Көркөм адабий китептер!


Карасаң, кандай…

Медакадемия ректору Зурдинов мыйзамсыз дайындалган…бы?


- И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору Аширали Зурдинов 2009-жылдын 12-мартынан бери мыйзамсыз иштеп жатат, - деп Медакадемиянын окутуучусу, медицина илимдеринин доктору, профессор Зиябидин Айдаров айтты. - Аширали Зурдинов премьер-министр И. Чудиновдун 2009-жылдын 12-мартындагы №102 буйругу менен Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору болуп дайындалган.
- Анда бул буйруктун эмнеси мыйзамсыз?- деп суроо узатсак, профессор буйруктун негизин бетке кармады. Анда "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-мартындагы №148 токтому бекиткен "улуттук" деген статусу болбогон жогорку окуу жайларынын жетекчилеринен башка Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан алуу тартиби тууралуу" Жобого ылайык, Аширали Зурдинов Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын ректору болуп дайындалсын" деп бадырайып жазылып турат.
- Кайра дагы кайталайлы, бул буйруктун кайсы жери мыйзамсыз?
- Кыргыз Өкмөтүнүн аталган буйругу 2009-жылдын 5-мартында чыккан. №148 токтому менен Аширали Зурдинов 2009-жылдын 12-мартында ректор болуп дайындалган. Бул жагы да туура. Бирок… Ошол токтомдун эң акыркы 6-пунктунда бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет деп жазылып турат. Ал эми токтом расмий түрдө "Эркин тоо" гезитине 2009-жылдын 13-мартында жарыяланган. Демек, Аширали Зурдинов Медакадемияга бул токтом күчүнө киргенге чейин, б.а. 2009-жылдын 12-мартында дайындалып жатпайбы. Андан кийин Зурдинов тууралуу өкмөттүн эч кандай буйругу чыккан эмес. Демек, А. Зурдинов 2009-жылдын 12-мартынан бери ректор болуп мыйзамсыз иштеп жатат, - деп сөзүн аяктады профессор Зиябидин Айдаров.
Биз да жооп таба албай калдык. Ырас эле ушундайбы?
Баса, профессор З. Айдаров КР Башкы прокуратурасына Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору А. Зурдиновдун мыйзамсыз иштери тууралуу кайрылганда башкармалыктын башчысы К. Абылкасымовдон "Текшерүү учурунда студенттерден калтырган сабактарына 57 сом төлөө жана КР "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" мыйзамынын талаптары бузулгандыгы аныкталып, ал боюнча мыйзам бузууну жоюу жөнүндө сунуш келтирилди", - деп айтылыптыр.

Айгүл Бакеева



Атактуулардын жоруктары

"Күлкү наама"



Кусейин Карасаев өмүрүнүн акыркы жылдарында өзүнүн замандаштары жөнүндө көп эскерди. Алардын күлкүлүү жоруктарын чогултуп жазып, "Күлкү наама" деген китебине киргизген. "Байбичем экөөбүз узун өмүр сүрдүк. Көп достор күттүк, алар менен сырдаш болдук. Атактуу окумуштуулар, жазуучулар, шайыр адамдар менен бирге жүрдүк. Казак, өзбек, татар, орус, уйгур адамдары менен жакын, кошуна болдук. Көргөнүбүз көп, уккандарыбыз арбын", - дегени бар. Кусейин абабыз айтып кеткен атактуулардын кылык-жоруктарын тартуулап турмакчыбыз.


"Мидинге арак ичирбе"
Жазуучулар союзу Мидиндин арак ичкенин токтотолу деп, коммунист Райкан Шүкүрбековду тарбиячы кылып коюптур. Ошол тарбиячысы жөнүндө Мидин мындай дейт: "Шүкүрбековду Мидинге арак ичирбе деп тарбиячы кылып койду. Ошол тарбиячымды ылжыта мас кылып алып, эки мертебе "Ала-Тоонун" астынан көтөрүп өткөмүн".


"Сен ырдабасаң - итимди ырдатам"
Ашыраалы Боталиев деген атактуу артист болгон. Ал обончу эле, үнү жакшы болчу. Ошол артист бир күнү Касымаалы Жантөшевдикине барыптыр. Бир аз сүйлөшүп отургандан кийин Жантөшев: "Ашыке, ырдап берчи",- дептир. Анда ­Боталиев: "Тамашаңды коюп жөн отурчу",- дейт. Анда Касымаалы: "Сен ырдабасаң, мен итимди ырдатам",- дейт. "Кана ырдатчы?"- дейт. Касымаалынын кичинекей гармошкасы бар экен. Ала коюп ойной баштаса күчүгү жүгүрүп келип, отура калып, асманды карап улуй баштаптыр. Анда Боталиев: "Каапыр, ушунуңду кишиге айтпачы",- деп күлгөн имиш.


"Кечээ жарты баш жедим эле"
1934-жылы Каракол шаарында сандалып жүрөм. Түрмөгө түшкөн адамга кызмат болчу беле. Арызданып атып эптеп техникумга киргем. Ал да болсо райком Осмонкул ­Тынай уулунун жардамы эле. Кошунам кыргыз жигит болчу. Экөөбүз биргелешип кой союп алчу элек. Койдун башын кээде ал жигит алчу, кээде мен алчумун. Кийинки сойгон коюбуздун башын ошол кошуна жигитим экиге жара чаап, жартысын мага берген. Так ошол учурда Пишпектен Касым Тыныстан уулу келип калды. Биздикине түшкөн. Жарты башты салып бергенбиз. Унчукпай отуруп жеген. Касым келди дегенди угуп, райком Тынаев Осмонкул биздикине келди. Мени тамашалап Осмонкул: "Кой союп алчу элең, баш бересиңби",- деп калды. Анда Касым: "Кечээ мен жарты баш жедим эле, жартысын эми сен жейсиң го",- деп күлдүрсө болобу. Куулуп, "жат элемент" аталып жүргөнүмдө ошол азиз инсан Тынаевдин жакшылыгын көп көрдүм. О, курдашым, айыпсыз атылып кетсең керек эле!


"Гостиница деген шахарда болмайды, городдо болады"
1930-жылдар болуу керек. Касымаалы Баялинов Ташкенге барыптыр. Поездден түшүп, түнүчүндө вокзалга кирет. Андан чыгып "шахарга, шахарга" деп башын бууган өзбектер кыйкырып турганын көрөт. Ал кезде жеңил машине жок. Адамдар ызбозик менен жүрө турган. Ызбозчикчи өзбектин арабасына түшүп алып кете берет. Бир топ жол басышат. Ийри-муйру көчөлөрдөн өтөт. Акыры токтоп: "Орток, чайханага келдик",- дейт. Анда Касымаалы: "Жок, мен чайханага түшпөйм, гостиницага түшөм",- дейт. Ызбозчикчи өзбектин жини келе түшүп: "Э, жуда адамни голова кыласыз да. Гостиница деген шахарда болмайды, городдо болады. Неге айтмадыңыз",- деп сөгүнүп атып, кайра городдогу гостиницага алып келиптир. Көрсө, өзбектер Ташкендин илгерки жагын "шахар" дейт экен да, кийин бүткөн жагын "город" дейт экен. Аны Баялинов кайдан билсин?


"24 тамганы окуп бүттүк, калган тамгаларды жибере бериңиз"
1927-жылы латын тамгасында биринчи жолу "Сабат ачкыч" аттуу окуу куралын түзүп, Шапирограф деген аппарат менен көбөйтүп, аны менен район-райондон келген мугалимдердин латын тамгасынан сабатсыздыгын жоюп, "силер эми башка мугалимдерди ушул мен окуткандай сабатсыздыгын жое бергиле. Артыңардан ушул китепти жиберебиз",- деп таратканбыз. Артынан ушул "Сабат ачкычты" жибердик. Анан бир күнү "Сиз жиберген 24 тамганы окуп бүттүм, калган тамгаларды жибере бериңиз",- деген кат алдык. Мына ушундай абалда элибиздин сабатсыздыгы жоюлду.


Даярдаган Нурзада Ташбаева






Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар