Саясаттан тажаганда

Индюк тепкен Тынай, буту шыбоо болгон Борончу, стрессти арак менен чыгарган Улукбек Ормонов
Токон МАМЫТОВдон
блондинкалар тууралуу анекдот
Канча жаштасыз? - 57 жаштамын.
Канча балаңыз бар? - Үч балам, беш неберем бар.
Канча аялыңыз бар? - Бир эле аялым бар.
Канча үйүңүз бар? - Бир эле үйүм бар.
Канча машинеңиз бар? - Бир машинем бар, "Мазда-626", элдин баары тааныйт.
Канча байлыгыңыз бар? - Байлыгым балдарым, аялымдын ден соолугу.
Азыр чөнтөгүңүздө канча акча бар? - 1650 сом бар.
Канча досуңуз бар? - Досторум аз, 3-4 классташ досторум бар.
Канча карызыңыз бар? - Ата-энелериме эле карызым бар, атамдын көзү өтүп кеткен, апама карызымды төлөп, ак сүтүн, эмгектерин актайын деген аракетте жүрөм.
Канча душманыңыз бар? - Адамдардын 50%ы досуң болсо, 50%ы душманың.

Тынай Алыбаев, ырчы:
"Индюк санга тепкенде"
- Ит талап, короз тепкен учур болду беле?
- Бир жолу досумдун үйүнө барып калдым. Анын азиат пародасындагы чоң ити бар эле. Досум болсо "ой кире бер, коркпо, тиштебейт" дегенинен кире калсам, байкатпай аркамдан келип капкан. Ит капса доктурга тез барып, кутурганбы, жокпу текшертиш керек да, бирок мен ошентип врачка деле барган эмесмин. Анткени ит териме жетпей шымымды эле айрып таштаган. Анан кирип досумдун үйүнөн башка шым кийгем… Короз эмес, мени индюк тепкен. Чоң атамдар көп индюк багышчу. Анын арасында эң чоң эркек индюк бар эле, ал канатын жайып алып балдардын баарын куучу. Короодо жүргөндө бакка чыга качып кутулчубуз. Ал эми тар жерге келип калсаң, сөзсүз тепчү. Анда мен 1-класста окучумун, эшикке чыгып баратканда индюк кууп келип, секирип санга тепкен. Ошондон кийин индюктарга өчөшүп калгам.
- Виагра көп ичесизби же чийки жумурткабы?
- Ха-ха-ха… Виагра, чийки жумурткасы жок эле күчтүүмүн.

Борончу КУДАЙБЕРГЕНОВ, куудул:
"Аскерде бутум шыбоо болгон"
- Бутуңуз шыбоо болду беле?
- Армияда өтүктүн ичинен бутубузга чылгоо оронуп жүргөн кезде, алгач көнгүчөктү баарыбыздын бутубуз шыбоо болгон. Ыңгайсыздык жаралып абдан эле жаман экен да. Анан тез-тез жууп жүрүп, өзү эле кетип калган. Эч кандай дары колдонгон эмесмин.


Гүласал
САДЫРБАЕВА, ЖК депутаты:
"Дайыма эле ыйлай бербейм"
- Аялдын куралы көз жаш экен. Сиз бул куралды колдоносузбу?
- Бул куралды мен дайыма эле колдоно бербейм. Аял киши бардык эле нерселерге бышактап ыйлай берсе туура эмес да. Чынында эле көз жаш чыгара турган учурлар болуп калат. Айрыкча, ал сырыңды эч кимге айта албай турган кезде эч кимге көрүнбөй ыйлап алсаң жеңилдеп каласың.


Дастан
Жумабеков, ЖК депутаты:
"Виагра колдонуп көргөн эмесмин"
- Виагра көп ичесизби же чийки жумуртка көп ичесизби?
- Бала кезде эки-үч жолу чийки жумуртка ичип көргөм. Бирок виагра колдонуп көргөн эмесмин.
- Бутуңуз шыбоо болду беле?
- Жок, кудай сактасын, бутум эч качан шыбоо болбой эле жакшынакай жүрөт.

Улукбек Ормонов, экс-депутат:
"Стрессти арак менен чыгаргам"
- Бай адамдар тымызын "алкаш" болушат деп коюшат, буга кандай дейсиз?
- Бул ойго мен кошулбайм. Анткени эгер ал тымызын ичкич болсо байымак эмес да. Бай адамдар тытынып ичпей-жебей, акчасын үнөмдөп иштеген адамдар болушат.
- Стресстен арак менен чыккан учурлар кездешти беле?
- Ооба, бүт эле адам стресске кабылат болуш керек. Анан андан ар кандай жолдор менен чыгышат. Арак менен чыгарган күндөр да кездешпей койбойт. Менде деле андай учурлар болгон. Эки-үч жолу стресске түшүп, аны арак менен чыгарган күндөр кездешкен. Бирок аларды айтуунун азыр кереги жок.

Султан Каназаров, президенттин маалымат катчысы:
"Бирөөнүн аялы мага кыз көрүнбөйт"
- Бирөөнүн аялы кыз көрүнгөн учур көп болду беле?
- Адамды айбандан айырмалаган нерсе - маданият, менин тарбиям, айлана чөйрөмдөгү адаттар мындайды такыр тааныбайт. Никеси бар аял киши - бир гана өзүнүн өмүрлүк жубайына аял. Мен үчүн бирөөнүн колуктусу - карындаш, эжеке, жеңе, аяш жана башка статустарга ээ, бирок эч качан кыз эмес. Мен өзүм аябагандай кызганчаакмын жана башкаларды да өзүмдөй көрөм. Келинчегим күлүп калат, "ошонуңду койбойсуңбу" деп.

Даярдаган
Кошой Наркеев