Шаки депутат


"немисче" сүйлөгөндө


"Аюучу" депутат Шаршенбек Абдыкеримов жаңы байып калган кезинде мен деле элден калбай чет өлкөнү көрүп келейин деп Германияга билет алыптыр. Кетип атып бир досуна: "Мен немисче билбейм да, кантем эми?" - десе, анысы камырабай: "Кыргызча менен немисче опокшош. Кыргызчаны кичине чоюп сүйлөсөң, ошол немисче болот" - деп коюптур. Шаки болсо ишенип алыптыр. Германияга барып ресторанга кирип отурат.
Шаки айтат: "Оооо-ффиии-цииааант биииииир пииивооо беееерчиииии".
Официант кыргызды таңыркай бир карап коет да, пиво алып келип берет. Шаки пивосун ичип бүтүп кайра: "Оооо-ффиии-цииааант даааагыыы биииииир пииивооо беееерчиииии" - дейт. Официант унчукпай дагы пиво алып келет. Ошентип 5-6 кружке пиво ичет. Шаки бир топ кызымтал болот дагы: "Оооо-ффиии-цииааант, мааа-гааа дааа-гыыыы.." деп келатканда, тигил официант кыргызча жооп бериптир: "Байке, сизге жетет го, болду эми мейманканаңызга барып эс алыңыз" деп. Көрсө, кыргыз бала официант болуп иштейт экен да. Шаки анда да "немисче" сүйлөгөнүн токтотпойт дейт:
- Эээээй, сееееннн кыыыыргыызсыыыңбы? Мееен даагыыы кыыыыргыыызмыыын. Ааааанндааа ээээмнееее нееемииисчеее сүүүүйлөөөшүүүп жаааатааабыз? Кыыыыыргыыызчааа эээлееее сүүүүйлөөөшпөөөйлллүүүбүүү, - деп, кулап түшүп коңурукту кош тартып уктап калган экен.




Волейбол десе, ичкен ашын таштаган Төрөбай Зулпукаров


Аты-жөнү - Зулпукаров Төрөбай Закирович.
Туулган жылы - 1974-жыл, 19-январь.
Кичи мекени - Ноокат району, Кара-Таш айылы.
Кызматы - Эмгек жолу милициянын атайын отрядынан башталган. Учурда Жогорку Кеңештин вице-спикери.
Үй-бүлөсү - Эки кыз, бир уулдун атасы.
Кайра мүмкүнчүлүк болсо, ИИМге кызматка барасызбы? - "Милицияда төрт жыл иштеп, айлыктын аздыгынан бизнеске өтүп кеткем. Эми депутат болуп калдым, кайра милицияга бара албайм го".
Сүйгөн китеби - Чыгыш жазуучуларынын чыгармалары.
Проблеманы муштум менен чечеби? - "Муштум менен эч нерсе чече албайсың. Бардык нерсени акыл жана сабыр менен чечем".
Жашоодон күткөнү эмне? - Эки дүйнөдө бактылуу болуу.
Байпагын өзү жууп көргөнбү? - "Аскерде жүргөндө жуучумун".
Кечиккен сүйүүгө жолугуп калсаңыз… - "Сүйүүнү адам баласы ар кандай түшүнөт, кандай болбосун үй-бүлө деген ыйык. Аны таштап бирөөнүн артынан кеткен болбойт".
Биттеп, котур болуп көргөнсүзбү? - "Андай турмуш баштан өткөн эмес. Бала кезде деле. Апабыз ыраматылык тазалыкты сүйгөн аял эле, бат-бат жуунтуп турчу".
Мушташып, милицияга түшкөнсүзбү? - "Кичинемен мушташып жүрүп, аскерге барганда токтолгом".
Адамдагы баалаган сапат - "Ыймандуулук".
Кызматка келгени канча жаңы дос таап, канча жаңы достон кол үздү? - "Көп эле дос таптым, бирок эч кимисинен кол үзө элекмин".
Бош убакытты кайда өткөрөт? - Спортзал менен мечитте.
Сизге футбол жакынбы же бокс­пу? - "Футболго жакынмын, волейболду андан да жакшы көрөм".
Жубайына кол көтөрөбү? - "Аялга кол көтөргөн эркекти сыйлабайм. Акылдуу адам аялы аша чаап баратса, биринчи - көз караш, экинчи - жылуу сөз, үчүнчү катуу үн менен токтотушу керек".
Социалдык түйүндөрдө көп олтурасызбы? - "Интернетке жаңылык окуш үчүн эле кирем".
Бизнесиңиз барбы? - "Бар, бирок ал Кыргызстанда эмес".
Сүйгөн ичимдиги - "Мөмө-чөмөнүн ширеси".
Тумары - Теспеси.
Жек көргөнү - "Калп сүйлөө, паракорчулук, сөзүнө турбагандык".
Аялдардан достору барбы? - "Кыздар менен кичинемен эле достошкон эмесмин".
Айдаган унаасы - "Тойота Лендкрузер".
Материалдык абалы - Бир үй, эки машинеси бар.




"Ээнсиреген үй" аркылуу дилге сүңгүү



Нурбек Эгендин май айынын алгачкы аптасынан тартып Бишкекте калайыкка кеңири тартууланып жаткан "Ээнсиреген үй" (орусча "Пустой дом") тасмасы Ала-Тоодо узакка созулган талкуу жаратышы мүмкүн.

Бир нече апта илгери чакан топко кошулуп, бул тасманы көрүү шыбагасына ээ болдум. Тасма башталган алгачкы көз ирмемден акыркысына чейин жүткүнүп, "эми эмне болоор экен?" деп толкунданып отурдум. Тасма маалында жаралган суроолордун бир далайына көрөрман өз алдынча жооп издегенге мажбур болот экен.
Азыркы доордогу Ажарларды өлүмгө кириптер кылган "негизги карышкырлар" элибизден чыккан эле "эргулдар" экенин Нурбек бул тасмада өтө таамай чагылдырган экен.
Улуу Үркүндө азап чеккен Ажар Чыгыш Түркстандагы чөлдө бөрүлөргө жем болсо, бүгүнкү Аселге тээ Францияда (Парижге бараткан кан жолдо) эки буттуу "айбандар" кол салат. Бирок Аселдин тагдырына балта чапкан жазмыштуу окуялар өзүнүн эле кичи Ата журтунда - Кыргызстандагы Ысык-Көл кылаасында башталат. Тасманы көргөндөр ушул өңүттү көңүлдөн чыгарбашы керек.
Тасмада жергиликтүү кылмыш чөйрөсүнүн мыкчегери (Султан) саясатка да аралашып, кээде акча төлөп калайыкты саясий митингге да чыгарат, анын кылмыштуу тобу баңгизатты эл аралык деңгээлде сатып турат. Эрксизден жакынкы учурдагы кыргыздын айрым саясатчыларынын кылмыштуу топтун өкүлдөрү менен болгон "мышык-чычкан оюндары" эске түшпөй койбойт.
Тасманын кайсы өңүтүн албайлы, кыргыздын турмуш чындыгын жашыруун камера менен тартып алып жаткандай реалисттик деңгээлде сыпаттайт.
Орусияда жана Батышта жүргөн эмгек мигранттарыбыздын далайы мыкты турмуш өткөрүп келээри айкын, алардын арасында ишкерлер, сүрөтчүлөр, журналисттер, цирк өнөрпоздору, спортчулар, курулушчулар жана университеттердин профессорлору да бар эмеспи. Бирок бул тасмада алардын таржымакалы эмес, азаптуу кырдаалда эптеп күн кечиргендердин, кожоюндарына алданып кордук көргөндөрдүн, укуктары саат сайын тепселенгендердин мүшкүл тагдыры таасын чагылдырылган.
Бир иничегим "Фейсбуктагы" мага жолдогон катында "тасмада Ысык-Көлдөгү айрым тургундар жеңил ойлуу сыяктантып чагылдырылып калыптыр дешет" деп к­ейип жазыптыр. Бул тасма, менимче, көлдүктөрдүн эле эмес, жалпы кыргыз калкынын заманбап көйгөйүн чагылдырган.
Айтмакчы, Ысык-Көл жалаң гана көлдүктөрдүкү эмес, жалпы кыргыздыкы. Талас да жалпы кыргыздыкы. Оштогу Сулайман-Тоо, Тогуз-Тородогу Саймалы-Таш, Нарындагы Таш-Рабат, Баткендеги айгүл гүлү, Аксыдагы Сары-Челек да жалпы кыргызга таандык. Кинодо, демек, кайсы чөлкөмдөгү айыл бутага алынганына карабастан, жалпы тагдырыбыз, анын ичинде элет тагдыры бурмаланбастан чагылдырылган экен деп айтаар элем.
Кейипкер Аселдикиндей аянычтуу тагдырлар АКШда, Батышта, Орусияда деле бар, анын үстүнө аларда ачуу чындык баяндалган социалдык тасмалар абдан көп, бирок биздин журтубузда бул кино чыгарма - элеттеги айрым шордуу кыздарыбыздын турмушу жасалма жакшыртылбай сыпатталган, доолбас кагаар алгачкы көркөм тасма.
Ушундай пикиримди окуп, Жибек аттуу карындашыбыз "Фейсбукка" мындайча жазыптыр:
- Тынчтыкбек байке, аябай кызыктырып койдунуз, эми көрүш керек.
Кубаныч деген иним эмитеден эле (тасманы көрө элек жатып) минтип ачууланып жазыптыр:
- Көйгөйдү тартып, көңүлдү бузбай, элге дем бере турган фильм жаратсаңар боло. Кыргыз кызын жылаңачтабай эле, сөз менен түшүндүргүлөчү!
Жылдыз аттуу карындаш ага мындайча жооп узаткан экен:
- Ар бир көйгөйдү жазып, айтып, көргөзүш керек. Ошондо гана ал көйгөйдү чечүүгө жолдор изделе баштайт. А эгер биз "көңүлүбүз бузулуп калбасын" деп көйгөйгө көз жумуп, аны жашырып-жаап жүрө берсек, ал көйгөй "жарадай" болуп өсүп-өөрчүп, анан бир күнү жарылып кетет. Ошондо ал көйгөйдү чечүү кыйын болуп калат.
Ушундай ар кыл пикирлерди диалог катары сунуштоо менен, Нурбек Эгендин бул тасмасы кеңири калайык­ка сунуш кылына электе эле кыйла кызыгууну жаратып жатканын белгилегим келди.
Ойлонтчу, ойготчу тасмаларды, албетте, көргөндөр да арманда, көрбөгөндөр да арманда. Нурбек Эген иниме болсо, жаштардын тар жол, тайгак кечүүгө аргасыздан кириптер болгон бөлүгүнүн көөдөн тереңиндеги дартын чагылдыруу аркылуу руханий дарыгерлик ишиңди ырааттуу уланта бер деп каалоо айта кетким келет.

Тынчтыкбек Чоротегин,
тарыхчы жана публицист



about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??