Кеч күздө сүйүүсүн жолуктурган Азиза


Толук аты-жөнү - Адиева Азиза Көчөрбаевна.
Туулган жери - Токтогул району, Кара-Суу айылы.
Туулган жылы, айы - 1981-жыл, 21-февраль.
Билими - Ош технологиялык университети.
Кесиби - Бухгалтер.
Сахнага качан чыккан? - 2000-жылы "Гитарист" аттуу ырды ырдап чыккан.
Билген тили - кыргыз, орус жана түрк тили.
Жакын достору - Роза Шакирова, Айнура Салахидинова.
Үй-бүлөсү - Үй-бүлөлүү. Асел аттуу кызы бар.
Материалдык байлыгы - "Үйүбүз бар, бирок "особняк" эмес. Көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашайбыз".
Минген машинасы - "Жакында эле сатып жибердим, чоңураагын алайын деп. Алганда сүйүнчүлөп коебуз".
Кайсы гезиттерди окуйт? - Коомдук-саясий гезиттердин баарын окуйт.
Китепчи? - "Төрөгөнгө чейин Ч.Айтматовдун "Кыяматын" кайталап окугам. Төрөгөндөн бери китеп окуганга убакыт жок. Болбосо, үйдө бардык китептер бар. Жолдошумду жакшы билесиңер, ал адам китепке өтө жакын. Тамак сатып алгандын ордуна китеп сатып алат".
Жакшы көргөн макалы - "Кыргыздын бардык макалы таамай, туура айтылган, андыктан бөлүп карагым келбейт. Үйдө макал китеп бар. Окуп, кандай гана сонун айтылган сөздөр деп калам".
Кумири - "Эч кимди кумир тутпайм".
Интернетте көп отурабы? - Маалымат алыш үчүн күндө, бош убактысында кирет. "Кичине убакыт боло калса эле компьютерге отура калам. Интернет деген өзүнчө оору да…"
Ак колсуңбу? - "Жок. Сыртты да, ичти да тындыра кылам. Тамактын да бардык түрүн жасай алам. Тамактын жаманы жок, андыктан тандабайм".
Кыялы - "Ачуум чукул. Бат келип, бат тарайт. Айтканымды бербейм, бир аз көкмүн. Кошоматчылыгым жок. Ар кимдин өзүнө жараша мамиле кылам".
Жакшы сапаты - Ичпейт, чекпейт. 12 жылдан бери намазга жыгылат. Беш маал окуйт.
Ушакка мамилеси - "Оң кулагым менен укканды сол кулагымдан чыгарып коем. Ушактын артынан кубалабайм. Анткени, "бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт" дегендей, көрбөй сөз кылгандар канча. Андыктан ушакка маани бербейм".
Кайсы мезгилди жактырат? - "Бардык мезгилди. Анткени ар бир мезгил өзүнчө кооз, сулуу".
"Сүйүү жазда башталат" дегенге ишенеби? - Ишенбейт. "Ар ким ар кайсы мезгилде сүйүүсүн табат. Мисалы мен сүйүүмдү кеч күздө жолуктургам".
Сүйүүгө туруктуубу? - Туруктуу.
Кызганчаакпы? - "Кызганычтын да чеги болот. Мен орду менен кызганам".




"Ортобузда айырма бир жыл эмес, тогуз жаш…"



Бүгүн бизде конокто кош жылдыз жубайлар - композитор Аскар Карыбаев менен ырчы Чолпон Алсеитова. Белгилүү жубайлардын кол кармашып, сахнада жанганына жыйырма жылдан ашуун убакыт өтүптүр.

- Аскар агай, баарлашууну алгач сизден баштасак. Атактуу үй-бүлөгө күйөө бала болгондо кандай абалда болдуңуз эле?
- Аябай сүйүнүп да, сүрдөп да, уялып да жүргөм. Чолпонго жолуктурган тагдырга ыраазымын. Жакшы жар, мээримдүү эне. Ашканада мыкты айым. Лагманды жакшы чоет. Ресторан, кафе же конокко барып калганда бир тамакты жактырып калса, аны үйгө келгенде сөзсүз жасайт. Тамакты даамдуу жасаган жагынан уйгурлардан кем калышпайт. Жакшы да тигет. Курак курайт. Үйдү жакшы жасалгалайт. Кыздарым "дизайнер болуп иштеп албайсызбы" деп күлүп калышат. Мыкты ырчы, мыкты тамада. Тамадалык өнөргө аралашканына 8 жыл болду. Эл "жакшы алып барат" деп мактап калат, демек, жакшы алып баруучу.
Ч.А.: - Бизди тааныштырган да, байланыштырган да чыгармачылык болду. Биз 1988-жылы таанышканбыз. Ошол жылы "Таазим" аттуу ансамбль ачылган. Аны Марат Алыбаев жетектеген. Анан ал: "Музыкалык жетекчи келет" деп калды. Көрсө, ал Аскар экен да. Кыздар ырга чаңкап турганда бизге суу болуп берген. Укмуш ырларын алып чыкты, биз аткарып эле жыргап калдык. Азыр дагы жаңы ырлардын үстүндө талыкпай иштеп жатат. Буйруса, жакында ага күбө болосуңар.
- Ортодогу жаш айырмачылык канча?
- Тогуз жаш. Аскар 60-жылкы, мен 69-жылкымын. Жаш айырмачылыгыбыз башында билинчү, азыр билинбей калды. Аял киши төрөп түшкөндөн кийин эркектин жашына теңелип калат турбайбы.
- Өзүңүздөн бир топ жаш улуу, ажырашкан адамга турмушка чыгып жатканыңызды ата-энеңиз кандай кабылдады эле?
- Жашы жагынан алганда каршы болушкан. Бирок мурда жакшы таанышкандыктан макул болушту. Анткени гастролго чогуу көп барчубуз. Анан эжелерим: "Аскар, Чолпон өтө жаш. Карындашыңа жакшылап көз сала жүр" деп аябай дайындап жатышпайбы. (Күлүп) Анан Аскар башкача көз салып жүрүптүр да. Гастролго барганда концерттен кийин кыздар ресторанга же конокко барышса, "сени мага дайындашкан, андыктан, сага болбойт" деп мени жибербей, жеткирип салчу да. Көрсө, көзү түшүп, бир эсе кызганып да жүрүптүр. Колумду сураганда таңкалып эле калгам.
- Кайын ата, кайын эне көрүп калдыңыз да?
- Ооба, сонун кишилер эле. Көздөрү өтүп кетти. Кайын атам менен кайын энем 61 жыл чогуу жашашыптыр. Кайын атам кемпиринин кайгысын көтөрө алган жок окшойт, көп узабай эле көз жумган. Негизи эле 2006-жыл мага чоң жоготуу алып келди. Алгач Бишкектеги энем болуп калган Тамара эжемден ажырасам, андан кийин кайын энем, анан кайын атам… Алтындай болгон үч кишиден бир заматта ажыроо мага оор болду… Кайын атам санжырачы болгон. Көлдөгү алты акенин бири "Садыр акени" жазган. Кайын энем дипломат, калыс киши болгон. Үй-бүлө болгондон кийин уруш-талаш болот экен. Андай учурда келиндерин жамандачу эмес, "балдарымда да бар" дечү. Келиндерин кыздарындай көрчү. Түшүнүктүү болчу. Мен айылга барганда жоолук салынып барсам, "сен прическаңды бузбай маңдайыңа шарф эле байлап алчы. Артисттердин чач жасалгасын телевизордон көрдүм. Аябай мээнет кылып, жууп, кургатып, аябай тытат турбайсыңарбы. Азап эле экен" деп, жоолукту алып салууга уруксат берген. Жашмын да, дароо сүйүнүч менен кабыл алып, шарф байланып жүрдүм. Бирок жүгүнүүнү калтырган жокмун. Азыр деле кайын агама жүгүнөм. Кайын энем бизге жакшы үлгү болду. Уз болчу, куракты укмуш курачу, шырдак шырычу. Негизи илгеркилердин баарынын эле колу жөндөмдүү болсо керек деп койдум. Анткени менин апам да жети кызынын баарына өз колу менен сеп даярдап берген. Азыр 77 жашта. Күүлүү-күчтүү эле, Тамара эжемден кийин жакшы болбой калды. Анын үстүнө Тамара эжемдин колунда болчу да. Эжем апамды баладай карачу. Азыр агамдын колунда, айылда. Беш маал намазга жыгылат.
- Аскар агай, биринчи никеңизден балдарыңыз бар экенин билебиз. Алар менен катташасызбы, кыздарыңызды тааныштырып койдуңуз беле?
- Апасы турмушка чыкканда уулум Улан мени менен калган. Консерваторияны бүткөн, азыр Алматыда. Буйруса жакында келет. Үйлөнгөн, бир кызы бар. Келинибиз бул жакта. "Сайран" ресторанынын администратору. Ыймандуу келин. Эки энеси менен тең катышат. Баса, Юрий Бобков алардын өкүл атасы.
- Кечиресиз эже, Уланды кандай кабыл алдыңыз эле?
- (Күлүп) Кадимкидей эле. Мен келин болуп келгенде Улан он жашта болчу. Башында "эже" десе, азыр "жеңе" дейт. Аскар мага үйлөнөөрдүн алдында "балам бар" деп айткан. Мен анда жашмын да, Аскарга аябай боорум ооруган. Улан эстүү, акылдуу, жакшы бала. Кичинесинен биздин колдо болгондуктан мамилебиз эне-баладай. Убагында биз Уланга жардам берсек, биз кыйналып турганда бир туугандарына ал жардам берди. Карындаштарына аябай карады. Үч жаштагы эгиз карындаштарына тимеле эзилет. Булар дагы Уланды кадимкидей күтөт, сагынат. Уулубуздун кызы менен биздин кыздардын жаш айырмачылыгы бир жаш. Неберебиз төрттө, бизди "энеке, атаке" дейт. Аларды туурап биздин кыздар да ошентип айтат.





about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??