presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Айжан Абдиева
(Драмалуу сүйүү жана тагдыр баяны)

(Башталышы өткөн сандарда)

Алихан Куба кожоюндун үйүнө өзү келе албай калды. Дагы бир клиентинин үйүнө кол салуу болуп, үйдун ээси катуу жаракат алып, аялы өлүм алдында жаткан болчу. Курган ал байдын үйүндө күзөт катуу эле боло турган. Кыязы, профессионалдар кирген. Жансакчы-пансакчысын кошуп тоголотуп туруп үйгө кирип, кожоюнду катуу сабап, "миллион тап" дешиптир. Аялы үч жерине бычак жеп өлүм алдында жатат. Алихан болсо, чымын-куюн болуп жүрөт. Ал Бакыттын тапшырмасын да унутту. Анын балдары кайтарган үйбү, демек, Алихан башы менен жооп берет. Эң башкысы аялдын сакайып кетишин кудайдан тилеп атты. Анан жанагы мыкаачыларды жерден чукуса да табышы керек. Ушул апаат болуп кетпегенде Алихан Куба кожоюндун үйүнө өзү кошо келип учурашып кетүүнү пландап аткан болчу. Ал жиберген эки жигит короону ит кайтаргандай эле кайтарып башташты. Түнкүсүн да, Айгеримдин баамымда, экөө укташпайт. Айрыкча Зулайка таң калат. Курган балдар качан укташат деп эле экөөнө сарсанаа. Ошентип билинбей ортодон эки жума өтүп кетти. Айгерим болсо, Куба кожоюндун тапшырмасы менен 2-3 жерде окуй баштады. Таң эрте туруп, эртең менен 8де компьютердик курска барат. Тыпылдатып терип, компьютер менен жакындан таанышып, мышканы кармагандан коркпой калды. Интернетти ачып, ар кайсы сайтты окуганга жарап дегендей. Андан чыккандан кийин эки саат бою англис тилине барат. Америкада 2 жыл жүрдүм деп оозунан түшүрбөй мактанган бала, бирок тың болуп чыкты. Айгеримдин жанын тим эле сууруп алып атат. Тапшырманы жакшы аткарбай келсе, жаш баладай эле тилдеп коет. Тили кадимкидей талып күрмөөгө келбей калат. Себеби кайсы бир сөздү туура эмес айтса, жүз жолу кайталатып атып туура айттырат. Айгерим андан чыккандан кийин анан үйгө 2 саатка келгенге укуктуу. Үйгө келип Жошисин жыттап-жыттап алат дагы, апасы менен сүйлөшүп отуруп тамак ичет. Көп өтпөй эшикте күтүп турган машина алкынган бойдон Айгеримди Куба кожоюндун фирмасына алып жөнөйт. Ал жакка барганды ушунчалык жаман көрө турган. Айрыкча буттары узун-узун койкоңдогон шаардык кыздардан басынып, алардын астында өзүн кем сезет. "Ушул байкуш эмне келип атат, фирманын балакетин алабы" деп атышат го деп ойлойт ичинен. Бирок фирмадагы аткаруучу директор Айсулуу Анарбековна өзү жетелеп жүргөндүктөн фирмадагылар Айгеримге ыйбаа мамиле кылып, күлүп-жайнап тосуп алып жүрүштү. Айсулуу деген аял болсо, бизнестин битин сыгып, канын иче турган. Куба кожоюндун не кааларын да ал жакшы түшүнөт. Акыры өзүнүн аялы Мээримге окшоштуруп алгысы келет тура деп ойлоп койгон. Демек ыраматылык Мээрим не билсе бул кыз да бүт билиши керек. Ошентип Айгерим фирманын ички турмушуна акырындап кирип келатты. Өмүрү мындай режимде жашап көрбөгөн жаны кечинде келип суй жыгылат. Бирок ал чарчап жүргөнүнө кейип да койгон жок, тескерисинче өзүн ушунчалык бактылуу сезип калды. Зулайка да абдан кубанды. Кызы илим-билимге умтулуп окуп атат. Демек, өмүр бою бирөөнүн үйүндө малай болушпайт, кызы да бир күнү чоң адам болот.
Ушул күндөрдө Зулайканы чоң жаңылык күтүп аткан болчу. Куба кожоюн ичинен бышырып, улам ойлонуп-толгонуп атып акыры чоң чечимди кабыл алды. Айгеримге үйлөнүшү керек. Акыркы кездери түшү да такыр оңолбой, илгери көзү өткөн атасы да кирип атат. Арбактар тегеректеп калганда эле көрү жакындайт деп коюшчу эле деп ичинен санаа тартчу болду. Не болсо да Айгеримге үйлөнүп, мүлкүн Амантайга да бөлүп берип, аны да таарынтпай бир жаңсыл кылып, бирок негизги мүлктөрүн Айгерим менен Жоодарга калтырууну чечип койду. Бирок эң башкысы Зулайканы чочутуп албай кылдат түшүндүрүү керек.
Күндүзү Айгеримдин жоктугу да ыңгайлуу болуп турду. Түшкү тамактан кийин Куба кожоюн Зулайканы акырын сөзгө тарта баштады. Калп эле аркы-беркини айтып, өмүр ушунчалык кыска экенин, байлыкты беш өмүргө жеткидей топтогонун, эми өлөрүндө ошол байлыкты калтыра турган кишиси жоктугун айтып кирди.
- Уулуңуз турат, кудай кут кылсын, антип айтпаңыз. Баарыбыз жараткандын колундабыз, дагы көп жашайсыз…
- Байлык адамды бузат экен, Амантайды эрте эле байлык даамын сездирип койгонума өкүнөм. Жокчулукту көрбөгөн бала турмушту түшүнбөй калат экен.
- Сизден көптөн бери сурайын деп эле… Амантайдан башка балалуу болгон жоксузбу?
- Ооба. Аябай өкүнөм… Эмнеге 4-5 балалуу болбодум деп өкүнөм. Амантайдын апасы деле каршы болмок эмес. Менде күнөө. А кийинки келинчегим Мээримди жаш деп атып жылдар өтүп, анан эми бала күтөлү деп атканда колуман жулдурдум.Мээрим өзү да акыркы кездери төрөйүн деп көп айтып баштаган болчу.
- Кудай жакшы көргөн пендесин эрте алып кетет тура.
- Мына эми туякка зар болуп отурам. Ушунча байлыкты көрүмө ала кетемби? Ушунча дүнүйөнүн ордуна чууруган он балам болсо эмне?
- Кудайдын жазмышы да..
Зулайка сөз төркүнү каякка баратканын такыр түшүнгөн жок. Куба кожоюн болсо, экөө сырдашып жакшы сүйлөшүп атканына ичинен кубанып отурду. Айтса азыр айтып калышы керек, башка мындай мүмкүнчүлүк болбойт.
- Сиз айылды сагынып, там-ташыңызга да сарсанаа болуп жүрөт окшойсуз. Айгерим дагы бир айча окугандан кийин эс алсын. Ошондо чогуу айылга барып келгиле.
Зулайка жаш баладай сүйүндү бул сөзгө. Бирок сыр бербей "шартка карайлы" демиш болду.
Куба кожоюн болгон күчүн жыйнады да сөз баштады.
- Сиз экөөбүз башыбыздан бир далайды өткөргөн адамдарбыз. Айрыкча сиз турмуштун азабын көп көрүпсүз. Жалгыз калып кыздарды чоңойтуп, бир кызыңызды жерге берип… Аял башыңыз менен ушунун баарын көтөрүпсүз. Кудайдын тузун уурдадыңыз беле, мына сизге да кудай жарык турмуш тартуулайт. Эми бактылуу карылыкты көрүп Айгеримдин төрүндө эркелеп отурган бактылуу күндөр күтүп атат сизди.
- Рахмат, айтканыңыз келсин. Мага эмне, айылдагы эски тамымда тынч жашай берем. Бир чөөгүн чайым болсо… Ушул кызымдын бактысын тилейм мен кудайдан… Жоодарым бар, Айгерим турмушка чыгып кетсе, Жоодарды жаныма тирек кылам да.
Куба кожоюн негедир ушул мүнөттөрдө Жошини Зулайкадан кызганып кетти. Айгеримди эрге берип, баланы өзүнө алып алам дегени кандай? Ушул айтканы жакпай турду.
- Мен Жошини өз баламдай жакшы көрүп калдым...
Куба кожоюн оозунан ушул сөздөр кантип чыгып кеткенин байкабай калды. Бирок үнү каргылданып бир башкача айтты .
- Мен Жошинин бактылуу болушун каалайм. Эчтекеден кем болбой жашашын каалайм.
- Мен да небереме ошону каалайм да. Кантип жаман жашоо каалайын. Бирок кудай бир кууратса куурата берет экен. Мончоктой болгон кызымдан ажырагандан бери такыр ишим оңолбой койду.
Зулайка жер карап дымып калды… Жашка буулугуп муунуп өлгөн кызын эстеп жүрөгү зыркырап отурду.
Дүлөй жымжырттык орной түштү ортодо. Куба кожоюн Зулайканы кантип сооротушту билбей буйдала түштү. Кайгысын козгогусу келген эмес. Эне жүрөгү жылдар өтсө да кайгыдан айыкпайт тура, араң турган жарасын канатып алганына өкүнүп отурду. Сөздү азыр шарт буруп кетпесе болбойт болчу.
- Мен сиз менен кеңешейин деп көптөн бери батына албай аттым эле. Бирок бүгүн сиз менен сүйлөшүшүм керек. Бул маселе Айгерим менен Жошинин келечеги тууралуу. Жана айткандай, мен экөөнүн эчтекеден кем болбой жашашын каалайм.
- Айтыңыз, айта бериңиз. Балдарымдын келечеги үчүн мен баарын кылам. Башым менен жер сайып иштегенге да, тоо тешкенге да, жонума салып көмүр ташыганга да даярмын…
Зулайка жаман оюнда бир ишти сунуш кылган атат деп ойлоду. Саналуу секунддарда не гана ойлор келбеди. Бирок түзүгүрөөгү ушул болду, үйдө бекер жата бербей иште деген сөздү сылык-сыпаа айткысы келип атат деп ойлоп кетти.
- Жарыктык, сизге көмүр ташытайын деген оюм жок. Жанараак айттым го, туякка зар болуп отурам деп. Жошини мен өзүмдүн балам кылып каттатып, болгон мүлкүмдү ага калтырайын деген оюм бар.
Зулайка нес болуп отуруп калды. Кеп төркүнүн жакшы түшүнө албай, кулагы чуулдап кетти. Бирок оюна жаман кетти. Оо кудай, бул бай менин баламды сатып алгысы барбы? Жошини менден сатып алам деп турабы? Жер аңтарылып кетти, кыйкырып ийчүдөй болуп барып, бирок оозунан сөз чыкпай муунуп кетти тим эле.
- Бирок сиз ойлобоңуз баланы сизден талашып атат деп. Андай эмес. Болгону кагаз бетинде гана атасы болуп, мыйзамдуу түрдө менин балам кылып каттатабыз. Болгону ошол. Анан байлыгымдын көбүн…
- Жок, жок, байлыктын кереги жок бизге… Өз уулуңуз турат, Амантайга буюрсун баары.
Зулайка ордунан атып турду. Азыр кийимин жыйнап айылга кеткенге даяр эле. Колдору титиреп өзүн араң кармап турду.
- Кандайча? Кандайча мен сизге баламды каттатып берип коем ыя? Байлыкты айтып алдабаңыз мени. Кереги жок, эчтекенин кереги жок бизге.
- Ачууланбаңызчы, отуруп сөзүмдү уксаңыз. Жоши дайым сиз менен болот, мага көрсөтпөй койсоңуз да макулмун. Бирок уруксат эткиле, жок дегенде бир үй белек кылайын анда.
Ушул сөзү Зулайканы бир аз жибитти. Кызаңдаганды токтотуп унчукпай калды да, жылып келип үстөлүнүн кырына акырын көчүк басты. Куба кожоюн болсо, акырын сөзүн улады.
- Жаман ойлобоңуз. Кымындай да жаман оюм жок. Эгер бүгүн чечип, айылга кетебиз десеңер да макулмун. Арга жок. Эч качан бизге жолобо десеңиз да макулмун. Бирок мен ушул чирип аткан байлыкты басып жатып не кылам? Айгерим менен Жоодардын келечегине кызмат кылса ошондо көрүмдө тынч жатам. Силерге жарыгы тийсе, ошондо мен бейпил уктайм.
- Байлыкты бир заматта жоготсо болот да. Жетим-жесирлерге таратып салыңыз, мамлекетке өткөрүп салыңыз. Ой жада калса, бензин чачып өрттөп салса да болот… Байлык колдун кири го, ага неге кайгырасыз?!
- Сиз кызыңызды ойлоңузчу. Бутуна бекем туруп, татыктуу жашасын. Жоодарды ойлобойсузбу, азыр сиз өзүңүз үчүн сүйлөп атасыз. Бизге аз калды, биз кетебиз. Балдарды ойлоңуз да. Жоши келечекте ким болот? Шаарда окусун, азыр мээлүүлөрдүн заманы. А баланы жакшы окутуш үчүн азыр акча керек. Ушуларды ойлодуңузбу?
Зулайка унчукпай калды. Мелтиреп үн-сөз жок отурган болчу. Ушул маалда ал Куба кожондун сөздөрүнүн бирин укса, бирин укпай отурду. Эрте кеткен күйөөсүн эстеди. Кудай эрте албаганда жашоосу азыр, балким, башкача болмок. Иши кылып арманы толтура аял дагыле тагдырын каргап аткан болчу.
- Менин тилимди алыңыз. Жошини мага каттаталы. Алүчүн мен Айгеримге үйлөнөм. Бирок кагаз жүзүндө гана. Чочубаңыз кокуй. Аял кылып алып аткан жокмун. Айгеримге мамилем кызымдай, карындашымдай бойдон кала берет. Болгону документ үчүн гана никени каттатып коешубуз керек..
Зулайка бул сөздү укканда отурган жеринен кулап кала жаздады. Жанагыдан да шумдук сөздү угам деп күткөн эмес эле… Татынакай кызы ушул картаң чалга аял болобу? Бул эмне деген шумдук кокуй! Айылдагылар укса не дейт?! Зулайка астындагы отургучту алып туруп Куба кожоюнду бетке чапканга даяр турду.

(Уландысы кийинки санда)











??.??
about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл

Барактар