"Dе-факто" жазды эле
Кичи Памир кыргыздары кырылып баратат.

Жок дегенде балдарыбызды Кыргызстанга алып кеткиле деп суранышууда



Ооганстандагы памирлик кыргыздардын аянычтуу абалы, бийик тоодогу климаттык шарттын катаалдыгы, өзгөчө жаш балдар, энелер көз жумуп, алардын саны кескин кыскарып, кыргыздар жоголуу коркунучуна кептелип бараткандыгы тууралуу "Dе-факто" гезити бир нече ирет жаздык. "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун жетекчиси Гүлзат Болотованын маеги жана фоторепортаждар дагы жарыяланган эле. Памирлик кыргыздар "балдарыбыздын убалына калгыбыз келбейт, жок дегенде балдарды Кыргызстанга алып кеткиле" деп айткандары зээнди кейитет. Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров бул боюнча Жогорку Кеңеште маселе көтөргөн. 3-февралда "Республика" фракциясынын жыйынында Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү боюнча 2012-жылдын бюджетинен кошумча каражат кароо жагы каралды.

3-февралда Жогорку Кеңештин "Республика" фракциясынын жыйынында кичи памирликтерге жардам берүү маселеси көтөрүлдү. 2012-жылдын бюджет долбооруна кичи памирликтерди Кыргызстанга көчүрүп келүүгө кошумча каражат кароо сунушталды. Ал жыйынга "Кыргыз бутагы" коомдук фондунун жана "Замандаш" ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Бул боюнча депутат Мирлан Бакиров маалыматтарды алып чыгып, кичи памирликтерди көчүрүп келүү демилгесин айтып чыкты. 2011-жылы Кыргызстанда 3834 киши "кайрылман" макамын алган болсо, ушул жыл башындагы маалымат боюнча жарандыгы жок 9 миң адам жашайт.
"Кыргыз бутагы" коомдук фонду тастыктаган маалыматтарга караганда, кичи памирликтер өздөрүн 2000дей деп эсептешсе, алардын санагы боюнча 720 гана кыргыз калгандыгы өкүнүчтүү. КР Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун качкындар боюнча өкүлчүлүгүнө Кичи Памир кыргыздарын көчүрүп келүү тууралуу маселе койгону да белгилүү.
Финансы министринин орун басары ­Арзыбек Кожошев министрлик кичи памирлик кыргыздарды көчүрүп келүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин, болжол менен ал иштерге 20 миллион сом керектелерин белгилеп жатат.
Эгер кичи памирликтерди көчүрүп келүү маселеси боюнча мамлекеттик деңгээлде, Бириккен Улуттар Уюму аркылуу маселе чечилип кала турган болсо, жардам беребиз деген кыргызстандыктар, чет өлкөдө иштеген журтташтарыбыз да чыгып, алар биздин гезитке чалышууда. Талкууларга караганда, кичи памирликтерге маселе бир жаңсыл болгончо материалдык жардам берүү, жаш балдардын маселесин чечүү, ириде жаш балдарды окууга алып келүү сыяктуу эң биринчиден жасала турган жардамдар тууралуу сөз болууда.
Ангыча каалоочулар "Кыргыз бутагы" коомдук фонду ачкан, кичи памирликтерге жардам берүү эсебине каражат которушса болот.

"Dе-факто" гезитинин редакциясынан:
"Кыргыз бутагы" коомдук фонду Ооганстандагы Памир кыргыздарына жардам берүү боюнча эсеп ачты. Ал мындай:


Кыргыз бутагы.
ОАО РСК банк эсеп: 1299001900065220
БИК 129001
Сурап-билүү телефондору: 0556 44-21-80
0772 96-14-61
0312 48 31 97

Келгиле, катаал шартта жашаган Ооганстандагы боордош кыргыздарды колдоп, колубуздан келген каражат-көмөгүбүздү көрсөтөлү!




Жаныбек Өмүралиев, шаар тургуну :

"Кичи Памирге жашоого мени жибергиле!"


- Жаныбек, сиз Кичи Памирге барып жашайм деп жаткан экенсиз?
- Ал жактагы кыргыздардын жашоосу тууралуу окуп алып, абдан капа болуп кейидим. Юмор-сюмор жазчу элем, аллам оозуман түшүп "Кайдагы юмор, мен ошол жакка керек экенмин" деп калдым. Мени өкмөт ошол жакка жиберсин, маселе чечилгиче мен үй-бүлөм менен барып жашап, ал жактагы балдарды кыргызча окутайын деп жатам. Менин чын дилден аларга жардам берүү ниетим бар. Мен алардын катаал шартына чыдап берем, мени жибергиле!

