Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Умай менен Улукман

Олжобай Жумагулов, медицина илимдеринин доктору, профессор:
"Катаракта - терезени жапкандай, күңүрттүк каптагандай оору"

Жарык дүйнөнүн көркү көз менен ачылат. Көзүң көрбөсө анда ар тарабың -туңгуюк, караңгылык. Көздүн түзүлүшүн карасак фотоаппараттай нерсе экен. "Фотоаппараттын схемасын көздөн алган", - дейт медицина илимдеринин доктору, профессор Олжобай Жумагулов, 30 жылдан бери бул тармактын адиси. Медицинадагы кандидаттыкты, докторлукту Москвадагы атактуу Г. Гельмгольц атындагы окуу жайынан жактаган. Кыргызстанда көзгө хрусталь салуу ыкмасын дагы ушул адам киргизген. Кийинки кездери көз оорулары көбөйдү. Анын ичинен катаракта, глаукома ж.б. оорулар. Бул оорулар туурасында агайдын өз оозунан угалы.

- Көздүн катаракта оорусу эмнеден улам пайда болот?
- Жашы өткөндөрдө, айрыкча 60 жаштан кийин чач агара баштаганда бул оору көбүрөөк кездешет. Алдагы турган терезе парданы жаап коелучу. Караңгылык каптап калды. Дал ушул көрүнүштөй болуп, көздү ак нерсе каптап, көз тунара баштайт. Бул оору башталганда жакынды, алысты көрбөй калат. Каректи ак нерсе каптап калат. Бул көбүнесе адамга керектүү витаминдер азайганда, жаш өткөн сайын организмде болгон өзгөрүүлөрдөн улам же жаракат алганда, зат алмашуу бузулганда, кант диабети, өпкөсү, боору ооруса, тамеки көп тартса, бийик тоодо жашагандарда, начар тамактанганда, күн тийип же кар жааганда иштегендерге тез пайда болот.
- Көп ыйлагандан да болобу?
- Адам көп ыйлаганда стресс болот. Стресс болгондо мээ куушурулат. Мээ ооруса көз да ооруйт. Көзгө да таасир берет.
- Операциясы жок дарылоо жолу менен айыктырууга болобу?
- Катарактага операциядан башка жол жок. Операцияда көздөгү чечекей алынып, ордуна жасалма тунук чечекей, орусча айтканда "хрусталь" салынат. Ага болбой эле операциясыз айыгабыз деп ар кандай жолдорго барышат. Элдик табыптарга кайрылышат. Мага бир оорулуу кайрылды. Көзү ооруганынан айылындагы элдик табып аялга кайрылыптыр. Ал аял болсо "сүф-сүф" деп башын, көзүн тебелеп, дарылоо акысына 20 миң сом акча алыптыр. Оорулуунун көзү айыкпай эле күчөп кеткенинен бизге келиптир. Көзүнүн тамыры жарылып кетиптир. Элдик табыпты сотко берем деп жулунган бойдон кетти.
- Көзүн операцияга бербей создуктуруп жүрө бергендер эмне болот?
- Убагында операция жасатпай жүрө берүүдөн чечекей эзилип, көз глаукома оорусуна өтүп кетет. Глаукома көздүн эң кыйын оорусу. Көздүн басымы жогорулап кетет. Көз соолуп калат. Азиздикке алып келет.
- Көздүн глаукома оорусун коркунучтуу дешет?
- Бул көздүн кан басымынын көтөрүлүшү. Тукум куучу оору болуп эсептелинет. Эгер эне глаукома менен жабыр тартса, анда балага да өтүп кетүү коркунучу бар. Глаукоманын эки түрү бар. Биринчиси - ачык бурчтуу түрү. Буга чалдыкканда билинбей жүрүп күч ала берет. Анда-санда гана баш ооруйт. Экинчиси - жабык бурчтуу түрү. Мында башты катуу оорутат. Приступ карматат. Бул түрүндө тезирээк операцияга берүү керек. Мурун союз убагында ар бир жарандын көз басымы тез-тез өлчөнүп турчу. Ар бир кырк жаштан өткөн адам жок дегенде жылына бир жолу көздүн басымын текшертип, ооруну алдын-алып туруусу керек.
- Катаракта, глаукомага чалдыккандардын саны кандай?
- Ар бир 1000 адамды алсак, алардын 7,8%ы бул дартка чалдыккандар. Салыштырып түшүндүрсөк, мындай: жарым кап буудай турат. Чычкан түбүн тешип бирден ташый берет. Ташый берет. Качан түгөнөйүн дегенде бир билебиз. Глаукома дагы ошондой. Көздүн тегерегиндеги миллиондогон нерв клеткалары билинбей күн сайын өлө берет. Бир күнү глаукоманын акыркы баскычына жетип калганда гана билебиз.
- Миопия жана гиперметропия оорулары кандай?
- Алысты начар көрүүсү "миопия" деп аталса, жакынды начар көрүүсү "гиперметропия" болот. Учурда айлана-чөйрөнүн таза эместиги, туура эмес тамактануу, компьютерде көп иштегендер, телевизорду жакындан көрүп, китепти көп окугандар жогоруда айтылган ооруларга чалдыгышы мүмкүн. Анткени компьютер көздү талытат, чарчатат, бара-бара начар көрүүсүнө алып келет. Бир гана көзгө эмес, мээни кургатып, адамдын энергиясын алып, алсыз кылат. Компьютерден көздүн чел кабыгы жабыр тартып, көрүү начарлай баштайт. Ошондуктан биринчи учурда компьютерден сактоочу көз айнек тагынуу керек. Көздүн булчуңдары талыганда, көзгө күч келгенде бул оорулар пайда болот.




Шааркан Жусупбекова, Улуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүнүн дарыгери:
"Ачка жүрүп, башаламан тамактанып ашказанды бузбагыла!"

Кургак жана башаламан тамактануу, ачка жүрүү гастрит, панкреатит, ашказан-ичеги жолдорунун өнөкөт ооруларына алып барууда. Айрыкча, жаштар бул дартка көп чалдыгышууда. Боор оорулары дагы эң оор дарттардын катарына кирип, адам өмүрүнө корунуч алып келген дарт. Гастроэнтеролог, 30 жылдан бери жогорудагы дарттар менен күрөшүп, нечендеген бейтаптарга өмүр тартуулаган Шааркан Жусупбекова эже менен дарыгерлик кесиби жана аталган дарттар тууралуу маек курдук.

- Дарыгерлик кесипке кандайча кайрылып калдыңыз?
- Менин атам дагы, апам дагы өмүр бою дарыгерлик кесипти аркалаган адамдар. Ошого байланыштуубу секелек кезимден эле кичинекей врач кыз болуп чоңойдум. Ойногондо куурчактарыма дары берип, укол сайып ойночумун. Бойго жеткенде кесип тандоо оорчулукка деле турбады. Медициналык институтту 1982-жылы аяктадым. Алгач Аламүдүн районуна караштуу ооруканада иш жолумду баштасам, 1988-жылдан бери Улуттук госпиталдын гастроэнтерология бөлүмүндө эмгектенип келем.
- Сиз эмгектенген гастроэнтерология бөлүмүнө кандай оорулуулар кайрылышат?
- Боор, ашказан, ичеги, уйку бези, өт оорулары менен ооругандарды карайбыз. Азыркы учурда алыскы райондордо, биздин бөлүмдүн дарыгерлери жокко эсе. Ооруга чалдыккандардын көпчүлүгү алыскы райондордон келишет. Бир жылда бул дарттарга чалдыккан 2000дей адам бизге кайрылышат.
Бул оорулардын ичинен көпчүлүгү боор оорусуна чалдыккан бейтаптар. Мунун баарына турмуш-шартыбыздын, социалдык абалыбыздын төмөндүгү себепкер. Боордун цирроз оорусуна көпчүлүк убакта ичимдикти көп ичкен адамдар чалдыгат. Бул оорудан айыгуу өтө оор. Анан дагы жугуштуу оору. Тиш тазалатууга барабызбы, же башка жайда болобу өзүбүзгө сак болушубуз керек. Бир жолу колдонулуучу шприц, кайнатылган медициналык жабдыктар колдонулбаса бул ооруну жуктуруп алуу коркунучу бар. Ошондой эле кан аркылуу жугуу коркунучу да бар.
- Ашказан жарасына чалдыккандар да көппү? Бул дарт эмнеден улам пайда болот?
- Ашказандын жарасы мезгилдин оорусу. Ал айрыкча жазында же күзүндө күч алат. Ашказанда жаранын пайда болушун ар кайсы бактериялар шарттайт. Медиктердин тилинде, алар хеликобактер деп айтылат. Алар ашказандагы, он эки эли ичегидеги жаранын пайда болушунун себепкери болушат. Социалдык абалыбыздын начардыгынан улам көчөдөн гамбургер, фастфуд менен туура эмес тамактанышат. Айрыкча жаштар эртели-кеч ачка жүрө берип, ашказанды жабыркатышат. Ашказанда көп кычкыл пайда болгондо, мисалы, арак, шарап ж.б. ичимдиктерин, газдалган сууларды, суусундуктарды ичкенде кычкылдар көбөйөт.
- Дарылоону кантип жүргүзөсүздөр?
- Бейтаптар кайрылганда, анын ­оорусуна карап дарылайбыз. Ар кимдин иммунитети, организми ар башка. Ооруну да ар кандай көтөрүшөт. Мисалы, бир эле ашказан жарасы он кишиде он түрдүү болот. Биз мындай учурларда оорулуунун жашына, ашказан жарасынын көлөмүнө, жайгашкан жерине карайбыз. Ашказан жарасы менен кайрылган бейтапты дарылоодо, биринчи ирет ашказандагы жарасын пайда кылган бактерияны жоготобуз.
Ашказан жарасынын баскычтары бар. Ошого жараша дарылоо жүргүзөбүз. Таптакыр күч алып кеткенде операция жолуна барабыз.
- Жанатан бери сизден кароодон өтүүгө кезек күткөн адамдардын көптүгүнө таң калдым. Чарчадыңызбы?
- Ар бир кайрылган бейтап үмүт менен эшик оозунда турат. Алардын назарын сындыргыбыз келбей бейтаптарды кабыл ала берип, акырында сүйлөөгө алыбыз келбей кыйналып калабыз. Бул чарчоолор ар бир иш күнүнүн акырында кайталанат.
- Дарыгер катары жүрөгүңүздү эмнелер оорутат?
- Ар бир бейтапты жүрөгүң аркылуу өткөрүп дарылайсың. Алар кыйналса биз дагы кыйналабыз. Алардын кейигени биздин кейигенибиз. Дарылары кымбат. Жеңил-желпи айрым бир дарылар эле акысыз берилип калбаса, калганынын баарын өздөрү сатып алышат. Жүрөк оорутаар дагы бир нерсе, бейтаптардын көпчүлүгү он гүлүнүн бири ачыла элек жаштар экендиги.

Бетти даярдаган
Жамиля Таштанбекова






кыргыз тилиндеги гезит "De-факто"









??.??