Атактуулардын жоруктары
Эркалы Өскөналиев, акын:

"Эшигим го бул, эми тешикти таап бергиле"


- 1991-жылы болуш керек, Жазуучулар союзунун жолдомосу менен акындар Кемел Белеков, Кыялбек Урмамбетов жана Шайлообек Дүйшеев Жумгалга келишиптир. Мен болсо райондук гезиттин редактору болуп иштечүмүн. Ал жазуучуларга "акимге кирип, машина сурап чыгалы, менин машинам эски, жакшы жүрбөйт, ар кайсы жактан токтоп калып убара кылат", - деп айттым. Аким Бердибек Сабырдиновдун кабылдамасына келип, анын кабыл алышын көпкө күтүп калдык. Анан Шакем эңкейип алып эле бирдемелерди жазып жаткан. Көрсө минтип жазып коюптур:

Бердике, бек экен го эшигиңиз,
Бек десек, көп экен го тешигиңиз,
Бекиткен эшикти ачып,
тешикти жаап,
Эси оогон бизди бачым кетириңиз.
Ушундай жазуучулук кесибибиз,
Катуураак айтып койсок кечириңиз.

Мен айттым "Шаке, мунуңуз жакшы, бирок акимибиз сөзгө маани берген киши, мына бул "тешигиңиз" деген сөзгө теригип калат го. Ушунусун башкача чыгарасыз го", - десем, Шакем ошо териксин деп атпаймынбы деп койду. Ошентип жазып туруп, акимдин катчысына берип койдук эле, ал бизди дароо эле кабыл алды. Өзү туруп келип учурашып, "Эркалы, жазуучулар келишиптир" деп айтып койсоң го, башкача болот эле, күтпөйт элеңер. Бирок бу ырдагы "эшигим мына, эми тешигин таап берип койгулачы" дегенде, Шакем: "Ырас, ырас эшигиңиз да, тешигиңиз да ушул экен", - дегенде, аким андан бетер күлүп: "Акындарга айла жок турбайбы, силерден сөз качып кутула албайт экен", - деген эле.
Жазып алган Айгүл Бакеева




Тост-торгой


Илгери-илгери бир падыша жашаган экен. Анын гареми болуптур. Гарем падышанын ак сарайынан бир этбышым алыс жерде экен. Падыша эң жакын вазирин күнүгө гаремге жөнөтөт. Вазири күн сайын кезек менен бирден аялын жеткизип келчү экен.
Ошол падыша токсон жашка чыгыптыр. Вазири болсо отузга чыгып өлүп калган экен.
Эмесе, эч убакта аялзаттын артынан чуркабайлы. Кимде-ким аялзаттын артынан буту үзүлгөнчө чуркаса, ал аз жашай турганын билип алалы, көп жашагыла, алдык!

Ушул тостту аткаминер досубуз Сугунбай үчүн көтөргүм келет. Сугунбайдын эки "Лексус", үч "Мерседеси" үчүн эмес, биз деле жөө жүргөн жокпуз. Бишкектеги эки "асабнягы", жаңы салынган тогуз кабат үйү менен Канар аралындагы вилласы үчүн эмес, биз деле жер кепеде жашаган жокпуз. Байбичеси менен жаңы алган токолу жана да үч ойношу үчүн эмес, биз деле жалгыз жаткан жокпуз. Мен анын сүттөй ак чынчылдыгы үчүн тост көтөргүм келет. Биздин Сугунбай кыйналганына карабай, жең ичинен алган парасынан салык төккөнгө макулдук бергенине ичим жылып тост көтөрүп атам!
Эмесе, турмуш тегирменинин парасына кайчыланып калсак дагы, өкмөткө салык төккөндү унутпайлы, сугунбайчылар, жапырт алгыла!

Бир кекилик болуптур. Анын үч балапаны бар экен. Бир күнү куу түлкү аңдып келип калат. Кекилик үч балапанын ээрчитип качып жөнөйт. Качып келатып, туңгуюкка туш болуп калышат. Түлкү жакындап келатат. Ошондо кекилик айтат:
- Мен бирөөңөрдү эле көтөрүп уча алам.
- Мени куткарыңыз, мен сизди абдан жакшы көрөм! - дейт биринчи балапан.
- Калп айтасың! - дейт кекилик.
- Мени сактап калыңыз, чоңойгондо мен да сизди сактайм! - дейт экинчи балапан.
- Калп айтасың! - дейт кекилик.
- Мени сактап калыңыз! Мен да кийин балапандарымды сактайм! - дейт үчүнчү балапан.
- Сен чынын айттың, сени сакташ керек, - деп кекилик үчүнчү балапанды үстүнө кондуруп учуп жөнөгөн экен.
Эмесе, чындык канчалык ачуу болсо да, астыңардагы ачууну тамчы калтырбай алып койгула деп өтүнөт элем!




5-микропондон сүйлөйбүз


Бир депутат парламент жыйыны өтүп жатканда микрофондон кыйкырат дейт:
- Бул жерде отургандардын жарымы паракорлор жана уурулар!!!
Спикер:
- Урматтуу депутат, сөзүңүздү тез кайра алыңыз!
Депутат жай гана:
- Болуптур. Бул жерде отургандардын жарымы паракорлор жана уурулар эмес.


Сайраш, бери чыкчы


Эшик тыкылдайт. Босогодо Улуттук коопсуздук кызматынын коррупцияга каршы бөлүмүнүн кызматкерлери турат.
- Ташмат Акматович, биз коррупцияга каршы бөлүмүнөнбүз. Сизге 1 килограмм алтынды парага беришкени жөнүндө маалымат түштү. Бизге ошол алтынды көрсөтүңүз!
- Сайракан, АЛТЫНЫМ, бир мүнөткө бери чыгып койчу, сени көргөнү келишиптир….


Чыныбайдын ачуусу


КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоо алдында элди Атамбаевге үгүттөп атат дейт:
- Алмаз Шаршенович премьер болуп турганда, Нарынга ГЭС курулду...
- Калп айтпачы?! - дейт анда угуп турган шайлоочулардын бири. - Мен кечээ эле Нарындан келдим. ГЭС эмес, таш балакет да жок...
- Баткендеги жолдор асфальт­талды, - дейт Чыныбай.
- Дагы калп айтып атасың! - дейт жанагы киши.- Мен Баткенде да болбодумбу. Жолдор баягы эле таз кейпинде...
- Таласта төөбуурчакты кайра иштетүүчү завод курулду...
- Кудайды карасаң боло! Мен азыр ошол жактан келдим. Кайдагы завод?! Дыйкандар төөбуурчагын саталбай отурушат.
Анда улам эле сөзгө кыпчылган тиги немеге жини келип, Чыныбай бакырат:
- Эй, тууган! Тияк-биякка айылчылабай, КТРди көбүрөөк көрбөйсүзбү!


Бөлүм башчы бөрк алба!


Кечээ үйгө кантип келгеним эсте жок. Бир нерседен шекшип, "кечээ кечинде ким менен болдуң?" деп аялымдан сурасам, "сен иштеген бөлүмдүн ачендиги менен болдум" деп жиниме тийди. Жакшыле чачтан алып сабайын деп калганда эсиме түшүп атпайбы, кечээтен баштап жумушта бөлүм башчы болуп көтөрүлгөнүм, ордумду коллегаларга жууп бергеним…


Калтакагарларга эскертме!


Эгерде экстрасенстерден, көзачыктардан, сыйкырчылардан, шаман, бакшылардан, эмчи, домчулардан, эшен, калпалардан, төлгөчү, сыгаандардан өз убагында биротоло кутулгуң келсе, алар ооз ача электе "Менде сокур тыйын да жо-ок!" деп үнүңүздүн жетишинче кыйкырышың керек.