Сыр маек

Апасынын анальгини болгон атаман "Чикаго"


же министр Ибрагим Жунусовдун арманы, күйүтү жана махабаты...


(Уландысы. Башталышы 15-бетте)
- Саясатка бир аралашкан адам андан чыга албайт. Сурайын дегеним, кокустан чыгармачылыкты же саясатты тандаш керек болсо, кайсынысын тандаар элеңиз?
- Темир жолдун эки тарабы болот. Менде да ошондой. Бири - саясат, экинчиси - чыгармачылык. Мен поездмин. Экөөнү тең чогуу ала кетем.
- Ырчы болуу бала кездеги кыялыңыз беле?
- Чынында мен спортсмен болууну каалагам, врач болгон агам ырчы болгусу келген. Султан Раев экөө "Ак алтын" деген топто ойноп калышты. Алардын даярданганын көргүм келе берчү. Кызыгып көрөйүн десем, эшикти илип алып кийрибей коюшчу. "Мен иниңермин го" десем, "Бони М", "Битлз" деген топтун жигиттери дагы эч кимди кийрибей даярданышчу экен" дешкен. Сыягы, ошол топторду кумир тутушса керек.
- Балалык сүйүү болот да, мектептен бирөөнү сүйдүңүз беле?
- Жогоруда айттым го, шок болчумун деп. Шок балдарды кыздар да жаман көрүшчү. "Хулиган бала" деп кыздар менден качышчу. Кийин токтолуп, ырдап, белгилүү боло баштаганда классташтарым да, мугалимдерим да: "Тобо, Жунусов, сен дагы адам болдуң ээ" деп күлүшкөн.
- "Алтын апа" деген ырыңыз алигүнчө популярдуу. Аны канча жашыңызда жаздыңыз эле?
- 1-курста окуп жүргөндө апамдын туулган күнүнө карата жазып, бирок 8-мартта белек кылгам. Майрамга карата концерт коюп, апамды алып келип отургузуп, ырдасам, эл жакшы кабыл алган, апам болсо жашып кетиптир. Негизи апам жашык киши эле. Балдарынын ар бир ийгилигине кубанып ыйлай берчү. Келин алганда да кубанып, көзүнө жаш тегеренген... Келиндерин урушуп, аларга кайненелик да кылбады.
- А келиндери кайненесине кандай карады?
- Жакшы карашты. Ошондуктан апам аларга ыраазы болуп кетти да. Эсимде, апам бардык балдарын үйгө чакыртып, чогултуп, келиндерине жакшы тамак жасатып, түштөнгөнбүз. Аттиң десе, көрсө, ошол түштөнүү апамдын акыркы күнү экен. Апам жуунуп-тазалангандан кийин молдо чакыртып, "Мени тиги дүйнөгө чакырып жатат. Акыркы керээзимди айтайын. Мен силерге ыраазымын, силер дагы мага ыраазы болгула. Менин ак сүтүмдү актадыңар" деп, мени чакырып, "айланайын анальгиним, (мени ушинтип эркелетчү) айылга жетпеген атым бар эле, аны ааламга жеткирдиң" деп, түптүз жатып, молдокеге окуй бер дегендей ишарат кылды. Молдоке окуп жатканда менин колумду бир кысты да, кечки саат 5тен 5 мүнөт өткөндө үзүлүп кетти...
- Кийинки бир ырларыңызда үйүңүздөгү кырдаал айтылып жаткандай туюлчу. Маселен, бир ырыңызда: "Ойлон жаным, ордуңа башка бирөө келет" деген жери бар, жеңебиз "кетем" деп катуу коркутту беле?
- (Күлүп) Үй-бүлө болгондон кийин, албетте, таарынышуу, талашуу, жарашуу болот. Бирок кетем дегенге чейин жеткен жокпуз. Чыгармачыл адамдар кооздоп, көркөмдөп жиберет эмеспизби...
- "Сүйүнчү, туугандар, аялымды кайра сүйдүм" деген да ыр саптарын угуп калдык. Ортодон башка сүйүүлөр дагы болуп кетти беле?
- Жок, кудай сактасын. Мен дагы өнөр адамдары сымал кыздар менен таанышкам, бирок аша чапкан эмесмин. Үй-бүлөмдү өтө бийик коем, кадырлайм. Менин бир гана сүйүктүүм бар, ал - жубайым Чынара Сатыбалдиева. Чынараны 10-класста окуп жүргөнүндө эле сүйүп калгам. Анда мен 1-курста окучумун. Досумдун тоюнда таанышканбыз. Досума күйөө жолдош мен, кыз тараптын дос кызы Чынара болгон. Бир көргөндө эле жактырып, окуган жерин сурасам, 10-класста экен... 2-3 жылдан кийин капысынан көчөдөн кезиктирип, дароо дарегин алып, алгач дос катары барып жүрдүм. Ошентип, 4-курста баш коштук. Сүйгөнүмө жеткениме жетине албай "Чынара" деген ыр жаздым. Менин бактылуу күнүм - үйлөнгөн күнүм. Быйыл туптуура 30 жыл болду. Ушунча жыл аралыгында Чынарага эки гана жолу "сүйөм" деп айткам. Биринчи жолу - өзүбүздүн Сулайман тообуздан, экинчисин - Таж-Махалдан. Чынара ушундай мамилеге татыктуу келин. Биринчиден, апамды сыйлаган жагынан. Апамды колу-бутуна чейин ушалап, жакшы карады. Экинчиден, турмуштун ысык-суугуна чыдады. Он жылдай кыйналып жашадык. Батирден батирге көчүп жүрдүк. Жарым нан алган, бир порция лагманды экиге бөлүп ичкен күндөр болгон. Ишенесиңерби, экөөбүз баш кошкондо нике шакек алып бере албай, кошуна келиндин шакегин прокатка сураганбыз. Ал дагы колуна чоң келип калып, Чынара жоготуп албайын деп сумкасына салып койсо, бирөө уурдап кетиптир... Ушундай түшүнүктүү жарга туш кылган Кудайга миң мертебе ыраазымын. Чынаранын жардамы менен ушундай даражага жеттим.
Маектешкен
Назира СААЛИЕВА