Көркөм адабий китептер!


Күлүмкан Асаналиева, Алик Акималиевдин жубайы:

"Атасы жөнүндө жакшы гана сөз уксак дейт балдарым..."


- Эже, Алик агай "менин үй-бүлөм бар десем да болот, жок десем да болот" деп айтса, биз ажырашып кеткен экен деп ойлоппуз...
- "Идиш аяк кагышат" дегендей, кагышкан күндөр болгон. Аликтин кенебестигинен улам эле урушуп калбасак, ал мага кол көтөрүп, мен таарынып төркүнүмө кетип калган күндөр болгон жок. "Төркүнүңө сөз ташыбай, төш ташыган келин бол" деген сыяктуу жакшы кеңештерин айтып, апам жакшы тарбия берген. Алик экөөбүз отуз жыл бирге жашап, эки уул, бир кыздуу болдук. Экинчи уулубуз үйлөнүп, эки неберелүү кылган. Неберелерин абдан жакшы көрчү. Небелерибиз да ага аябай жакын болчу. Азыркыга чейин "атам качан келет?" деп сурай беришет. Бир заматта атабыздан ажырап, аңгырап олтуруп калдык. Буга чейин кирди-чыкты болуп, элдин көпчүлүгүнөн билбеппиз. Эми-эми жоктугу билинип жатат. Бөлмөсүнө кирип, ал кармаган нерсенин баары көзүбүзгө жакшы көрүнүп, ичибиз ачышып жатат. Аликтин китептерин, ырларын алган адамдарга чалып, чогултканга аракет кылып жатабыз. Алик жөнүндө жакшы гана сөз уксак дейт балдарым. Аларга азыр бардык нерсе катуу тийүүдө. Өткөндө "Бүбүкан Досалиеваны жакшы көргөн" деген сөз жазылып кетиптир, ошого улуу балам аябай терикти. "Аликти эскерчү сөздөр али алдыда. Атаңардын жоругун калемдештеринин баары жазып чыгат. Андыктан азыртан баарына даяр болгула",- дедим. Балдарым атасын аябай жакшы көрүшчү. Тун балабыз Сагын экөөбүз там салып жатканда, "акын деген өзүнчө жашаш керек. Силер мага жолтоо, мен силерге жолтоо болбошум керек" деп суранганынан улам, тынч ыр жазсын деп, балам үйгө улай өзүнчө бөлмө салып берген. Каалгабыз бөлөк болгондуктан ал канчада келип-кеткенин деле билчү эмеспиз. Анын үстүнө таң эрте жумушка кетчүмүн. Ошондон улам "эркинмин" десе керек.
- "Ачуум чукул болгондуктан далай идиш-аяктарды талкаладым. Бир жолу жапжаңы магнитофонду жерге ыргытсам, ал чачырап кеткен. Бир сааттан кийин келсем, калыбына келип, иштеп жатат. Көрсө, аялым оңдоп коюптур" деп айткан эле. Техника оңдоо жагына да шыгыңыз бар окшойт?
- Чынында эле далай идиш сындырган. Мени Алик ала качып кеткен кезде тажездем чоң болуп иштечү. Балыкчыдагы шаардык комитеттин 1-секретары болчу. Мени ала качып кетип, көпкө чейин дайынын билдирбегендиги үчүн деп Аликти университеттен чыгартып салган. Ошондо достору, курсташтарынын баары: "Окуудан чыгып кеттиң, эмне болдуң? Чоңдун кызын алып эмне кыласың?" - деп Аликти жемелешиптир. Бирок бир айдан кийин эле кайра окуусуна кирген. Ошол эле тажездем жыргаткан бизди. Дем алыш сайын барып, аябай көтөрүнүп келчүмүн. Биздин үйгө азыркы атактуу болуп калган достору көп келип, далай жолу даам сызышкан. Жолдошбек Зарлыкбеков менен Абдыманап Сариев көп жашады. Бир жолу алардын көзүнчө тажездем белекке берген хрусталь стакандарды сындырып салган. Мен аябай ыйлаганымды көрүп, эртеси эле досторум толтура стакан сатып келишкени эсимден кетпейт. Магнитофонду да иштетип койгонум чын. Алик эч нерсе кылбагандан кийин эркекке тиешелүү нерсенин баарын өзүм жасачумун. Ушул үйдү Сагын балам экөөбүз эле салдык. Кийинки балам Мики кичинекей болчу. Эшиктин алдына кум төгүп койсок, ошонун үстүндө эле Алик чалкалап жатчу. "Жардамдашпайсыңбы?"- деп ачуулансам, "Колумдан келбейт да. Мен силерди карап, сын айтып, ырымды жаза берейин да",- деп кайра бизди күлдүрчү. Чынында ыр жазып жүрүп эле өтүп кетти.
- Алик байкенин жоругу көп да. Калемдештери айтып, күлүп жүрүшөт. Кайсы бир жылдары "Аялым өлүп калды" деп аябай ыйласа, алар акча чогултуп берген турбайбы... Анда сиз кайда элеңиз?
- Калп айтпасам, ооруканада болушум керек эле. Машина сүзүп кетип, көпкө дарылангам. Көпкө көрүнбөй кеткенимден улам да калемдештери ошентип ойлосо керек. Негизи биз менен Аликтин иши жок болчу. Көрүнбөй калганымдан төркүнүмө чалса жокмун, өздөрү жакка чалса жокмун, анан оюна жаман нерсе кетип калса керек да. Андайда адамдын оюна жакшы нерсе келбейт го. Ал жоругун эң биринчи Бурул Карагуловадан уккам. Ал мени көрүп: "Сен тирүүсүңбү?"- деп чочуса, мен таң калгам. Көрсө, элдин баарына "аялым каза болуп калды" деп айткан экен да. Ошол жоругу ушундай элдин эсинде калган экен, азыркыга чейин айтып, күлүп калышат. Калемдештери, курсташтары Аликти ушундай жакшы көрүшкөн экен, карасын көтөрүп беришти. "Сен өлсөң сени төркүнүң көмөт, мен өлсөм мени эл көмөт, анткени мен элдик кишимин",- деген эле. Айтканындай эле болду, бизге жардам көрсөткөндөрдүн баарына үй-бүлөмдүн атынан ыраазычылык билдирем. Минтип эскерип жазып жаткан силерге да ырахмат.

Назира СААЛИЕВА








Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар