Көркөм адабий китептер!


Жыргал Көбөгөнова, актриса:

"Күнболот эркелетип, эчтемке кылдырбай баккан"



Кыргыз циркинин алгачкы карлыгачы, азыр Кырдрамдын Эмгек сиңирген артисти Жыргал Көбөгөнова - кыргыз сахнасынын залкар актерлору, режиссер жана драматург Абдыашым Көбөгөнов менен Сайракүл Балкыбекованын кызы. Дагы бир сахна корифейи Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын, "Даңк" медалынын ээси, КРнын Эл артисти Күнболот Досумбаевдин өмүрлүк жубайы.


Циркке карай жол
- Бир короодо көп жылдан бери цирктин директору болуп иштеген кошуна аял жашачу. Людмила Валентиновна Иванова деген, ошол мени жактырып, 1963-жылы эки жылдык студияга чакырды. Сегизди бүткөм, эки жыл ата-энеме айткандан корктум. Алар гуманитардык жакка окутууну каалашчу. Эски цирк - жыгач "шапито" парктан бери, Фрунзе көчөсүндө эле. Бүт жанрларды окудук: атка-чабандес, жонглер, акробат, кийин бөлүштүргөндө аба гимнасты болдум. Мени менен Шайгүл Сыдыкбекова - Сыдыкбек Жамановдун кызы акробат болчу, Дөөлөт Чокубаева ат үстүндө ойночу. Алардын ата-энелери да театрда иштешчү. Ачылышы болордо деректирге: "Ата-энем кийин руксат бербей коюшу мүмкүн", - десем: "Кантип?!.. Эмнеге ?!.. Мага кой, сүйлөшөм,"- деди. Үйгө барып айттым, апам чалкасынан кетип, атам жүрөгүн кармап жыгылды: "Циркте эмне бар?! Аттардын богун тазалайсың, кереги жок!"- дешип... Мен деректирге ыйлап бардым, ата-энем болбой атат деп. Ал барып "Өзүң ушундай көрүнүктүү кишисиң, эмнеге кызыңдын жолун тосуп атасың?!.." - деп бир топ катуу айтыптыр. Атам: "болуптур эми, эки жыл окуса",- деп макул болду. 1965-жылы бүтүп, алгач гастролго Тажикстандын Душанбе шаарына чыктык. Бир жылда бир келчүбүз Фрунзеге. Шаарда ачылышын коюп, эс алып, кайра кетчүбүз гастролдоп. Бир нече жыл ошентип иштедим.
Абадан учуп түшкөндө
- Бир жолу Орусиядан келдик, оюндун ачылышы болду. 1968-жыл эле. Премьерадан кийин күндөрдүн биринде абадан бутум менен учуп түшүп, бутум сынды, кабыргам сынды, жетекчим башы менен учуп түштү. Тең салмактуулугубуз болбой калдыбы? Кармагычыбыз да жок эле. Коопсуздуктун зымы улам эле илинип калып, жолтоо болгондо алып салганбыз. Экөөбүздү эки "тез жардам" алып кетти. Көрүүчүлөрдү тынчытышып "баары жакшы" деп, оюнду аягына чыгарышты. Ооруканада эки жылча жаттым. Менин багыма Иса Коноевич Ахунбаев дүңгүрөп турган, атамдын жердеши эле, үй-бүлөбүз менен катышчубуз. Клиникасына жаткырып, сынган жерлеримди улам сындырып, улам гипстеп, түздөп, оңолуп кеттим... Азыркы кез болсо бүкүр же чолок болуп калат белем, бир кудай билет?! Жетекчим да катуу ооруп, циркке эки жылдан кийин келди. Мен "серпилгич акробаттарга" кошулдум. Бирок секирген сайын сынган бут кайра ооруйт экен. Күч келбеген "Жаш кыргызстан" тобуна кошушту. Арканда басып иштегендерди кооздойм, жалаң эркектер, Бекин, Эсен дегендер. Филармонияга Түгөловдун бий ансамблине алып баруучу болуп кирдим, циркте да алып барып жүрчүмүн. Трусховецкийде концерт коюп жүрсөк, Түгөлов: "Кондучалова ушу жерде курортто экен. Иманкалыкова эжебиз да мында экен. Жакшылап чыгып бергиле",- деди. Концерт бүткөндө Күлүйпа эже келип куттуктап: "Ээ, айланайын, көзүмдү жумсам Балкыбекованын үнүн угам, ачсам башка бир мотурайган бирөө турат да?" - деди. Биякка келгенде атама: "Кызыңдын багын байлабай Ош театры ачылган атат, ошо жакка жибер. Үнү Сайракүлдүн өзү экен, өңү бар экен", - дептир. Эки жылдан кийин атамдын ден соолугу жакшы болбой, жанында турсун деп Оштон Кырдрамга которушту.

Күнболот менен "Күйөө жолдош" спектаклинде таанышкам
- Күнболотту бала кезде, театрга чуркап келип жүргөндө эле таанычумун. "Күйөө жолдош" спектаклинде ал Шаршенди, мен он төрт жаштагы күйөөгө берип аткан кызды аткарчумун. Кызды узатып, илгери келиндер, апалар кошок кошушчу да. Шаршен "эми, силер коё тургула мен кошок кошоюн",- деп жоолуктун ичине кирип алып, мурдуман чымчыйбы-ай, сайгылап коебу-ай, бетимен чымчыйбы... ошентип эрмек кыла берчү. "Ии-и! коюңузчу агай, коюңузчу?"- деп атып, ошондон кийин башталып кетти. Күнболот менен 1974-жылдан бери чогуу жашадык. Эрке болдум, деле эчтеке кылдырбай бакты. Өзү чарбачыл эле, үйдө баары толуп турбаса алымсынчу эмес. Туз канча тураарын, нан канча экенин билчү эмесмин. Баарын жүктөп апкелип койчу. Көлгө же Нарынга, же бир жакка концертке кетип калып, азыр кирип келчүдөй сезилип жүрдү, каза болгондон кийин. "Ай, Жыкан, мен келдим" деп кулагыма үнү даана угулганда селт этип кетчүмүн. Адам көнөт турбайбы баарына. Азыр дүкөнүнө да өзүм барам, базарына да өзүм барам. Уулубуз эки балалуу. Кызым Кытайда иштеп атат, бухгалтер, экономфакты бүткөн.

Маектешкен
Алтынай ТЕМИРОВА




Бир ырдын тарыхы

Түгөлбай таазим эткен обон


"Булбулум" деген ыр бар эмеспи. Махабат тууралуу мыкты ырлардын бири. Жаш-кары дебей сүйүп угат. Анын жаралыш тарыхын автор Элмирбек Иманалиевдин өз оозунан уксак.

Бул ырды бир прозалык чыгарманын сюжетине ылайыктап жазгам. "Булбулум" ошол чыгармадагы каармандын ыры катары колдонулмак. Адатта биринчи обондун өзү же тексти жаралат го. Бул ырдын биринчи тексти жаралып, эң кызыгы мен аны Сыймык Бейшекеевге окуттум. "Ушуга обон чыгарбайсыңбы",- дедим. Ал аракет кылып көрүп, "жаңылмачтай болгон ыр экен, тилим келбей атат",- деп күлгөн. 1998-жылы Байтик айылы жакка май айында тоого чыгып, ушул кайрыктар жаралды. Адегенде ар жерде ар башка өзгөртүп, импровизация кылып ырдай берчүмүн. Бирок өзүбүздүн гана чөйрөдө кызыгууну жаратып, бир тобу ырдап, аз-аздап элге тарай баштады. Алгач Калыйбек Тагаев нотага түшүрүп "тимеле ойкуштаган обон экен" деп күлдү. Уккан эле киши кызыгып жүрүп олтурду. Элмира Кайып кызы ушул ырды мага бер аткарып чыгайын деп, мага канча пиво алып бербеди дейсиң. Алматы шаарына, Мухтар Ауэзовдун 100 жылдыгына карата өткөн тойго Саламат Садыкова менен бирге барганбыз. Анан жолду катар кайра-кайра ырдатып, Саламат эже ыйлады. Жүрөгү назик талант да. Алгач Саламат эже ырдап радиого жаздырган. Кийин Элмира Кайып кызы, Кундуз Таштаналиева, жаштардын сүйүктүү ырчысы Омар да катыра ырдашты. Кийин ыр сүйгөн ишкер Сазыкбай Турдумалиев менен кадимки залкар обончу Түгөлбай Казаков бул ырды угуп алышып, көп нерселерди талкуулаганбыз. Сазыкбай байке "Түгөлбай таазим эткен обон" деп "Асаба" гезитине атайын макала жазган. Түгөлбай Казаков бир топ маектеринде: "Муңдуу, мукам обондор Асанкалый Керимбаев досум менен бүттү деп жүрсөм дагы бар турбайбы. Элмирбектин "Булбулум" деген ыры не деген керемет",- деп айтканы бар. Ал берген баа мага обончу катары чоң дем берип койду. Мен үчүн булбул, махабат, жаштык үчөө бир тууган.




Булбулум

Сөзү, обону:

Элмирбек Иманалиевдики


Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы,
Ашыгын издеген үрүл таңдан..?

Кайырмасы:
Булбулум, булбулум ай,
Буулуккан кургурум ай,
Бул таңда үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча ай?
Булбулум, булбулум ай.

Жашайсың жаш булбул токтобогон,
Жашоодо жан жок эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм ал күндөр четте калып.
Буулукан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

Даярдаган
Жамиля Таштанбекова






Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар