Акыркы маек
Алик Акималиев:

"Адам өзүнө ыраазы болгондо гана өлөт..."



"Эмки жылы 55ке чыгам. Юбилейимди мамлекеттик деңгээлде өткөрөм. 90 жашты тоголотуп барсам жаманбы..." деди эле бул баарлашуунун алдында. Чай үстүндө аябай бажырап, ачылып сүйлөп берген. Көрсө, ачылып маек берип отурган мүнөттөрдө каза болоруна туура бир ай гана калганын ким билиптир… Ошентип "бунтарь" акын 55ке жетпей калды. Күздүн акыркы айында, 25-ноябрда келбес жайга кете берди... Ушул айдын ортосунда Жазуучулар союзу Алик Акималиевдин эскерүү кечесин өткөргөнү турушат. Ошонун алдында биз дагы акынды эскерип, акыркы маегин дагы бир жолу берип коюуну туура көрүп отурабыз.
Алик Акималиев дервиш өңдөнүп, ээн-эркин жашады. Жада калса "үйүмө анда-санда барам, аман болсоң болду деп мени кое беришкен" деп атпайбы. Чын эле бир жаралган талант эле… Кайталангыс... Көзү тирүүсүндө көптөгөн диплом, грамоталар менен сыйланды: "Жоомарт" күмүш медалынын ээси жана "Жоомарт" атындагы республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты, КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Журналисттер союзунун мүчөсү эле. Алты китептин автору болду. "Көрүнбөс калканыч" аттуу жетинчи китеби даярдалып бүтүп, бирок жарык көрө элек эле...

- Агай, не деген залкар акын, жазуучулар менен чогуу иштеп, баарлашкан бактылуу адамсыз. Алардан эмне алып калдыңыз?
- Айтпа. Алар сөз баккан, сөз менен адамды жыга чапкан адамдар болчу. Мен алардан ушундай жагын үйрөндүм. Мен дагы сөздү таап жана каап сүйлөйм. Мени билген адамдар менден качат. "Алик дагы эмнени айтып, абийирибизди ачат" деп. Мидин Алыбаевдин бир жоругун айтып берейин. Мухтар Ауэзов менен жазуучулар бир дасторкондо отуруп, аны аракка кыйнап калышат. "Ичпейм, жүрөгүм ооруйт" - десе, Мидин: "Казакта өпкө турганда, жүрөктүн эмне кереги бар?" - дептир.
- Калемдештериңиз сизди "башында ырды жакшы жазган, кийин кошоматчылыкка өтүп кетти" деп калышат.
- Бул чындык, андыктан мойнума толугу менен алам. Көр-тирликтин айынан ушундай бурулуш болуп кетти. Үй-бүлө, бала-бакыраны багыш керек экен. Бирок мен ал жазылган ырларды поэзия деп эсептебейм. "Үчүнчү ырлар" деп коем. Анткени ал "левый" ырлар да.
- Китептериңизди көтөрүп алып чоңдордон көрүндүк чогултат турбайсызбы, эмнеге?
- Ооба, андай да адатым бар. Алар аз дегенде эле 100 доллардан беришкен. Кыдырганымдын себеби бар. Ал ырларда чоңдорду ойгото, ойлонто турган нерсе бар. Ошол поэзияны жазыш оңойго турган жок. Канча деген мезгилди кечип, мээнет менен жазылды.
- Акын кандай адам өзү?
- Акын - сезгич, басмырт,
же курч, же өктөм,
Тайманбайт ал президенттен,
желдеттен.
Ажыдарлар башын сөз
менен кыя чаап,
Акыйкатта кылыч болот
жалт эткен!

Кечирип кой, акында бар
ит кыял,
Акын - уяң, алсыз,
сейрек, жылдыз ал.
Коендон да коркок кээде элеңдеп,
Айбаттанса арстандан
сүрдүү ал.
- "Ит кыял" деп жатпайсызбы. Сиздин кыял да ошондойбу?
- Мен бала кыял боюнча калдым. Баладай тамак ичем. Баладай күлөм. Баладай сүйлөйм. Баладай уктайм. Баладай ишенчээкмин. Талаанын бала мышыгымын. "Жакшы адам баладай болот",- деген экен Лев Толстой. Демек, мен жакшы адаммын.
- Сиз дайыма өзүңүздү мактап, жогору көтөрүп жүрөсүз да?
- Мен китепти көп окудум. Дүйнөлүк ойчулдардын, акын, жазуучулардын жакшы сөздөрү менен жашап келатам. Алар адамды чөктүрбөйт. Мисалы, Шолохов: "Акын өзүн көтөрүп жүрүш керек. Өзүн гений деп эсептебеген акын - ал халтурщик акын",- дептир. Мен аны толугу менен колдойм.
- Демек, сиз өзүңүздү гений деп эсептейсиз?
- Жок, мен гений да, классик да эмесмин. Мен бунтармын. Бир нерсени бузуп, кайра жаратам. Менин устатым, гений акын - Рамис Рыскулов. Негизи поэзияга кирген эки эле акын болгон. Ал - Алыкул Осмонов жана Рамис Рыскулов.
Мен тескери жүргөн адаммын. 17 жашымда тескери ыр жазгам. 1974-жылы "Мен каалаган сүйүү" аттуу ырым биринчи жолу райондук гезит "Учкунга" жарыяланган.
"Жүрөгүмдү тынчытпай ойдолоп,
Кандай кыз түбөлүк жар болот?
Канткенде ал мага берилип,
Ал мени көрүүгө зар болот",- деп. (Көрдүңбү,- деп өзүнчө жыргап каткырып алып, андан ары сөзүн улантты.) - Башкалар "сүйөм, күйөм" десе, мен "ал мени сүйүш керек" деп жатпаймынбы... Ошондон бери тескери келатам. Эл арак ичпей калганда мен ичем. Эл иче баштаганда мен токтотуп коем. Эл аялына баш ийсе, мен баш ийбейм. Дүйнө өзү тескери да. Кыскасы, менин жашоом аары сыяктуу. Бал ташыган аарыдай болуп талаада эркин учуп жүрө берем.
- Каалаган гүлгө коном деңизчи...
- Жок, андай балээм жок.
- Бир эле гүлүңүз барбы?
- Үй-бүлөм бар десем да болот, жок десем да болот. Анда-санда гана барам. Тагыраагы барып келген мейманмын. Анткени алар: "Өлбөй-житпей аман келсең болду",- деп мени толук эркиндикке жиберишкен. Эркек аялына келип, "Тебе нужны деньги, а мне нужна любовь" деп кыйкырат эмеспи. Эркекке сүйүү керек болсо, аялга акча керек. Чынында аялыма ыраазымын. Ал мага жакшы эле чыдады...
- Канча уул-кыздын атасы, канча неберенин чоң атасы болдуңуз?
- Баласагын, Темирлан аттуу эки уулум бар. Үйлүү-жайлуу.Элнар, Эмир деген неберелерим бар. Эмирди элүү жашымда көрдүм. Эмир Сарпашевдин атынан кызым койгон. Бул адам менден жардамын аяган жок. Адамдын аты деле ырымдап коюлса, ошого оойт экен. Мисалы, Эмирим тың, тилинен чаң чыгат. Гений бала болот буюрса. Мен аны "американский мальчик" деп коем. Баягы мени ээрчип жүргөн кызым чоңоюп калган. Студент. Ошол кызымдагы аталык сүйүүм неберелериме өттү. Аларды аябай жакшы көрөм, алар да мени жакшы көрөт. Барганда аталап алдыман чуркап чыгышат.
- Биринчи никеңиздеги балаңыз менен катташасызбы?
- Катташам. Жоомарттан бир неберем бар. Анын атын Жоомарт Бөкөнбаевдин атынан койгом. Бул залкар адамга арнап ыр жазганда ­уулумду бир сабына кошо кеткем.
Жалбырттап акын ышкылуу,
Таңшык улар канаттуу.
Таңкаларлык таланттуу,
Тармал чач кыргыз Пушкини!
Ушундай акын болбосо да,
Ушундай адам болсун деп,
Уулума койгом ысмыңды",- деп.
- Сиз "үй-бүлөмө конокмун" деп жатасыз. Сурайын дегеним, ушундай жашоо сизге жагабы, ага ыраазысызбы?
- Ооба, жагат. Анткени мен эркинмин. "Адам өзүнө ыраазы болгондо гана өлөт" деп айткан менин биринчи мугалимим Сапен Ормонбекова. Анын сыңарындай, мен өзүмө ыраазы боло элекмин. Мен жашоомо жаңы бурулуш жасап жатам. Чалмакейди чалып, жашоодо көп жаңылган адам акылман болуп калат экен. Мен аны жонтерим менен сездим. Кудай да сүйгөн адамына сыноо жиберет экен. Мен турмушта көп сыноодон өттүм. Келээрки жылдын 19-ноябрында 55 жашка чыгам. Кудай буюрса, өкмөттүк деңгээлде өткөрсөм деп турам. Мен 9 деген числону жакшы көрөм. 19унда төрөлгөм, 9унда диплом алгам, 9унда армиядан келгем. Баары тогуз болгондон кийин Кудай мага 90 жашты берсе керек деп ойлоп жатам. Сүйүнбай Эралиевдей, Сооронбай Жусуевдей болуп 90ду тоголотуп барсам жаманбы?! Бул эки залкар менен чогуу иштегем. Азыр деле алар менен баарлашып турам. Экөө - тамагыма азык, жаныма казык адамдар.
- Аялзатынан чыккан акындардан кимди баалайсыз?
- Сагын Акматбекова, Фатима ­Абдалова, Айгүл Узакова жана Шербет Келдибекованы баалайм. Төрт кызда бир нерсе бар. Бирок булар дагы поэзиянын тереңине кире алышкан жок. "Аялдан акын чыкпайт, акын чыкса катуу чыгат",- деп Токтогул айтыптыр. Анын сыңарындай, аялдардан акын чыкса биз алардын чаңында эле калмакпыз. Поэзия жолунда эркекке караганда аялдын тагдыры оор болот. Үй-бүлө, бакыт, сүйүү жана башка көйгөйлөр көбөйүп, калемди жорголотууга жолтоо болот.
- Сиз үчүн байлык деген эмне?
- Ханда жок байлык менде бар,
Менде жок байлык элде бар.
Ырларым барда мен үчүн,
Миллиардер Сорос, Агахан,
Билл Гейтс дагы кембагал.

