Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Зарема Эшманбетова:
"Нарындык болгону менен этке жулунбайт"

Нариман Түлеев:
"Фигурамды сактайм да"


"Нариман жумушта талапты катуу койгон, кырс жетекчи болгону менен үйдө жумшак адам" дейт жубайы Зарема Эшманбетова. Экөөнүн баш кошконуна 10 жылдын жүзү болуп, 2 баланы тарбиялап атышат. Маек учурунда өткөн-кеткен окуяларды эстеп, тамаша аралаштыра сүйлөп атышты.

- Экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?
Зарема: - "Айсберг" диско клубунан таанышканбыз. Бул Наримандын алгачкы бизнес долбоорлорунун бири болчу.
- Колуңузду кантип сурады эле?
Зарема: - Үч жыл бою артыман калбай жүрдү. Бирок күйөөм романтик эмес. Ошондуктан укмуштуу сүйүү окуяларыбызды деле айтып бере албайм.
Нариман: - Мен романтик эмесминби? Койсоңчу. Сенин жүрөгүңдү багындырам деп сатып алган гүлдөргө эле канча акча кетти?
Зарема: - Бирок көңүлүмдү жакшы эле алды. Гүлдөрдүн эң кымбатын белек кылчу.
Нариман: - Мени романтик эмес дейт, мен мунун туулган күнүн Парижде өткөрүп бергем. Эйфель мунарасынын жанында бир ресторан бар экен. Француздар өздөрү 1 жыл мурун кезекке турушуп, араң киришет. А мен эч кезексиз эле кирип, туулган күндүк белек кылгам да.
Зарема: - Мени ошонусу менен таң калтырган. Француз тилин билбей туруп, ресторандагылар менен кантип сүйлөшкөнүн түшүнгөн эмесмин. Ал күндү такыр унута албайм.
Нариман: - Француз тилин билбесем да сен үчүн дилин таптым да. Бул киргенде музыканттар ордунан туруп, орустун "Калинкасын" ырдап беришти. Бул эмне романтика эмеспи, айткылачы?
Зарема: - Бул деле романтика. Бирок көбүнчө прагматиксиң. Аз кылса да сапаттуу кылат.
Нариман: - Ии, ошентсең.
Зарема: - Парижден келип, апамдын алдына барып колумду сураган.
Нариман: - Ошондой жакшы окуялардан кийин жок деп айта албайт да, туурабы?
Зарема: - Бирок макул болууга убакыт жетип калган. Ага чейин 3 жыл бири-бирибизди жакшы таанып жүрдүк да. Нариман мени сүйөөрүн далилдеп бергенге жетишкен. Анан расмий түрдө баш коштук. Балдар төрөлдү.
- Зарема, жолдошуңуз балдардын тарбиясына толук кандуу катышабы?
Зарема: - Ага убакыт аз. Дем алыш күндөрү эле көрүшпөсө, иш күндөрү балдар атасынан эрте кетишип, бул жумуштан келгиче уктап калышат. Кез-кезде Нариман балдар менен шахмат же компьютердик оюндарды ойногонго убакыт табат. Кандай ата экенин айтсам, балдарды катуу кармайт. Эркек балдарга, балким, ошондой эле тарбия керектир. Бирок мен жумшакмын.
- Экөөңөр таарынышып кеткенде ким биринчи кадамга барат?
Зарема: - Нариман дайыма биринчи кечирим сурайт. Мен таарынсам жумалап бултуюп жүрө беришим мүмкүн. Бирок бул бат жазылат.
- Зарема, жолдошуңуз үйдө кандай адам?
Зарема: - Жумуштан аябай талапты катуу койгон, кырс жетекчи болгону менен үйдөн аябай жумшак. Кээде кол алдында иштегендер аябай таң калышат. Майда-чүйдөгө кийлигишпейт, тамак тандабайт. Нарындык болгону менен этке көп жулунбайт. Андан көрө жеңил, жашылчадан жасалган тамактарды жакшы көрөт.
Нариман: - Фигураны сактайм да (күлүп).
- Жолдошуңуз менен таанышканда байлыгы кызыктырды беле?
Нариман: - Ал жагы дагы болгон дебейсиңби (күлүп)?
Зарема: - Бай дегенде анын акчасына каалаган нерсемди кылам деген ой болгон жок. Бай болсо, демек, тапкыч, мээси иштеген, эмгекчил адам дегенди түшүндүрөт. Биз, аялдар, ар тараптан өзүбүздөн күчтүү эркекти издейбиз да. Бул ген менен берилчү нерсе. Ооба, ошол убакта "бай болсо, демек, мени күнүмдүк көр оокаттан куткарууга мүмкүнчүлүгү бар. Мен аял катары балдарыма, өзүмө кам көргөнгө убактым кеңири болот" деп ойлонгом.
- Үй жумуштарына жардам берген учурлар болобу?
Зарема: - Жок, дарбыз кескенди эле билет (күлүп).
Нариман: - Андан башка эч нерсе кылбаймынбы?
Зарема: - Эмне кылдың, айтчы?
Нариман: - Бул эми мындай да. Эки күн мурун Өмүрбек Суваналиевге жолугуп, сөөмөйү жооруп кеткенин көрдүм. Сурасам, бир жумадан бери экзаменге даярданып күнү-түнү жазып атыптыр. Анан айтат "биз жетекчи болуп жүрүп, кагаз да жазбай көнүп калганыбызды карачы" деп. Мен мэрликтен кеткенде Москвага бардык. Келинчегим менен дүкөнгө барганда баштыктарды көтөрүш керек болот. Ошондо мага азап болду да. Бирөө көтөрүп жүрүп жаман көнүпмүн да. Ошондо жардамчымды эстедим. Үйгө отуруп ойлондум, "кудай урбадыбы, мен 15-20 жыл мурда ким элем? 4 жыл чиновник болсом эле кара жумуш кылбай ак кол болуп каламбы?" деп кайра бизнеске киришкем. Пендебиз да. Өйдө-ылдыйга тез көнөбүз. Ошон үчүн сен мени жөн эле жамандай бербе.
Зарема: - Бирок мунун мага үй жумуштарын жасаганы зарыл эмес. Колуман келгенин өзүм жасайм, келбегендерин чакыртып жасатканга мыкты адистер бар го.
- Жолдошуңузга СМС жазып, тийишип жүргөн айымдарды байкап калсаңыз, кандай кадам кыласыз?
Нариман: - Анда өлдүм да. Чоң белекке жыгылып калам (күлүп).
Зарема: - Мага, тескерисинче, күйөөмдү дагы башка аял жактырганы жагат. Демек, бул жакшы эркек. Негизгиси жолдошум тетири жолго барбаса болду.
- Кимиңерде кызганыч көбүрөк?
Нариман: - Мен кызганамбы?
Зарема: - Ооба да. Мисалы, 2 сааттан ашык курбуларым менен отуруп калсам, толтура СМС жазат. Үйдө жалгыз отура албайт. Жалгыздыкка, ачкалыкка, суукка чыдамы жок.
- Эс алууңар кандай өтөт?
Нариман: - Быйыл биринчи жолу үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлгө барып эс алып келдик. Азыр болсо Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп атам. Биротоло экзаменге да даярданып алайын деп. Өзүм негизи орус мектепти бүтүп, университетти да орусча окугам да. Бирок азыр кыргыз мектепти бүткөн талапкерлер деле 1 барак жазсам, 11 ката табылды деп атышат.
- Үй жасалгасы кандай болорун ким чечет?
Нариман: - Жаңы буюм аларда мен карап турам, эгер жакса унчукпайм, жакпаса өзүмдүкүн айтып талашам. Бирок бул киши такыр моюн бербейт.
- Келинчегиңиз кайсы тамакты жакшы жасайт?
Нариман: - Бардык тамактарды эле жасайт, бирок мен тамак тандабайм.
Зарема: - Чет өлкөгө барганда ресторанга кирип, башка элдин тамактарын жегиң келет да. А мында андай кызыгуу жок. Билген тамактарынан алыс кетпейт.
- Кайын-журтка кандай күйөө баласыз?
Нариман: - Ушул тууралуу бир окуя айтып берейинчи. Аялы менен 20 жыл жашаган бир теңтуш бала айтып атат: "аялым мага өз кишидей, мен да анын ата-энесине баласындай болуп калгам деп ойлочумун. Бир жолу кайненем келгенинен жөн эле текшерип көрөйүн дедим. Кытайдан алып келген тыңшоочу аппаратты коюп сыртка чыксам, аялым менен кайненем ой-даа мени шыбап атышат. Өз кишим деп жүргөн аялыма аябай таң калдым" дейт досум. Мен да ошондой аппарат алып койсомбу деп атам.
Зарема: - (Күлүп) Бул жагынан жолдуумун. Күйөөм менен ата-энем жакшы мамиледе.
- Жолдошуңуздун кийимдерин ким тандайт?
Зарема: - Мени менен кеңешет. Бирок көпчүлүгүн өзү сатып алат. Өзгөчө аксессуарларга басым жасайт. Туфлилери меникинен көп. Мунусу жакшы дечи. Чыныгы эркек өзүнө кам көрүп, сапаттуу кийиниш керек деген ойдомун.
- Негизи саясатчынын аялы болгон кандай экен?
Зарема: - Чынын айтсам, корком. Саясатчынын аялы болсоң эркиндигиңди курмандыкка чаласың. Дайыма жансакчылар ээрчип жүрөт. Балдар эркин ойной албайт. Элдин көңүл борборунда болосуң. Башкалардай сейилдеп же кинотеатрга бара албай калат экенсиң.
- Президенттикке талапкерлигин коер алдында сиз менен кеңештиби?
Зарема: - Ооба. Мен аны жубайы катары ар дайым колдойм. Бирок жан дүйнөмдө Наримандын саясатта жүргөнүн каалабайм. Мага "Кыргыз темиржолду" жетектеп турган кези жакчу. Үйгө саат алтыда келчү, жумасына 2 күн эс алып, убактысынын көбү биз менен өтчү. Саясатка кызыкчу эмес.
- Келинчегиңиздин кайсы сапатын жактырасыз?
Нариман: - Ойлонуп көрүш керек экен. Бирок аккөңүлдүгүн сыйлайм.
Зарема: - Балким, Нариман айтуудан тартынып атса керек. Мен мунун сынчысымын. Бардык чындыкты бетине айтам. Жетекчи болгондон кийин кол алдындагылар мактай беришет экен. Адам мактоого көнсө, чындыкты көрбөй калышы мүмкүн. Мен болгон нерсени ачык айтып, "ылдый" тартып турам.
Нариман: - 7-апрелдеги революция болорун 1 ай мурун билген. Ага чейин "туура эмес бийликке бекер бардың, аягы жаман болот, кетип кал" деп кулак-мээмди жеп салган. Саясатка кийлигишпейм, болгону туулуп-өскөн Бишкегибизди эле оңдоп, өнүктүрөйүн десем да болчу эмес. Кийин убакыт өтүп, шаар көрктөнө баштаганда, ишенип, бир аз тынчып калган. "Жакшы иштеп атыптырсың" деген мактоосун да уккам. Мындай чоң сынчы далыга таптап атса сүйүнөт экенсиң.

