presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айланайын, айылдыктарым

Мыскалды кумир туткан Алтынбү апа


Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында жашаган Алтынбү Сыйдалиева ­атайын музыкалык билим алган эмес. Бирок жан дүйнөсү ырга, музыкага өзгөчө жакын. Беш көкүл кезинде айтылуу Мыскал Өмүрканованы кумир тутчу экен. "Ал ырдаган кезде патефондун кулагын кайра-кайра бурап, уккандан тажачу эмесмин" дейт өзү. Ошентип жүрүп Алтынбү апанын көкүрөгүндөгү талант ойгонот. Өз алдынча ырдап, бала бакча, мектептерде музыкадан сабак берген деңгээлге жетет. Учурда ­Таластагы тойлор Алтынбү апасыз өтпөйт. Созолонтуп обон созгондо, уккандар ­"Мыскалдай ырдайт экенсиз" деп комплимент узатышат. Аны уккан сайын апанын көңүлү көтөрүлүп эргийт. Үйдө олтурганда абышкасына, неберелерине ырдап бергенден тажабайт. Андайда неберелери: Раяна менен Айнел жанында коштоп бийлеп турушат. Экөө тең чоң энесин тартып ыр-күүгө шыктуу. Раяна ырдап, балдар ­арасында ыр конкурстарында байгелүү орундарды алып жүрсө, Айнел бий боюнча ийгилик жаратууда.

Назима Жумаева



Залкарлар


1959-1960-жылдар. Алдыңкы катарда отурган алптар - Аалы Токомбаев, Төрөбай Кулатов, Муратбек Рыскулов жана маданият министри Күлүйпа Кондучалова. Арткы катарда - акындар Акбар Токтакунов менен Байдылда Сарногоев. Айтылуу залкарлар андагы маданият министри Күлүйпа Кондучалованын колунан сыйлык алып, кабинетинен эстеликке сүрөткө түшкөн кездери экен. Азыр бул сүрөттү Кыргыз Эл Баатыры Күлүйпа Кондучалова көрсө, ошол күндү, ошол кезди эске түшүрөөр... Убакыттын учкулдугун караңызчы…

Назира СААЛИЕВА




Атамбаевге байпак белек кылган Элмиза ишкана ачкысы келет



Ош мамлекеттик социалдык университетинин 4-курсунун студенти Элмиза Асанбекова бир айлык стипендиясына базардан жип сатып алып, өлкө башчысы А.Атамбаев үчүн атайын байпак токуп, тартуулаган. Президентке берилген өзгөчө белегинен кийин Элмизанын фантазиясы менен жуурулушуп, чебер колунан жаралган байпакка чет өлкөдөн интернет аркылуу буйрутмалар келе баштаган.


Элмизанын өнөрүнө учурда жөнөкөй жарандар эле эмес, борбордогу мода үйлөрү да баа берип жаткан кези. Атайын көргөзмөлөрдө чыгармачылыгы алкоого татып, жергиликтүү ишкерлерден байпак токуй турган ишкана ачып, биргеликте иштешүү сунушу түшкөн. Элмиза студенттик жатаканада жашайт. Алган стипедиясы - 400 сом. Ага жип сатып алып, бир жумада бир байпакты токуп бүтүргөн кызды кепке тарттык.
- Элмиза, бир жумалап токуган байпагыңды канчадан сатасың?
- Адамдын эмгеги акчага бааланбайт деген менен тиричиликте сөзсүз акча керек экен. Байпактын баасы чоң-кичинесине карап бааланат, орто эсепте 1500-2000 сомго чейин. Албетте, бул карапайым эл үчүн кымбат. Бирок ушунчалык мээр төгүп, көздүн нурун кетирип, бат эле жыртылып калбасын үчүн кымбат баадагы жиптер менен токуйм да. Жаз мезгилинде даярдап алып, кышында сатам. Тапканым баскан-турганыма, жашаган жеримдин акысын төлөгөнгө жетет. Үйдөн акча сурабайм десем болот.
- Байпак белек кылганыңды президент А.Атамбаев кандай кабыл алды?
- Апам ар дайым "балам, эң оболу бутуңду жылуу алып жүр, суук адамдын таманынан өтөт" деп айтаар эле. Көрсө, биздин президентке да апасы ошентип акыл айтчу экен. Жалпы журттун башчысына суук өтпөй, ден соолугу чың болсун деп тапшырган белегимди өлкө башчыбыз жакшы маанайда кабыл алды. Өмүрүндө биринчи жолу белекке байпак алып жатканын айтып, ыраазы болуп, маңдайыман өптү. Ошондон кийин жолум ачылды окшойт, бир топ күндөн кийин Америка, Голландия ж.б. өлкөлөрдөн интернет аркылуу заказдар келе баштады (күлүп).
- Сен алардын буйрутмасын кантип аткарып жатасың, дегеле сен токуган байпактын өзгөчөлүгү эмнеде?
- Мактангандай болбойун, чынында мен токуган байпактын сапаты мыкты. Биринчиден, жалаң жибек жипти колдоном. Экинчиден, өзүмдүн фантазиям менен көркөмдөлөт. Үчүнчүдөн, өтө тыгыз токулат. Бир байпак үчүн бир жума коротуп, бир кышка жарай турган байпак бүтүрөм. Мурда байпакты өзүм эле сокчумун. Азыр чет өлкөдөн келген буйрутмалар көп болгондуктан, жалгыз жетишпей жатам. Анүстүнө окуум да бар. Анан бул өнөргө кызыккан курбу кыздарымды кол кабыш кылууга чакыргам. Аларга билгенимди үйрөтүп жатам. Келечекте байпактын ушундай түрүн токуган чакан ишкана ачсамбы деген планым бар.
- Бул өнөрдү кандай өздөштүрүп алдың эле?
- Менин таенем дубанга аты чыккан уз болгон. Балким, кандан өткөндүр, негедир байпак токубай койсом, жан дүйнөм тынчыбайт. Бул өнөр менен 3-классымдан баштап алектене баштагам. Көп жолу колума ийне сайылып ыйлап-ыйлап алат элем. Бирок өнөрүмдү таштаганым жок. Учурда дизайнерлер менен кеңешип, байпактын заманбап түрлөрүн токуп, аталышына өзүмдүн Элмиза ысмымды ыйгарууну ойлонуп жатам.

Кайрат Жапаров,
Ош










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл

Барактар