Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кубат ОСМОНБЕТОВ, геология илимдеринин доктору:
"Канча алтын сыртка кетип атканы тууралуу юридикалык документ жок"
- Алтын өндүрүү боюнча Орто Азияда үчилтикке кирерибиз чынбы?
- КМШ боюнча алтын запасы, казып алуу жагынан 3-орунда турабыз. Россия, Өзбекстан, Кыргызстан. Жакында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев "биз жакынкы беш жылда 70 тонна алтын казып алабыз" деп айтып атат. Мен билген геологиялык изилдөөлөр боюнча, мынчалык көлөмдө казып ала турган кени жок. Болгон кендерин казып алып коюшту.
- Алтын боюнча биздин мамлекет кандай саясат жүргүзүп атат?
- Тийиштүү министрликтерде канча жетекчи алмашты. Келгенде да адис эмес кишилер келип, лицензияларды көрүнгөндөргө берип жиберди. Лицензиянын саны 1500гө жетти. Анан жаңы министр Замирбек Эсенаманов келип, бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, берилген лицензиялардын баарын кайра кайтарып алышты. Бул туура кадам болду деп ойлойм. Лицензия жаңы министр келгенден бери депутаттардан, коомдук уюмдардан, УКК кызматкерлеринен түзүлгөн комиссиянын жыйынтыгы менен берилип калыптыр. Бирок комиссиянын курамында геологдор жок экен. Ушул комиссияга адис адамдардан кошсо деген тилегим бар. Андан сырткары, "Жер астындагы кендер тууралуу" мыйзамынын 5 варианты бар, аны Жогорку Кеңештин депутаттары жакшы иликтеп, мыйзам иштегидей кылып, 20 жылдык кемчиликтерибизди эске алуу менен жаңы мыйзам кабыл алуу керек. Анан дагы ушул тармакта жакшы кадрларды даярдоо керек.
- Дүйнөлүк рынокто алтындын баасы өсүп жатат. Ошондо бизге да пайда түшүп атабы?
- Бизде бааларды эч ким көзөмөлгө албайт. Мисалы, Табигый ресурстар министрлиги, Экономиканы тескөө министрлиги көзөмөлдөгөн жок. Анан дагы канча алтын сыртка кетип атканы тууралуу юридикалык документ жок, эч ким көзөмөлдөбөйт. Ал болбосо, мисалы, Кумтөрдөн алтын өндүрүлгөндөн кийин "Кыргызалтын" алат да, ошолор сатат. Бөлөк мамлекеттерде алтынды сатып алуу, сатуу Улуттук Банк менен баалуу металлдар жана баалуулуктар боюнча комитет деген бар, ошолор аркылуу жүргүзүлөт. Андай башкармалык минфиндин астында бизде деле бар, 20 жылдан бери эмне иш менен алектенгени белгисиз. Кумтөрдөн эле 250 тонна алтын өндүрүлүп атса, эмне үчүн Улуттук Банктын алтын валюталык фондуна жок дегенде 5 тонна алтынды сактап кое албайбыз? Бизде болсо 1 млрд. 600 млн. долларлык алтын-валюталык резерв бар деген маалымат бар, анын ичинен 1,5 тоннасы алтын деп айтышат. Макмалдан, Солтон-Сарыдан, Тереккандан дагы майда-чүйдө кендерден алтын алабыз, анын баарынын эсебин ким алат? Макмалдан, Солтон-Сарыдан, Тереккандан деле алтын уурдалып жатпайбы?
- Кыргызстандын алтындары кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатабы?
- Алтын Кыргызстандын элинин кызыкчылыгына иштеп атканы өтө сезилбейт. Кумтөрдү желек кылып алып, Жети-Өгүз, Тоң райондоруна жардам бергенин эсептейбиз. Алар эми даяр кенге келип иштеп жатышат да.

Кыргыз
алтынынын тарыхы

1968-жылы кыргыз геологдору Терекканда алтындын запасы бар экенин айтып, бирок аны мамлекеттик баланска өткөрө албай коюшкан. Буга туура эмес методика менен иштегени себеп болгон. Москва ал кезде "Кыргызстанда көмүр, суу, сымап, сурьма бар, бирок алтын жок" деген пикирде болушкан. Ошонун негизинде, Кыргызстандагы алтынга көп көңүл бурулчу эмес. Алтын кенин чалгындоого көп акча жумшалчу эмес. Болгону 1 млн. 700 миң рубль бөлүнө турган. Муну геологдор ары чоюп да, бери чоюп да жеткире алчу эмес.
Андан кийин 1975-жылы "Макмал" кенин "жакшы" деген баага коргоп, 50 тонналык запасы бар экенин аныкташкан. 1986-жылдан тартып алтын чыгарган комбинат иштеп баштаган. Ошондо гана Советтер Союзу Кыргызстандан алтын чыгарына көздөрү жетип, Кыргызстандын геологдору алдаган эмес экен деп, алтынды чалгындоого 15 млн. рубль акча бөлгөн. Анын артынан ошентип Талды-Булак, Жерүй, Кумтөр кендери ачылды. Ошентип, Советтер Союзу ураганга чейин 24 таштагы кен бекилип, запасы эсептелинди (Бул 24 кендин кайсыл аймакта жайгашканын картадан караңыз).
Советтер Союзунун убагында кендин алдын ала чалгындаган прогнозунун 20%дан ашыгы такталбаса, он жылга чейин соттолуп кетчү. Ошон үчүн геологдор так прогноздорду берчү.
Алтын чыгарып аткан мамлекет болгонубуз менен ювелирдик буюм жасагандардын ассоциациясы өзүбүздөн алтын-күмүш ала албайт. Советтер Союзунун учурунда мындай ишкерлерге атайын квоталар берилчү. Жакында вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов бул маселени чечүүнү убада кылган болчу, бирок али дайын жок.

Даярдаган
Дилбар АЛИМОВА




кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??