presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Апрель поэзиясы

Кубат аке жана Сократтын өлүмү


Үстүбүздөгү жылдын 26-апрелинде Американын Кыргызстандагы элчилиги, К.Баялинов атындагы китепкана жана Америка университетинин профессорлору биргелешип, апрель айы бою Америкада майрамдалчу поэзия айын белгилешти. Чакан поэзия кечеси үч тилде өтүп, үч акын-жазуучу Кубатбек Жусубалиев, алыскы Американын Нью-Йорк шаарынан ат арытып келген Алекс Сигал жана Дана Голин өз ырларын үч тилде окурмандарына тартуулашты.

Поэзия. Муңканган поэзия. Жетпеген сүйүүнү, жүрөктөгү арманды, кусалуу табигатты ырдаган поэ­зия. Ал кайсы тилде болбосун, жүрөктөргө жетип турду. Кайсы тилде болбосун, жүрөктөр түшүнүп турду. Поэзияга суусундары канбай турду. Күттүргөн жаз келээри менен алыскы Алайына аттанып кеткен Кубат аке бул кеченин кадырлуу мейманы болуп, төмөндөгүлөргө токтолду. "Мыногу кишилердин арасында, америкалык акындардын жанында, мени түшүнүшсүн үчүн кыргыздын эле жөпжөнөкөй элдик ырларын айткым келип турат. Конфуцийи баштаган Кытайдын байыркы философтору менен кыргыздын рухий деңгээли бирдей болгон. Күчү да, стили да, муңу да ошондой.
Жагалмай деген жапан куш,
Жар ташка барып конгон жок.
Жарпымды жазып тең курбум,
ой тобо,
Жайлообуз бирге болгон жок,
ой тобо.
Кыргыек деген кыраан куш,
Кыр ташка барып конгон жок.
Кылыкташ менин тең курбум,
ой тобо,
Кыштообуз бирге болгон жок.
Бул кыргыздын мен баалаган секетпайларынан.
Камбагал кичинекей Кыргызстанда бай Американын поэзия кечеси өтүп жатат. Дүйнө жүзүнө азыр эмне жетишпейт? Поэзия жетишпейт. Дүйнө өтө басмырттанып, күңүрттөнүп бүттү. Жүрөктөр карарып, сезимдер жоголуп, адамдык касиеттер качты. Океандай поэзия кечилбей, сузулбай муңдуу чалкып жатат. Ошондой көп күндөрдөгү бүгүнкү поэзия күнү, поэзия тамчылары сезимдерге кандай жагымдуу". Кубат акенин бул сөзүнөн соң окурмандары кол чаап, узатпай, кыргыз тилинде жазылган чакан бир саптарынан окуп берди.
Кече бүтөрү менен кайра Алайга ашыккан Кубат акеге 2-3 суроо узатууга үлгүрдүк.
- Кубат аке, бүгүнкү поэзия кечеси тууралуу пикириңиз кандай?
- Мен өзүм "современный" жазуучумун да. Америка адабиятын абдан баалайм. Анын ичинен Дэвид Селинжер эң сүйүктүү жазуучуларымдын бири. Ошондуктан бүгүнкү поэзия кечеси үчүн атайын Алайдан келдим.
- Өткөндө Алайга кетээр алдында Мамат байке менен маек­ куруп, "Эми көпкө жок болом, балким түбөлүккө" деп окурмандарыңызды кейиттиңиз?
- Эми ошол ошондой эле. Мен унчукпайм, сүйлөбөйм, үн катпайм деген эле сөз. Байкасам, акыркы убактарда көп сүйлөп жибердим окшойт. Бул бир духовный пландар да.
- Сиздин "Кар" деген аңгемеңизде "Калган жакшыбы, кеткен жакшыбы?" деген Сократтын сөзү бар го. Ошол тууралуу дайыма сизден сурагым келет.
- Ал киши аябай великий адам болгон. Сократ чыныгы улуу акылман болгон. Кетип жатканда бул жакта калган адамдарга боору ачыган. Критон деген Сократтын окуучусу болгон. Сократтын өлөөрүнө бир күн калганда Критон келсе, устаты таттуу уйкуда уктап жатат. Ойготкусу келбейт. Көпкө карап олтура берет. Бир убакта Сократ ойгонот. Шакирти: "Ушундай оор учурда кантип мынча таттуу уктадыңыз?" деп суроо узатат. Сократ болсо, "Сонун түш көрдүм. Бир чырайлуу, аппак кийинген аруу аялзат келип, "эй Сократ, сен үч күндөн кийин бул жерде болосуң" - деп, мага жарык дүйнөдө жок жерди айтты. Бирок ал жердин ушунчалык жагымдуулугу сезилип турду" - дейт. Баарын карап тургандай эле Сократ өзүнүн кийинки өмүрүн көргөн. Баа­рын билген. Өмүрдөн кийин өлүм жок экенин биз болсо түшүнбөй кыйналып жүрбөйбүзбү.

Жамиля Таштанбекова






"Чымындуулар" конкурсу улантылат!


Мен киммин?
Мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калем сабы...
(Б.Сарногоев)

Урматтуу окурман, көркөм чыгарма окуп жан дүйнөнү бир кубантып, тазарып алганга кандай дейсиз? Сагындыңызбы? Биз да сагындык. Отуруп алып жакшы бир аңгеме окуганга же бир ыр окуп жан дүйнөң толкуп, делдеңдеп алганга не жетсин?! Акындар, төкмөлөр ж.б. чымындуулар болсо, жазган чыгармасын жарыялаганга жай таппай, китеп чыгарганга шарты жок жүргөнү жүргөн. Ыр жандуу кыргыз ойдон кырга чейин, жылдан кылымга, таанышкандан "жабышканга", ынкылаптан ынкылапка чейин ыр жазганын калтырган жок. Ылайым ошентип ыр бүтпөсүн. Биздин гезит дирилдеген ырларды сан сайын берип, көкүрөктөргө көктөм алып келели деп бир ырдын конкурсун жарыялаганбыз. Ошондой эле махабат, сүйүү, ажырашуу, сагыныч, жалгыздык жана кусалыкты камтыган чакан аңгеменин конкурсу да жарыяланат.


Бир ырдын конкурсу
"Сан сайын конкурска түшкөн ырлардан тандалып алынганы гезитке жарыяланат. Конкурстун жыйынтыгы 2012-жылы 1-майда чыгарылат" деп мурда жарыялаганбыз. Бирок бул конкурска катышуучулардын саны абдан көп болгондуктан, катышууну каалаган окурмандардын өтүнүчү боюнча бул конкурсту ушул жылдын 1-октябрына чейин улантууну туура көрдүк. Конкурстун шартына ылайык, Шайлообек Дүйшеев, Анатай Өмүрканов баш болгон калыстар тобу тандаган бир акынга 20 миң, эки акынга 10 миңден, үч акынга 5 миңден байге берилет. Ыр көлөмүнө гезиттин бир устуну (колонкасы) берилет. Ал ыр башка эч бир гезитке же китебине түшпөгөн эң соңку ыр болушу керек.

Бир аңгеменин конкурсу
Аңгеме өтө узак болбошу керек. Жүрөктү эзген, дирилдеген, жан дүйнөнү толкуткан кыска сюжети бар аңгемелерге артыкчылык берилет. Аңгеме сүйүү, айрылышуу, жалгыздык, сагыныч темасында болушу керек, же бир турмуш тамчыларын сүрөттөгөн жылуу аңгеме болушу керек. Калыстар тобу аңгеменин сюжетинин курулушуна, сөздөрдүн таптап жазылышына, адабий көркөмдүгүнө ж.б. ушул өңдүү көп сапаттарга карап тандап алат.
Мыкты аңгеме деп табылган биринчи орунга 20 миң сом, экинчи орунга 10 миң сом, 3-орундагы эки аңгемеге 5 миң сом байге берилет. Бир аңгеменин конкурсунун жыйын­тыгы июнь айында чыгарылмак. Бирок буга чейин редакцияга келген аңгемелердин аягы үзүлгөн жок, басууга даярдалып, бирок жарыялана электери да бир далай. Ошол себептүү көптөгөн окурмандардын өтүнүчү менен бир аңгеменин конкурсу да 2012-жылдын 1-октябрына чейин узартылды.
Конкурска чыгармаңызды салганда толук аты-жөнүңүз, кыскача таржымалыңыз жана сүрөтүңүз кошо берилиши керек. Конкурстун талабына ылайык, аңгемелердин көлөмү кыска болушу керек. Көп аңгемелер көлөмдүү болуп жарыкка чыкпай турганын да эсиңиздерге сала кетели.
Чыгармаларды төмөнкү дарекке салыңыз: defacto.gazeta@gmail.com же редакциянын дарегине поч­та аркылуу жөнөтүңүз.





Курманкул Жумалиев1958-жылдын 2- февралында Жайыл районунун Большевик айылында туулган. 1979-жылы Фрунзедеги финансы-экономика техникумун, 1986- жылы Москвадагы тамак-аш өнөр жайы институтун, 1991-жылы Россиянын Саратов шаарындагы Поволжье социалдык-саясий институтун бүтүргөн. Кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Буга чейин КРнын социалдык коргоо тармагында иштеп келген, учурда АРИС долбоорунда иштейт.

Билем, ал келет…


Билем, ал келет…
Мээрим нуру көздөрүнөн төгүлүп,
Көп кыздардан жалгыз өзү бөлүнүп.
Күткөн адам, капысынан бир келсе,
Турбас белем, зор бактыга чөмүлүп.

Билем, ал келет…
Ошол күнү ак көйнөкчөн болот ал.
Толкунданып, кубанычка толот ал.
Жаш кезекти узап кеткен эстетип,
Назик келип, көпөлөктөй конот ал.

Билем, ал келет…
Кучагымдан арылабайт,
ал түртпөйт.
Кусалыгым тарабайт да, эч бүтпөйт.
Келдим эми, кетпеймин деп
кайталап,
Өзү сүйлөйт, менден жоопту
же күтпөйт.

Билем, ал келет…
Жылмаюусу жылуу сезим
тартуулап,
Жайдар мүнөз, айткан сөзүн
кайта улап.
Көз ирмемде, жаштык кезим
кайрылып,
Сезем жүрөк соккондугун катуулап.

Билем, ал келет…
Күтүп жүрөм жолугушчу күнүмдү,
Карабаймын күнүмбү же түнүмбү.
Мезгил өтсө, күтүүдөн
эч түңүлбөйм,
Жүрөк сезет, ал чыгарат бүтүмдү.

Билем, ал келет…
Калбайынчы келген күнү тааныбай,
Сүйлөйүнчү сөздөрүмдөн
жаңылбай.
Жаштыгымды кайра
кайрып мүнөткө,
Турайынчы улгайдым деп
наалыбай.

Билем, ал келет…
Ошол күнү ушул ырды окуурмун,
Жайдактабай ыр күлүгүн
токуурмун.
Эриндерин назик келген
сезээрмин,
Сезген өңдүү таң алдында
шоокумду.

Курманкул Жумалиев,
Бишкек шаары,
2008-жылдын 20-июну










??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл

Барактар