан дагы сот эч кандай чара көрбөдү деп маалымат таратышыптыр. Сот келе элек болчу залга.
- Агаңызды өлтүргөндөр, балким, булар эместир деген вариантты дагы карап көрдүңүзбү?
- Ошон үчүн мен ар бир соттук отурумга өзүм барып атам. Мен дагы күнөөсүз эле бирөөлөрдүн камалып кетишин каалабайм. Болбосо өч алуунун башка деле жолдору бар да, бирок мен мыйзам чегинде чыныгы күнөөлүүлөр жазаланышын каалайм.

Күбөлөргө кысым көрсөтүлүүдө
Жабырлануучулардын жакындарынын айтымында, Кадыралиевдер актоочулар менен күбөлөргө дагы кысым көрсөтүп, коркутуп жатышат. Санжар Кадыралиевди өлтүрүп кетишкен учурда Алтынбек Итибаев менен чогуу ошол кездеги транспорт министринин орун басары, азыркы депутат Абдырахман Маматалиевдин кабинетинде тендерге катышкан Вадим аттуу күбөгө да кысым көрсөтүшүүдө.
Белгисиз себептерден улам Санжар Кадыралиевдин жансакчысы болуп жүргөн Эрнист Мамазаиров сот процессине катышпай жатат. Жабырлануучулардын жакындарынын айтымында, ал Алтынбек Итибаевди жакшы таанычу. Ал Алтынбекке каршы көрсөтмөнү алты күндөн кийин гана берген. "Укук коргоо кызматкерлери аны дагы коркутуп көрсөтмө бердирткен болушу мүмкүн" дейт Назарбек Маташев. Санжар Кадыралиевди өлтүрүп кеткен жерде атып качкан адамды камера тартып калган. Ага ылайык, киллер сары түспөлдөгү адам экенин, Алтынбек Итибаев кара тору жигит экенин айтышат жабырлануучулардын жакындары.

Дилбар АЛИМОВА