Көркөм адабий китептер!


Жумгалдын ак куулары

Кожомкул балбан Мыскалдын талантын биринчи көргөн



Суусамырлык балбан, баатыр Кожомкул кара күчтүн эле дөөсү эмес, билимдүү, коомдук ишмер дагы болгон. Ал айылдык кеңештин төрагасы болуп иштеп турганда өнөрлүү жаштарды өздүк көркөм чыгармачылыгына тарта баштайт. Арасынан өзгөчө таланттууларын иргеп, алгач областтык, андан ары республикалык кароого жиберет. Мыскалдын үнү күчтүү экенин отузунчу жылдары биринчи ошол киши баамдаптыр. Ошентип кадимки Кожомкул балбан ырчы Мыскал Өмүрканованын тагдырында маанилүү роль ойногон.

1958-жылы болуп өткөн Москвадагы кыргыз искусствосунун экинчи декадасы болуп өтөт. Бирок Мыскалдын ырдаган жери ага кирбей, техникалык жактан жараксыз болуп калган. Бактыга жараша, кинематографисттер акылдуулук кылып, кесилген пленканы ыргытпай, тазалап, үнүн жаздырып сактап коюшкан экен. Кийин таланттуу режиссер (Жусуп Турусбековдун кызы - ред.) Лилия Турусбекова кино тартып жатканда аны архивден таап алып катуу кубанган. Айрыкча анын аткаруусундагы "Алымкан", "Кыз Жибекти" угуп, абдан толкунданып, толугу менен фильмге киргизет. Аткаруу ыкмасы уникалдуу ал ырларды ошол маалда эч ким уга элек болот. Качан гана даректүү тасма жарык көргөндө "Алымкандын" бир нотасын эки мүнөт созуп ырдаган Мыскал Өмүрканованын кадырын билишкен экен. Таланттуу режиссер Лилия Турусбекова өзү болсо Мыскалды өтө жогору баалап, "кыргыздын Руслановасы" деп да баа берчү дешет.
Ырчынын күйөөсү Сагынаалы убагында чоң комузчу болуптур. Мыскал андан черткенди үйрөнүп, ошол кездеги аялдардын ичинен алгачкы болуп өзү комуз менен ырдап чыгыптыр. Ошентип искусстводо чоң жаңылык, бурулуш жасаган. Бирок бактылуу, өнөрлүү эки жаштын кендирин согуш кесет. Ырчынын күйөөсү майданга кетип, ошол бойдон кайтпай калат. Күйөөдөн жаш калса да мөгдөбөгөн, коңгуроо үндүү ­Мыскал филармонияда, залкарлар менен кыргыз жерин түрө кыдырып, эл сүйгөн ырчыга айланат. Анткен менен жогору жактагылар Мыскалдын талантына анчейин баа беришпейт. Анын репертуарына жаңы ырларды сунуштап, байытып турган режиссерлор да ошол кезде чыкпаптыр. Балким, ал үчүн обон, ыр жаратуу механизми болсо ким билет, кыргыз радиосунун алтын казынасында эмне деген керемет ырлар калмак. Таланты бааланбаганы аз келгенсип, кыргыздын маңдайына бир жаралган асылзат жеке турмушунан дагы аксайт. Социалдык жактан корголбой, жалгыз жүрүп 1976-жылы, 61 жашында дүйнөдөн кете берет. Сөөгүн Чоң-Арык айылынын батышындагы, ар улуттун аралаш көрүстөнүнө коюшат. Тилекке каршы, эмдигиче эстелиги жок.
Алтынай ТЕМИРОВА




Кайрандар
Бейшебай Усубалиев
ТЕРЕКТЕР
ЖЕ КОМУЗДУН ҮЧ КЫЛЫ
Умереть - это ещё не всё!
(Э.Хемингуэй)

Деле адамга түшүнүп болбойт: кээ бир адамдарга көп эле жолугасың, көп эле жолу алар менен чер жазышып сүйлөшкөндөй болосуң, бирок алар жөнүндө бир нерсе айтайын десең эле, айта турган эч нерсең жок болуп чыга келет. Ал эми кээ бир адамдар менен эзилишип деле сүйлөшпөйсүң, сүйлөшсөң да бир эле жолу сүйлөшкөнсүң, атүгүл таптакыр сүйлөшкөн да эмессиң, сыртынан эле билесиң, бирок алар карегиңде биротоло орноп калат да, сенин адам экениңди дайыма эскертип турат. Бүгүн анда кеп оролу ошолор жөнүндө.


(Уландысы. Башталышы өткөн санда. Биринчи бөлүгү "Көз" деп аталып, Байдылда Сарногоев тууралуу сөз болгон)

Трагедия
СССРдин кыйрай элек кези болсо керек эле, бирок кыйроого даярдалып жаткан. Ушундай кезеңдердин биринде ырай-пешенеси да оригиналдуу, баскан-турганы да, суроолору менен үнү да оригиналдуу, мен сыйлаган журналист Бейшенбек Бекешов менден интервью алып, ал телевизордон берилип кетти. Ушунун эртеси эле Асанкалый Керимбаевге капыл-тапыл жолугуп калдым. Мен Асакемди сыртынан эле билчүмүн, бир да жолу сүйлөшкөн эмесмин. Ал мага, негедир, керсейген, менменсинген, анан да кырс жигиттей туюла берчү. Асакем жайкала басып, менин бир жакшы таанышым менен келаткан экен. Алдынан чыгып, учурашып калдым. Таанышым мени тааныштырайын дедиби:
- Асаке, - деди ага кайрылып, - бу Бейшекем...
- Мен Бейшекемди жакшы билем, - деди Асакем корс эте, тигинин сөзүн үзүп. - Түндө эле интервьюсун уктум. Мага жакты, өзгөчө ойлору жакты, ушунчалык философиялуу...
Мен биресе ыраазы болуп, биресе таңдана тиктеп калдым. Анткени Асакемдин келбетин телевизордон көргөндө эле, негедир, бу киши телевизор деле көрбөсө керек деп ойлой берчүмүн. Асакем тиги таанышын унутуп калгандай, мени менен сүйлөшө баштады:
- Чын эле, мага ойлоруң абдан жакты. Өзгөчө философияң... Эми сен мага бир трагедиялуу ыр жазып бер. Обону даяр болуп калды окшойт. Сөзү эле жетпей жатат. Ушунчалык трагедиялуу болсун...
- Асаке, - дедим мен алактай. - Мен ыр жазбайм да. Жаза да албайм...
- Кандайча жаза да албайм? - деди Асакем таңдана. - Түндөгү философияңа трагедия кошкун да, анан аны ырга айландырып кой да... Билип атасыңбы, мага философиялуу трагедия керек.
Мен Асакемди карап туруп, аны аяп кеттим. Ал ыр жазуу менин колумдан келбестигине чын эле ишенбей жатты. "Кандай философиялык ойду айттым эле?" - дедим өзүмчө шыбырап. Таппадым. Жөн эле чыгармачылык жөнүндө сүйлөшкөндөй болдук эле.
Асакем мени жаш баладай аңырая карап, жооп күтүп туруптур. Мен андан кандайдыр бир жалындуу сезимди, анан да мага деген зор ишеничти даана туюп турдум.
- Анда ойлонуп көрөйүнчү, Асаке... - дедим ишенкирей бербегендей. - Ойлонуп көрөйүн...
Асакем башын ийкегилеп, ыраазы болуп кала берди. Мен эмнени ойлонуп көрмөк элем, ыр жазуу баары бир колумдан келмек эмес. Бул менин жөн эле Асакемдин демин суутуп, көңүлүн кайт кылып албайын деген гана далалатым болчу. Бирок, ошентсе да, ойлонуп да, ой чаргытып да көрдүм. Колумдан келбеди. Асакемди жөндөн-жөн үмүттөндүрүп койгонума өкүнүп жүрдүм. Ошондой күндөрдүн биринде Асакемдин үйүнүн жанынан ага капысынан жолугуп калдым. Баягы эле келбет, баягы эле салмактуулук, анан баягы эле маанайы пастык.
- Асаке, - дедим мен, учурашпай жатып. - Ойлонуп эле жатам, бирок колумдан келбей жатат... - Анан ал жашап жаткан үйдү биринчи көргөндөй, сүйүнүп кеттим. - Асаке, Асаке, сиз Шакем (Дүйшеев) менен бир үйдө турасыз да. Шакеме айтпайсызбы, ал катыра жазып берет да.
Асакем ырайын бырыштыра жүзүн буруп кетти да, анан бери бурулуп, башын чайкап койду:
- Мага философиялуу чыныгы трагедия керек...
Ушинтти да, үйүн көздөй басып кетти. Аны узата карап, шыбырап кала бердим: "Кара басканда кайдан жүрүп ойлонуп көрөйүн дедим эле. Деги философиялуу чыныгы трагедия дегендин өзү эмне?.."
Кийинки жолугушканыбызда анын көңүлү көтөрүңкү экен. Жылдызы жанып туруптур десем да болот.
- Жакында бир жарылыш болот, - деди ал мага ушунчалык ишенимдүү. - Көрөсүңөр, ушундай бир жарылуу болот... Мен Салижан Жигитовдун бир ырын таптым...
Көп өтпөй ырды да уктук. Салижан Жигитовдун атактуу "Элегиясы" экен. Бирок жарылуу болбой калды. Ал катардагы бир обондордой эле кабыл алынды. Анын үстүнө Салижан Жигитов бул ырын кайра-кайра иштеп, улам-улам ийлеп жатып, аны өзү эле обонго айландырып, обончулардын кийлигишүүсүн талап кылдырбай салган окшойт. Эми буга Теңирден бүткөн өзгөчө бир таланты бар, өзгөчө бир музыкалык билими бар жаңы муундагы бирөө келип эле, Салижан Жигитовду жеңе албаса, бүгүнкү обончуларыбыз аны ордунан козгой албайт көрүнөт окшойт.
Жарылуу болбой калганын Асакем өзү да айкын сезди окшойт. Кийин жолугушканыбызда ырымды уктуңбу деп да сурабады, философиялуу трагедия жөнүндө да ооз ачпады. Баягы кейпине келип калыптыр: көңүлү чөгүңкү, эч кимди кыртышы сүйбөгөнсүйт, эмнегедир буулугуп өзүнө өзү батпай турганы даана байкалып турат. Ошондо бул жарыкчылыкта өзү эле жалгыз калгандай үшкүрүнө бир кекенип алган эле:
- Бир трагедия чыгарыш керек... Чыныгы...
Чынымды айтайын, мен Асакемдин трагедиялуу эмес ырын уга элекмин. Баары эле трагедияга чыланып калгандай. Ошолордун ичинде көп ырдалбай жүргөн бир ыры бар, сөзү Омор Султановдуку. Ырдын атын билбеймин, бирок "Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги" - деген Асакемдин үнү жаңырганда эле, бүт дүйнөдөгү трагедияны жутуп алгандай болот. Анан Асакем дагы кандай чыныгы трагедияны издеп жүргөнүн билбеймин, жарылып эле кетпесе, Асакем ушул обондон өткөн трагедияны таба алат беле!
Кайран Асакем, өтө жаш кетти. Анын өлгөнүн укканда, менин ичимден кан өтүп кетти. Жерди муштап-муштап алдым:
- Сен трагедия издебей эле, өз ажалыңды издеп жүргөн турбайсыңбы!..

(Уландысы кийинки санда. Үчүнчү бөлүгү "Көрүнгөн" деп аталып, Какен Алмазбеков тууралуу болмокчу)







Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар