presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен:

"Ооганстандагы стабилдүүлүк биз үчүн канчалык керек болсо, орустарга да ошондой эле керек"


- АКШнын "Манас" транзиттик борборун өлкөдөн 2014-жылы чыгаруу тууралуу президент Алмазбек Атамбаев маселе көтөрдү. Расмий АКШнын жана жеке сиздин бул тууралуу пикириңиз кандай?
- Биз президент Алмазбек Атамбаевдин транзиттик борбор тууралуу пикирин түшүндүк. Ал пикирдин азыр биз үчүн өтө маанилүү болгон эки жагдайы бар. Биринчиси - кабыл алынган келишим 2014-жылы мөөнөтү бүткөн мезгилге чейин күчүндө болоору. Президент Борбордун келечеги тууралуу талкуу жүргүзүү керек экендигин бир нече жолу айтып келди. Транзиттик жүк ташуу борборунун келечеги тууралуу сүйлөшүүлөр башталды. Өткөн жумада эксперттер тобу келип кетти. Менин оюмча, ар бир тараптын муктаждыктары жана талаптары жөнүндө сүйлөшүүлөр улантылмакчы. Менин оюмча, келечек тууралуу бир нерсе айтууга али эрте. Сүйлөшүүлөр жаңы гана башталды, ошондуктан күтө турсак. Андан сырткары, Ооганстандагы жагдайдын өзү да өзгөрүүдө, бул дагы фактор экени анык. Дагы кайталап коёюн, биз сүйлөшүүлөрдү жаңы гана баштап жатабыз, кандайдыр бир негиздүү билдирүү жасаганга али эрте.
- Кыргызстандан базанын чыгарылышына Орусия кызыкдар деген кептер жүрүүдө. АКШнын ­"Манастагы" транзиттик борбору чыгарылгандан кийин Кыргызстандан Орусиянын да базасы чыгарылат дегенге ишенесизби?
- Арийне мен Орусиянын бийлиги үчүн жооп бере албайм. Алар өздөрү айтып берет деп ойлоймун. Эгерде Орусиянын тышкы иштер министринин жакынкы убакытта берген комментарийине көңүл бурсаңыз, сиздин көз карашыңыз башкача болот. Менин оюмча, ­Ооганстандагы стабилдүүлүк биз үчүн канчалык керек болсо, орустарга да ошондой эле керек. Ал жерде эл аралык аракеттер керек экенин алар көрүп турушат, ошондуктан биз Кыргызстанга же башка дүйнөлүк өнөктөштөрүбүзгө кайрылган сыяктуу эле орустарга дагы Ооганстан үчүн кандай иш-чара көрө алабыз деп кайрылып турмакчыбыз. Кыргыз Республикасынын жеринде аскерий күчтөрдүн жайгашышы кыргыз бийлигинин жана анын өнөктөштөрүнүн өз алдынча маселеси, алар өздөрү гана бул суроого жооп бере алышат.
- Борбордук Азиянын регионалдык коопсуздугун кандай баалайсыз? Кыргызстан үчүн кандай жаңы кооптонууларды айта аласыз?
- Регионалдык коопсуздук маселеси боюнча Кыргызстан Кошмо Штаттардын аябай ишеничтүү өнөктөшү экендигинде шек жок. Бүгүн түшкө чейин [25.04.2012 -ред.] Коргоо кеңешинин катчысы Б.Табалдиев мырза менен аймактык коопсуздук тууралуу жолугушуу өттү. Биз Кыргыз Республикасынын алдында турган экстремисттик ой жүгүртүүнүн коркунучу, терроризм коркунучу, баңгизаттарды ташуу коркунучу тууралуу сүйлөштүк. Албетте, мындай коркунучтардын көпчүлүгү Ооганстан жактан келүүдө, ошондуктан биз 2001-жылдан баштап Кыргыз Республикасы менен кызматташтык жүргүзгөнүбүзгө, Кыргызстан өз жеринде "Манас" аэропортуна Транзиттик жүк ташуу борборун жайгаштырганына абдан ыраазыбыз.
- Кыргызстан өзүн парламенттик өлкө деп жарыялады, бирок ошол эле учурда өлкөнүн атынан дүйнөлүк аренада президент чыгып жатат. Биздин президент Алмазбек Атамбаевдин тышкы саясатты жүргүзүүсүнө кандай баа берет элеңиз? Учурда талаш жаратып жаткан тышкы саясатты аныктоо боюнча пикириңизди билдирсеңиз, мындай укук президентке же парламентке берилиши керекпи?
- Тышкы саясат дүйнөдөгү бардык өлкөлөр үчүн өтө маанилүү маселе деп айтмакчымын. Коңшулары курчаган жана деңиз менен чектеш эмес Кыргыз Республикасы сыяктуу кичине өлкө үчүн бул маселе ого бетер зор мааниге ээ. Өткөөл мезгилдин президенти өзүнүн бай эл аралык тажрыйбасынын негизинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына төп келген көп тараптуу тышкы мамилелерди түзүүгө жетишти. Азыркы президент дагы көп партнёрлор менен жүргүзүлгөн саясатты улантууга ниеттенген сыяктуу. Бирок "тышкы саясат үчүн эң алгач ким жооптуу?" деген суроону - президентпи, өкмөтпү, парламентпи - Кыргыз Республикасынын жетекчилери өз ара чечишип алышы керек.

