Алтын боолуу ак шумкар, айды көздөй сызыптыр
Сонунбүбү Көлбаева:

"Бир айда үч жолу бакыт күнүн өткөрчүбүз



КР Эл артисти жана Эл Баатыры, белгилүү кинорежиссер Дооронбек Садырбаев 13-февралда туулган. Ал - чыгармачылыгында да, үч жолку депутаттык кызматында да дайым социалдык жактан актуалдуу, коомго керектүү көйгөйлүү маселелерди көтөргөн, эл үчүн күйгөн элдик ишмер эле. Элибиздин эсинде, кыргыздын тарыхында да дал ушундай өлбөс-өчпөс элеси калды. Ал эми анын жеке жашоо-турмушундагы белгилүү да, белгисиз да кылык-жоруктарын, кулк-мүнөзүн эскерип, өмүрлүк жубайы Сонунбүбү Көлбаева менен маек курдук.

- Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт, ошо кезден баштасаңыз?
- Атасы раис, башкы бухгалтер болуп жүргөн киши экен. Жети кыздан кийин төрөлүптүр. Кичинесинде көрүнгөнгө эле куда түшө берчү экен. Жамалкан деген кыз бар экен, ага да куда түшүп, ал кыз чоңойгончо эле үйүндө жүрүптүр кошо. Кайнатам өлөөрүндө кайненеме: "Жамалканды алып берип, ушерге трактор айдатып алып калба, өлсөң да окут", - дептир кайра. Кайненем 45те экен. Керээзин аткарып, эчтекесин аябай окутуптур. Мен келин болуп барганда, карасам, үйлөрү чоң-чоң, ичинде эчтекеси жок. Жылан сыйпагандай. Жерде кара кийиздер, үч эле жуурканы бар экен. Саймаланган атлас жоолукту бирөөлөрдөн сурап келип жип менен байлап, мага көшөгө кылып отургузду. Дооронбек: "апа, сиз раистин аялы болсоңуз, үй толо дүнүйөңүз, жууркандарыңыз кана?"- деди. "Саттым" дейт. Көрсө Дооронбек пул десе эле, жуурканын-жууркандай, үй-оокатын бүт, улам бирден сатып, акчасын жалгыз баласына жибере берчү экен. Жүгөрү бышканда сатып ордуна берем деп, ар кимден карыз ала бериптир. Дооронбек ошон үчүн шаарда байдын баласындай кычырап жүрчү экен да, кыздардын баарын сыйлап. Мен барганда араң билбедиби, өзү таң калып сурады апасынан. Апам бизди айылга көчүп келгиле деп аябай аракет кылды. Мединститутту таштагандан кийин, мен да ага: "юрфакка кир, мен мединститутту бүтөм. Бүткөндө айылга барып жашайбыз, саан уй кармайбыз, мен үндүк багам, экөөбүз сонун жан сактайбыз",- десем, "үндүктү өзүң бага бер, мен кино тартам",- деди. Айылга кетпей калдык анан.
- Эки бакыр, бир тукур кантип жашадыңар?
- Кедей болсок да, үйүбүз жок болсо да аябай жакшы, бактылуу жашадык. Тери завод жакта үч жыл турдук, улам бир орустукуна көчүп, табылганына сүйүнүп. Ал жактагы суу сактагычка "Кара деңиздин түштүк жээги" деген ат коюп алып, жайында көп түшчүбүз. Ошо кезде биздей болуп, ал да жапжаш, таптаза эле. Кышында да барып жылгаяк тепчүбүз үстүнөн. Бир айда үч жолу "Бакыт күнүн" уюштурчубуз. КТРдин эшигинде күтүп турганымды Балташ Кайыпов көрүп, күйөөсүн кызганып издеп келдиби деп ойлочу окшойт. "Ыя, Соки, качан көрсөм эле ушу жерде турасың?" - дейт. "Бакыт күнүн өткөрүп атабыз" десем, "Ой, азаматтар, оой" деп күлдү. Чыгып, көк базарга барып балмуздак жеп, андан кийин "Ала-Тоого" киного кирчүбүз. Болгону он сом, сегиз сом кетчү. Батирди шаарды бүт кыдырып араң тапканбыз. Кыргыздын үйүнө конок көп келет деп эч ким киргизбейт. Ансыз да курсагы ачкан студенттин баары биздин үйгө келчү. Алгач теңтуш балдары. Айылдан келген туугандар. Бир күнү эсептесем 25 бала үйүмдө жатып окуптур, ар бири беш жылдан, биз үйлөнгөнү. Короосу бар, жалпак тамда турсак, кайненем келип дандыр куруп берип кетти. Окуганым мединститут, 2-курсмун. Күнүгө нан жабам, биягынан жаап бүтсөм жеп түгөтүшөт, эртеси кайра жабам. Мен үчүн Доороштун жанында жүргөнүм эле рахат болчу.
- Биринчи жолу кантип көрүшүп-табышып калдыңар?
- Мен 1959-жылы мединститутка өттүм. Комсомол комитети чакырып: "Драмкружокко катыш же хорго бар. Антпесе стипендия албайсың, жатаканадан да чыгарыласың", - деди. Ырдагандан көрөкчө адабий ийримге жазылдым. Эки жолу барып эчтеке кылбай жөн эле отуруп-отуруп кеттик, беш-алтообуз. Жетекчибиз жок. Үчүнчүсүндө "бүгүн да жок болсо экинчи барбайм, иштебейт экен деп айтам" деп барсам эле-е, айланайын кудай, бир супсулуу жигит турат, кыздардын жанында. Көргөн эмесмин андай сулууну ага чейин. Тээтиги сүрөтү турбайбы, анда муруту да жок, мындан да жаш, сулуу. Мен да татынакай болчумун, бирок ал менден да сулуу эле. Тоюбузга чакыруу билетин Доорош өз колу менен жасап, элге тараткан. Ал кезде андан артык чакыруу кагазын сатып алганга мүмкүнчүлүгүбүз жок болчу.
- Дооронбек агай тамашакөй, анан шар киши эле да. Далай окуяларды баштан кечирсеңер керек чогуу. Айрыкча жаштыкта?
- Доорош ар бир күндү көркүнө чыгарып, кайгырып турган адамдын да көңүлүн көтөрүп, тунарып турган адамдын кабагына жарк эткизип күн тийгизип койчу да. 47 жыл чогуу жашап, эзели урушпадык. Алгач үйлөнгөндө ырас, кыйналдык. Жегенге наныбыз жок калган күндөр болду. Кийин иштеп, элден кем да калбай, ашып да кетпей оокат-аш күттүк. Эсимден такыр кетпеген бир окуя - мотороллер сатып алдык. Мени учкаштырып алып түштүккө карай, Ноокенге сызды. Сосновкадан өткөрбөй коюшту. Дооронбек суранганды жаман көрчү. Эмесе сумкабызда кереги тийип калар деген бир бөтөлкө коньяк деле бар. Ошону берип, жакшылап аке-жакелесе өткөрүп эле койчудай. Жок, кайра артка кайтып, Жамбыл, Ташкент шаарлары аркылуу кеттик. Элестетип кое бер, мотороллер менен миң километр жол басып, үйгө жетер-жеткиче ырдап кирип бардык. Замандаштарыбыздын ырларынын баарын ырдачубуз. Аксуубай Атабаевдин, Рыспайдын, элдик ырларды, орустун кинолорундагы ырлардын баарын ырдадык. Ошондо казактардын айылынан бирөө "ой-бай анау сорлыларды караңар, дагы ан айтып коюшады" деп күлгөн эле.
- Жүзүңүздө кусалык, сагыныч уялагандай?
- Ойдо жок жерден жаздым болгондо, бир чуңкурга түшүп кетип эле, араң чыккандай болдум. Үч жылда араңдан зорго эсиме келдим... Экөөбүз тең, машинага отургандан түшкөнчө ырдачубуз. Үнү укмуш эле. Миңжылкыевдей эле ырдачу да. Мен да жакшы ырдачумун. Үйдө экөөбүз тең китептерди аябай окучубуз. Анан талкуулачубуз. Ошентип, чогуу отуруп ырдашканга, оюмду бөлүшүп сүйлөшкөнгө адам жок жаман болдум. "Сен минтип күндө ыйлаганыңды койбойсуңбу, ыя?!" - дейт кошунам. "Психолог мени аябай дарылады да, баары мени ыйлаба деп урушат" десем, "жок, мүрзөсүнө барып бакырып-бакырып ыйлап ал. Ичиңе кармасаң оорулуу болуп каласың", - деди.

Даярдагандар
Алтынай ТЕМИРОВА,
Нурзада Ташбаева


Дооронбек Садырбаевдин жубайына жазган каттары (1966-70-жылдар)


Сонунбүбү Көлбаева:
"Доорош мединститутту 4-курсунан таштап, режиссер болом деп Ленинградга окуганы кетип, ошол жактан жазган каттары калды. Докемдин көзүмө сүртөр таберик каттары. Анан калса катты кыска, нуска, анан абдан кызыктуу кылып жазчу. Тамаша сөздөрүчү? Кол жазмасы да мончоктой тизилип сулуу. А менин жазганым врачтын кол жазмасы да, ойкуп-кайкып кетет. Шылдыңдап күлүп, бир топ тамашага салат..."


Сокин!
Кандай, жакшы жатасыңбы? Кечээ кечинде сенден 48 сомго перевод, переговорго телеграмма алдым. Бир да кат жок. Эртең сүйлөшөбүз го. Ошондо көрсөтөм сага көргүлүктү. Эмнеге ушунча күндөн бери бир да кат жазган жоксуң? Кишини моральный, духовный жактан колдогонго жарабайсың. Вообщем барганда сүйлөшөбүз. Кадырбектерге салам деп
Дооронбек. 24.VI.66-ж.
***
Сокин!
Бүгүн бир жолу ыйладым... Эч ким урган жок. Кыйналганым да жок. Просто Азиздин карындашынын өлгөн жерин жаздым. Конечно, мен Толстой эмесмин, но Рысбай да эмесмин... Но все таки мне ее жаль... Рассказ Марии Ибрагимовны получился здорово... Баягы "Ты еще не в тюрьме?" - деген случайды да бир жерине кошуп койдум. Суук свирепствует. Экзаменге али даярдана элекмин. 15-нен кийин киришем. Эч жакка деле чыкканым жок. Ребята живут кто-где... Все-таки кулундуу бээни сатпай кое тур. Баса, көчөгө чыксам эле Ленинграддын аялдары артыман зырылдатып кууп алышат, мен качам. Кокус бирөө жарымы жете келсе ­Сокин деген аялым бар десем эле калтырап-титиреп кайра качышат. Л.Ц. Д.
***
"Катыңды алдым шашып-бушуп жазылган,
Сары кагазда санаат сөздөр айтылган"
(эл ырынан, Мыскал аткарчу)
Эгер эсептен жаңылып калбасам, бүгүн майдын 21и. Баягы "Кайрылбай кетип жаткан күндү эсептейм, келесиң каникулга качан деги?"- деп ырдалгандай, кетип жаткан күндү эсептеп жатып акыры жадаганда антпей калдым... "Баары бир жаз да, кыш да келет деп Таатан айтчу эмес беле..."
Бизге да каникул келер... Көрдүңбү?.. Кийинки кезде ырчы болуп кеткенимди. Аптабы чеке жылытпаганы менен как-никак весна настраивает на лирическую войну. Орус тил жөнүндө жазганмын. "Основ.науч.коммунизма" отлично аны билесиң. Эми жалгыз режиссура калды. Дагы эки текущий диф. зачет калды. Но 18-майдан бери тозок жумуш башталды. Анткени Ленинградда Всесоюзный кинофестиваль жүрүп жатпайбы... Эртеден кечке миң жолу көргөн кинолорду миң биринчи жолу көрүп, анан кечинде талкууламай...
Что поделаешь? Уж такая у нас не завидная судьба... Шыбагабызга тийгени ушул болсо кантели...
Теперь о каше... Ленинграддын ашканаларынын кашаларынын салмагы кичине көбөйүптүр, бирок даамы менен сапаты көбөйгөнүнө жараша төмөндөй түшкөн.
Акчаңызды ала элекпиз. Балким, бүгүн келип калар. Көрүшкөнчө саламатта болгула деп колун койгон Д. 21.05.68-ж.