Исабековдун түштөн кийинки айбаты
"Ак жолдун" атынан келип вице-спикер болгон Кубанычбек Исабеков жакында Ысык-Көл облусундагы 16 миң гектар жерди "Кумтөр Оперейтинг Компани" ЖАКсына Да­нияр Үсөнов мыйзамсыз берип койгонун айтып чыкты. К.Исабековдун айтымында, Кумтөр жетекчилиги жер сураган эмес. Ага карабай, ал кездеги губернатор Кыдыкбек Исаев менен Жаратылыш ресурстары боюнча министр Капар Курманалиев канадалыктарга жагалданып ушул демилгени көтөрүп чыккан. Үсөнов аларды тыйгандын ордуна колдоп, 2010-жылдын мартында жерди берүү боюнча токтом токуй салган. Кызыгы, муну ошол кездеги парламент да, өкмөт мүчөлөрү да билбей калган имиш. Аргасыз күлөсүң да. Билсе да, Бакиевдин көздөй кишисине "Ак жол" каяша айтчу беле? Эми жоо кеткенден кийин айбат көргөзгөнүңүзгө жол болсун, Кубанычбек мырза!


6 млн. доллар оффшордук аймактарга которулган
"Мегаком" уюлдук оператору менен белгилүү болгон "Альфа-Телеком" ишканасынан дагы 6 миллион доллар оффшордук аймактарга которулганы маалым болду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын жетекчиси Шамиль Атаханов "Азаттыкка" берген маегинде билдирди. МУКК буга чейин 142 миллион сом казынадан чыгарылып кеткени боюнча маалымат таркаткан эле. "Биз каражат кайда, кимдин эсебине которулганын иликтеп жатабыз. Бир эсепти тактадык. Ал далилденет, тергөөдө ага чоң өлчөмдөгү мүлк сатылып алынгандыгы билинди. Кимдин эсебине которулганы да жакында ачыкталат. Калган 4 миллионду издеп атабыз. Алар дагы оффшордук эсептерге жөнөтүлгөн" дейт МУКК төрагасы. Маалыматка таянсак, "Мегаком" боюнча иш 15-20 күн аралыгында сотко өтөт.


Өкмөт башчы чарчаптыр
Премьер-министр Өмүрбек Бабанов кечээтен баштап кыска мөөнөттүк эмгек өргүүсүнө кетти. "Өмүрбек Токтогулович 2010-жылдан бери эле өкмөттө тынымсыз иштеп келди. Демек, өргүү алганга толук негиз бар. Бирок жумуштун көп экенин эске алып, кыска мөөнөттүк гана өргүүгө кетип жатат" деп кечээ маалымат таратты өкмөттүн пресс-кызматы. Айтымы, бул отпускесин өкмөт башчы үй-бүлөсү менен Кыргызстанда эле өткөрүп, 8-майда кайра жумушка чыгат.

Саясаттын айынан Түлеевдин буту сындыбы?
Жогорку Кеңеш депутаты Нариман Түлеев бутун сындырып алып үч жумадан бери гипсте жатат. Депутат кырсыкка кабылганы достору "буга депутаттыгың себепкер" деп тамашалап жатыптыр. Түлеевдин өзүнө да Жогорку Кеңештин аурасы жакпай жүрүптүр. "Мен биринчи жолу депутат болушум. Айрымдарга балким бул жер жагаттыр, бирок мен үчүн эмес экен. Көпчүлүгү эл көзүнө сонун сөздөрдү айтып, популисттик кылышат. А мен анте албайм", - дейт ал маалымат агенттигине берген маегинде. Нариман мырза депутат эмес, премьер-министр болгусу келгенин да жашырбаптыр. Бирок бийлик өкүм сүргөн жерде аура таштай оор болчу эле. Аны көтөрө алаар бекен?


Акылбек бай-кедейди санап чыкты
Финансы министри Акылбек Жапаров Кыргызстанда канча бай, канча кедей үй-бүлө бар экенин эсептеп чыкты. Анын айтымында, мамлекетте учурда 1 млн. 245 миң үй-бүлөнүн 123 миңи айына 100 доллардан ашпаган киреше менен күн кечирет. 270 миң үй-бүлө кедей деп эсептелсе, 700 миң үй-бүлөнүн турмушу орто, ал эми 120 миң адам бай, оокаттуу турушат экен. "Бизде олигархтар манжа менен саналат. Көбү мамлекеттик ресурстар менен капитал топтогон. Айрымдары сыртка качып кеткен" дейт министр. Акылбек мырза ошол саналуу олигархтын бири эмеспи. Анча болду, өзүнүн кантип байыганын айтып койсо болмок экен.


Гезиттен Байкоочу кеңешке
КТРКнын Байкоочу кеңешине мүчөлөр жашыруун добуш берип Кылыч Султановду жаңы жетекчи кылып шайлашты. Биринчи турда бул орунга Фархат Бекмамбетов, Кылычбек Султанов, Илим Карыпбеков, Сабыр Муканбетов жанаТынчтыкбек Чоротегин ат салышып, алардын ичинен эң көп добуш алган Кылычбек Султанов менен Илим Карыпбеков экинчи турга чыккан. Бул турдун жыйынтыгы менен "Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү 15 адамдын ичинен 8 добуш, ал эми Илим Карыпбеков 6 добуш алган. Бир бюллетень жараксыз деп табылган.


Москвадагы кыргыз кызы менингиттен көз жумду
29-апрелде эртең мененки саат 9дар чамасында Москва шаарынын Отсровитянов 45-25 көчөсүнө "Тез жардам" чакырылган. Москва шаарынын ак халатчандары келгенде, 19 жаштагы Кыргызстандын жараны Камчыбек кызы Айсулуунун жансыз денеси табылган. Сөөктү Москвадагы №2 моргго алып барып, медициналык текшерүү жүргүзүшүп, кыз инфекциялык менингит оорусунун менингококцемия түрүнөн көз жумганы билинген. Айсулуу менен 8 адам бир батирде жашагандыктан, ушул эле күнү бардыгы тең текшерүүдөн өткөн. Натыйжада, кыздагы оору башкаларга да жуккандыгы аныкталып, баары ооруканага жаткырылган. Учурда 29 жаштагы Жамгырчиева Гүлнаранын абалы өтө оор деп бааланууда. Ал эми 1979-жылы туулган Жамгырчиева Бурмагүл, 1976-жылы туулган Момунова Бактыгүл, Муслим кызы Гүлжамал (1993), Самидинов Түгөлбай (1978), Артыков Нурбек (1983), Адылбек уулу Нурлан (1989) жакынкы күндөрү ооруканадан чыгарыларын элчиликтен маалымдашты. Учурда элчилик каза болгон Камчыбек кызы Айсулуунун сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү камын көрүп жатат. Белгилей кетсек, каза болгон Айсулуу менен калган жабыркагандардын баары Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундары. Аталган даректе бир батирде жашап, мигрант катары ар кандай жумуштарда иштеп келишкен.


Шапкеси эле бир баа!

Береги сүрөттөгү мотурайган бала өзүнө-өзү ыраазы болуп отургандагы кербези. Байкеси аскерден жаңыле келип, фуражкасын иничегине баса кийгизген окшойт. Чыт курсак бала үчүн мындан өткөн кубаныч, мындан өткөн бакыт жок да. Кыялында өзү да аскерде самолет айдап жүрсө керек. Мезгил келгенде агасындай болуп аскерде кызмат өтөдүбү, ким билет, бирок баралына келгенде байлык топтоп үй салып, үй бүткөндө тойкана салып торолгон дешет. Кайсы бир партиянын алдыңкы тизмесине илинип, азыр Жогорку Кеңеште мыйзам токуп олтурган кези. Эмесе, аскер шапкесин кыйшайта кийген бул бала азыр ким болду экен, жообун жөнөткүлө. Ким биринчи тапса, биздин байге ошол окурмандыкы, чамдагыла!
Эскертүү: Жума күнү чалыңыз!


Мирлан Дүйшөнбаев





Макашов, ылайым сазайыңды президент Атамбаев берсин!