Кичи памирликтерге кыргызстандык окурмандардын көпчүлүгү боор тартып, моралдык колдоосун көрсөтүп, ушундай демилгелер менен чыгып жатышат. Ал эми парламент өкмөттүк деңгээлде бул маселени иликтеген мамлекеттик комиссия түзүлүшүн сунуш кылууда.

Айгүл Бакеева



"ММКлар аймактарды өнүктүрүү жөнүндө" сынагы


"Сорос-Кыргызстан" Фонду (СКФ) "Массалык маалымат каражаттарын колдоо" программасынын алкагында Кыргыз Республикасынын аймактарды өнүктүрүү жана алардын өнүгүүсүнө кошкон салымы жөнүндө басылмаларда темалык беттерди басып чыгаруу, телекөрсөтүүлөрдү жана радиоберүүлөрдү даярдоо боюнча Кыргыз Республикасындагы ММК арасында атаандаштык сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн, жарыялана турган материалдардын (телекөрсөтүүлөрдүн жана радиоберүүлөрдүн алдын-ала сценарийлери, басылмалардагы темалык беттердин концепциялары) моделинин жана форматынын баяндамасы камтылган, аймактарды өнүктүрүү темалары боюнча тең салмакталган материалдарды жарыялоонун мурдагы тажрыйбасын колдонуу менен, аталган темаларды туруктуу чагылдыруунун жол-жоболору көрсөтүлгөн өтүнүч билдирмеси сунуш кылынууга тийиш.
Долбоордук сунуштар СКФ бекиткен операциялык өтүнүч билдирмесинин үлгүсүнө ылайык түзүлүүгө жана "Массалык маалымат каражаттарын колдоо" программасы үчүн" деген эскертүүсү менен басылма жана электрондук түрдө 2012-жылдын 24-февралынын 17.00гө чейин көрсөтүлүүгө тийиш. Өтүнүч билдирменин үлгүсүн ­
http://soros.kg/?p=11474&lang=kg шилтемесинен көчүрүп алсаңыз болот.
Талапкерлерди тандоонун жүрүшүндө өлкөнүн чөлкөмдөрүндөгү ММК, жамааттык радиого, ошондой эле эки жана андан көп тилдерде маалымат тараткан массалык маалымат каражаттарына артыкчылык берилет.
Сынак аркылуу тандалып алынган жеңүүчүлөр менен аймактарды өнүктүрүү темаларына арналган атайын медиа материалдарды даярдоо боюнча келишим түзүлөт.
Долбоордук сунуштарды кабыл алуу жана тандоо жол-жоболору:
Толтурулган өтүнүч билдирмени жана аны коштогон документтерди билдирүүчү уюм:
СКФ кеңсесине тапшыра алат же чапталган конвертте, долбоордун аталышын көрсөтүп жана "Массалык маалымдоо каражаттарын колдоо" программасы үчүн" деген эскертүүсү менен, почта аркылуу: 720040, Бишкек ш., Я.Логвиненко көчөсү, 55-а, "Сорос-Кыргызстан" Фонду дарегине жөнөтө алат;
Өтүнүч билдирменин электрондук түрүн жана сканерлеп көчүрүлгөн коштоочу документтерди
ekarakulova@soros.kg электрондук почта дарегине жибере алат;
Өтүнүч билдирмелер кыргыз жана орус тилдеринде күндө, дем алыш жана майрам күндөрдөн тышкары, 09.00-17.00 аралыгында (13.00-14.00гө чейин түшкү тыныгуу) камтылган мөөнөттө 2012-жылдын 24-февралына чейин кабыл алынат.
Өтүнүч билдирмеде көрсөтүлгөн каржылоо $ 10 000 (он миң) АКШ доллар көлөмүндө чектелет.
Документтердин толук эмес жыйнагы, ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин келип түшкөн өтүнүч билдирмелер каттоого кабыл алынбайт жана каралбайт.
Кабыл алынган өтүнүч билдирмелер боюнча ой-пикирлер айтылбайт жана алар кайтарылып берилбейт.

Байланыштагы кызматкер:
"Массалык маалымдоо каражаттарын колдоо" программасынын директору Элина Каракулова, электрондук почта дареги: ekarakulova@soros.kg