Df-куржун
Урматтуу окурман, турмуш-тиричиликке байланыштуу суроо пайда болсо, анда бизге кайрылыңыз. Керектүү адистер менен байланышып, жооп алып бергенге дайыма даярбыз. Бул үчүн редакциянын эшигин жыртуунун кереги жок, болгону 59-15-76, 59-20-16 номерлерин гана терип коюу жетиштүү.


Грыжа эмнеден пайда болот?
- Белим ооруп баспай калган элем. Бишкекке келсем, доктурлар грыжа деген диагноз коюшту. Бул оору эмнеден пайда болот?
Бектемир Жанышов,
Ала-Бука району
Улуттук госпиталдын 2-нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Кочкор Меңдибаев жооп берет:
- Грыжанын пайда болушунун эң негизги себеби эле оор жумуш, оор нерсени туура эмес көтөрүү. Оор нерсени көтөрүүнүн да өз эрежеси бар. Жаш өткөн сайын эңкейип жерден бир нерсе алуу да оор. Бир жагына оордук келтирип алса, кемирчекке доо кетет. Кээде оор нерсени дароо аркасына салып көтөрүп кетишет. Ошондо да бел мертине түшүшү мүмкүн. "Остеохондр" деген өзү кемирчек дегенди билдирет. Анын оорушуна кыймылдабай бир жерде көпкө олтуруу да себепкер. Кемирчектин бузулушуна тамак-аштын экологиялык жактан таза эместиги, туздун көптүгү да терс таасирин тийгизет.


Эки балама кантип пособие алсам болот?
- Менин эки балам бар. Ар кандай себептерден улам күйөөм экөөбүздүн отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Азыр жалгыз бой энемин. Бишкектин Свердлов районунда жашайм. Балдарыма кантип пособие алсам болот?
Гүлмира Аманбекова,
Бишкек шаары
Алмаз Сагынбаев, Бишкек шаарынын Свердлов райондук социалдык коргоо башкармалыгынын пособие чектөө бөлүмүнүн кызматкери:
- Жалгыз бой эне болгонуңуз менен балдарыңыздын атасы тирүү экен. Сот аркылуу ага алимент төлөтүп алууга толук укугуңуз бар. Жөлөк пул кайсы учурда төлөнөт? Бала энесинин фамилиясында болсо, же бага турган адамдардын биринен ажыраса. Бул учурда ар бир балага 1000 сомдон жөлөк пул чектелет. Ага кошумча жөлөк пул ар бир квартал сайын 500 сомдон төлөнөт. Бирок бул жардамды алуу үчүн ошол райондо туруктуу каттоодо турушу шарт.


Купуя сырды ачкандар жазаланабы?
- Мен мындан 20 жыл мурда кыз багып алгам. Кызым асыранды экенин ушуга чейин билчү эмес. Өткөндө көчөдөн бирөө менен уруша кетсе, "сен бакмасың" деп айтып салыптыр. Ошондон бери кызым депрессияга түшүп кыйналып жатат. Айткан адамды сотко берсем болобу? Кандай жазага тартылат?
Калыя Жунусова,
Жалал-Абад шаары
Окурманыбыз Калыянын суроосуна Улуттук юридикалык корпорациянын юристи Валерий Денисов жооп берди:
- Бала багып алгандардын жана асыранды баланын өз уруксатысыз жашыруун сырды жарыялоого эч кимдин укугу жок. Маалымат тараткан адам ал үчүн КРнын Кылмыш кодекси боюнча 50 эсе көбөйтүлгөн өлчөмдөгү айып пулга жыгылат. Бирок күнөөлүү тарап соттун чечиминен кийин гана жазага тартылышы керек.


Урматтуу окурман, эгер сиз юристтин кеңешин алгыңыз келсе же адвокат издесеңиз, "Де-факто" гезитинин өнөктөшү Улуттук юридикалык корпорациянын юристтерине кайрылсаңыз болот. Байланыш тел.: (0312) 31-14-14, 31-15-15.







about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??