Ыр маек
Токтобүбү Черикчиева:

"Кышында сүйүүгө чалдыккан адам суукту сезбейт да"



Көптөн бери көрүнбөй кеткен ырчы Токтобүбү Черикчиеваны редакцияга чакырсак, ал: "балам 18 жашка чыгып, кой союп, даярдык көрүп жаттык эле…" деп өзү 18ге чыгып жаткандай толкунданып алыптыр…

- Уулум Чыңгызды ызгаардуу кышта төрөгөм. "Жетинин бири кыдыр" дегендей, жетинчи числодо төрөлгөн. Туугандарды чакырып, бата алалы дедик. Алардын арасында бир гана апам жок. Баламды апам бакты эле. Дегеле, баарыбызды баккан. Эң кымбат адамымдан ажырап, аны унутуу мага аябай оор болду… Өмүр бою бүтпөгөн арман тура… Жакында эле апамдын ашын өткөрүп, эстелигин тургуздук. Эстелигине төрт сап ырды алп акын Шайлообек Дүйшеевге жаздырдым. "Аягына автору" деп жаздырып коеюнбу?" деп агайды тамашаласам, "Ооба жаздырып кой, обону Түгөлбай Казаковдуку, аткаруучу Токтобүбү Черикчиева" деп кой" деп боорду эзбедиби… Агайдын адамгерчилигин баалайм. Бийик адам. Болбосо күнү-түнү агайга "ыр жазып бериңизчи" деп телефон чалам. Ошол замат шилтей салат. Миң мертебе ыраазымын агайга. Шайлообек Дүйшеевдин "Күттүм, күттүм" деген ырын, "Менин апам" жана башка ырларды жаздырып, күзгү концертке даярданып жатам.
- "Күттүм, күттүм" дегендей, бирөөнү күтүп көрдүңүз беле?
- Жок, мен бирөөнү күткөндү да, бирөөнү күттүргөндү да жаман көрөм. Ал эми сүйүү деген ар бир адамга ар кандай жашта келет экен. Ошон үчүн "балалык сүйүү, алгачкы сүйүү, арман сүйүү, ак сүйүү, кечиккен сүйүү, чын сүйүү, тоок сүйүү" деп бөлүнсө керек.
- Ушул сүйүүлөрдүн кандайына чалдыктыңыз эле?
- Ушул сүйүүлөрдүн ар бирине тушуккан адамдар болору да талашсыз. Ал эми мен болсо таза, ак сүйүүгө жолуккам, ошол сүйүү жүрөктө жашап келет. Сүйүүгө туруктуумун.
- Сүйүү мезгил тандайбы?
- Жок, тандабайт. Мисалы, кышында сүйүүгө чалдыккан адам суукту сезбейт да. Эки адам жылуу жумшак, колтукташып жүрө берет. Дегеле сүйүү мезгил эмес, күн-түндү да ылгабайт. "Болдучу эми түн ортосу кайталык" деп бекер ырдабайбыз да.
- Кайсы мезгилди жактырасыз?
- Мага күз жагат. Арзанчылык, токчулук. Ошон үчүн элдин баары күзүндө аш-той беришет да.
- Тойлорго барып жатасызбы?
- Апам каза болуп калганына байланыштуу чыгармачылык жактан бир аз тыным жасадым.
- Арман, сүйүү жөнүндө көп ырдайсыз го. Сүйүүдөн жабыркаган адам ушундай ырга жакын болот го.
-Ушундай темадагы ырларды жактырам, бирок жабыркаган эмесмин. Күзгү концертке бардык темадагы ырларды кошом буюрса.
- Үнүңүздү сактайсызбы?
- Жок, сактабайм. Жандуу ырдасаң үн сакталат. Биздин филармонияда бардыгы жандуу да, билесиздер. Концертте да жандуу ырдайбыз.
- Канча күү билесиз? Комуздан башка дагы кандай аспаптарда ойнойсуз?
- Жыйырмадан ашык күү билем. Комуздан башка гитара чертем, кичине-кичине фортепьянодо ойнойм.
- Ыр жазасызбы?
- Өзүм үчүн жазам. Дайыма эмес, кээде. Мен кара сөзгө жакшымын, уйкаштырып сүйлөйм. Бир жолу, анда Эстекем тирүү кез. Гастролдоп баратканда Эстекем, "ырдагыла" деп калды. "Кел, Амантай, айтышабыз" деп калсам, макул болду. Амантай кара сөзгө жок экен да, ошондон пайдаланып, мен аны сөзгө сындырып, жеңип алгам. Ишенбесеңер, өзүнөн сурагыла.
- Сизди "эркек мүнөз. Айтканын кылат, сөзүнө турат" дешет го…
- (күлүп) Андайым бар. Жөнө­көйлүктү жактырам. Көтө­рүлгөндү жаман көрөм. Колумдан баары келет. Эшикке чыксам эркектин ишин, үйгө кирсем аялдын жумушун кылам.
- Үч үйү, беш машинасы бар дешет…
- Ким айтса да ооздоруна май. Бир эле машинам бар. Ошону айдап жүрөм. Балама деген үйүм бар. Үйлөнөм десе үй даяр. Келин алганга даярмын. Бирок али жаш да. Юрфакты бүтүп жатат, кесиби менен иштесин, өссүн-өнүксүн дегендей… Медина кызым 3-класста окуйт, окуусу жакшы. Экөө тең орус мектепти бүткөндүктөн, көбүнчө орусча сүйлөшөт. Бирок улууну урматтап, кичүүнү ызатташат. Кыскасы, кыргыздын каада-салтынын баарын билишет.
- Конокко барганды жакшы көрөсүзбү же конок тоскондубу?
- Тоскон да жакшы, барган да жакшы. "Үйүңө канча бут кирсе, ошончо кут кирсин" дегендей, конок келип, кут кирип турганга не жетсин!

Маектешкен
Назира СААЛИЕВА