Маектешкен
Гүлмира Түгөлбаева
("Баракелде" сайтынан алынып, кыскартылып берилди)





Россияда бир кыргыз уурдалып, экөө сурак берүүдө



Орус басылмалары 23-апрель күнү Екатеринбург шаарында Нурмамат уулу Мухаммед аттуу 19 жаштагы кыргыз жигит күч колдонуу менен уурдалганын жазып чыгышкан. Бул боюнча кечээ Екатеринбургдагы кыргыз консулдугуна байланышка чыктык.

Екатеринбургдагы консулдуктун билдирүүсүнө таянсак, Нурмамат уулу Мухаммед улуту кыргыз болгону менен, Россия жараны. Ошол жакта туулуп-өскөн. Россия педагогикалык университетинде сырттан окуйт. Ал 23-апрель түнү саат 3:30дар чамасында уурдалган. Күбөлөрдүн айтымында, ошол күнү Бебель көчөсүнө жакын жерде "Жигули" 2107 үлгүсүндөгү автоунааны "Волга" ГАЗ 3110 үлгүсүндөгү автоунаа алдын тороп токтоткон. Андан чыккан белгисиз адамдар "Жигули" ичиндеги эки адамды ур-токмокко алып, үчүнчү жүргүнчү Нурмамат уулу Мухаммедди күч менен "Волгага" олтургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкен. Тергөөнүн жүрүшүндө алар алдын ала телефон аркылуу байланышып, жолугууну белгилешкени маалым болгон. Бирок "Жигулиде" олтургандар жолукчу жерге жете электе эле артынан 10 чакты машина ээрчиткен "Волга" алдынан тосуп чыккан. Свердлов областтык милициясы Мухаммедди кыргыз улутундагы кылмыш тобунун мүчөлөрү уурдап кетиши мүмкүн деген версияны айтууда. Анткени, буга чейин азиат улутундагы адамдар кылмыштуу топ түзүп, ур-токмок, талап-тоноо менен шугулданып жүргөнү белгилүү болгон. Учурда бул инцидент боюнча Свердлов областтык тергөө комитети Россиянын Кылмыш кодексинин 126-беренесине (топ адамдар тарабынан адам уурдоо) таяп кылмыш ишин козгоду. Ал эми Мухаммед менен кошо таяк жеген эки адам суракка алынууда. Тергөө кызыкчылыгы үчүн орус милициясы алардын аты-жөнүн атоодон баш тартууда. Атташе Азатбек Береналиев Екатеринбургдагы консулдук дал ушул эки адам үчүн бул ишке кийлигишип жатканын бизге билдирди. Анткени, экөө тең Кыргызстандан барган мигранттар. Анын айтымында, Мухаммедди издөө ишине Екатеринбургдагы кыргыз диаспоралары да тартылды.

Мирлан Дүйшөнбаев




Эх, ошол күндөр ай!


Анда дагы алдыда 9-май - Жеңиш күнү келаткан. Жалпы эл сыйлаган улуу инсаныбыз Чынгыз Айтматов менен айтылуу жазуучубуз Өскөн Даникеев эмненидир кызуу талкуулап келатышканда, алдынан карпа-күрп чыгып калдым эле. Фотообъективим ушул мүнөттөрдү тартып калса экен деп ичимен аябай тилегем. Ырас эле, ошол ирмемдерди ушунтип тартып алыптырмын. Ошол менин сүрөтчүлүк өнөрүмдөгү жеңишим экен көрсө. Азыр мына, ошол кезди, ошол күндү карап сыймыктанып олтурам. Өскөн агайым да өткөн бир күндү, өткөн бир элести бир эстеп алаар…

Турат Кашымовдун фотосу







??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл

Барактар