Көркөм адабий китептер!


Теленин ак куулары, чамдагыла!

Телефондогу жигиттерден тажаган Гүлзада


Кыргызстандагы телеканалдар мукам үндүү, жоодур көз, татынакай алып баруучу айымдарга бай. Экран көркүн ачкан бул сулуулар далай мырзанын түн уйкусун бузуп, көңүлүндө баккан муза экени талашсыз. Тележылдыздардын жашоосу, ой-максаты, күнүмдүк турмушу да баарыбызга кызык. Алар тууралуу ар бирибиз көбүрөөк угуп, билгибиз келет. Эмесе, "Dе-факто" гезити теле алып баруучулар, дикторлор, тележурналисттер арасында сулуулар сынагын өткөрүүнү чечтик. Кызыктуу маеги жана анкетасы менен. Албетте, келишкен ажарлуу сүрөтү да болот. Ар бирине номур берилет. Окурмандар ошол номур боюнча добушун беришет. Окурмандар жана биздин редколлегия келбетине, чырайына гана эмес, интеллектуалдык көрөңгөсүнө, билимине, профессионалдуулугуна карап, үч номинация боюнча жеңүүчүлөрдү тандайт.

- Сизди бир эле эмес, бир нече телеканалдардан көрүп жүрдүк эле?
- Алгач Кыргыз радиосунда иштегем. Ал жактан "Пирамида" телерадиосуна келип, жаңылыктар кызматынын кыргызча чыгарылышынын түзүлүшүнө салым коштум. Ошондо "телеге алгылачы", - деп сурансам: "бир ай акы албай иштеп көр",- дешкен. Бир аптадан кийин эле арыз жаздырып кабыл алышты. Андан соң 2005-жылы ачылган "НТС" каналында, КТРКда, 5-каналда алып баруучулук, редакторлук, продюсерлик кызматтарды аркаладым. Эми кайрадан "НТС" каналына кайрылып келип, "Элет" жана "Контрвью" автордук долбоорлорду алып баруудамын.
- Өзүңүз, үй-бүлөңүз жөнүндө айтып бербейсизби?
- Кемчилиги да, жетишкендиктери да бар кыргыздын катардагы кыздарынын биримин. Атам Алтымыш - мал доктур, апам Бурул - мугалим. Беш бир туугандын экинчисимин. Алты жаштагы Адилет аттуу уулум бар. Тагдыр ошондой экен, жолдошум менен жолдорубуз ажырап кеткен.
- Азыр колуңузду сураган мырзалар барбы?
- Жок десем калп болуп калат. Бирок бардыгы кудайдын буйругунан экен.
- Ал эми телефондон тийишкен жигиттерге кандай жооп бересиз?
- Алгач сылык сөздөр менен түшүндүрүүгө аракет кылам. Эгер чектен чыгып баратса, кагып салууга туура келет.
- Журналист айымдар жумушуна байланыштуу үй тиричилигине же бала-чакага азыраак көңүл бурат эмеспи. Бул кесипти тандаганга өкүнбөйсүзбү?
- Өкүнгөндө жашоо артка кайрылмак беле, өкүнбөйм. Анткени өз кесибимди сүйөм. Албетте, үй тиричилигине, балама убакыт өтө тар болгон учурлар болот. Колум бошогондо эле балам менен сүйлөшүп, жанынан чыкпай, боштуктарды толтурууга аракет кылам.
- Эфирге кийчү кийимдерди кантип тандайсыз?
- Атайын тандап, кийим-кечек издебейм деле. Көңүлүмө жагып калса, ала берем.
- Теледеги жумушту романтикалуу деп айта аласызбы?
- Эл назарында турган жумушта романтика болбойт го, менимче. Бирок кудуңдап сүйүнгөн балдар, чачын ак баскан карыялар же өмүрү өрнөк инсандар менен маектешип, ошолор тууралуу материал даярдоо биздин жумуштун жыргалы деп ойлойм.
- Өзүңүздү сексуалдуу айымдардын арасына кошосузбу?
- Сексуалдуу эмес айымдар да болот бекен? Менимче, ар бир айымда өзүнө таандык назиктик, жагымдуулук жана сүйкүмдүүлүк болот. Мындан 10 жыл мурун Гүлзада Аалиева деген философия илимдеринин кандидаты менен маектештим эле. Ал айткан "Айчүрөктү көрүш үчүн Семетейдин көзү керек" деп. Сиздин сурооңузга ушул сөз жооп болот окшойт.

Бегимай Бакашева







Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар