Көркөм адабий китептер!


Эл багарлар эмне дейт?
Темир Сариев, Экономика жана монополияга каршы саясат министри:

"Банк уячаларынан алынган акчага тиешем жок, эл алдында жүзүм жарык"


- Темир мырза, жаңы өкмөт ээрге олтурар замат реформаны ­кыскартуудан баштады. Учурда буга нааразы болгондор аябай көп. Мынчалык күтүүсүз чечим кабыл алуунун канчалык кажети бар эле?
- Кандай гана реформа жүрбөсүн ага каршы чыккандар сөзсүз табылат. Анткени ал кайсы бир адамдардын кызыкчылыгына дал келбейт. Албетте, жакыр мамлекет үчүн кыскартуу оңойго турбайт. Мындай чечим кабыл алыш биз үчүн да оор болду. Кеминде 3000дей жараныбыз ишсиз калганы турат. Бирок биз бүгүн мындай кадамга барбасак, эртең кеч болуп калат. Карап көрсөк, ушул мамлекеттик кызматта турган аткаминерлерди каржылаш үчүн эле бюджеттин 24%ы кетет экен. Бул абдан жат, акылга сыйбай турган иш. Мен ойлойм, биз эң туура жолду тандадык. Эми өкмөткө шайкеш келбеген уюмдарды да жоюуну караштырып жатабыз. Бизде кеминде 20 миңге чукул мамлекеттик уюмдар кызмат көрсөтчү экен. Карап чыгып, 400гө жакынын эле калтырууну чечтик. Аны менен катар лицензияларды кыскартуу боюнча да иштер жүрүп жатат.
- Азыр өкмөт ишкер адамдарга жеңил шарт түзүп бердик деп жатат, бирок ошол эле маалда алар "бизди тушаган мыйзамдар токулуп жатат" деп ЖКга нааразы болууда. Муну кандай түшүнсөк болот?
- Ырас, кээде парламенттен өкмөт менен макулдашылбаган мыйзам долбоорлору, токтомдор өтүп кетүүдө. Өткөндө июнь айында жабыркаган жарандардын банктарга, микрокредиттик финансылык компанияларга болгон карызын жоюу боюнча мыйзам долбоорлору даярдалган экен. Банк ишкерлери ошого нааразы болуп жатышат. Биз бул маселени тыкыр карап, чогуу-чаран чечүүгө тийишпиз. Эч бир мыйзам ишкерди жүдөтпөшү керек. Албетте, парамент менен өкмөт ортосунда талаш-тартыш боло берет. Анткени системабыз ошондой. Кемчиликтер көмүскөдө калгыча, убагында айтылып турганы жакшы. Талаштан тактык жаралат эмеспи.
- Мурунку Экономика министри Учкун Ташбаев 57 мамлекетке визалык режимди алып салуу демилгесин көтөрүп, ал парламенттен колдоо тапкан жок эле. Сиз дагы ушул идеяны көтөрүп жатыпсыз, анын канчалык зарылдыгы бар?
- Бул боюнча мыйзам долбоору азыр парламентте. Ар кайсы комитеттин ою ар кандай болуп жатат. Виза маселеси жеке парламентте эмес, өкмөт структураларынын ичинде да талаш-тартыш жараткан. Коопсуздук комитети, ТИМ өзгөчө пикирде эле. Айрыкча, ТИМ визалык режим жоюлса, чет өлкөдөгү элчиликтер акча таппай калат деп каршы чыккан. Мен айтып коюшум керек, чет өлкөдө эң көп акча табат деген Германиядагы элчилик 800 миң евро табат экен. Визалык режим жоюлгандан кийин бизге 100-200 миң турист келсе 200-300 млн. доллар мындай эле түшкөнү турбайбы. Биз азыр бул ведомстволор менен сүйлөшүп, бир пикирге келдик. Буюрса, маселе оң жагына чечилгени турат. Мен мындан башка дагы көл жээгиндеги Тамчы айылына "Хан-Теңири" шаарчасын ачалы деп сунуш кылып жатам. Мурда бул аймактан 1000 гектарга жакын жер Эркин экономикалык аймак деп жарыяланып, бөлүнгөн экен. Эми ошол жерге эс алуучулар үчүн ири дүкөндөрдү, кинотеатр, аквапарк, кафе-ресторан курушубуз керек. Эгер ал оюм ишке ашып калса, бир канча жумушчу орундары ачылмак.
- Өткөндө премьер-министр казинолорду Көл жээгине көчүрүү сунушун айткан экен. Эгер ал ишке ашчу болсо, мафия менен наркобизнестин уюгу пайда болбойбу?
- Жогорку Кеңеш бул боюнча мыйзам кабыл алган. Биз мыйзамды аткарууга тийишпиз. Казинолор жабылышы керек. Биздин расмий позициябыз ушундай.
- Кепти өзүңүзгө бурсак, сиз жетектеген "Акшумкар" партиясы СДПКга кошулганы жатат деп жатышат, чын-бышыгын тактап берсеңиз?
- Биздеги саясий система азыр өнүгүү процессинде. Бир нече партиялар бирдиктүү бир талапкерге токтоп, жалпы багыттарын аныктап иштесе болорун былтыркы президенттик шайлоо көргөздү. Бүгүн "Ата-Журт" менен "Бүтүн Кыргызстан" биригип, жаңы партия түзөбүз деп жатат. Бул эми табигый процесс. Башта саясатка келе турган адам дароо эле партия түзчү, эми ал көз караш эскирди. Мындан ары да иргелип, кыргыз саясатында 5-6 эле чоң партиялар калышы ыктымал. Алардын бири оңчул, экинчиси солчул, үчүнчүсү улутчул позицияны карманышы мүмкүн. Бул багыттан караганда "Акшумкар" үндөш, пикирлеш партиялар менен биригүүгө даяр. Биз мындан ары ушундай саясат жүргүзөбүз.
- Жогорку Кеңеш апрель айында банк уячаларынан алынган акчалар маселесин карамай болду. Бул чуулгандуу иште сиздин дагы ысымыңыз айтылып жүрөт. Бул боюнча чындыкты качан айтасыз?
- Мен бул боюнча чындыкты эчак эле айткам. Бул маселени биз экиге бөлүп карашыбыз керек. Биринчиден, банк уячаларын финансы полициясы менен Башпрокуратура Кылмыш жаза кодексинин негизинде иш козгоп, анан ачкан. Кантип ачкан, туура санаганбы бул башка маселе. Эгер бул боюнча күнөөлүүлөр табылса, анда алар жоопко тартылышы керек. Экинчиден, буга менин эч тиешем жок. 2010-жылдагы апрель, май, июнь окуяларынан кийин Убактылуу өкмөт атайын каражат бөлүү чечимин чыгарган. Мен Финансы министри катары ошол кагаздын негизинде акча бөлүп бергем. Бул боюнча менде бардык отчеттор турат. Керек болсо азыр дагы жооп берүүгө даярмын. Мен түшүнүп турам, учурда саясаттагы айрым адамдар ушул уячаларга байлап, мени каралагысы келип жатат. Бирок айтар элем, алардын бул ою ишке ашпайт. Анткени мен 20 жылдык эмгек жолумда бир да жолу коррупциялык ишке аралашкан эмесмин. Эл алдында жүзүм жарык.

Санжи Туйтунова




Асты таш, үстү таш
Өмүрбек Текебаев:

"Мэр дагы шайланбай калса, премьер-министр шаардык кеңешти таркатат"



Ош шаардык кеңештеги 45 орунга 700дөн ашуун талапкердин айыгышкан ат салуусу старт алды. Оштуктар марага ким жетер экен деп, бирде коркуп, бирде толкундап турган чагы. Анткени шайлоодон кийин түштүк борборунун башчысы Мелис Мырзакматов мэрдик кызматка кайра шайланбай калса, кырдаал курчуп кетүүсү мүмкүн дейт айрым серепчилер.


Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мэри:

"Муниципалдык милиция түзсө болот десек, көбүртүп-жабыртып ийишти"


Аны менен бирге шайлоого жакын Ошто өткөрүлгөн "Ош шаары жөнүндөгү мыйзамдын долбоорун" талкуулоо иш-чарасы коомчулукта бүйүр кызытты. Аталган мыйзам долбоору Ош ­шаарында талкууга коюлуп, ага "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев баш болгон ЖК депутаттары жана Ош мэри Мелис Мырзакматов менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты. Айрыкча, талкууга сунушталган мыйзам долбоорунун "жергиликтүү бийлик өз алдынча муниципалдык милиция түзө алат" деген 14-берене жана "шаар мэрин дайындоодо талапкер премьер-министр тарабынан сунушталат" деген 30-беренелер кызуу талкуу жаратты. Ошол талкуунун кызыктуу учурларынан назарыңыздарга сунуш кылабыз.
Өмүрбек Текебаев, мыйзам долбоорунун демилгечиси:
- Учурда айрым серепчилер Ош шаардык кеңешке боло турган шайлоодо "Улуттар биримдиги", "Республика", СДПК жана "Ата Мекен" партиясынын жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп айтышууда. Биздин партияны төртүнчү кылып кошконуна деле рахмат (күлүп).
Мелис Мырзакматов, Ош шаарынын мэри:
- "Ата Мекенди" төртүнчү кылып кошсо, анда серепчилер да өзүңүздөн окшойт (күлүп).
Өмүрбек Текебаев:
- Ош шаарынын мэриясына дагы бир артыкчылык берилип жатат. КР мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте коомдук тартипти сактоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга муниципалдык органдарды уюштуруу, аларды каржылоо жагы каралып жатат. Буга чейин Мелис Мырзакматов өз алдынча "милиция түзөм, спецназ түзөм" деп чаң-тополоң салганын ­коомчулук билет. Сөз ошол тууралуу болууда. Бирок өз алдынча спецназдарды түзбөсө да, жергиликтүү кеңеш кошумча каражат бөлсө, атайын күч органдарын түзүп, шаардыктардын коопсуздугун камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бар.
Мелис Мырзакматов:
- Бүгүнкү күндө укук коргоо органдарына жергиликтүү калктын ишеничи жок. Ошондуктан жергиликтүү ­жамаат өнүккөн өлкөлөр сыяктуу келечекте муниципалдык милицияны түзүү боюнча демилге көтөрүп, ушундай түзсө болот дегенбиз. Бирок аны көбүртүп-жабыртып, коомчулукка алып чыгып, бизди жаман атты кылышты. Мына, биз көтөргөн демилге Өмүрбек Текебаевдин айтуусу менен мыйзам долбооруна кирип, сунушталып отурат. Бул жерде кептин баары Мырзакматовдун оозу менен айтылганда болгон. Ушул сунушту Текебаев айтса, жакшына эле кабыл алынууда.
Ө.Текебаев: - Сен муниципалдык сот да түзөм дегенсиң (күлүп).
Мелис Мырзакматов: - Мунун баары көбүртүп-жабыртып айтылган сөз. Биз болгону муниципалдык милиция түзсө болот деп сунуш кылганбыз.
Өмүрбек Текебаев: - Ош шаарынын мыйзамынын 30-беренесинин 6-пунктунда премьер-министр тарабынан талапкерлер киргизилген күндөн тартып, бир ай ичинде шаардык кеңештин депутаттары тарабынан Ош шаарынын мэри шайланбай калса, анда премьер-министр кеңештин фракциялары менен үч талапкерди кайталап көрсөтөт. Дагы шайланбай калган учурда премьер-министр шаардык кеңешти таркатып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Ушул эле берененин 7-пунктунда "премьер-министр шаардык кеңештин жаңы курамы менен мэр шайланганга чейин мэрдин милдетин аткаруучуну дайындайт" деп турат.
Мелис Мырзакматов: - Бул жерде партиялык диктатуранын элементтери пайда болуп жатат. Шайлоого чейин эле кадр маселеси чечилүүдө. "Тиги партияга мынча добуш алып берем" деген эргулдар кесибине, билимине карабай кызматка барууда. Мисалы, жергиликтүү окуу жайлардын жетекчилери жергиликтүү бийлик менен макулдашылбай дайындалып жатат. Бирок окуу жайдагы көйгөйлөр боюнча шаардыктар бизге келип даттанышат? Студенттер окутуучуларына каршы митинг-пикеттерди Билим берүү министрлигинде эмес, мэриянын алдында өткөрүшөт. Бул жагын да эске алуу керек. Азыркы учурда CДПК, "Республика" же "Ата Мекен" партиясында болсоң гана чоң кызматка барасың. Биздин өлкөдө демократияны, укуктук коомду жамынып алып, партиялык диктатураны жүргүзүп жатышат. Башкаруу коалициясына кирген партиялар жер-жерлерге өз адамдарына гана кызмат берүүдө. Мисалы, шаардын мэрин премьер-министр 2-3 жолу көрсөтөт, болбосо шаардык кеңешти таратып жиберет дейсиңер. Мэрди таңуулап өткөрсө, бизге шаардык кеңештин эмне кереги бар?
Мынакей, окурман. Ош шаардык кеңешин шайлоо 4-мартта болот. Ошол шаардык кеңештин курамы мэрдин тагдырын аныктайт. Ошто элдин көбү Мелис Мырзакматовду колдойт, бирок ошол эле учурда башка партиялардан да талапкерлер аз эмес. Аңгыча бул шайлоону утурлай, Ош шаары тууралуу жаңы мыйзамдын долбоору пайда болду. Эң башкысы, келгиле, чыныгы демократияны жана укуктук өлкөнү куралы десек, тандоону элге берели. Чыныгы эл үчүн иштеген азаматты өздөрү шайлап алсын.
Кайрат Жапаров, Ош




Яндекс.Метрика
 about | A Free CSS Template by RamblingSoul

9-февраль, 2012-жыл

Барактар