Жума собол

Кыргызстан чек арасын Путиндин колуна тапшырабы?

Алмаз Атамбаевдин орусиялык "Известия" басылмасына берген маеги коомчулукта кайчы пикирлерди жаратты. Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкө чек аралары Россия менен биргеликте кайтарыларын билдиргендигине азыр коомдо ар кыл ойлор айтылууда. Буга карата серепчилердин пикирин ортого салабыз.

Орозбек Молдалиев, серепчи:
- Бажы биримдигине кирсек, экономикалык чек аралар жоюлат, ал эми аскерий чек аралар башка мамлекеттердикин текшерип өткөргөн эрежеси менен кала берет. ... Алар түзүлөт, кагазга жазылат, парламенттен ратификация болуп чечилмейин, "бул маселе мындай болот", - деп айтыш кыйын.
Россия "чек араңарды биз кайтарып берели" деп көптөн бери эле сунуш кылып жатат, бирок кезегинде кайтарбай кетип калганда бизге бир топ кыйын болгон, андыктан бул ойлонуп туруп чече турган маселе.

Мирослав Ниязов, коопсуздук кеңешинин экс-катчысы:
-Бул жерде Бажы биримдиги болуп жатпайбы. Жок, биргеликте кайтарууга алынбайт. Бул туура эмес, балким, чек арачылар келишим менен иштеши мүмкүн. Эгемендүү, көз карандысыз мамлекет болгондон кийин өзүбүз эле кайтарышыбыз керек. Тышкы саясат ички саясаттын логика жолу менен уландысы болот да. А бизде ички саясатыбыз жок болгондон кийин баары эле адаштырып, ошол эле Акаев, ошол эле Бакиев, азыр Атамбаев... Тышкы саясатты кылдаттык менен жүргүзүшүбүз зарыл эле. Эмне ойлосок, ошону айта беребиз.

Токтогул Какчекеев, саясат таануучу:
-Бул туура нерсе, анткени Бажы биримдигине киргенде мамлекеттик чек ара менен экономикалык чек ара бир болот. Ошого карата РФ экономикалык мейкиндигин сакташ үчүн ага кирген мамлекеттердин аскери менен кошо өзүнүкүн да коёт. Бул бизге жакшы натыйжа берет. Бүгүнкү бизде турган чабал Чек ара кызматына бир топ жардам болот. Чабалдыгынан уча албай жатат, көп кылмыш болуп жатат, үлгүрө албай жатат. Бул кызмат тиешелүү деңгээлде иштесе, анда эмне үчүн Афганистандан келген апийим тонналап Кыргызстандан кармалып жатат? Бизге керек болсо сырткы эле эмес, ичкисин да жакшылап кайтарсак жакшы болот эле...

Токон Мамытов, ЖК депутаты:
-Бажы союзуна кирүү бүгүн-эртең эле ишке аша калчу нерсе эмес. Эгер биз ага кирсек, анда Бажы союзуна кирген мамлекеттердин чек арасы болуп Кыргызстан эсептелет. Азыр эми журналисттер түшүнбөй эле чуу чыгарып атасыңар. Чек араны орустардын жоокерлери автомат көтөрүп келип кайтарбайт. Биз өзүбүз эле кайтарабыз. Алар бизге техникалык жактан жардам берип турат. Анын эмнеси жаман? Диний экстремизмге, контрабандага каршы бирге күрөшөбүз. Азыр эми бул тууралуу сөз кылуу эрте. Биринчи бажы союзуна киреличи.

Артур Медетбеков, УКМК башчысынын экс-орун басары:
- Биринчиден, Кыргызстандын чек арасын кыргыз, орус чегарачылары биргелешип кайтарат деген мыйзамга туура келбеген нерсе. Себеби Россия өз чегарачыларын Кыргызстанга жибериш үчүн атайын мыйзам кабыл алып, Мамдумада каралып, президент өзү кол коюш керек. Менимче, Алмазбек Атамбаев үч мамлекет түзгөн Евразиялык-экономикалык союзга кирүүнүн аракетинде туура эмес оюн айтып алды окшойт. Россиянын чегарачылары Кыргызстандын чек арасын кайтарат деген бул чоң жаңылышуу жана бул өтө татаал нерсе.

Аликбек Жекшенкулов, "Акыйкат" партиясынын лидери:
- Өзүңөр билгендей, Бажы союзуна киргенге чейин эле 90-жылдарга чейин кыргыз чек араларын Россия чегарачылары кайтарып жүргөн. Кийин кыргыз чегарачыларына өткөрүп берген. Ошондон ушуга чейин алар бизге кеңешчи, байкоочу катары иштеп келатышат. Өзбекстан менен Кыргызстан чегарачылар ортосунда ар кандай инциденттер болуп атпайбы. Эгер Бажы союзуна кирсек, Россия чегарачылары биздин бажы, чек ара кызматкерлерибиз менен тыгыз байланышып, чек арадагы чыр-чатактар азаят.
Суроо салган
Нургүл Максутова,
Санжи Туйтунова,
Мелис Совет уулу