Көркөм адабий китептер!



Курманбек Бакиев Белоруссиянын жарандыгын алганбы?



(Уландысы. Башталышы 1-бетте)
Осунбек Жамансариев, "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасы:

"Качкындар түбөлүк качып кете албайт"


- Кыргызстан, Белоруссия, Россия, Казакстан мамлекеттеринин ортосунда жарандыкты же бул жерде турууга уруксатты (вид на жительство) жөнөкөйлөтүү тартибинде алуу боюнча 1998-жылы келишим түзүлүп, ар бир мамлекет өз мыйзамдарын кабыл алган, анын ичинде Кыргызстан менен Белоруссия дагы. Бирок ошол төрт мамлекеттин мыйзамында "башка мамлекеттин жарандыгына өтүүдө эгер ал жаран жашаган мамлекетинде издөөдө жүрсө, кылмыш кылса, ага башка мамлекеттин жарандыгы берилбейт жана өз мамлекетинин жарандыгынан баш тартса гана берилет деген пункттары бар. Эгер ушундай шарттарга карабай, Белоруссия Бакиевге жарандык бере турган болсо, ал мыйзамсыз болуп эсептелет, Белоруссия эл аралык келишимдерди аткарбаган болуп эсептелет. Азыр Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко Бакиевге шериктеш болуп, аны калкалап, эл аралык мыйзамдарды тоотпогонун көрсөтүп жатат. Акыры саясий абал өзгөрөт же эки мамлекеттин башчылары милдеттенмелерди аткаруу боюнча өз ара сүйлөшсө, Бакиевди алып келип жазалоого болот. Дегеле, качып жүргөндөрдүн баары түбөлүк качкын боло алышпайт, акыры алар эл аралык мыйзам боюнча алынып келет. Демек, түбөлүк качкындар болбойт, акыры кармалат.


Азамат Арапбаев, ЖК депутаты:

"Эртели-кеч жоопко тартылат да"


- Курманбек Бакиев Кыргызстанда жасаган кылмышы үчүн эртели-кеч жоопко тартылат. Азыркы тапта мамлекетибиз алсыз болуп жатпайбы. Жакынкы келечекте бутка туруп, экономикасы күчтөнсө азыркы учурда биздин мамлекетти теңине албай жаткан өлкөлөр позициясын өзгөртөт. Ыңгайлуу шарт, демилге сунуштап башташат. Мисалы, ошондой демилге ­Белоруссиядан чыгышы мүмкүн. Эгер Александр Лукашенко бийликтен кетсе кийинки келген президент Бакиевди өзүңөр соттоп алгыла деп өткөрүп бериши мүмкүн.


Камила Талиева, ЖК депутаты:

"Чын болсо Бакиевди адам катары санабайм"


- Биринчиден, андай маалымат расмий түрдө такталышы керек. Такталбаган маалымат болуп жатпайбы, мүмкүн бул ушактыр.
Эгер ал маалымат чын болуп кала турган болсо, анда мен Бакиевди адам катары санабас элем. Кичине болсо да кыргыз деген сезими сакталып кала турган болсо, мурдагы президент болуп туруп, башка мамлекеттин жарандыгын алганы уят иш болмок. Биз ушундай кишини президент шайлап алганыбызга өкүнөм.

Айгүл Бакеева,
Семетей Талас уулу





Расмий бийлик эмне дейт?
Руслан Казакбаев, КРнын тышкы иштер министри:

"Бакиевдин Белоруссияда жарандыгы мыйзамсыз болот..."


- Руслан мырза, жакында Белоруссиядагы Tut.bu маалымат сайты мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Белоруссиянын жарандыгын алгандыгы тууралуу жазып чыкты. Анда жазылганга ишенсек, Бакиевге жарандык 2010-жылдын август айында эле берилиптир. Силердин министрликте бул боюнча маалымат барбы?
- Дипломатиялык жол менен алынган расмий маалымат жок азырынча. Бул боюнча Белоруссиянын элчилигинен сурадык. Аларда маалымат жок экен. Мындай маалымат ал өлкөдөгү эркин маалымат каражатына чыгып кетиптир. Биз муну жакынкы күндөрдө Белоруссиянын элчилиги менен байланышып, чын, төгүнүн тактайбыз.
- Эгерде жарандык алганы чын болсо, ал Кыргызстандын атуулдугун жоготобу?
- Чын эле жарандык алган болсо, бул мыйзамсыз болот. Анткени Кыргызстан менен Белоруссиянын ортосунда кош жарандуулук боюнча келишим жок. Белоруссиянын жарандыгын алуу үчүн алгач кыргыз жарандыгынан чыгышы керек.
- Бул К. Бакиевди экстрадициялап, жоопко тарта албай калабыз дегендикке жатпайбы?
- Бакиевге кылмыш ишин козгоп, аны экстрадициялоо аракети ал Кыргызстандын жараны болуп турган маалда башталган. Ошондуктан Кишинев, Минск келишимдеринин негизинде Бакиевди экстрадициялоо аракети боло берет. Маселени эл аралык укуктун алкагында чечүү зарыл. Бакиевди Кыргызстанга алып келүү аракети Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлүп атат.

Мирлан Дүйшөнбаев




Уулуу көмүр чыры. Кимдердин гана кулагы көрүнбөйт...


Кечээ ЖК жыйынында радиоактивдүү көмүр чырында күтүүсүз бурулуш болду. Энергетика министри Аскарбек Шадиев "Кулан ТБ" ишканасынын көмүрүн алууну телефон аркылуу айтканын ачыктап, Куландын көмүрүн алууга анын баасынын башкалардан 3 долларга арзандыгы себепчи болгонун кошумчалады. Шадиев спикер Келдибеков дал ушул көмүрдү алып келүүнү суранганын да жар салды. Баса министрликтер документтерди даярдагандан кийин ал буйрукка Атамбаев өкмөт башчы кезинде кол коюп бергени ачыкка чыкты. Бери жактагылар радиоактивдүү көмүр экенин билип туруп Атамбаевге билгизбей кол койдуруп алышкан. Ушундай аркаңдан келип бычак сайган балит саясаттын шум заманы болду го. Депутат Камчыбек Ташиев буга Бабановду күнөөлөп, анын кызматтан кетүүсүн талап кылды. Көмүр чырына байланыштуу көп жагдайлар ачыкталган жок. Жыйында Кулан көмүрүнүн толук партиясы алынып келинбегендиги, анын акчасы төлөнбөгөндүгү белгилүү болду. Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов учурга карата социалдык мекемелердеги радиоактивдүү деп табылган көмүрлөр Бишкек ТЭЦине топтолуп аткандыгын, 10-февралдан тартып Казакстанга чыгарыла баштаарын маалымдады. Ал эми бул көмүр чырына байланыштуу күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылабы, жокпу, аны депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы көрсөтөт. Бирок мектептерге чейин таратылып кеткен уулуу көмүрдө бир топ чоң чиновниктин кулагы көрүнүп калды.


Толгонай ордуна кайтып келди


Кыргызстанда мыкты медиа-адис бар. Толгонай Стамалиева деген. Орусча да, кыргызча да бирдей жазат. Мыкты аналитик. Кечээ жакында Жогорку Кеңештин пресс-кызматынын жетекчиси болуп кайра дайындалды. Бул кабарды журналисттер коомчулугу сүйүнүп кабыл алдык. Иштин көзүн билген, маданияттуу, сыпайы, интригадан алыс, иштин гана сапатын ойлогон мыкты адис менен иштешкен кандай ырахат?! Толгонай мурда да бул жумушта иштеп кеткен. Андан кийин бирөөнү дайындашкан ортодо. Ал болсо ЖКнын залынан кармап алып "шалпактап не жүрөсүңөр?" деп журналисттердин оозун ачырган. Андан кийин ЖКнын пресс-кызматын Бакыт Аманбаев эки айча башкарып турду. Ал жигит СДПКнын шайлоо тизмесине кирген экен ортодо. Анан эле президенттик шайлоодо Мадумаровдун штабында отурган болчу. Шакылдатып Атамбаевге каршы макалаларды жазып.. Эми ушундай ойкума заманда жашап атпайбызбы, таң калган деле эмеспиз.


Ташиевдин маеги катуу сынга кабылды


Камчыбек Ташиевдин биздин гезитке 7-февралда берген маеги чабуулга кабылды. Ал өкмөт башчы таза кандуу кыргыз эмес деп айыптаган эле. Саясат талдоочу Марат Казакбаев сындап чыкты. Ал "K-News" маалымат агенттигине берген интервьюсунда "Кыргызстан көп улуттуу өлкө, мамлекет бутактарында кыргызстандыктар олтурушу керек. Эң башкысы ал кыргыз тилинде сүйлөгөндү билиши шарт. Ташиевдин бул сөзүнөн шовинизмдин жыты уруп турат, менимче, ал кызуу кандуулукка алдырды көрүнөт" - деген. Марат Казакбаевдин пикиринде "Ата-Журт" фракциясынын лидери абсурдду сүйлөп койгон. Мындан башка да Ташиевдин айтканына ачуулангандар редакциябызга телефон чалып атышат.


Окумуштуудан жаңы китеп


Белгилүү геолог, академик, 500гө жакын илимий эмгектин автору Кубат Осмонбетов менен доцент Алымбек Татыбековдун "Шаарлардын экологиясы" деген китеби жарык көрдү. Китепте Бишкектин бир катар көйгөйлөрү чагылдырылып, аларды жоюу сунуштары камтылган. Китеп мугалимдер менен студенттер үчүн табылгыс окуу куралы экенин эскерте кетмекчибиз.





Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар