Бакиев чапкан жол менен "Кыргызтелеком" сатылып кетеби?

"Кыргызтелеком" бул стратегиялык объект, аны сатуудан мамлекетибиздин байланыш коопсуздугуна коркунуч жаралат" деген пикирлер канчалык байма-бай айтылбасын, кайсы бийлик болбосун, аны сатууга аракет кылып келет. Бул Акаевдин доорунан башталып, кийин Бакиевдин тушунда Максим "ийгиликтүү" ишке ашырган. Өзү артында турган консорциумга жең ичинен сатып, компаниянын акчаларын оффшордук аймакка катууга аракет кыла баштаганда, бийлик алмашып кетип, тилеги таш капкан эле. Жаңы бийлик келээри менен бул тендердин жыйынтыгы жокко чыгарылып, Телеком элдин менчигине кайткан. Буга эл сүйүнүп оозун жыйгычакты, эми минтип жаңы бийлик дагы аны сатканга бел байлап, шымаланып турган кези.


"Кыргызтелеком" тууралуу
"Кыргызтелеком" Кыргызстан үчүн стратегиялык мекеме болуп эсептелет. Ал шаар аралык, эл аралык телефондук байланыштар, телеграфтык кызматтарды көрсөткөн бирден-бир ишкана. Андан сырткары, бул оператор өлкөдөгү радио, телевидениени тартып берүүгө толугу менен жоопкер. Демек, Кыргызстандагы теле-радиолордун баары аба толкунун "Кыргызтелеком" аркылуу алышат. Муну менен катар компанияда GSM стандартындагы уюлдук байланыш, CDMA 450 стандартындагы зымсыз байланыш кызматтарынын лицензиялары бар. Эң башкысы - бул оператор республиканын байланыш коопсуздугуна жоопкер.

"Сатам" оорусунун башталыш тарыхы
Ошондуктан, ушундай мүмкүнчүлүгү бар компанияга кайсы гана бийлик болбосун "көзү кычышып" келгени маалым. Бул ишкананы "сатабыз" деген аракеттер 2001-жылдан башталган. Демек, президент Аскар Акаевдин башкаруу жылдарынан бери. Алгач инвесторлорго компаниянын 51% акциясын сатуу пландалып, 2003-жылы биринчи тендер өткөрүлгөн. 15,6 млн. доллар сунуш кылган Swedtel компаниясы башында турган консорциумду жеңүүчү деп табышкан. Бирок, тендер аяктагандан кийин бул компания убада берген акчаны төлөбөй, өкмөткө ар кандай шарттарды кое баштаган. 2004-жылы "Кыргызтелеком" кайрадан сатыкка коюлуп, алууну каалаган 5 компания арыз берген. Бирок парламент аталган компаниянын көзөмөлдөөчү акцияларынын пакетин бийлик арзан баада сатып атканын айтып чыгып, күнөөлөп, сынак токтотулуп калган. Андан соң "жоогазын революциясы" болуп кеткен болчу. Бирок жаңы бийликтин келиши менен "Кыргызтелекомду" жеке менчик колуна беребиз деген демилге кайрадан көтөрүлө баштаган.

Акаев жолун уланткан Бакиев
2005-жылдын аягында жаңы өкмөт Маммүлктү башкаруу комитетине "Кыргызтелекомдун" 77,84% акциясын сатыкка коюу боюнча тапшырма берген. Сатыкка баалуу кагаздарды даярдоого эки жыл убакыт кетиптир. Анан 2008-жылы көзөмөлдөөчү акцияларды сатыкка коюу боюнча инвестициялык сынак жарыяланган. Кыргызстандын телекоммуникациялык рыногуна кирүү маселеси ата мекендик эле ишкерлерди кызыктырбастан, чет өлкөдөн көз арткандар пайда болуп, казакстандык, түркиялык, германиялык жана россиялык компаниялар алууну каалап атканын билдирип чыккан. Сынакка алты компания - "Ростелеком" ААКсы, Telekommunikasyon Turk A.S., Axos Capital GmbH, андан сырткары "Казахтелеком" курамына кирген консорциум (убактылуу бириккен компаниялар), кыргызстандык "Инвест ЭлКат" ЖАКсы, казакстандык "K.S.D инвестициялык компаниясы", Nimisco Holding Co кипрдик компания, кыргызстандык Limited "Ала-Тоо Кени" ЖАКсы кирген консорциум, андан сырткары курамына "Телеком ОАО", Инвест "КыргызКредитБанк", "БиМоКом Лтд." жана Ermen -Too Resources ААКсы кирген кыргызстандык консорциум арыз берип, катышкан. Сатыла турган акциялардын баштапкы баасы 40 млн. долларга бааланган. Бирок сынак белгисиз себептерден улам создуктурула берип, сынактын шарттарын аткарбады деген шылтоо менен "Ростелеком", Turk Telekommunikasyon A.S. жана германиялык Capital Axos GmbH компаниясы оюндан чыгарылган.

Баягы эле Максимдин кулагы тикчийип
Ошентип отуруп 2009-жылы февралда бул сынактын жыйынтыгы чыгарылып, казакстандык "K.S.D инвестициялык компания­сы", Nimisco Holding Co. Колимар и "Limited Холдингс Ко. Лимитед" кипрдик компания, кыргызстандык ОАО " Ала-Тоо Кени" кирген консорциум жеңүүчү деп табылган. Сунуш кылынган акция­ларга алар 1,78 млрд. сом сунуш кылып, компанияны өнүктүрүүгө 200 млн. доллар инвестиция кылууну убада кылган. Бул сынактын жыйынтыгын ошол кездеги оппозиция (анын катарында парламенттеги расмий оппозиция, КСДП да бар) сындап, Телекомдун акчаларын оффшордук аймакка алып кетүү аракеттери болуп атканын айтып чыгышкан. Аргументтерин уткан консорциумдун катарында Кипрден каттоодон өткөн компаниялардын болушу менен түшүндүрүшкөн. Ал эми ошол кезде Турсун Турдумамбетов башында турган Маммүлк министрлиги бул сөздү четке кагып, Улуттук банк Кипрди оффшордук аймактан чыгарганына эки жыл болгонун айтып актанып чыккан эле. Аны менен катар эле ошол консорциумдун артында ал кездеги президенттин уулу Максим Бакиевдин турганы тууралуу маалыматтар айтыла баштаган.

Бакиев чапкан жол мененби?
Бакиевдин бийлигине карата элдин кыжырдануусуна да ушул "Кыргызтелекомдун", Түндүкэлектронун жана башка стратегиялык объектилердин сатылышы бирден-бир себеп болгон эле. 2010-жылы 7-апрелде жаңы бийлик келип, Бакиевдин учурундагы бул тендерлердин жыйынтыгын жокко чыгарып, аталган объек­тилерди мамлекеттин менчигине кайтарган. Көп өтпөй эле, эми минтип жаңы бийлик дагы "Кыргызтелекомду" сатыкка койду. Бул айрым депутаттардын нааразычылыгын жаратпай койгон жок. Ошондуктан, учурда бул оператор менчиктештирилүүчү объектилердин катарынан убактылуу чыгарылып турат. Бирок өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов "Кыргызтелекомду" сөзсүз сатыш керек деген оюн билдирди. Ал аталган ишкана кандай максатта сатыкка коюлуп атканын парламенттин алдында берген отчетунда түшүндүрүүгө аракет кылды. Өкмөт башчынын айтымында, "Кыргызтелекомду" өнүктүрүү үчүн 100 млн. доллар керек. Ал эми бул ишкананын карызы 47 млн. долларды түзөт. "Биз бул ишкананын акцияларынын баарын сатабыз деген жокпуз, 51% акциясын сатабыз. Анын ичине РПО РМТРди (радиорелейдик магистраль, телевидение жана радиоберүүлөрдүн республикалык өндүрүштүк бирикмеси) кошпойбуз, анткени, мындай мекемелер башка өлкөлөрдө дагы мамлекеттин карамагында болот" деди өкмөт башчы. Бирок Маммүлк боюнча фонд бул объектини сатпаш керек деген оюн билдирип келет.





Марат Аманкулов, Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун жетекчиси:
"Кыргызтелекомду" сатуу туура эмес"
- Эгер "Кыргызтелеком" сатыла турган болсо, ал банкрот деп жарыяланышы мүмкүн, анан дагы абоненттик төлөмдөр бир нече эсе кымбатташы ыктымал. Себеби, ишкананын 1,7 млрд. сомдон ашык карызы бар, көп финансылык институттардан насыяларды алган. Сатаардан мурда ошол кредит берген тараптарга карызын берип, аларга да сатып атканыбыз тууралуу маалымат беришибиз керек. Алдын ала карыздарын төлөгөнгө мамлекетте акча жок. Ошондуктан, бул ишкана банкрот деп жарыяланып калышы мүмкүн. Бул мекемени өнүктүрүүгө башка кошумча каражат издеген оң. "Кыргызтелекомдун" стратегиялык мааниде экенин эске алсак, андан РПО РМТРди бөлүү да, сатуу дагы туура эмес болуп калат.


Дамира НИЯЗАЛИЕВА, ЖК депутаты:
"Мен Бакиевдин тушунда эле каршы чыккам"
- Сатып жиберүү баарынан оңой. Биз Бакиевдин тушунда, парламентте оппозициялык фракциянын депутаты болуп турганда эле "Кыргызтелекомдун" сатылышын сындап, каршы чыкканбыз. Анткени, бул стратегиялык маанидеги объекти. Тилекке каршы, жаңы бийлик келээри менен бул ишкананы сатуу маселеси көтөрүлүп отурат. Саткандан көрө ошол ишканага күчтүү менеджерди алып барып, өнүктүрүү үчүн башка булактарды издесек туура болмок. Ала турган инвес­торлордун болуп атканынын өзү бул объекти киреше алып келээрин далилдеп турбайбы. Анан аны бирөөгө карматып жибергенден көрө элдин байлыгын мамлекеттин менчигинде алып калганыбыз жакшы да. Мен өткөндө Кочкор районун кыдырып келдим, азыр Баткен облусунун райондорун кыдырып жүрөм. Бардык жерде шайлоочулар ушул маселени көтөрүп атышат. Маммүлк фондунун жетекчиси Марат Аманкулов дагы "Кыргызтелекомду" сатпаш керек деп чыкты. Бул киши адис да. Ал айтпаса дагы, балким, мен мынчалык шек санабас элем.


Дилбар АЛИМОВА






about | A Free CSS Template by RamblingSoul

3-май, 2012-жыл






??.??