Ар жалбырак өз үнүндө шыбырайт


Жыргалбек Касаболотов, публицист:
Акынга тагдыр керек
- Акындардын арасында "Акынга тагдыр керек" деп айтып калышат. Жакшы акындардын баарынын тагдыры оор. Сиздин оюңузча кандай?
- Ар бир акындын, ар бир адамдын деле тагдыры бар. Тагдырлардын баары эле жеңил эмес. Алыкулдун тагдыры оор болду. Аз жашады. Ал, балким, узак жашаганда мындан да жакшы ырлар жаралмак. Акындардын баарына жакшы тагдыр керек.

Замира Молдошева, стилист:
Көр тирлик жана сүйүү
- "Чыныгы ашыктар баш кошушпайт. Үйлөнгөндөн кийинки тиричилик түйшүгү улуу, аруу сезимдерди жеп коет" деген сөз бар эмеспи. Сиздин көз карашыңыз кандай?
- Менин оюмча, баш кошуп эле бактылуу болуп жүргөн түгөйлөр бар. Кеп ашыктардын деңгээлинде. Негизи көп нерсе мырзаларга байланыштуу. Көр тирликтен, пендечиликтен жогору туруп, ашыгын аздектеп алуу - алардын колунда.

Фатима Абдалова, акын:
Жүрөктүн гүлдөрү, көрүнбөгөн…
- "Жүрөктү аяш керек, ал жандуу" дегенге кошуласызбы?
- Жүрөктүн да көрүнбөгөн көзү, кулагы бар. Кейийт. Ыйлайт. Кубанат. Толкунданат. Жүрөк тууралуу бир нече жыл мурда ушул ырды жазган элем. Азыр сурасаң, эсиме түшүп кетти:
"Оо, жүрөктүн гүлдөрү көрүнбөгөн,
Көрүнбөгөн дүйнөнү көрүп турган.
Суук кептен сустайып, өчүп өңдөн,
Көңүл менен көрүнбөй өсүп турган…"

Нургазы Миңкара, журналист:
Кыйналуу жана бакыт
- "Өз денеңе жабыр келтирбей туруп оңой бактылуу болуш мүмкүн эмес" дегенге кандай карайсыз?
- Билген адамга жашоонун ар бир ирмеми, тирүүлүк - бакыт. Тирүүлүктүн ичинде да бактылуулуктун түрү бар. Албетте, асмандан акча жаабайт. Үй-бүлөсүнүн, балдарынын келечегин куруу үчүн кара жанын тобокелге салып кырчындай канча жигит чет өлкөдө иштеп, кыйналып жүрөт. Алар жаштайында кыйналганы менен буттарынан туруп кетет. Жалкоолор болсо, жанын кыйнабаганы менен өмүр бою кедейчиликтин азабын тартышат. Ар бир жакшы иш кыйналуу менен жаралат.

Даярдаган Жамиля Таштанбекова




Москва көз жашка ишенбейт

Эгиз балдарымдын элеси эсимден кетпеди


"Москва көз жашка ишенбейт" деген аталышта жаңы рубрика баштап отурабыз. Бул рубриканын ачылышына Москва шаарындагы "Аруужан" аттуу фондго келип түшкөн Москвадагы кыргыз кыз-келиндеринин аянычтуу тагдырларын баяндаган каттар себеп болуп отурат. Мындан ары гезитибиздин бетине ошол фонддун жардамы менен чет жердеги беш көкүл кыздарыбыздын каттарына орун берип турабыз. "Аруужан" фонду Москвадагы мигранттардын укугун коргоо, кыз-келиндерге жардам көрсөтүү менен алектенет. Бул уюм аркылуу Москвага иш издеп барып, сүйбөгөн эркекке кордолуп, кошбойлуу болгон Тумар аттуу кыздын күндөлүгү редакцияга түшкөн эле. Өткөн сандардан баштап жарыялап атабыз.

(Башы өткөн сандарда)

Шаарды болсо баягыдай эле жакшы билбейм. Же документим жок, ичим болсо, төрт айдан өтүп, билине баштады. Күндүз тыным албаганым менен, түндөсү жаздыкка жаш төгүп ыйлап чыгам. Бир күнү Санамбү эже келип, Москвага ээрчитип кетти. Түз эле кыргыздардын ооруканасына бардык. Гинеколог кыргыз байке экен. Креслого чыгарып көрүп эле баш чайкап, УЗИге түшүрдү. Ошол жерден билдим, ичимдеги балдар эгиз экенин. Самвелдин балдарын төрөп бакмак турсун, көрөйүн деген көзүм жок. Сөзсүз аборт кылдыртам деп чыктым. "Бирөөгө жар болуп, ак нике менен ак көйнөк кийип, сүйгөн адамымдан төрөсөм эмне?! Кийинки турмушум кандай болот эми? Жолдошума эмне деп айтам" деген ойлор жүрөгүмдү эзип, ыйлап жаттым.
Санамбү эже жолду катар: "Тумар, кандай болбосун төрөшүң керек, абортко кеч, анүстүнө келечекте эне болбой калышың мүмкүн. Тиги гинекологго телефонумду таштадым. Балага зар болгон жаш жубайлар бар экен, сүйлөшүп көр дедим. Эгиз балдардан ким баш тартсын, кудай деп багып алышат. Сабыр кылалы, "сабырдын түбү сары алтын" - деп сооротуп келди. Үйгө жеттик. Санамбү эже көңүл жубатып, эртеңки күнүмө бүлбүлдөгөн шоола чачып коюп кайрадан Москвага жумушуна кетти.
"Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы" тагдырыма таарынып жатып алсам, апама ким акча салат? Тумар, чыда, бул күндөр да өтүп кетет. Сен сөзсүз бул азаптан кутуласың" деп өзүмдү-өзүм алдап, кайрадан чымырканып, тамагымды жасап сата баштадым. Канчалык өзүмдү алаксыткан менен, чийки май жегенсип, түпөйүл тарткан күндөр башталды. Эгиз баланы көтөрүү жаш кызга оңой эмес экен, айрыкча чүнчү басып жүдөттү. Балдарым жети айлык болгондо чүнчүдөн жабыгып такыр эле аксап басып калдым. Бирок тамак жасап сатууну токтотконум жок, апама мурдагыдай эле акча салып жүрдүм. Ушундай оор күндөрдө жанымдагы эжелердин моралдык жардамы чоң болду. Санамбү эже күн сайын чалып ал-акыбалымды сурайт. Жамиля эже түнкүсүн ыйлап чыкканымды байкап калыптыр. "Аида, (буларга ушинтип таанышпадым беле) ыйлабагын, баары жакшы болот. Москва көз жашка ишенбейт, сенин келечегиң алдыда. Бекем болушуң керек. Ишбилги, токтоо мүнөзүң менен көп ийгиликтерге жетишесиң. Ошондо бардыгы унутулуп, жаман окуялар жаман түш сыяктуу эле болуп калат" деп жубатып жүрдү. Айткандай эле бир күнү Санамбү эже чалып, "Тумар, айланайын, балдарды багып ала турган адамдар табылды. Балага зар жаш жубайлар экен. Эгиз десем, жетине албай жатышат. Жакынкы күндөрү барып калышат" деп кубанычтуу кабар айтты. Мен азыр эле төрөп, алар багып алчудай сүйүндүм. Көңүлүм көтөрүлүп, кыңылдап ырдап тамагымды жасадым. Бул күнү бутумдун ооруганын да анча сезбей көңүлдүү жүрдүм. Чын эле эки күн өткөндөн кийин Санамбү эже келип мени Москвага алып кетти.
Түз эле тиги бала багып алабыз дегендердин үйүнө бардык. Айткандай эле жаш жубайлар, Сагын аттуу эже, Илим аттуу аке экен. Отуздан ашышса да балалуу боло албай жүрүшүптүр. Угушума караганда, Сагын эженин ден ­соолугу начар имиш. Андан нары аки-чүкүсүнө кызыккан жокмун. Анын мага кереги эмне? Эптеп эле ичимдеги балакеттен кутулсам болду. Жакшынакай эки наристе төрөбөй эле, эки Самвелдин өзүн төрөчүдөй болуп жаттым. Эркек балдар атасын тартат эмеспи, кокус алар да атасындай зөөкүр чыгып кыздарды кордосочу? Мындан аркы турмушума да жолтоо кылышат, "армяндан тууган балдарың" деген сөз чыгат. Жаш өмүрүмдү Самвелдин балдарын багып өткөрөмбү? Жогорку окуу жайга өтөм деген тилегим орундалбай калабы? Апамды, ини-сиңдилеримди ким багат анда? Ары ойлонуп, бери толгонуп жатып акыры балдарды Сагын эжелерге берүүнү чечтим. Эсептесек, төрөөрүмө бир ай эле калыптыр. Бир айга жана төрөгөндөн кийинки эки айга 30 миңден 90 миң рубль төлөп беришмекчи болду.
Сагын эже "төрөгүчө иштебейсиң" деп кетирбей койду. Көз жаргыча булардын үйүндө жашап калдым. Ырас эле баладан көзү катыптыр эрди-катындын. Күнүгө базарга барып жаңы жашылча-жемиштерди сатып келишет. Витамин керек деп кыстап жегизишкеничи. Сагын эже эт, быштак, балык алып келип, тамагымды күндө түрлөп жасап, айтор, өзүнчө эле убара. Ушинтип жатып ортодон бир ай өтүп кетиптир билинбей эле. Бир күнү эртең менен турсам белим, ичим ооруксунуп калыптыр. Түшкө жакын толгоо катуулай баштады. Дем алыш болгондуктан Сагын эже күйөөсү экөө тең үйдө эле, мен чыдабай калганда, такси чакыртышып ооруканага алып жөнөштү. Баягы кыргыздар иштеген ооруканага келдик. Кыргыз медайым кабыл алып палатага жайгаштырды. Врач "төрөтү жакындап калыптыр, кетпеңиз" деп айткандыктан, Сагын эже жанымда олтурду. Толгоо күчөп, өлүм менен өмүрдүн каалгасы шарактап ачылып жатты. "Аялдын бир ажалы төрөттөн" деген бекер айтылбаптыр да. Шолоктоп ыйлап, Самвелди ичимден каргай бердим.

(Уландысы бар)