"Кыял"бирикмесинин түзүлгөнүнө кырк жылдан ашуун убакыт өтүптүр. 1969-жылы Борбордук Комитет "ар бир республикада элдик өнөрдү сактаган ишкана ачылсын" деген токтом чыгарып, анын негизинде "Кыял" бирикмеси түзүлөт. Бирикме азыркы турган имаратына 1986-жылы көчүп кирген. 1994-жылы өкмөттүн токтому менен "Кыял" бирикмесинин активдери сүрөтчү Султанбек Макашовго таандык "Эл чеберлер союзуна" өткөрүлөт. Ошентип ал кездеги чиновниктердин алкымынан, мамлекеттик байлыкка кол шилтеген саясатынан улам Макашов аянты 14 миң чарчы метр болгон килейген имаратты ээлеп калат. Айланасындагы базардын канчалык чондугун эми айтпай эле коелу. Учурда Макашов "Кыял" бирикмесинин да, "Эл чеберлер союзунун" да жетекчиси. Өзүнө таандык эки уюмдун ортосунда келишим түзөт дагы, "Кыялга" тиешелүү аянттарды "Эл чеберлер союзуна" 25 миң сомго ижарага бердиртет кагаз жүзүндө. "Эл чеберлер союзу" алганын кайра соодагерлерге метрлеп чоң акчага ижарага берет. Капчыгы канчалык кампайып атканы айтпаса да түшүнүктүү, айына кеминде 50 миң доллар чөнтөгүнө түшөт. Мамлекет болсо, уттуруп коюп жалдырап отурат. Баса, 2003-жылы "Кыял" бирикмесине улуттук макам берилсин деген президенттин буйругу чыгат. Бир жылдан кийин ал мамлекет карамагына өтүп, 1994-жылкы токтом күчүн жоготкон. Ал ортодо Акаев куулуп, президенттин буйругу аткарылбай калган. Бакиев келгени болсо, Макашов алардын тилин кантип тапканын ким билсин, өкмөт бул маселеге араң дегенде 2011-жылы гана кайрылып олтурат. 2011-жылы ноябрь айында премьер-министр Алмаз Атамбаев "Кыял" мамлекетке таандык болгондон кийин, анын жетекчисин өкмөт дайындасын" деген токтом чыгарган. Тилекке каршы, ушул күнгө чейин жыйынтык жок. Макашов ордунан жылбай, "Кыял" дагы деле бир адамдын менчиги бойдон калууда. Сүрөтчү Юристанбек Шыгаев, Динара Чочунбаева, дизайнер Дилбар Ашимбаева башында турган жоон топ өнөр адамдары эки жылдан бери "Кыялды" Макашовдун чеңгелинен чыгара албай келатышат. Өткөн санда бул маселени кенен жазганбыз. Мындай чабуулдарга бышып бүткөн Макашовдун кишилери редакцияга "Чылгый ушакты жазганыңар үчүн жооп бересиңер" деп келишиптир. Сотко кайрылгыла, жооп берүүгө даярбыз деп кетирдик. Гезиттин да атуулдук позициясы болот, чындык кайсы тарапта болсо, биз ошол тарапты колдойбуз. "Кыялды" болсо, канчалаган жылдардан бери министр Акылбек Жапаров баш болуп калкалап келатышат. Себеби "Кыялдын" жанындагы базарда Жапаровдун бизнеси гүлдөп атат. Андан сырткары көлөч сатып жүрүп "Кыялдын" аркасы менен байыган Кожобек Рыспаев сыяктуу 2-3 депутат да парламентте отурат. Макашовдун ишенген адамдары көп. Бирок айтарыбыз: акыйкаттык орной турган заман да келди. 2011-жылы ноябрь айында Алмазбек Атамбаев премьер кезинде чыгарган токтомду аткарбай келдиңерби, эми аткара турган мезгил да келип калды. Биздеги маалыматтарга караганда, жакында президент Атамбаев бул маселеге катуу киришкени турат. Урматтуу президент Атамбаев, Макашовдун тууган-уругу басып алган мамлекеттин менчигин мамлекетке, өнөр адамдарына ыйык жерин кайтарып бериңиз. Макашовду калкалап келген Акылбек Жапаров сыяктуу мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, жеке чөнтөгүн ойлогон чиновниктерди колго чапканга кудуретиңиз жетет деп ишенебиз. Ал эми Макашов мырза бизге чыккан макаладан кийин гезиттин баарына актанып чуркап жүрөт. Биздин редакцияны шантаж кылганга, коркутканга чейин барып, профсоюзбуз дедиртип топ адамдарды жиберген Макашов мырзага айтарыбыз: байлык колдун кири, акыры бир күнү акыйкаттык жеңет. Ал эми биздин гезит болсо, Макашов мырза сотко берет деп чыдамсыздык менен күтөбуз. Улам бир гезитке барып коендой окшош жообуңарды чыгаргандан көрө сотто укугуңарды коргоп, ак экениңерди далилдегиле демекчибиз. Баса, демилгечи топ жакында силерди 2011-жылкы өкмөттүн токтомун аткарбаганыңар үчүн сотко бергенге камданууда. Андыктан, буюрса соттошуулар алдыда көп болчудай. Биз Юристанбек Шыгаев, Динара Чочунбаева баш болгон өнөр адамдарынын укугун аягына чейин коргойбуз, себеби чындык алар тарапта.
"Dе-факточулар"