Эл багарлар эмне дейт?

Марат Султанов, ЖКнын "Ата-Журт" фракциясынан депутаты:
"Мага спикерлик сунушталган, баш тарткам"
- Марат Абдразакович, Президенттик шайлоого катышасызбы? Командаңызда кимдер бар?
- Ачыгын айтканда, азыр бир топ саясатчылар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Мыкты, күчтүү команда топтолууда. 8-августка чейин сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, бул маселеге чекит коебуз. Ошентсе да айтып кетейин. Менин саясаттагы көз карашым менен Нариман Түлеев, Мелис Мырзакматов, Феликс Кулов, Бектур Асанов, Акылбек Жапаров, Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков, Аликбек Жекшенкулов, Мыктыбек Абдылдаев, Темир Сариев жана башка ондогон саясатчылар менен дал келет. Бирок булардын айрымдары да Президенттикке аттанып жатышат. Экинчи турга кимибиз чыксак, калганы ошону колдоо боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал эми 1-турда иштей турган команда негизинен жаштардан турат. Ошондой эле Мамат Айбалаев, Апас Жумагулов ж.б. Атам менен иштешкендер, достору колдой тургандыктарын айтышты.
- Учурда Нариман Түлеев экөөңүздөр эл менен жолугушууларды өткөрүп жатасыздар. Кимиңиздердин кадырыңыздар эл арасында жогору болсо, ошол президент болот деп макулдашыпсыздар...
- Мындай сөз болгон эмес. Биз бири-бирибизди 90-жылдардан бери жакшы тааныйбыз. Бири-бирибизди колдоп келатабыз. Кыйын учурларда ал мага, мен ага жардам берип келебиз. Кимибиздин кадырыбыз жогору экендигин шайлоо гана аныктайт. Экөөбүз учурда эл менен жолугушуп жатабыз. Ал Нарын, Чүй, Көл тарапта изилдөөлөрдү жүргүзсө, мен Ош, Жалал-Абад, Таласта изилдөө өткөрүп жүрөм. Жолугушууларда артыкчылыгыбызды, кемчилигибизди, элдин көйгөйлүү суроо-талаптарын билип жатабыз.
- Демек, Президенттикке сиз аттанарыңыз биротоло чечилген турбайбы?
- Башында менден башка бирөөнүн да ажолукка ат салышуу оюнда болсо, туура кабыл алып, таарынбай тургандыгымды айткам. Атүгүл кимдер кааласа, ошолордун бардыгы катыша берсин, 2-турга ким өтсө калгандары ошону колдосун деген сунуш киргизгем. Кээ бирлер шайлоого катышса, айрымдары дароо эле мени колдой тургандыктарын билдиришкен. Шайлоо мыйзамына ылайык, добуш берүү күнүнө 35 күн калганга чейин чечимди ар кандай ала берсең болот.
- Сиз менен кошо Нариман мырза да чыгышы мүмкүн экен да?
- Толугу менен мүмкүн. Азырынча ал шайлоого барбайт деп кескин түрдө айтканга болбойт.
- Спикер менен Президенттин тирешине оюңуз кандай? Келдибеков тымызын сыртка учуп, Бакиевдер менен жолугушуп жаткандыгын айтып жатышат. Чын эле ушундай болушу мүмкүнбү?
- Жакшыбы, жаманбы өткөн шайлоодо бир команда менен Парламентке келгенбиз. Ошондуктан бири-бирибиздин дарегибизге жаман сөз айтуу туура эмес болуп калат. Бул тууралуу аларга да айтып келем. Болгону президенттик шайлоону утурлай жолубуз бир аз бөлүнүп кетти. Эмне үчүн? Себеби мен "Ата-Журт" партиясынын мүчөсү эмесмин. Партияга кирбегем. Нариман дагы "Ата-Журтка" мүчө эмес. Биз башында айтканбыз. Парламенттик шайлоо өткөндөн кийин биз өз жолубуз менен кетишибиз мүмкүндүгүн. "Ата-Журттун" атынан же аны туруктуу колдоочусу болбой тургандыгыбызды да эскерткенбиз. Башынан партиянын ички иштерине кийлигишкен жокпуз. Нариман экөөбүз коалицияга кирбедик, бир да кадр саясатына кийлигишпедик. Кызмат бөлүштүрүүлөргө да сырттан гана байкоочу болдук. Азыр эми Келдибековдун Бакиевдерге жолугуп жаткандыгын айтып, жазышууда. Бирок мен ага ишенбейм. Ахматбек Курманбек Бакиев менен жакшы болчу. Бирок Максим менен жакшы эмес эле.
Ал эми Президент менен спикердин тирешүүсү туура эмес. Өлкөнүн башындагы адамдардын тирешкени дүйнө коомчулугуна уят кыла турган жорук. Катардагы жарандар эмес. Иш бөлмөдө эле сүйлөшүп ала турган маселени маалымат каражаттарындагы кайым айтышууга айлантып жиберишти. Бул, албетте, Кыргызстандын аброюна шек келтирчү иш болуп кетти. Эки жак тең өздөрүн карманышып, мындайга барбашы керек болчу.
- Келдибековдун бюджеттин акчаларын оңду-солду чачып, сыртка болгон "эс алуулары" жөнүндө кандай ойдосуз?
- Ушул маселе боюнча ар кимдин көз карашы, өздөрү туура деп эсептеген баалуулуктары болот тура. Жеке мен мамлекеттеги биринчи кызмат адамдары өзүн карапайым элге жакын алып жүрүшү керек деп эсептейм. Тилекке каршы, кээ бирлер сыртка чыкканда сага болгон сый, урмат, көбүрөөк көңүл буруу болсо, бул мамлекеттин аброюна, имиджине оң таасирин тийгизет деп ойлошот экен. Минтип ойлогон саясатчылар бизде аз эмес. Ошо ойлорго жетеленишип, сыртка чыкканда бүтүндөй адамдардын тобун ээрчитип алат. Менимче, биздин төрага ушундай ойлогондордун катарында окшойт...
- Сиз спикер болсоңуз өзүңүздү башкача алып жүрөт элем деп кепилдик бере аласызбы?
- Мага андай кепилдикти берүүнүн кажети жок. Себеби мен спикер болгондо өз ишимди көрсөткөнмүн. Биринчиден, мен чет өлкөгө да, Кыргызстандын ичинде да жөнөкөй рейстик самолеттор менен экономкласста учуп жүрчүмүн. Мени менен бар болгону же бир жан сакчы, же бир жардамчы барчу. Эң биринчи өзүмдүн ишимди Жогорку Кеңештин аппаратынын айлык маянасын Өкмөттүн аппараты менен теңөөдөн, депутаттардын ишине шарт түзүүдөн баштагам. Өзүм машинаны да алмаштырган эмесмин, "семейкам" да болгон эмес. Шайлоочуларым менен жолугушууга барганда ашып кетсе 2 машина менен барчумун, эч кандай кошумча күзөт же милиция кызматкерлерин ээрчитпей. Ошондой эле принциптерди Улуттук банктын төрагасы болгондо, каржы министри болгондо карманчумун.
- Ташиев, Келдибековдор Москвада Айдар Акаев менен жолугуп, шайлоого колдоо иретинде андан 500 миң доллар алгандыгын Нариман Түлеев айтып чыкты. Ушул чынбы? Эгер ошондой болсо, ушуну билип туруп "Ата-Журт" аркылуу депутат болуп келдиңиздерби?
- Мен муну жакында Нариман Түлеев айтып чыкканда гана билдим. Ага чейин билген эмесмин. Бул боюнча Нариман менен сүйлөшө элекмин. Өзүм көрбөгөндөн кийин чынбы, төгүнбү айта албайм. "Ата-Журт" аркылуу депутаттыкка келген жөнүндө айтсам, чындыгында бизге башка партиялардан алдыңкы орундарды беришкен. Кийин бизге айтып жатышпайбы, силер дайыма бийлик тарапта жүрөсүңөр деп. Мен Нариманга биз бийликке каршы тарапта деле оңой эле жүрө аларыбызды көрсөтүп коелучу дедим. Ал кезде бийликке эң катуу каршы жүргөн "Ата-Журт" болчу. Ошентип, "Ата-Журтка" кошулганбыз. Мында түштүк-түндүк факторун да эске алганбыз.
- Шайлоонун 2-туруна чыгууга ишеним барбы? Сизди кимдер колдойт? Москва колдойбу?
- Бир да саясатчы аны кимдер колдоп жаткандыгын айта албайт. Эгерде айтып жатса, анда апыртууда. Айтып чыккандан кийин аны эч ким колдобой калышы мүмкүн. Бул саясаттын табияты. Жашырбайм, спикер, Улуттук банктын төрагасы, эки ирет каржы министри, бир нече жолу депутат болгондугума байланыштуу эл аралык уюмдарда, Москвада, башка өлкөлөрдө тааныштарым, жоро-жолдошторум аз эмес. Өзүм Москвадан окудум. Ошондуктан колдогондор көп деп айта алам.
Кээ бирлердин мени Путин, Назарбаев же дагы башкасы колдоп жатат деп айткандары таң калтырат. Путин чоң өлкөнүн башчысы катары дүйнөдөгү маселелерге кызыгып, баш оорутуп турат. Кыргызстанга ким президент болору анын күнүмдүк иши эмес. Албетте, шайлоодо ким жеңишке жетишерине, Россияга көзү түз адамдын келерине кызыкпай койбойт. Бирок тигил же бул адамды президенттикке алып келүү саясатын жүргүзбөйт. Андай кылса, туура эмес болот. Себеби биз өз алдынча мамлекетпиз.
- Алдыдагы шайлоо жыйынтыгына сырткы өлкөлөрдүн таасири болушу мүмкүнбү?
- Сөзсүз болот. Азыр чет өлкөнүн таасирине дуушар болбогон мамлекет жок. Ошол эле АКШнын экономикалык саясатына Россия, Кытай сыяктуу ири өлкөлөр таасирин тийгизет.
- Шайлоодо утуш үчүн канча акча керек? Сиз шайлоого акчаны кайдан аласыз?
- Канча акча керектиги шайлоо боюнча Кодексте 50 млн. сом деп көрсөтүлгөн. Бир да талапкер андан ашык акча сарптай албайт. Эгерде андан ашык пайдаланса, аны шайлоо жарышынан алып койгонго мыйзам уруксат берет. Ал эми бул акчаны табуу маселе эмес. Өзүмдүн мүмкүнчүлүгүм жетишет. Мен байлыгымды, мүлкүмдү декларацияларда айрымдардай кедейге, байкушка айланбастан ачык көрсөтүп келатам. Бай эле адам экенимди жашырган эмесмин.
- Айрымдар шайлоо кампаниясын ойдогудай өткөрүү үчүн 25 млн. доллар керек деп жатышпайбы?..
- Өткөндө мага бир салмактуу саясатчы айтат. Шайлоого катышып, жеңишке жетишүү үчүн 40 млн. доллар керек экен, мен ошону топтоп жатам деп. Мен 50 млн. сомдон ашык пайдалана албайсың, калганын эмне кыласың, элге таратып бересиңби деп сурадым. Балким, формалдуу эмес түрдө акча сарпталып, 50 млн. сомдон ашып кетиши мүмкүн.

(Уландысы 8-бетте)