Айтты да, эй!

ОПГ жок оңой дем алып калдык, туугандар!
Мирослав Ниязов, экс-"Бүтүн Кыргызстанчы":
"Мен Мадумаровдун партиясынан чыгып кеткенмин. Азыр бир дагы партиянын мүчөсү эмесмин. Байланган иттей болбой, өзүмдү эркин сезип жүргөнүм дурус экен" 29.07.2011, "Ачык саясат"
"Dе-факто":
- Эми жакшылап ойлонуп туруп өлкөдөгү 200дөй партиянын 200 миңдей байланган иттей болуп жүргөндөрүн чогултуп "Байланбастар" партиясын түзүп көрөсүзбү, айтор, шашылыңыз, убакыт аз калды....

Токтайым Үмөталиева,
КР президенттигине талапкер:
"Менин добуштарымды канчалык аз кылып жазып коюшса да алар ошончо саз добуштар" 27.08.11,
"Кереге"
"Dе-факто":
- Уктуңарбы, бу шайлоонун жаңы эрежеси! Он дипломдуу добуш 30 диплому жокко барабар. Так что, кишинин саны дей бербей сапаты менен да утса болот. Маладесс, Токтош эже!

Болот Шамшиев,
кинорежиссер, Бакиевдин
экс-идеологу:
"Акаев кинематографияга акча бөлмөк түгүл, маданиятты түшүнчү эмес. Ал эми Курманбек Бакиев интеллигенттүү киши. Ал эч качан катуу чараларды көргүсү келбейт. Ошон үчүн митингчилер анысын пайдаланып жатат" 30.03.2007, "Фергана.ру"
"Dе-факто":
- Жакшы жашап, жакшы карыгандар кашайып жакшы кино тарталбайт экен. Ал эми баарысы жакшы болуп, а жакшы карылык келбей койсочу...? "Жок, мындай бүткөн кино жакпайт мага" деген экен...

Осмонбек Артыкбаев, "Кыргызалтын" МАКсынын президенти:
"Кумтөрдүн алтыны эле 2024-жылга чейин, керек болсо андан ашык жылдарга чейин жетет" 28.04.11, "Асман инфо"
"Dе-факто":
- Мына сага деп дагы 20 жыл кошуп койсоңуз, Осмон мырза, эшектер кантип байыганын эсептей албай отурсун!

Өмүрбек Суваналиев,
КР президенттигине
талапкер:
"Мына ошондо аянттагы боз үйдүн түндүгүн тебелеп сындырган генералдар бүгүн эмне болду? Кээ бири каза болду, кээ бири майып болуп кудайга жалынып отурат..." 28.07.11, "Кереге"
"Dе-факто":
- Ошон үчүн жолдош генералдар аянтта митинг башталчу болсо сразу эл тарапка өткүлө. Бийликтин генералы атыкпагыла.

Чолпон Жакупова,
"Адилет" укуктук клиника башчысы:
"Өлкөбүз мурда региондорго, кландарга бөлүнүп келсе, эми болсо революционер жана революционер эместер болуп бөлүнүп баратат" 10.02.11, "Айгай"
"Dе-факто":
- ...анан аял-эркек болуп бөлүнөбүз, кодолор, анан куркулар болуп бөлүнөбүз, муруту бар, анан муруту жок болуп, камогу бар-камогу жок болуп, акыры тажаганда кайра түндүк-түштүк болуп, айтор, бөлүнөбүз, анан өлүнөбүз, анан лүнөбүз, үнөбүз, нөбүз, өбүз, бүз, үз, з... анан жокпуз.

Исхак Масалиев, Кыргызстан коммунисттер партиясынын экс-лидери:
"40 жашка чейин патриархат, андан кийин матриархат деп коет экен го, сиздин үйдө кандай? И.Масалиев: "Эркектер чычалап кеткенибиз менен кийинчерээк баары бир байбичеси башкарып калат. Мен азырынча тоскоолдук кылып атам. Бирок элементтер пайда болуп атат" 19.05.2011, "Асман пресс"
"Dе-факто":
- Баягы СССР кулагандай экен да бу жаштыгың дагы. Таангөрү, ошол кез эле зор эле… деп эңсеп жашай бергендей...

Ибрагим Жунусов,
"Ак-Жолдун" экс-депутаты:
"Азыр биздин уй, кой, жылкыларыбыз, иши кылып эле кыргыз өлбөсө экен деп кудайга жалынып калган дешет. Айрым өлгөн жерде 5 жылкы, 20 койго чейин союлат экен да" 5.03.2009, Жогорку Кеңеште
"Dе-факто":
- Биздин уй, кой, жылкыларыбыз, а тургай өлкөнүн кадрдык саясатына да боздоп ыйлашат экен да, тобоо!


Зарылбек Рысалиев, КР ИИМ министри:
"Бүгүн бизнесмендердин баары ОПГ жок оңой дем алып калдык деп ыраазы болуп атышат" 29.07.11, "Азаттык"
"Dе-факто":
- Заман мынча бат өзгөрдү деп биз дагы кошо сүйүнүп отурабыз! Эми аягына чейин сынбай турсаңар экен деп тилеп атабыз. А тиги тизилген кылмыш сводкасы ал былжырай бербейби... туурабы министр аке.

Даярдаган
Баястан Аскаров