Бегимай БАКАШЕВА







ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"
ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования
ggle_v


Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алия Бактыбек:
Парламент коом жана бизнестин кызыкчылыктары үчүн иштей баштады

Алия Бактыбек:
Парламент и общество ищут пути…

Алия Тонова:
Жогорку Кеңештин депутатына 7000 жумушчу кайрылды…

Жамалбек Ырсалиев:
Темирбек Асанбековдун жомогу…

Пресс-служба
Ассоциации "Дордой":
Опровержение…

Жамиля ОРМУШЕВА:
Бразилия - новый партнер Кыргызстана…

Асылкан ШАЙНАЗАРОВА:
Жизнь, когда кости -
по 25 сомов за кг…
Кому на Руси, то есть, в KG жить хорошо?
Новая тема со старыми фигурантами
или особенности кыргызской политики
Эпатаж кыргызской политики
Вицелер парады же жумуртканы күздө санайбызбы?
"Единый Кыргызстан" ("Бүтүн Кыргызстан") един с Вячеславом Ханом?!

Кармыштегин
Макелек Өмүрбай уулу,
профессор...
"Кыргылчалдын балдары",
оозуңду тарт…

Нуркулов Канат, журналист...
"Социалдык багыттагы" көбүртүлгөн өлкө бюджети
"Социально-ориентированнный" бюджет страны с воздушными цифрами
Кыргызстандын жыртык капчыгы
же өлкө казынасын кантип толтурууга болот?
Дырявая казна Кыргызстана
или как можно пополнить бюджет страны?

Айбек Усенов
Имперский гнёт продолжается

Баймуратова Нурила...
Кыргыз Республикасынын Президенти
Отунбаева Роза Исаковнага

Мелис Эшимканов...
...кесиптештерин коноктоду.

Кабул Юлдашев:
"Я всем сердцем люблю мой Кыргызстан!"

Министрликтин жообу:
Жаңы министрликтин жообу

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Асыран Айдаралиев:
"БАНДИТ" АЖO

подполковник
Т.Сусунбаев:
Токтогулдун милициясы ИИМдин буйругун аткарбагандыктан
дисциплиналык жазасын алды.
Сотрудники милиции Сузакского района будут нести ответственность за утери табельного оружия

Жумаш Назаров:
Кочкор-Ата коркунучтабы?

Турсунали Толомушов:
Жаңы министрликтин жаш кадрларынын жоруктары

Майрам АКАЕВА...
Үмүттүн шооласы үзүлбөйт
Президенттин жарынын жазгандары
Экинчи китеп...

Академик
Аскар АКАЕВ...
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын жолугушуусунда доклад жасады...
Торжественный вечер, посвященный
Л.Н. Гумилеву...

Академик
Аскар АКАЕВге...:
Орустар алтын медаль беришиптир...

Aidai Masylkanova:
Улуумания
Кызык, эмне болуп жатат деги….?

Кыргыз атуулу:
Кыргызстандын жарандарына жасалган мыйзам ченемсиз эксперименттер

Аскар Акаев:
В Кыргызстане многие еще только ждут своего часа

Кабыл Шабданов
Кара-Буура Куловго нааразы

Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?



bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования