Кыргызстандын бүтүндүгү Баткенден башталат

Кыргызстандын бардык жери кымбат. Өзгөчө кыйынчылыкка батып турган аймак андан да кымбаттай сезилет. Башта "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмне бар?" дешчү экен. Талкаланган жол азабына, чаташкан чек ара машакаттарына кабылган адам Баткенге барып келгенден соң Зардалыга тиешелүү сөздү көп оозанат. Көрсө, ага негиз бар экен. Айрыкча аткезчилик жол менен Тажикстанга бензин ташыган оор автоунаалар соңку бир жыл аралыгында Оштон Лейлекке чейинки жолду майкандап салыптыр. Өткөндө ноокаттыктардын жол тоскону да айласыздан улам болгон экен. Андыктан аймакта негизги үч маселе: жол, чек ара, суу маселеси чечилсе, чөлкөмгө олуттуу көңүл бурулса дурус болоор эле дешет баткенчилер. Бирок жол азабына карабай ал жактан кайтып келген адамда мекенчилдик сезим өзгөчө күчөп, Баткенге аяр мамиле жасап калаарын да көрүп жүрөм. Кыргызстандын бүтүндүгү Баткенден башталаарына көзүм жетти.


Айгүл аруулуктун, сүйүүнүн гүлү

Кезинде Мурза аке (ыраматылык Мурза Гапаров) айгүл гүлү жөнүндө сүйлөп жатканда көзү жашылданып, каканактап кеткенин көп эле көрүп, "жарыктык киши бир эле гүл үчүн ушинтеби?" деп таң калчумун. Аңгемелешкен адамына ар убак майин сүйлөп, айгүл гүлүнүн кооздугун айтып түгөтө албай, айтылуу аңгемесин жазып, жыл сайын басылмалар аркылуу элге даңазалап жүрүп бүт элге таанылтып койду. Биз да убагында УТРКда иштеп жүргөндө атайын журналисттерди Баткенге жиберип (бир эле Баткенге эмес, бүтүндөй өлкөнүн кооз аймактарына, тарыхый жерлерге), айгүл гүлдү тарттырып, күнү-түнү музыканын коштоосунда көргөзүп, Мурза акенин ишин уланткан элек. Бирок жакындан кийин гана көрдүм. Кыргыз жерин обонго салып даңазалаган, гимнге айланткан Апаз Жайнаков менен 3 жыл мурда барып бир көрсөм, бул жолу экинчи көрүшүм. Дүйнө жүзүндө Баткенде жана Ооганстанда гана өскөн бул гүлдү Кыргызстандын символуна айландыруу аракети жүрүп, бирок токтоп калган жайы бар. Айгүл гүлү тууралуу уламыш да ушул аймакта жашаган Козу Баглан аттуу баатыр жигит менен ал ашык болгон Айгүл аттуу сулуу селкиге байланыштуу. Ата журтун душмандардан ­коргоого аттанган Козу Баглан душмандардын колунан каза таап, анын кабарын уккан сүйгөнү аскалуу тоодон боюн таштайт. Каны чачыраган зоо этектерине жайнап чыккан кызыл гүл кыздын ысмы менен айгүл гүлү аталганын ашыктыктын символу катары азыркыга чейин айтып келишет. Мына ушул аруулуктун, сүйүүнүн гүлү азыр айгүл тоосун кооздукка бөлөп турат. Аны Мурза Гапаровдун туюму, анын сүйүүсү менен караганда гана айгүл гүлүнүн сулуулугун аңдап билүүгө болот. Бирок азырынча ал деңгээлге жете элекпиз. Ички кооздугун аңдап сезбегенден улам жыл сайын айгүл гүлү азайгандан азайып барат. Баткен жергесин ажайып кооздукка бөлөп келген өрүкзары менен айгүл гүлүсүз элестетүү эч мүмкүн эмес. Бул эки кооздук Баткен жергесинин, анын мээнеткеч элинин даңазасын чыгарып, кыргыз деген улуу дайрада жуурулуштуруп, биримдигин арттырып келет.

Музафар Үсөндүн керемети

Баткенге барган ар бир адам айгүл тоосунан ары Кара-Булак айылынын тоо этегин түнөк кылган, белгилүү жазуучу Музафар Үсөн жараткан кереметтен кыйгап кете албайт. "Алайга барсаң - Кубатбек Жусубалиев, Баткенге барсаң -Музафар Үсөн" деген сөз чыгармачыл чөйрөдө кеңири айтылып келет. Бул эки жазуучу тең шаардын ызы-чуусунан оолактап, тоо арасында жалгыздап, жаратылыш менен камыр-жумур жашоону тандап алышкан. Музафар Үсөнгө Баткендин ошол кездеги акими Дастан Бердиев каалаган жериңден бир гектар жер тандап ал десе, эч ким жашабаган, айылдан оолак ушул жерди тандап алганын айтат. Дыйканчылыкка ылайыксыз, камыш, караган баскан бул жерди тандаганын аткаминерлер кайдан түшүнсүн. Андан бери 15 жылга жакындап калды. Алгачкы эккен бак-дарактары дүпүйүп токойго айланып, карагайлары көзгө көрүнүп калды. Өрүк жыгачынан өзү чегип жасаган Айкөл Манас менен анын Аккуласын "Манас" эпосунун 1000 жылдыгы белгиленген Таластагы тойдо чет өлкөлүктөргө Бишкектеги мыкты бир үйдүн акчасына бербей койгон. Азыр ал өзү негиздеген сейил багын, этнографиялык борборун кооздоп турат. Жомоктогу тоо көтөргөн дөөлөрдүн элеси да жазуучунун фантазиясынан жаралган. Салган үйү да өзгөчө стилде курулган. Мына ушул кереметтердин арасында жаздан күзгө дейре мээнеттенген жазуучунун ички дүйнөсүндө каармандарга жан кирип, жаңы чыгармалары бышып жетилип, кыш бою кагаз бетине түшөөрүн жазуучу баяндап отурду. "Бир күнү шаардан келишкен бир топ адамдар менин тынымсыз иштеп жүргөнүмдү көрүшүп, кемпиримден "бул тынымы жок сапсайган жумушчуну кайдан таап алгансыз, эмгеги үчүн айына канча төлөп бересиз?" деп сурап жатпайбы" - дейт жазуучу өзү жөнүндө. Ошол апсайган жазуучунун өнөрканасын, этнографиялык борборун кыдырып, баарлашып чер жазып кайттык.

Кыргыз жерин даңазалаган Апаз Жайнаков

Кыргыз жеринин улуулугун, сулуулугун обонго салып даңазалаган Апаз Жайнаков да азыр Баткенде жашайт. Баткендин айтылуу өрүкзарына, айгүл гүлүнө арналган жана башка обондору да ушул жерде жаралган. Биз барганда ал ооруканадан жаңы эле үйүнө чыккан экен. Анын ден соолугун сурап, эртерээк айыгып кетишин каалап Лейлекти көздөй жол тарттык.

Исхак Раззаков төрөлгөн Хоросанда

Мындан 10 жыл мурда Сүлүктү шаары башка майда шаарлар сыяктуу эле таланган, тонолгон абалга туш болгон. Көмүр кендери толук кандуу казылбай, шаардагы саналуу ишканалар иштебей, жумушсуздук күч алып, жаштар туш- тарапка кетип, көчө ээнсиреп калган. Учурда көмүр кендерин жеке ишкерлер кайрадан иштетип, 15тен ашуун шахтада 2миңдей жумушчу иштеп жатыптыр. Алган айлыктары да дурус. Эшик-терезелери тонолгон кабат үйлөр кайрадан четинен оңдолуп, жаңы үйлөр курула баштаганы шаарга жан киргенин кабарлайт. "Көмүр кенин иштетип жаткан 15 эле ишкер шаарды жандантып койдук. Буюрса, мамлекет тарабынан колдоо болсо, Сүлүктү шаары өнүгүү жолуна түшөт" - деп шаардагы белдүү ишкерлер Самат мырза менен Сманалы мырза бизди сүйүндүрдү. Биздин Сүлүктүгө барганыбыздын бир себеби жанданган Сүлүктүнү өз көзүбүз менен көрүү болсо, башкы себеби шаардын жогор жагындагы Хоросан деген жерде жарык дүйнөгө келип, жети жашына чейин балалыгын өткөргөн улут лидери Исхак Раззаковдун кичи мекенине зыярат кылуу болчу. Азыр Исхак Раззаковдун киндик каны тамган Хоросанда малчылар эле жашабаса, айыл жок. Ал жашаган үй да жок. Эски үйлөрдүн дөмпөйгөн издери гана калган. Болгону ал чыгып ойноочу дөбөгө 100 жылдыгынын урматына туугандары эстелик белги орнотушкан. Сырттан келгендер ошол дөбөчөдөгү эстелик белгиге келип зыярат кылып кетишет. Бул дагы болсо улут лидери Исхак Раззаковду совет доорунда унуткарууга жасалган аракеттин "жемиши". Ал пенсияга чыгып, Мекени көздөн учуп сагынганда атасынын эски үйүнүн ордуна эки бөлмө үй салып жашоомду өткөрсөм кана деп далай ирет шыпшынганын, зарлаганын анын замандаштары далай ирет эскеришти. Замандын катаалдыгы, эл башчыларынын кара мүртөз кекчилдиги эч кимге зыяны жок эс алуудагы Раззаковго ылайдан салынган эки бөлмөлүү үйдү да ыраа көргүзбөдү. Ал эңсеп, куса болуп сагынган Хоросан азыр ээн калган, болгону андагы дөбөдө лидердин ушул жерде төрөлгөнүн билдирген чакан эстелик белги гана турат.

Кыяс Молдокасымов,
Тарыхчы





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??