Билбеске макоо не чара?
Каталык жок эч ага.
Поэзиянын алдында,
Падышаң дагы мусапыр,
Падышаң дагы бечара.
Көрдүңбү, менин ырларымдын алдында бардыгы бир бечара. Менин бар байлыгым - ырларым.
- Уурулук кылып көрдүңүз беле?
- Кылгам. Мен кылбаган нерсе жок, баарын жасадым го. Бирок мен элге кереги жок нерселерди алчумун.
- Ал жаман адатыңыз артта калды да же илешип келатабы?
- Жок ай, артта калды. Мен азыр акты ак, көктү көк дей турган куракка келдим. Ыраматылык атам чачын алдырган сайын "мен жаңы адам болом" дей берчү эле. Мен дагы жаңы адам болдум. Аракты таштаганыма эки жыл болду. Аракты элден көп ичтим. Атактуулардын баары жашынып ичсе, мен ачык ичтим. Бир гана тамекини таштай албай келатам. Бул менин айрылгыс досум, сырдашым. Түрмөктөлгөн түтүндөрдөн жакшы ойлор жаралат, мыкты ыр жазылат. Бардык рахат, күтүлбөгөн көз ирмемден келген ойлор, үшкүрүк, күрсүнүүлөр тамекинин түбүндө болот.
- Ден соолукка зыян да?
- Ден соолугум таза экенин быйыл Воронцовкадагы санаторияда жатып, дыкат текшерилгенде билдим. Мен деген алп бала (5 кг. салмакта) болуп төрөлгөм. "Бөлүнүп-жарылып жатып төрөгөм" деп айткан апам. Кичинемде койдун майын шыбап, куйрук бере беришиптир. Көз тийип, кичинекей болуп калыпмын.
- Апаңызды сүйүнткөн учуруңуз болду беле?
- Апа деген балдарынын ар бир ийгилигине кубанат эмеспи. Мен толгон-токой сыйлыктар менен сыйландым, канча сыйлык алсам ошончо сүйүндү. А мен болсо ал сыйлыкты чыгармачыл бир адамга көңүл буруу катары гана кабылдачумун. Мына төшүмдө тагынып жүргөн "Жоомарт" күмүш медалын алганда да мени "Ала-Тоо" программасынан көрсөтүптүр. Аны айылдаштардын баары көрүп, апамды куттуктап барышса, сүйүнгөнүнөн ыйлаптыр. Бир кемпирди сүйүнтүп койгон сыйлык болду. Албетте, бул сыйлыктын башатын мен ачтым. Эки жылда бир берилүүчү сыйлык экен, кийинки ала турган калемдештерге ийгилик каалайм.
- Апаңыз канчага келип калды?
- Апам Болдукыз Субанова 82 жашта, 14 бала төрөгөн баатыр эне. 7-класста окуп жүргөндө апама арнап ыр жазгам. Ошол менин алгачкы ырым болчу. Адабияттан сабак берген Мамбет агай: "Эне жөнүндө сочинение жазып келгиле" деп калды. Аны мен ыр түрүндө жаздым. Анын бир куплети эсимде.
Узун өмүр, чың ден
соолук сиз каалап,
Чоңойтконсуз бизди
алтын апакем.
Ошол асыл эмгегиңди
мен баалап,
Алтындан бюстуңду жасайт элем" ,- деп жазгам. Ал ырымды атам окуп алып, "оо, жакшы экен. Бирок сен муну Байдылда Сарногоевден көчүрүп алыпсың" деди. Бул залкар кишинин ысымын ошондо биринчи жолу уктум. "Мен аны тааныбайм, укпаптырмын. Ал ким?"- десем: "Кой, балам, эл укпасын. Ал деген чоң акын",- деген эле. Атам Акималы Сырдыбаев 40 жыл мугалим болуп мектепте иштеген. Кыргыз тили, адабият, география сабагынан сабак берчү.
- Кудайлап көп сүйлөйт экенсиз. Ага ишенимиңиз канчалык?
- Мен динге ишенбейм, бир гана Кудайга ишенем.

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА