Көркөм адабий китептер!


Напсиң кургур

"Атамбаев, өлкөгө миллиондогон доллар зыян алып келген Исхак Пирматовдун былыгын чуку!"



7- февраль, шейшемби күнү "Кыргызнефтегаз" ААКнын кызматкерлери КирТАГ маалыматтык агенттигинде ишкананын тегерегиндеги Чубактын кунундай чубалган чуу боюнча пресс-конференция беришти. "Депутат Исхак Пирматов аталган ишканага жетекчи болуп турган кезде "Кыргызнефтегаз" ААКсы менен "Юнитрейд компани" ЖЧКнын ортосунда биргелешип иш жүргүзүү боюнча түзүлгөн келишим аткарылса "Кыргызнефтегаз" ишканасы 25 млн. доллар зыян тартмак" деген билдирүүнүн тегерегинде сөз кылынды. Ал боюнча ММК өкүлдөрүнө маалыматтар топтомун беришти. Графикалык таблица менен коштоп. Биз ал маалымат топтомун жөнөкөй тилге салып иштеп чыктык.

25 миллион доллар сол чөнтөккө кетерде...
"Кыргызнефтегаз" ишканасы 85% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон акционердик ишкана. Бул ишкананы 2008-жылдан 2010-жылга чейин ЖК депутаты Исхак Пирматов жетектеген. Союз кулагандан бери "Кыргызнефтегазга" эч кандай нефти бургулоочу жабдык алынган эмес. Андыктан Пирматов мырза бургулоочу жабдыктарды сатып алыш үчүн 2009-жылдын 7-октябрында "Юнитрейд компани" (айрым ММКлар бул компания Пирматовго караштуу экенин жазып чыгышкан) ЖЧКсы менен биргеликте иштешүүгө №294 келишим түзөт. Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылында катталган "Юнитрейд компани" Кытайдан ZJ40J моделиндеги нефти бургулоочу жабдыктарын 8,5 миллион долларга алып келип, "Кыргызнефтегаз" ишканасына лизингдик негизде сатат. Келишимдин 2.4 пунктуна ылайык, ушул 8,5 миллион доллар акталып бүтмөйүнчө 2 жылдын ичинде 5 скважинадан чыккан нефтинин 70%ы "Юнитрейд компаниге", 30%ы "Кыргызнефтегаз" ишканасына берилмек. Тактап айтканда, эки жыл ичинде мамлекеттик ишкана "Юнитрейд компани" ЖЧКна 30992 тонна нефтини тоннасын 275 доллардан (ошол кезде нефтинин бир тоннасы 415 доллар болчу) берүү милдеттенмесин алат. Албетте, Пирматовдун колу менен. 8,5 млн. доллар акталып бүткөндөн кийин казылып алынчу нефтинин 40%ын "Юнитрейд компани", 60%ын "Кыргызнефтегаз" алып турмай болот. Таң калычтуусу, 8,5 миллион доллар акталып бүткөн соң мамлекет "Юнитрейд компаниге" бир тонна нефти бербеши керек болчу. Бирок Исхак акең өзү "мамлекет" болуп турганда мамлекеттин кызыкчылыгын урганы барбы.
7-апрелден кийин "Кыргызнефтегазга" жаңы жетекчилик келип, Пирматовдун схемалары ишканага зыян алып келерин баамдашып, бул келишимге аудиттик баа берүүгө "Марка Аудит" ЖЧКна кайрылышат. Бул аудиттик компаниянын эксперттик тобу "Кыргызнефтегаз", "Юнитрейд компани" менен түзүлгөн келишимден 13 млн. доллар чыгаша табарын эсептеп берет. Андыктан ишкана ал келишимден баш тартып, Кытайдан Пирматовдун убагында 8,5 млн. долларга алынып келинген ZJ40J моделиндеги нефти бургулоочу жабдыктарды болгону 3 млн. 724 миң долларга, эч кандай лизинг-мизинги жок эле алып келет. Ошондон баштап "Юнитрейд компани" ЖЧКсы "Кыргызнефтегазды" сотко берип, бирок ишкана Жогорку сотто жана ага чейинки соттук инстанцияларда утулуп калды. Бирок Башкы прокуратура ушул күнгө чейин Пирматовдун "Кыргызнефтегаз" ишканасын жетектеп турган кезинде мамлекетке зыян алып келген "Юнитрейд компани" менен түзгөн келишимин, ошол мезгилдерде ишкананын дайынсыз жоголгон миллиондогон сомдорун каякка кеткенин эмнеге текшеришпейт.

Ортодогу олчойгон суммага ким жооп берет?
2011-жылдын 3-июнунда "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы былык-чылыктарды текшерүү үчүн ошол кездеги премьер-министр Алмаз Атамбаевдин №203 буйругу менен Эсептөө палатасы башындагы мекемелер аралык ревизордук комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы төмөндөгүдөй:
"№294 келишимдин негизинде 2010-2011-жылдар аралыгындагы "Юнитрейд компани" ЖЧКна берилмек болгон 30995 тонна чийки нефти тоннасына 275 доллардан берилгенде 8 522 625 доллар болмок. Ал эми нефтинин рыноктогу баасын эске алганда 30995 тонна нефти 15 млн. 971 миң долларга сатылмак. Эгер "Юнитрейд компани" менен түзгөн келишим ишке ашканда "Кыргызнефтегаз" ишканасы 7 449 225 (15 971 880 - 8 522 625 = 7 449 225) долларды колдон чыгармак.
Мындан сырткары, келишимдин дагы бир шартына ылайык 8,5 млн. долларга алынган бургулоочу жабдыктардын акысы төлөнүп бүткөндөн кийин, келерки эки жыл ичинде "Кыргызнефтегаз" өндүргөн нефтинин 40%ы "Юнитрейд компаниге" берилип турмак. Бул 40%дык өндүрүлгөн нефти "Юнитрейд компани" ЖЧКна кошумча 17 млн. 320 миң доллар алып келмек. Ушул негизде "Кыргызнефтегаз" ААКнын "Юнитрейд компани" менен түзгөн № 294 келишиминин шарттарын аткарганда 24 млн. 769 миң долларды колунан чыгармак, б.а. ушул суммага зыян тартмак".
Мына, И.Пирматов "Кыргызнефтегазды" жетектеп турганда кол коюлуп, бирок эми үзүрүн көрө баштаганда Апрель революциясы болуп кетип, ишке ашпай калган шойкомдуу №294 келишимдин чыныгы жүзү. Кыргызстандан 25 млн. долларды шыпырып кетмекчи болгон "Юнитрейд компани" ЖЧКнын Исхакка тиешеси бардыгын гезиттер жазып чыккан. Пирматов бул келишимден сырткары жооп бере турган дагы миллиондогон сомдордун дайыны чыкпай келет. Мисалы, Пирматов жетекчилик кылып турган 2009-жылы "Кыргызнефтегаз" ишканасы 75,1 миң тонна нефти өндүрүп, 18,6 млн. сом баланстык киреше тапкан, ал жетекчилик алмашкан 2010-жылы бул ишкана 70,6 миң тонна нефти өндүрүп 225,4 млн. сом (графикалык таблицаны караңыз - авт.) баланстык киреше тапкан. Ортодогу айырма - 206,8 млн сом. Бул акчаны кайда коротконуңузду коомчулукка фактылар менен көрсөтүп койсоңуз болор эле Исхак мырза?!
Исхак Пирматовдун башкарган убагында, 2009-жылы сатылган продукциянын көлөмү 645 млн. сомду түзсө, 2010-жылы жаңы жетекчилик убагында 1 миллиард 237 млн. сомду түзгөн. Демек, ортодогу айырма 592 млн. сом кайда же кимдин чөнтөгүнө кеткен? Анткени эки жылда өндүрүлгөн нефтинин көлөмү бирдей эле болуп атпайбы.

Кайрадан Бабанов жыттанып
2009-жылы 29-январда Бишкекте "Кыргыз-Мунай" деген компания түзүлөт. Түзүүчүлөрү "Кыргызнефтегаздын" директорлор кеңешинин мүчөлөрү Василий Слесарев, Данияр Абышкаев. Бирок такталбаган маалыматка караганда, бул компания Пирматов менен Бабановго тиешелүү экендиги айтылып жүрөт. 2009-жылы ушул компанияга Пирматов 20 миң литр дизелдик күйүүчү май, 9 миң литр бензинди 9 сомдон сатканын, 2008-жылы эле ишкана күйүүчү майларды 20 сомдон сатып келгенин былтыр эле ММКлар жазып чыккан. Демек, Пирматовдун убагындагы ортодогу жоголгон, жогоруда көрсөтүлгөн баланстык киреше менен өндүрүлгөн продукциялардын айырмасы "Кыргыз мунайга" баасы төмөндөтүп сатылган күйүүчү майларда жатпасын?


Омаралы Анарбаев, "Кыргызнефтегаз" ААКнын жетекчисинин орунбасары

"Атамбаевдин чын эле коррупцияга каршы күрөшүү ниети бар болсо..."


"Акыркы эки жылдан бери "Кыргызнефтегаз" ААКна 2010-жылдагы революциядан кийин келген жетекчилик кызматтарын так, туура, эң негизгиси, мурда сол чөнтөккө салынып келген кирешени мамлекеттин казынасына буруу аракеттерине айрым бийлик бутактары тарабынан бут тосуулар токтобой келе жатат. Бул бут тосуулардын артында ЖК депутаты, "Кыргызнефтегаздын" мурдагы жетекчиси Исхак Пирматов турат деп ойлойбуз. Мурунку жылдар менен акыркы 2 жыл ичиндеги "Кыргызнефтегаздын" жалпы ишмердүүлүктөрүн салыштырмалуу жыйынтыктарын таблицалык графика менен коомчулукка жарыяладык. Ушундан эле ким мамлекет үчүн иштеп, кимдер өз кызыкчылыгы үчүн иштегенин билсеңиздер болот. Президент Атамбаев былтыр премьер болуп турганда түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгы менен Исхак Пирматов жетектеп турганда алынган бургулоочу станоктор мамлекетке 24 769 856 АКШ доллар чыгаша кылгандыгы аныкталган. Мындан сырткары, баланстык киреше, өндүрүлгөн продукцияны сатуудагы жүз миллиондогон сом айырмачылыктар Пирматовдун "Кыргызнефтегазга" кандай зыян келтиргенин далилдейт. Андыктан, азыр коррупцияга каршы катуу күрөштү баштаган президент Атамбаевге ишенип турабыз. Атамбаев мырза, чындап эле коррупцияга күрөшүү ниетиңиз бар болсо анда өлкөгө миллиондогон доллар зыян алып келген Пирматовдун былыгын чукуңуз!"







Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар