Асал, асал дегенден оозуң ширин болбойт

Кыргызстандын алтын кендери чет элдиктерге жем болууда

Жалпысынан алганда Кыргызстанда 1000ге чукул алтын кени бар. Мамлекеттин балансында турган 48 кендин жетөөсү иштетилип атат. Булар - Кумтөр, Макмал, Солтон-Сары, Тереккан, Кара-Казыкта эки участок, Долпран. Ал эми Жерүй, Талды-Булак, Иштанберди, Андаш өңдүү 29 кен чалгындалып даяр, бирок иштетилбей турат. Эң башкысы, Кыргызстан айрым чоң кендерин үлүш албай туруп чет элдиктерге карматып ийип, биздин алтын чет жакка үзгүлтүксүз ташылууда.

Жерүй 20 жылдан бери колдон колго өтүүдө
Жерүй кени 1964-жылы ачылган. 74 тонна запасы бар. Аны иштетүүгө 1989-1990-жылдары уруксат берилген. Союз тарап кеткенден кийин каражаттын жоктугунан казылбай токтоп калып, Кыргыз тоо-кен комбинатынын карамагына өткөн. Андан соң аны америкалык "Мордзен гнудзен" деген фирма алган. 4-5 жыл кармап, бирок ишке киргизбегенден кийин өкмөт аны канадалыктарга берген. Алар дагы иштете албагандан кийин "Оксус" деген англиялык фирма алган. Бул фирманын аракеттеринин негизинде 2006-жылы кен ишке кириши керек эле. Бирок, кандайдыр бир себептер менен өкмөт кенди швейцариялык "Глобал голд" деген тоо-кен ишканага берип коюшкан. Кийин алар "Казак глобал голд" деген казак компанияга сатып жиберген. Азыркы күндө ким инвестор экени белгисиз. Даяр кенди мына ушинтип 20 жылдан бери иштете албай келебиз.

Андаштын багы качан ачылат?
Бул кен 1962-жылы Кыргызстан геологдору тарабынан ачылган. Жалпы запасында 19 тонна алтын, 70 миң тонна жез бар. Бул кенди иштетебиз деп 1994-1997-жылдары "Ала Тоо Голд Майнинг" компаниясы изилдеп чыгат да, бирок рентабелдүүлүгү жетишсиз деген себеп менен иштебей кетип калган. 2004-жылы "Аурум Майнинг Компаниясы" деген англиялык компания келип, эсептеп чыгып, иштетмей болушат. Бул үчүн Кыргызстанга алар 2005-жылы "Андаш Майнинг Компани" деген фирма түзүшкөн. Бирок жергиликтүү жарандар менен келише албай, алар "Кентөр Майнинг" компаниясына сатып жиберген. Иликтөөлөргө ылайык, "Кентөр Майнинг" Кыргызстанда 97-жылдан бери эле иштеп келген компаниялардын бири. Бирок ушул кезге чейин жергиликтүү эл менен тил табыша албай, жергиликтүү тургундар инвесторлорду кенге киргизбей келишет.

Малайзиялыктар кеткенден бери тыптынч
Талды-Булак сол жээк кени Чүй областында жайгашкан. Изилденген кенинде 70 тоннадан ашык алтыны бар, такталбаган кени дагы ушунча көлөмдү түзөт. Ошондо кем дегенде, жалпы запасында 130-150 тонна алтын бар. Муну дагы алгач малайзиялык бир компанияга бере коюп, белгисиз себептерден улам алар иштетүүдөн баш тартып коюшкан. Андан соң Казакстандын бир компаниясына берилген. Алар жаңы эле иштеп баштаганда 2009-жылы өкмөт кайра алардын ишмердүүлүгүн токтотуп койгон. Ошол бойдон бул кен иштебей турат.






Орозбек ДҮЙШЕЕВ,
Кыргыз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын жетекчиси:
"Кыргызстан үлүш албай алтын кендерин чет элдиктерге берип салган"
- Кыргызстанда "Жерүй" сыяктуу бир топ даяр кендер иштебей туруптур. Эмнеге мындай болуп атат?
- Тоо өнөр жайы боюнча жакшыраак бир уюм түзүлүп, адистерди иштетсе жакшы болор эле. Бул маселе боюнча биз, Кыргыз тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясы Акаевге да, Бакиевге да кайрылганбыз. Бирок эч кандай майнап жок. Анын ордуна баарын бир министрлик кылып түзүп салышты, боткосу чыгып калды. Кийинки убактарда тоо-кен тармагына көңүл бурулбаганынан улам көптөгөн фирмаларга кен казууга лицензиялар берилип кетти. Бул фирмаларда Кыргызстандын үлүшү такыр жок. Көпчүлүк кендер кытайларга берилип кеткен. Биз кендердин Кытайларга берилишине каршыбыз. Анткени алар экологияга көңүл бурбайт экен.
- Үлүшүбүз жок болсо эмнеге берип жатабыз?
- Бизге алтын каза турган комбинаттарды курат деп жатабыз. Салык төлөшөт. Бирок казылган алтындан Кыргызстан эч кандай пайда көрбөйт.
- Бул берилген лицензиялар кайра кайтарылды деген маалымат бар эмеспи?
- Президент Отунбаеванын буйругу менен бул лицензияларды текшерген атайын комиссия түзүлгөн дагы, алар текшерип көргөндө бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышкан. Ошон үчүн азыр лицензия берүүнү токтотуп туруу керек деген бүтүмгө келишкен. Бирок комиссиянын чечимдерин өкмөт аткарган жок. Баарынын лицензиясын бир убакта алып салган да туура эмес. Анткени алардын арасында жакшы иштеп аткандары деле бар да. Анан алар бизди, тескерисинче, сотко берип утуп алышы деле ыктымал. Ошондуктан биз лицензия берерден мурда терең изилдешибиз керек.
- Лицензияны ким берет?
- Табигый ресурстар министрлигинде атайын лицензия бере турган комиссия бар. Жакында эле ал комиссиянын курамы жаңыланды, бирок алардын арасында бул тармактагы адистер жок. Ошон үчүн азыркы тапта да лицензиялардын таза жол менен берилип атканынан күмөнүм бар.